КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 8-июлу № 279-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашыруу жагындагы өз ара түшүнүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Өз ара түшүнүү жөнүндөгү бул меморандум 10 (он) барактан турат. Бишкектеги ЕККУнун катчылыгы менен ЕККУнун борборунун өкүлү болгон Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (мындан ары - "ЕККУ" деп аталуучу) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Өкмөт" деп аталуучу) жана мындан ары бирге "Тараптар" жана өзүнчө "Тарап" деп аталуучулар; ЕККУга катышкан мамлекеттер, алардын мамлекеттеринин аймагында жайгашкан запастарга карата кабыл алынган Жеңил ок атуучу курал (мындан ары - "ЖОК" деп аталуучу) жана Кадимки ок-дарылар запасы (мындан ары - "КОЗ" деп аталуучу) боюнча милдеттерди толук жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп; куралсыздануунун жалпы таанылган зарылчылыгын жетекчиликке алып жана кандай гана болбосун аскердик чыр-чатакты болтурбоо зарылчылыгын түшүнүп; Кыргыз Республикасынын аймагында жарылуучу заттардын жана жардыруучу түзүлүштөрдүн ашыкча же жок кылынуучуларынын, КОЗдун бар экендиги менен байланышкан коркунучтарды жана татаал маселелерди төмөндөтүү боюнча тийиштүү чаралар аркылуу ишенимди жана коопсуздукту бекемдөө зарылчылыгын таанып; ЖОКтун жана ок-дарылардын ашыкча запастарын жок кылууда биргелешкен чечкиндүүлүктү көрсөтүп; Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы орун алган кызматташтыкты кеңейтүүнү каалагандыгын өзгөчө баса белгилеп; Чогулган ашыкча жана жараксыз ЖОКту, КОЗду башкаруу, баалоо, жыйноо, мониторингдөө, сактоо жана кыскартуу процессинде Кыргыз Республикасынын күч аракетине ЕККУнун салым кошуу мүмкүнчүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып; Өкмөт менен ЕККУнун ортосундагы тыгыз кызматташтык үчүн негиз катары ЕККУнун принциптерин жана милдеттерин урматтап; ЕККУнун Катчылыгына жана анын кызмат адамдарына, 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясында каралган тийиштүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди берүүгө Өкмөттүн даярдыгын таанып; төмөнкү түшүнүккө жетишишти: 1-берене. Программанын сыпаттамасы Өкмөттүн же Өкмөттүн ыйгарым укуктуу органынын (мындан ары - "Орган" деп аталуучу) жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабына жооп кылып, ЕККУ ЖОК жана КОЗ боюнча программаны (мындан ары - "Программа" деп аталуучу) иштеп чыгат жана ишке ашырат. Программа төмөнкү төрт артыкчылыктуу багыттарга багытталат:
1) ЖОК жана КОЗ жаатындагы кыргыз улуттук мыйзамдарын өркүндөтүүгө;
2) Төмөнкүлөрдү кошуу менен жекече курамды окутуу программаларына:
2.1. ЖОКтун запастарын башкаруу жана аларды сактоонун коопсуздугу;
2.1. КОЗду башкаруу жана аларды сактоонун коопсуздугу;
2.3. ЖОКту жок кылуу;
2.4. КОЗду жок кылуу;
3) Келечекте ЖОК жана КОЗ ашыкчаларын жок кылуу үчүн жергиликтүү потенциалды бекемдөөнү кошо, ЖОК жана КОЗ ашыкчаларын жок кылуу боюнча долбоорлорго;
4) Кыргыз Республикасында ЖОКту жана КОЗду башкарууда коопсуздукту бекемдөөгө;
2-берене. Программаны аткаруу Өз ара түшүнүү жөнүндө ушул меморандумдун (мындан ары - "Меморандум" деп аталуучу) 1-беренесинде сыпатталган программа ЕККУ тарабынан Өкмөт менен тыгыз кызматташтыкта аткарылат. Программа өзүнчө өз ара толуктоочу, бирок өзүнчө ишке ашырылуучу долбоорлордон турат. Ар бир өзүнчө долбоордун алкагы, башталышы, узактыгы, ишке ашыруу шарты жана бюджети ЕККУ менен Өкмөттүн ортосунда биргелешип макулдашылат жана ЕККУ менен Органдын ортосундагы ушул Меморандумдун алкагында ушул конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн кол коюлуучу өзүнчө Макулдашууда (мындан ары - "Макулдашуу" деп аталуучу) кеңири берилет. 