Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2014-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-08-02.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-февралы № 63 2014-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык) Дыйкан, фермер чарбаларына жана башка чарба субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү, 2014-жылы айдап-себүү жана оруп-жыйноо иштерин жүргүзүү үчүн аларга жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сунуштаган, 2014-жылдагы жазгы себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарын жайгаштырууну 1-тиркемеге ылайык камсыз кылышсын;
- райондор, айыл аймактары жана чарба субъекттери боюнча алганда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сунушталган айдоо аянттарынын түзүмүн жайгаштыруу багытында айылдык товар өндүрүүчүлөр менен кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана анын ведомстволук түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн катышуусу менен:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, өзгөчө буудай менен арпанын тастыкталган үрөн өндүрүшүн көбөйтүү максатында алдыңкы үрөн чарбаларынын базасында "Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 25 пайызынын эсебинен сугат айдоо жерлерин аларга бөлүп берүү жолу менен ири үрөн кооперативдерин түзүшсүн;
- пайдаланууга жарактуу кыртыш иштетүүчү, себүүчү, оруп-жыйноочу, транспорттук, таразалоочу, дан жана үрөн тазалоочу техниканы ремонттоону жана тейлөөнү өз убагында жана сапаттуу өткөрүү үчүн зарыл болгон запастык бөлүктөр, түйүндөр жана агрегаттар менен комплекттөөдө агротехникалык сервис кызматтарына көмөк көрсөтүшсүн;
- өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кырмандарды, кампаларды жана башка айыл чарба өндүрүмдөрүнүн толук сакталышын камсыз кылган ыңгайлаштырылган жайларды өз убагында даярдашсын;
- дан оруп-жыйноочу комбайндарды жана транспорт каражаттарын зарыл болгон өрткө каршы жабдуулар жана шаймандар менен камсыз кылышсын; айдоолордо, кырмандарда, саманканаларда жана башка айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо жайларында өрткө каршы коопсуздук чараларын көрүшсүн;
- "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалал-Абадэлектр" жана "Ошэлектр" ачык акционердик коомдору менен бирдикте кырмандардын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын, насостук станциялардын жана сугат скважиналарынын, механикалык устаканалардын, тракторлорду, кыртыш иштетүүчү, себүүчү, оруп-жыйноочу, транспорттук, дан жана үрөн тазалоочу техникаларды ремонттоо боюнча техникалык жана агротехникалык сервистик кызматтардын иштөөсү үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселесин чечишсин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы жана күзгү себүүнүн жана аларды оруп-жыйноонун графиктерин айыл аймактары боюнча түзүшсүн жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн, алар кеч бышуучу зоналарда, өзгөчө Нарын жана Ысык-Көл облустарында оруп-жыйноону тездетүү үчүн Чүй облусунун чарба субъекттеринен дан жыйноочу комбайндарды ишке тартууну камсыз кылышсын;
- 2014-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө 2015-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүнүн түзүмүн иштеп чыгып, макулдашып жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө сунуштап, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине беришсин;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана түздөн-түз айылдык товар өндүрүүчүлөр менен жер-жерлерде сугат жерлеринде буудай себүүнү, өзгөчө күзгү себүүнү ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциянын эң мыкты үрөн сортторун пайдалануу, жер иштетүүнүн кабыл алынган технологияларын милдеттүү сактоо менен жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндө кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- кылкандуу дан өсүмдүктөрүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн заманбап технологияларын техникалык пайдалануу жана инвестициялар боюнча эл аралык донорлордун долбоорлорун ишке ашыруу менен чет элдик тажрыйбаны пайдаланып, жайылтуу ишин активдештирсин;
- үрөн максатында буудайдын, арпанын, пахтанын, беденин жана эспарцеттин мыкты товардык айдоолорун кошумча бөлүү боюнча конкреттүү иш жүргүзсүн, аларды тиешелүү актылар менен тариздесин жана аларды оруп-жыйноону, тазалоону жана себүү кондициясына жеткирүүнү өзгөчө контролго алсын, ошондой эле алардын сакталышын жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду менен бирге тастыкталган суперэлита, элита, күздүк жана жаздык буудайдын биринчи, экинчи репродукциясын, күздүк жана жаздык арпанын, беденин, эспарцеттин жана картошканын эгилүүчү үрөндөрүн, ошондой эле биринчи муундагы жүгөрүнүн үрөндөрүн Япониянын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жылдын ичинде төлөө мөөнөтү менен берилген гранттарынан жана кайтарып берүү акчалай каражат менен гана жүргүзүлүүгө тийиш болгон кредиттерден тышкаркы мамлекеттик карыз каражаттары боюнча карызы бар республиканын үрөн чарбаларынын карыздарын жабуу эсебинен республикалык үрөн фондунда топтоо жана кийин белгиленген көлөмдө үрөн чарбаларына жана республиканын башка чарба субъекттерине 2014-жылдагы жазгы себүүгө жана 2015-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүгө кийинчерээк берүү чарасын көрсүн;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чарба аралык сугат тармагын, гидротехникалык курулуштарды ремонттоо иштерин уюштурсун жана айыл чарба талаа өсүмдүктөрүнүн жана мөмө-жемиш дарактарынын бышып, жетилген мезгилинде вегетациялык, ошондой эле айдоо алдындагы жана ным сактоо сугатын үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге 2013-жылда пайдаланылган электр энергиясы үчүн 2014-жылдагы вегетациялык мезгил башталганга чейин электр энергетика компанияларынын алдындагы карызын жабуу маселелерин иштеп чыксын жана чечсин;
- экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн сатып алгандыгы үчүн айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик дотацияларды төлөө тутумун киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук акт долбоорун иштеп чыксын жана 2014-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- үрөн чарбаларына, алар 2014-жылдын жазгы себүүсүнө айылдык товар өндүрүүчүлөргө буудайдын экинчи репродукциядагы үрөнүн бергендиги үчүн аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген бааларга жараша алардын наркынын 30 пайызы өлчөмүндө мамлекеттик дотацияларды төлөөгө 43,0 млн. сом суммасындагы бюджеттик акча каражатын издеп тапсын;
- 2014-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик суу чарба объекттериндеги ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин каржылоонун 2014-жылдагы көлөмүнүн мамлекеттик бюджетте каралган 70 пайыз өлчөмүндө акча каражатын бөлсүн.
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду кредиттик-күрөө келишимдерин төмөнкүлөр менен өз убагында түзүүнү камсыздасын:
- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жаздык буудайдын, жаздык арпанын, жүгөрүнүн жана картошканын үрөндөрүн алуучулар менен пайызсыз товардык кредитти 2014-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен берүү шарттарында. Нарын облусунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын бийик тоолуу региондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрү үчүн жогоруда аталган пайызсыз кредит түрүндөгү жаздык буудай, жаздык арпа, жүгөрү жана картошка үрөндөрү 2015-жылдын 31-декабрына чейин бериле тургандыгы белгиленсин;
- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон күздүк буудай жана күздүк арпа, беде жана эспарцет үрөндөрүн алуучулар менен 2015-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен пайызсыз товардык кредит берүү шартында.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги төмөнкү сатып алуу бааларын белгилесин:
- бир жумалык мөөнөттө - 2014-жылдын жазгы себүүсүнө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө, алар тарабынан берилген дотацияланган мамлекеттик үрөн чарбаларынын жаздык буудайдын биринчи жана экинчи репродукциядагы тастыкталган үрөндөрүнө, ошондой эле товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык ведомстволор аралык жана райондук мамлекеттик комиссиялар кабыл алган чечимдердин негиздеринде үрөн чарбаларына жана башка чарба субъекттерине 2014-жылдын жазгы себүүсүнө республиканын үрөн чарбаларында топтолгон республикалык мамлекеттик фонддон берилген жаздык буудайдын биринчи жана экинчи репродукциядагы суперэлита, элита үрөндөрү, жаздык арпанын, картошканын, беденин жана эспарцеттин биринчи муундагы жүгөрү үрөндөрүнө;
- 2014-жылдын 1-августуна чейин - товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык ведомстволор аралык жана райондук мамлекеттик комиссиялар кабыл алган чечимдердин негиздеринде үрөн чарбаларына жана башка чарба субъекттерине 2015-жылдын түшүмү үчүн жазгы себүүгө республиканын үрөн чарбаларында топтолгон мамлекеттик үрөн фонддорунан үрөн чарбаларына берилген күздүк буудайдын жана күздүк арпанын биринчи жана экинчи репродукциядагы суперэлита, элита тастыкталган үрөндөрүнө.
8. Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясына айыл чарба талаа иштеринде иштеген тракторлордун, дан жыйноочу комбайндардын жана автотранспорттордун үзгүлтүксүз иштөөсү, жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн шарт түзүү максатында, айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо жана күзгү себүүнү 2-тиркемеге ылайык көлөмдөрдө уюштуруу үчүн республиканын облустарындагы жана райондорундагы нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыз кылуу сунушталсын.
9. "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясы 2014-жылдын 15-февралынан кечиктирилбеген мөөнөттө тамеки базарына инвесторлорду тартуу жана тамеки чийки затын өндүрүүгө жана сатууга келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
10. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- Чүй жана Талас облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү өндүргөн жана кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөр кабыл алган кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу пункттарынан ал кайра иштетилген жерге чейин ташуу үчүн "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомунун билдирмелеринин негизинде вагондордун зарыл болгон санын бөлсүн;
- 2014-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилине жүктөө жана жүк түшүрүү үчүн вагондордун экономикалык негизделген ченемдерин "Кайыңды Кант" ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдик мамилелердин негизинде белгилесин;
- кант кызылчасын (кант кызылчасы пункттарынан аны кайра иштетүүчү жерге - "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомуна чейин), ошондой эле кызылчачылар менен эсептешүү үчүн арналган кумшекерлерди (кант заводунан кант кызылчасы пункттарына) жеткирсин.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрдагы № 517 "2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
12. Бул токтомдун 5-пункту ушул токтомдун 3-пунктунун жетинчи абзацына ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн сатып алууга мамлекеттик дотацияларды төлөө системасын киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин колдонула тургандыгы белгиленсин.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 токтомуна 1-тиркеме
2014-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын сунушталган ТҮЗҮМҮ
Өсүмдүктөрдүн аталышы
Республика боюнча
Анын ичинде облустар боюнча
Баткен
Жалал-Абад
Ысык-Көл
Нарын
Ош
Талас
Чүй
Бардык дан өсүмдүктөрү
641,2
39,9
64,0
96,3
28,0
94,4
64,2
254,4
анын ичинде буудай
340,6
17,1
24,5
69,5
15,8
59,9
9,7
144,2
арпа
147,8
9,6
4,2
26,3
12,2
9,3
1,5
84,7
жүгөрү
93,5
8,5
31,6
-
-
23,4
5,1
24,9
чанактуулар
50,3
1,9
-
0,05
-
0,2
48,0
0,2
башкалар
9,0
2,8
3,7
0,4
0,03
1,6
-
0,5
кант кызылчасы
7,0
0,26
6,7
пахта
25,4
0,03
13,7
11,7
тамеки
3,0
0,6
0,3
2,1
0,04
май өсүмдүктөрү
48,4
1,8
19,9
14,1
1,4
11,2
картошка
80,5
2,4
8,1
27,6
5,9
11,8
14,7
10,0
жашылча
43,5
2,8
10,2
2,3
0,5
6,9
3,7
17,1
бакча
8,8
0,2
4,0
-
-
2,0
0,05
2,6
тоют өсүмдүктөрү
320,6
15,0
27,3
53,9
70,9
31,8
18,7
103,0
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 токтомуна 2-тиркеме
2014-жылдагы айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын керектелүүсү тонна
Облустардын аталышы
Дизель отуну
Автобензин
Дизель майы
Автол
Бардыгы
анын ичинен
Бардыгы
анын ичинен
Бардыгы
анын ичинен
Бардыгы
анын ичинен
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү-талаа иштерине
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү-талаа иштерине
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү-талаа иштерине
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү-талаа иштерине
Республика
96742
40467
41275
15000
23109
9743
9617
3749
4803
1770
1906
1127
1622
641
646
335
Баткен
6147
3210
2087
850
1176
556
408
212
311
183
63
65
163
88
55
20
Жалал-Абад
13418
5918
5500
2000
3604
1468
1636
500
510
160
200
150
229
106
78
45
Ысык-Көл
12616
6446
4920
1250
2608
1913
383
312
472
224
153
95
205
107
70
28
Нарын
6737
1911
4826
-
1347
382
965
-
337
96
241
-
118
34
84
-
Ош
13868
4540
5928
3400
3873
1518
1505
850
690
185
250
255
213
63
75
75
Талас
10498
6312
3186
1000
1647
874
523
250
550
316
159
75
117
63
32
22
Чүй
33458
12130
14828
6500
8854
3032
4197
1625
1933
606
840
487
577
180
252
145
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 02.08.2019 · № 397 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 35 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар…Постановление · 28.06.2013 · № 389 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябры № 517 "2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.09.2013 · № 517 · Күчүн жоготкон
- Товардык айдоолорго камдануу үчүн күздүк жана жаздык буудайдын тастыкталган экинчи репродукциясын өндүрүүнү жана сатып-өткөрүүнү ишке ашырган Кыргыз Республикасынын үрөн…Положение · 01.02.2014 · № 63 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба…Постановление · 05.09.2013 · № 478 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар…Постановление · 28.06.2013 · № 389 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 35 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябры № 517 "2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.09.2013 · № 517 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 02.08.2019 · № 397 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба…Постановление · 05.09.2013 · № 478 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 02.06.1999 · № 46 · Күчүн жоготкон