Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук кеңештерин каржылоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-январы № 44 Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук кеңештерин каржылоо жөнүндө
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2014-жылдан баштап жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук ардагерлер кеңештерине ушул токтомдун тиркемесине ылайык өлчөмдөрдө финансылык каражат караштырсын;
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук ардагерлер кеңештерин ай сайын каржыласын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 489 “Райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган райондук мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
35, 44, 47, 50, 55, 58, 61, 64, 67, 70, 79, 84 жана 87-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин; “Чүй облусу боюнча бардыгы”, “Ысык-Көл облусу боюнча бардыгы”, “Жалал-Абад облусу боюнча бардыгы”, “Республика боюнча бардыгы” деген позициялардагы “Ардагерлер кеңеши” деген сап алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 445 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук кеңештерин каржылоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 -жылдын 21-январындагы № 44 токтомуна тиркеме
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук ардагерлер кеңештерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнүүчү финансылык каражаттардын өлчөмдөрү
Мекеменин аталышы
Башка чыгымдар (каралган чыгымдардын жалпы суммасы) (миң сом)
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык ардагерлер кеңеши
739,4
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин облустук ардагерлер кеңештери
2 866,9
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин райондук ардагерлер кеңештери
4 542,4
Бардыгы
8 148,7
Эскертүү: Каралган финансылык каражаттарды пайдалануу уставга же Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, областтык жана райондук ардагерлер кеңештеринин жоболоруна ылайык ишке ашырылат. Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин райондук ардагерлер кеңештеринин бухгалтердик эсебин жана отчетун жүргүзүү райондук мамлекеттик администрациянын башкы бухгалтери тарабынан ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 489 "Райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган райондук мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2012 · № 489
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №445 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2011 · № 445 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 489 "Райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган райондук мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2012 · № 489
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №445 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2011 · № 445 · Күчүн жоготкон