3-берене. Программанын бюджети Программа ЕККУга катышкан мамлекеттердин (мындан ары - "Донор-Мамлекеттер" деп аталуучу) бюджеттик эмес салымдарынан жана ЕККУнун жалпы жылдык бюджетинен бөлүнгөн, бекитилген бюджеттик каражаттарынан колдонууга мүмкүн болгон жерлерде каржыланат. Ар бир долбоор үчүн өзүнчө бюджеттик каражаттар бекитилиши керек. Ар бир долбоор боюнча Макулдашууга ЕККУнун кол коюусу, ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган бюджеттик каражаттарды бөлүүнү алдын ала бекиткенден кийин ишке ашырылат. 4-берене. Мөөнөттөр жана финансылык талаптар Программаны ишке ашыруу, иш-чаралар үчүн жетиштүү финансылык каражаттар болгон шартта ушул Меморандум күчүнө кирген убактан баштап 5 (беш) календардык жылдын ичинде бүтүшү керек. Программанын бардык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болгон учурда, Программанын иш-чараларын же анын айрым бөлүктөрүн ишке ашыруу, жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыздалганга чейин автоматтык түрдө токтотулат. Программаны ишке ашырууну бүтүрүү боюнча мөөнөттөрүн узартуу зарыл болгон учурда, мындай узартуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча гана жана Өзүнчө Протоколду түзүү менен ушул Меморандумга оңдоолорду киргизүү аркылуу берилиши мүмкүн, ал эки Тарап тарабынан тийиштүү түрдө аткарылат. Ар бир өзүнчө долбоордун аяктоо мөөнөтү, ушул долбоорго кирген Макулдашууда көрсөтүлөт. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо боюнча мөөнөттөрдү узартуу зарыл болгон учурда, мындай узартуу Макулдашууга жазуу түрүндөгү оңдоо киргизүү жолу менен гана берилиши мүмкүн, ал эки Тарап тарабынан тийиштүү түрдө аткарылат. Мындай узартуу ушул Меморандумда каралган мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш. 5-берене. ЕККУнун милдеттери Бул Меморандумдун жоболорунун алкагында ЕККУ төмөнкүлөргө милдеттенет:
1. Программаны уюштурууда жана ишке ашырууда Өкмөт, Орган, Донор-Мамлекеттер жана ЕККУнун катчылыгы менен кызматташуу.
2. Жетиштүү финансылык ресурстар болгон шартта, Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга байланышкан бардык өндүрүштүк, администрациялык жана башка чыгымдарды жабуу. Каражаттар Макулдашууда көрсөтүлгөн ар бир долбоорго тийиштүү төлөмдөр тартибине, графигине ылайык жана ЕККУнун жол-жоболоруна жана эрежелерине ылайык чыгымдалат.
3. Бул долбоор үчүн бөлүнгөн ЕККУнун каражаттарынын алкагында Макулдашууда толук баяндалган, ар бир долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жабдууларды, буюмдарды (мындан ары - "Материалдар деп аталуучуларды) жана кызмат көрсөтүүлөрдү ижаралоо сатып алуу аркылуу, импорт же жергиликтүү жеткирүүлөр аркылуу жана сатып алуулар боюнча нускамаларга, ЕККУнун эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына каршы келбеген сатып алууларды жүргүзүү. Кээ бир учурларда ЕККУ, ар бир долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган материалдарды, анын менчигинде мурда эле болгон товарларды, жабдууларды жана буюмдарды бере алат. Программаны же өзүнчө долбоорду ишке ашыруу аяктагандан кийин же ушул Меморандум токтотулгандан кийин, Программаны же долбоорду ишке ашыруу үчүн ЕККУ сатып алган кандай материалга болсун менчик укугу өзүнчө Макулдашуунун негизинде Өкмөткө же Органга берилет. Мындай макулдашуу Өкмөт мындай мүлктү берүүнү толук сыпаттаган (финансылыкты кошуу менен) финалдык отчетту жана финалдык отчеттун бөлүгү катары тиркелүүчү майда-баратына чейин инвентарлаштырууну даярдай тургандыгы жөнүндө жоопкерчиликти камтууга тийиш.
4. Макулдашылган Программаны жана анын алкагында ар бир өзүнчө долбоорду тийиштүү ишке ашырууга мониторинг өткөрүүгө жана ЕККУнун иштеп жаткан төрагасынын, Туруктуу Кеңештин, Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча форумдун, ЕККУнун катчылыгынын жана Донор-Мамлекеттердин алдында отчет берүү.
5. Тараптардын кайсы-бири берген купуя маалымат, мындай маалымат берген Тараптын макулдугусуз жарыяланбоого же болбосо ушул Меморандумда көрсөтүлгөндөрдөн башка максатта пайдаланылбоого тийиш. Мындай маалымат "купуя" катары атайын белгиленет.
6-берене. Өкмөттүн милдеттери Ушул Меморандумдун жоболорунун алкагында Өкмөт төмөнкүлөргө милдеттенет:
1. Программаны натыйжалуу иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу. Бул Программанын координатору катары (мындан ары - "Координатор" деп аталуучу) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин дайындоону чектөөсүз камтыйт. Координатор Өкмөттүн атынан Программаны ишке ашырууга тийиштүү болгон жана Өкмөт тарабынан ишке ашырылуучу бардык ишке жалпы көзөмөл жүргүзөт, анын ичинде Программаны ишке ашырууга тартылган бардык Органдарды жалпы координациялоону жүзөгө ашырат.
2. Макулдашууда (Макулдашууларда) майда-баратына чейин баяндалган, макулдашылган пландарга ылайык, Программаны ишке ашыруу үчүн иш-чараларды аткаруу.
3. Программаны иштеп чыгууга же ишке ашырууга же Программанын мониторингине тартылган ЕККУнун же Мамлекет-Донорлордун кызмат адамдарынын, өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин Кыргыз мамлекетинин аймагына келүүсүнө, болуусуна (анын ичинде убактылуу жашоосуна) жана чыгып кетүүсүнө уруксат берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардам көрсөтүү. Мындай жардам тиешелүү категориядагы визаларды берүүнү камтыйт.
4. Ар бир долбоорго тиешелүү, Макулдашууда жазылган, талаптарга жана шарттарга жооп берген, ар бир долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу персоналды берүү. Персонал Өкмөттүн же тиешелүү Органдын жетекчилигинин астында жана ЕККУ менен тыгыз кызматташтыкта иштейт. ЕККУ эч качан Программанын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Өкмөт жана/же Орган тарабынан жалдаган персонал үчүн жоопкерчилик тартпайт. Өкмөт же Орган Программаны ишке ашырууга байланышкан бул персоналдын функционалдык милдеттерин аткаруусу үчүн толук жоопкерчиликтүү болот жана бул адамдардын жалдоочусу болуп саналат же алар менен түздөн-түз контракт түзүшү керек.
5. Өкмөт же Орган тарабынан Программаны ишке ашырууга тартылган Өкмөттүн персоналы жана кайсы гана болбосун үчүнчү жак ЕККУнун беделине жана статусуна тескери таасир этүүчү же ЕККУнун максаттарына, милдеттерине жана мандатына туура келбеген ар кандай аракеттерден оолак болуусун камсыздоо.
6. Долбоорлорду жана Программаларды ишке ашырууга байланышкан бардык иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө ЕККУга маалымат берип туруу. Тараптардын ар бирине тескери таасир көрсөтө турган жагдайлар келип чыкса жана/же долбоорлордун же Программалык максаттарына жетишине тоскоол болуусу же анын натыйжаларына коркунуч алып келүүсү мүмкүн болуп, Программанын иш планын жана каржы ресурстарын кайра карап чыга турган болсо, эгерде мындай кайра карап чыгуу ЕККУнун колдонуудагы эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык келсе, Өкмөт же Орган ЕККУ менен кеңешүүлөрдү өткөрөт.
7. Тиешелүү долбоордук документтерде көрсөтүлгөн, Программанын ийгиликтүү ишке ашуусу жана программалык натыйжаларга жетүүсү үчүн зарыл болгон бардык улуттук ресурстарын өз убагында жана тиешелүү түрдө көрсөтүлүүсүн камсыздоо.
8. ЕККУга жана кызыкдар болгон подрядчиктерге Программага, аны аткарууга же аны улантуунун максатка ылайыктуулугун жана туруктуулугуна тиешелүү ар кандай отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, арыздарды, документтерди жана Программага, аны аткарууга же аны узартуунун максаттуулугуна жана туруктуулугуна тиешелүү, ошондой эле ушул Меморандумдун алкагында өкмөттүн өзүнүн милдеттерин сактоосу жагындагы башка жашыруун эмес айкын-ачык маалыматтарды кыска мөөнөттө берүү.
