КР Өкмөтүнүн “Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-январы № 53 “Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы
Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке
ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “27”-январындагы № 53 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Ушул Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум (мындан ары – Меморандум) Кыргыз Республикасынын аймагында кадимки ок-дарылардын, жарылуучу каражаттардын жана жардыруучу түзүлүштөрдүн ашыкчаларынын же жок кылынууга тийиш запастарынын болуусу менен байланышкан коркунучтарды жана чакырыктарды төмөндөтүү боюнча тиешелүү программаларды ишке ашырууну карайт. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Меморандумдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен 2013-жылдын 1-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен 2013-жылдын 1-апрелинде № 6-243и/13 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен 2013-жылдын 15-апрелинде № 6-3140и/13 макулдашылган жана алар тарабынан жактырылган. Меморандум Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболоруна каршы келбейт. Меморандумдун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 279-б буйругу менен жактырылган. Меморандумду ратификациялоо донор мамлекеттердин акча каражаттарынын (2,2 млн. евродон ашык) эсебинен төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет:
- жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы (мындан ары – ЖОК жана КОЗ) жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
- ЖОКдун запастарын жана КОЗду башкаруу, аларды сактоонун коопсуздугу, ошондой эле ЖОКту жана КОЗду жок кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын окутуу;
- келечекте ЖОКтун жана КОЗдун ашыкчаларын жок кылуу үчүн жергиликтүү потенциалды чыңдоону кошкондо, ЖОКтун жана КОЗдун ашыкчаларын жок кылуу;
- Кыргыз Республикасында ЖОКту жана КОЗду башкаруунун коопсуздугун чыңдоо жана өркүндөтүү.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Меморандум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө ратификацияланууга жатат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4083-V ""2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана…Постановление · 28.05.2014 · № 4083-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4084-V ""2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана…Постановление · 28.05.2014 · № 4084-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4085-V ""2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана…Постановление · 28.05.2014 · № 4085-V
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 279-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал…Распоряжение · 08.07.2013 · № 279-р
- 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал…Закон · 21.06.2014 · № 92
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон