Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 21 января 2014 года № 44 "О финансировании республиканского, областных и районных Советов ветеранов войны, Вооруженных Сил и тружеников тыла"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-01-21.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-августу №445 Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жыл сайын республикалык бюджеттен ушул токтомдун тиркемесине ылайык Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерине акча каражатын карасын;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №256 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Тиркеме
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештерине республикалык бюджеттин каражаттарынан каралуучу АКЧАЛАЙ КАРАЖАТТАР
| Мекеменин аталышы | Башка чыгымдар (Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештерине каралган акча каражаттарынын жалпы суммасы, 7 облус) (миң сом) |
|---|---|
| Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештери | 2248,3 |
Тиркеме: Каралган каражаттарды пайдалануу Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештеринин уставына же жобосуна ылайык ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №256 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2010 · № 256
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 44 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук кеңештерин каржылоо…Постановление · 21.01.2014 · № 44
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №256 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2010 · № 256
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 44 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык, облустук жана райондук кеңештерин каржылоо…Постановление · 21.01.2014 · № 44