Кайсы бир Тарап берген конфиденциалдуу маалымат сыртка чыгарууга же ушундай маалыматты берген Тараптын макулдугу жок ушул Меморандумда көрсөтүлгөндөн тышкары башка максатта колдонулууга жатпайт. Ушундай маалымат атайын "конфиденциалдуу" деп белгиленет.
9. Программаны ишке ашырууга тийиштүү бардык каржылык аспекттер, ЕККУ же Донор-Мамлекеттер түздөн-түз Өкмөткө же Органга берген бардык каражаттар үчүн толук жоопкерчиликтүү жана ЕККУдан же Донор-Мамлекеттен алынган каражаттарды туура бөлүштүрүү боюнча ЕККУга отчеттуу болот. Орган кварталдык отчетторду даярдайт жана аларды ЕККУга тапшырат. Орган ошондой эле Программаны ишке ашыруу аяктагандан кийин же ушул Меморандум токтотулгандан кийин, кайсынысы кеч келип чыккандыгына жараша 31 (отуз бир) күн ичинде аларды ЕККУга берүү үчүн каржылык жана сыпаттамалык толук отчетторду даярдайт.
10. а) Программаны ишке ашыруу үчүн сатып алынган же бөлүнгөн бардык материалдар Программаны ишке ашыруу үчүн гана колдонулушун камсыздоо. Программаны ишке ашырууну аяктагандан кийин же ушул Меморандум токтотулгандан кийин, кайсынысы кеч келип чыккандыгына жараша, бирок аякталган учурдан тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен Программаны ишке ашыруу үчүн ЕККУдан алынган материалдардын абалы жөнүндө маалымат менен кошо, Өкмөт же Органдын карамагындагы материалдардын толук инвентардык тизмеси түзүлүшү керек.
b) Программаны ишке ашыруу үчүн өзүнүн менчик материалдарынан берилген ар кандай материалдар, ЕККУнун гана менчиги бойдон калышы керек жана Программанын ишке ашыруу аяктаган же ушул Меморандум токтотулган учурдан баштап, кайсынысы кечирээк келип чыккандыгына жараша ЕККУга 45 (кырк беш) күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.
c) Эгерде ЕККУ өзүнчө жазылган келишимге ылайык Программаны ишке ашыруу үчүн ЕККУ сатып алган материалдарга менчик укугун Өкмөткө же Органга берген учурда, финалдык отчет мындай берүүнүн толук майда-баратын (анын ичинде жана каржылык дагы) камтууга тийиш жана майда-баратына чейин жазылган инвентардык тизме финалдык отчеттун бир бөлүгү болуп калат.
11. Өкмөт Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык, Программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруунун бүткүл мезгили ичинде Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартылган мүлктүн сакталышын жана коопсуздугун мүмкүн болушунча камсыздоого тийиш.
7-берене. Бажылык алымдар жана салыктар
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ЕККУ жана/же алардын жөнөтүүчүлөрү сатып алуу жана ижаралоо аркылуу сатып алган бардык материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бардык алымдардан, салыктардан (кыйыр) жана/же башка милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдөн бошотот.
2. Өкмөт, Программанын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына материалдарды алып келүүдө/аймагынан алып чыгууда Кыргыз Республикасында салына турган бажы алымдарынан, салыктардан жана жыйымдардан бошотот.
3. ЕККУ ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн, баасына алымдар, салыктар жана жыйымдар мурда кошулган материалдарды алган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул алымдардын, салыктардын, жыйымдардын суммаларын ордун толуктоо боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүшү керек.
8-берене. Коопсуздук боюнча чектөөлөр
1. Материалдарды алып келүү/алып чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында каралган коопсуздук эрежелерине ылайык ишке ашырылууга тийиш.
2. Мамлекет жогоруда көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин камсыздоого көмөктөшүү боюнча бардык зарыл аракеттерди көрөт.
9-берене. Баалоо
1. ЕККУ Өкмөт же Орган менен кызматташтыкта, иштеп жаткан Төрагага, Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Туруктуу Кеңешке жана Форумга, ошондой эле Донор-Мамлекеттерге долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө орто аралык үзгүлтүксүз отчетторду жана Программаны ишке ашыруу боюнча финалдык отчет берүүгө тийиш. Финалдык отчет Программаны ишке ашыруу аяктаган учурдан баштап 45 (кырк беш) календардык күндүн ичинде берилиши керек.
