Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 28-августу № 483 Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясатты натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 176-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ:
- биринчи кезектеги иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курулуштук комплексин андан ары өнүктүрүү планын иштеп чыксын;
- Иш-аракеттер планында каралган иш чараларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын, көз карандысыз эксперттердин жана бизнес-жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 10 күндүк мөөнөттө жумушчу топторду түзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 483 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата ПЛАНЫ
| № | Иш чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлүүчү жыйынтык | Эскертүү |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Шаар курууну өнүктүрүү жана ата-мекендик курулуш материалдар өндүрүшүн кеңейтүү | ||||
| 1.1 | Каржылоо көлөмдөрүн аныктоо менен бардык калктуу конуштар үчүн башкы пландарды иштеп чыгуу графигин КР Өкмөтүнө киргизүү | 2008- жылдын 15-нояб- ры | КР Мамарх- курулуш, Финмин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) | КРӨ "Башкы пландарды иштеп чыгуу графигин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору | |
| 1.2 | Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууну каржылоо механизмин КР Өкмөтүнө киргизүү | 2009- жылдын 20-фев- ралы | КР Финмин, Мамарх- курулуш, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) | КРӨ "Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору | |
| 1.3 | Облустук маанидеги шаарларда шаар куруу кадастрын киргизүү жөнүндө жобону КР Өкмөтүнө киргизүү | 2008- жылдын 15-дека- бры | Мамкаттоо, Мамарх- курулуш, ЖӨБУА (макул- дашуу боюнча) | КРӨ "Шаар куруу кадастрын киргизүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун долбоору | |
| 1.4 | Эскирген, бузулуу алдындагы имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле объекттерди бузуу маселесин жөнгө салган: - бузуу критерийлерин; - бузуу жөнүндө типтүү жобону караштырган ченемдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 2008- жылдын 15-октя- бры | Мамарх- курулуш, мамкаттоо, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) | Ченемдик укуктук актынын долбоору | |
| 1.5 | Укуктук зоналаштыруунун негизинде республиканын калктуу конуштарына курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун типтүү эрежелерин КР Өкмөтүнө киргизүү | 2009- жылдын 1-июлуна чейин | Мамарх- курулуш, Мамкаттоо, ӨЭУ, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), Эконом- соодамин | КРӨ "Калктуу конуштарга курулуш куруунун жана жерди пайдалануу- нун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору | |
| 1.6 | Ата мекендик курулуш материалдар өндүрүшүн өнүктүрүүгө финансылык каражаттарды салган инвесторлор үчүн преференциялардын жана жеңилдиктердин прогрессивдүү шкаласын иштеп чыгуу жөнүндө маселени кароо | 2009- жылдын 30-апре- ли | Эконом- соодамин, Финмин, Мамарх- курулуш, Салыкмамком, Отунэнермин, Мамбажыком, Куруучулар союзу (макулдашуу боюнча) | КРӨ токтомунун долбоору | |
| 2 | Жер участкаларын бөлүп берүүнүн жана кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укугун каттоонун тартибин оптималдаштыруу | ||||
| 2.1 | Калктуу конуштардын жер участкаларына менчик жана ижара укугун берүү жол-жобосун оптималдаштыруу жана өркүндөтүү жөнүндө жобону КР Өкмөтүнө киргизүү | 2008- жылдын 15-ноя- брына чейин | ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, Мамарх- курулуш | Жаңы редак- циядагы Типтүү жобо | |
| 2.2 | Курулушу бүткөн объекттер боюнча менчикке укукту каттоо тартибин өркүндөтүү жана кыймылсыз мүлк объекттерине укукту ырастоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында Кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо боюнча практикалык колдонмого өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2008- жылдын 15-ноя- брына чейин | Мамкаттоо, Эконом- соодамин, Мамарх- курулуш | Кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо боюнча практикалык колдонмого өзгөртүү- лөрдү киргизүү | |
| 2.3 | Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жобого толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү | 2008- жылдын 15-дека- брына чейин | Экономсоода- мин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), Мамгеология | "Жер казынасын пайдалануу- га жер участок- торун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жобого толуктоо- лорду киргизүү жөнүндө" КРӨ токтомунун долбоору | |
| 2.4 | Жеке менчикте турган жерлерди мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн сатып алуунун бирдиктүү тартибин КР Өкмөтүнө киргизүү | 2009- жылдын 20-апре- ли | Мамкаттоо, Мамарх- курулуш, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) | КР Жер кодексине өзгөртүү- лөрдү киргизүү | |
| 2.5 | КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-сентябрындагы № 575 токтому жана КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 495 жана 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 448 токтомдору менен бекитилген Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун реконструкциялоо жана чектеш куруу үчүн убактылуу жер участкаларынын аянттарынын нормативдик өлчөмдөрүн аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү | 2008- жылдын 1-ноя- брына чейин | Мамарх- курулуш, Мамкаттоо, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) | КРӨ аталган токтом- доруна өзгөртүү- лөрдү жана толуктоо- лорду киргизүү жөнүндө КРӨ токтомунун долбоору | |
| 2.6 | Мамкаттоонун кызмат көрсөтүүлөрүнүн реалдуу өздүк наркына жана Мамкаттоонун органдарын каржылоо механизмдерине жараша менчик объекттерди каттоонун бирдиктүү тарифтерин кайра кароо жана оптималдаштыруу жөнүндө токтомдун долбоорун КР Өкмөтүнө киргизүү | 2008- жылдын 15-дека- брына чейин | Экономсоода- мин, Мамкаттоо, Монопол- саясат агенттиги | КРӨ токтомунун долбоору | |
| 3 | Шаарлардын жана калктуу конуштардын инженердик тармактарын жана инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||
| 3.1 | Башкы пландарга ылайык магистралдык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарын өнүктүрүү схемаларын КР Өкмөтүнө киргизүү жана долбоорлорун даярдоо | 2009- жылдын 20-марты | Отунэнермин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), Мамарх- курулуш, отун-энер- гетика комплексинин компаниялары | Магистрал- дык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарын өнүктүрүү жана долбоорлоо схемалары | |
| 3.2 | Инженердик инфраструктуранын курулушун кошо каржылоо булактарын аныктоочу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | 2009-жыл дын 15-июлу | Финмин, Эконом- соодамин, Отунэнер- мин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) | КРӨ токтомунун долбоору | |
| 3.3 | Магистралдык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарынын схемаларын жана долбоорлорун иштеп чыгууну этап боюнча каржылоонун конкреттүү чараларын даярдоо | 2009- жылдын 15-окт- ябры | ЖӨБУА (макулдашуу боюнча) Финмин, Отунэнермин | КРӨ токтомунун долбоору | |
| 3.4 | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2009- жылдын 15-июн- уна чейин | Эконом- соодамин, Финмин, Отунэнермин, Транскоммин | Кыргыз Республика- сынын Мыйзамынын долбоору | АӨБ, ЦЫЕСЕ, Дүйнөлүк банктын катышуу- лары мүмкүн |
| 3.5 | Курулуш комплекстерин, анын ичинде жеке турак үйлөрдү жана курулмаларды курууда курулуш уюмдары үчүн энергияны үнөмдөө саясаты боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу: а) муздак жана ысык суу приборлорун, жалпы үй үчүн жылуулук эсептегичтерди, газ эсептегичтерди милдеттүү орнотууну кароо; б) көп квартиралуу үйлөрдү курууда энергиянын кайра жаңыртылуучу булактарын (ЭЖБ) жана жылытуунун жана жылуулукту камсыздоонун жеке системасын пайдалануу. | 2008- жылдын 15-де- кабры | Отунэнермин, отун-энер- гетика комплексинин компания- лары, Бишкек шаарынын мэриясы, Мамарх- курулуш, Куруучулар союзу (макулдашуу боюнча), Эконом- соодамин | КРӨ токтомунун долбоору | |
| 4 | Кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо | ||||
| 4.1 | Уюмдардын жана ишканалардын курулуш профилиндеги адистерге жана жумушчу кадрларга керектөөлөрүн аныктоо | 2008- жылдын 1-дека- брына чейин (жыл сайын) | Матрезерв, Мамарх- курулуш, Кесиптех- агенттик, Соода- өнөржай палатасы (макулдашуу боюнча), Куруучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Кесиптер боюнча кадрларды даярдоого жыйынтык өтүнмөлөр | |
| 4.2 | Эмгек рыногунун реалдуу талаптарын эске алуу менен башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн окутуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2008- жылдын 15-дека- брына чейин | Билиммин, Кесиптех- агенттик, Сода-өнөр- жай палатасы (макулдашуу боюнча), Куруучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Билим- миндин, Кесиптех- агенттиктин приказдары, програм- малары | |
| 4.3 | Адистерди жана жумушчу кадрларды сапаттуу даярдоо жана кайрадан даярдоо үчүн курулуш тармагындагы билим берүүчү уюмдарды каржылоо механизмдерин өркүндөтүү (жыл сайынкы негизде) | 2009- жылдын 20-марты | Финмин, Эконом- соодамин, Билиммин, Кесиптех- агенттик | КРӨ токтомунун долбоору | |
| 4.4 | Адистерди жана жумушчу кадрларды даярдоодо мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, ишканалардын катышуусуна дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Жыл сайын | Финмин, Салык- мамком, Соода- өнөржай палатасы (макулдашуу боюнча), Куруучулар союзу (макулдашуу боюнча) | КРӨ чечиминин долбоору | |
| 4.5 | Курулуш профилиндеги окуу жайлардын болгон материалдык-техникалык базаларын өнүктүрүү жана кайрадан жабдуу | 2008- 2010- жылдар | Инвести- циялык фонд, Финмин, Кесиптех- агенттик | Инвести- циялык фонддун чечими, КР Өкмөтүнүн токтому | АӨБ каты- шуусу мүмкүн |
| 4.6 | Өндүрүштөн ажыратпай туруп адистерди жана жумушчу кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Жыл сайын | Эконом- соодамин, Мамарх- курулуш, Билиммин, Кесиптех- агенттик Соода- өнөржай палатасы (макулдашуу боюнча), Куруучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Келишимдер, макулдашуу- лар |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 14.09.2009 · № 579 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 176-б (Курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.04.2008 · № 176-р · Күчүн жоготкон