2. Ар бир отчет сыпаттама жана финансылык бөлүктөрдөн турушу керек. Сыпаттама бөлүк долбоордун милдеттерин кыскача кайталашы; кабыл алынган Программалык иштин кыскача сыпаттамасын; максаттарга жетүү, дуушар болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө маалыматты, көйгөйлөрдү чечүү боюнча өткөрүлгөн кеңешүүлөр жөнүндө; долбоордун максаттуу тармактарга жана калкка тийгизген иш жүзүндөгү жана күтүлүүчү таасири жөнүндө кыскача сыпаттамасын келтирүүгө тийиш. Финансылык бөлүк финансылык абал жөнүндө, анын ичинде бюджетте көрсөтүлгөн, пункттардын ар бири боюнча учурдагы жана келечектеги кирешелер жана чыгымдар жөнүндө так маалыматтар берүүгө тийиш. Ал тастыктоочу документтер менен коштолуусу керек.
3. ЕККУ же Донор-Мамлекет Программаны же Макулдашууларда айтылгандай анын айрым долбоорлорун ишке ашыруунун жыйынтыктоочу контролун жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындашы мүмкүн.
10-берене. Жоопкерчилик
1. Өкмөт үчүнчү жактарга келтирилген чыгашанын жана зыяндын ордун толтуруу боюнча, ошондой эле Программаны ишке ашырууга байланыштуу же андан улам келип чыккан Өкмөттүн аракетинен же аракетсиздигинен улам ЕККУ тартылышы мүмкүн болгон үчүнчү жактардын соттук доосу үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат. Программаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун бардык мезгилинде, ушул Меморандумдун 14-беренесинин жобосуна карабастан, эгерде жарандык-укуктук жоопкерчиликтин талабы же милдеттенмеси ЕККУ тарабынан, алардын кызмат адамдарынын же ЕККУ үчүн кызмат көрсөткөн адамдардын жасаган одоно байкабастыгынан же атайын жасалган аракеттеринин натыйжасында келип чыкса, мурдагы жобо колдонулбайт.
2. Өкмөт Программаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун бардык мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ЕККУну, анын кызмат адамдарын жана ЕККУ үчүн кызмат көрсөткөн адамдарды коргоо, коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды көрөт.
3. ЕККУ, анын кызмат адамдары, ЕККУ үчүн кызмат көрсөткөн өкүлдөр жана адамдар, ошондой эле Программаны аткаруу максатында ЕККУга баш ийген адамдар ЕККУнун беделине жана статусуна жагымсыз таасир көрсөтүүчү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келүүчү ар кандай аракеттерден оолак болууга тийиш.
11-берене. Коомдук чагылдыруу Басылмаларда, сүйлөгөн сөздөрдө жана пресс-релиздерде же ошол сыяктуу чөйрөлөрдө Өкмөт мүмкүн болушунча жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын эске алып, ЕККУнун Долбоорду/Программаны каржылап жана ишке ашырып жаткан фактысын таанып, ЕККУнун ролун тийиштүү түрдө моюнга алып жана ошондой эле ушул Меморандумдун алкагында иштин ар бир түрүн ишке ашырууга көмөк көрсөткөн донорлорду белгилеп өтүүгө тийиш. 12-берене. Жеке менчик жана программанын натыйжаларын пайдалануу Бардык укуктар, аталыштар жана кызыкчылыктар, анын ичинде чектөөлөрсүз бардык автордук укуктар жана патенттер, өнөр жайлык жана интеллектуалдык менчикке укуктар өндүрүлгөн жана ойлоп табылган кандай гана предметке же ишке ашыруунун жүрүшүндө жасалган ар кандай отчетторго жана башка документтерге карата, ошондой эле Программага тиешелүү чыгарылгандар ЕККУга гана берилиши керек. Бул предметтер кандай гана пайдаланылбасын, ЕККУнун алдын ала макулдугун алууну талап кылат. 13-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Меморандумга байланыштуу же андан улам келип чыккан, сүйлөшүү жолу менен же башка макулдашылган ыкмалар менен жөнгө салынбаган ЕККУ менен Өкмөттүн же Органдын ортосундагы ар кандай талаштар, тараптардын кайсынысынын болсун өтүнүчү боюнча арбитражга берилиши керек. Ар бир Тарап экинчи Тараптын суроо-талабын алгандан кийин отуз күндөн ашпаган мөөнөттө төрага боло турган үчүнчү адамды дайындайт. Эгерде кайсы бир тарап арбитраж жөнүндө өтүнүч берилген күндөн баштап отуз күн ичинде арбитр дайындабаса же эки арбитр дайындалган мезгилден баштап он беш күн ичинде үчүнчү арбитр дайындалбаса, Тараптардын кайсынысы болсун Эл аралык Соттун төрагасынан арбитр дайындоону өтүнүшү мүмкүн. Арбитраждык териштирүүнүн жол-жобосун арбитрлер белгилейт, ал эми арбитраж боюнча чыгымдарды Тараптар арбитрлердин баасына ылайык төлөйт. Арбитраждык териштирүүлөрдү өткөрүлүүчү жер Стокгольм болуп, арбитраждык териштирүүлөрдө колдонулган тил англис тили болуш керек. Арбитраждык чечим ал негизделген негиздемени камтууга тийиш жана Тараптар аны талаштын акыркы чечими катары кабыл алышат. 14-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер
1. Өкмөт, 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясында каралган артыкчылыктарды жана иммунитеттерди ЕККУнун катчылыгына, анын кызмат адамдарына берет.
2. Ушул Меморандумдун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын ЕККУнун катчылыгында иштеген жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында болгон убагында ушул берененин 1-пунктунда каралган артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышпайт.
15-берене. Күчүнө кирүүсү, токтотула туруусу жана оңдоо - түзөтүү киргизүү
1. Ушул Меморандум эки тарап тең кол койгон датадан баштап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулат. Меморандум, анын күчүнө кирүүсү үчүн керек болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кабарлаган датадан баштап күчүнө кирет.
2. Кайсы тарап болсун экинчи Тарапка жазуу түрүндө кабарлоо жолу менен же өзүнчө долбоор менен эгерде ал программа/долбоорду ийгиликтүү аяктоого тоскоол болгон шарттар бар же анын максаттарына жетүүгө же тоскоолдуктардын пайда болуш коркунучу бар деп чечсе, бул Программага көмөк көрсөтүүсүн токтото туруу укугуна ээ болот. Андай Тарап ошол эле же кийинки кат жүзүндөгү кабарлоосунда бул программа/долбоорго кандай шарттарда көмөк көрсөтүүсүн жаңырта тургандыгын көрсөтүшү мүмкүн. Мындай ар кандай токтото туруулар экинчи Тарап мындай шарттарды кабыл алгыча улантылат, ал көмөк көрсөтүүсү жаңыртууга даярдыгын кат жүзүндө кабарлап жөнөтүүгө тийиш.
3. Тараптар бүткүл Программаны же анын бир бөлүгүн ишке ашырууну, аны улантуу үчүн кыйынчылык келтирген жагдайлар (форс-мажор) пайда болгон же коркунуч туудурган учурда токтото тура алышат. Эгерде ушул Меморандум төмөнкү айтылган 15.4-беренеге ылайык токтотулбаса, анда Тараптар токтото туруу убагын эң азайтууга шарттар мүмкүндүк бергенде жана Программаны ишке ашырууга тартылган персоналдын жана менчиктин коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик берилиши мүмкүн болгондо Программаны ишке ашырууну жаңыртууга аракет кылууга тийиш. Токтото туруу убактысы Программаны же тийиштүү долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Меморандумда жана Макулдашууларда белгиленген мөөнөткө кошулат.
4. Меморандум, эгерде кайсы бир Тарап кат түрүндөгү кабарлоо бергенден кийин кеминде 30 күндөн ашуун мөөнөттөн эрте токтотулбаса, ушул Меморандумдун 4-беренесинде көрсөтүлгөн күчкө ээ болот.
5. Ушул Меморандумду ар кандай өзгөртүүлөр эки Тараптын тең кат түрүндөгү жактырууларына ээ болууга тийиш. Кээ бир долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, анын ичинде Донор-Мамлекеттердин атайын суроосу боюнча мүмкүн болгон зарыл кошумча шарттарды Тараптар кат түрүндө бекитүүгө тийиш.
16-берене. Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум жана макулдашуу
1. Ушул Меморандумдун алкагында ишке ашырылуучу ар бир өзүнчө долбоор үчүн ЕККУ менен Орган өзүнчө Макулдашуу түзөт. Меморандум менен Макулдашуулардын ортосунда келишпестиктер же өз ара келишпестиктер болгон учурда Меморандум артыкчылыкка ээ болот.
2. Бишкекте 2013-жылдын "___" _______ ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде, бирдей эки нускада аткарылды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө келишпестиктер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмунун атынан
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.