Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-09-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-сентябры № 579 Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын курулуш комплексин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 483 "Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө
багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата
ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруу үчүн жооптуулар | Күтүлгөн натыйжа |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Жергиликтүү жана республикалык бюджеттерде каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тийиштүү шаар куруу документтерин иштеп чыгуу | 2009-2010- жылдар | Архкурулуш, Финмин, ОМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Белгиленген тартипте макулдашыл- ган жана бекитилген Кыргыз Рес- публикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтери |
| 2 | Калктуу конуштарда курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун типтүү эрежесин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 2009-жылдын 31-декабры- на чейин | Архкурулуш, Мамкаттоо | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 3 | Башкы пландарга ылайык магистралдык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарын өнүктүрүү схемаларын иштеп чыгуу жана долбоорлоо | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | ОМА, Архкурулуш, Отунэнермин, Финмин | Магистралдык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарын өнүктүрүү схемаларын белгиленген тартипте бекитүү жана долбоорлоо |
| 4 | Инженердик инфраструктураны курууну кошо каржылоо булагын аныктоочу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана ОМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), Отунэнермин, Финмин, Экономсоода- мин | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 5 | Магистралдык инженердик тармактардын жана жылуулук менен камсыздоо булактарынын схемаларын иштеп чыгууну жана долбоорлоону этаптуу каржылоо боюнча конкреттүү чараларды даярдоо | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | Отунэнермин, Финмин, Архкурулуш | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 6 | Курулуш комплекстерин, анын ичинде турак жай имараттарды жана курулмаларды тургузууда курулуш уюмдары үчүн энергия үнөмдөө саясаты боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу: а) муздак жана ысык сууну керектөө үчүн приборлорду, жалпы үй үчүн жылуулук эсептегичтерди, газ эсептегичтерди милдеттүү орнотууну караштыруу; б) көп квартиралуу үйлөрдү курууда энергиянын кайра жаңыланчу булактарын (ЭКЖБ), жылытуунун жана жылуулук менен камсыздоонун жеке системаларын пайдалануу | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | Отунэнермин, Архкурулуш, Курулушчулар союзу (макулдашуу боюнча), Экономсоода- мин | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 7 | Уюмдардын жана ишканалардын курулуш жагындагы адистерге жана жумушчу кадрларга муктаждыгын аныктоо | Жыл сайын 1-декабрга чейин | Миграциямам- ком, Архкурулуш, Кесиптехмам- ком, Соода-өнөржай палата (макулдашуу боюнча) | Кесиптер боюнча кадрларды даярдоого жыйынтык өтүнмөлөр |
| 8 | Эмгек рыногунун реалдуу талабын эске алуу менен башталгыч, орто жана жогорку билим берүү программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2010-жылдын 31-майына чейин | Билиммин, Кесиптехмам- ком, Миграциямам- ком, Архкурулуш, Соода-өнөржай палата (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын тийиштүү актылары |
| 9 | Адистерди жана жумушчу кадрларды сапаттуу даярдоо жана кайрадан даярдоо үчүн курулуш жагындагы билим берүүчү уюмдарды каржылоо механизмин өркүндөтүү (жыл сайынкы негизде) | Жыл сайын 30-январга чейин | Кесиптехмам- ком, Билиммин, Финмин, Архкурулуш, Экономсоода- мин | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 10 | Курулуш жагындагы окуу жайлардын учурдагы материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жаңыртып жабдуу | 2009- 2010-жж. | Билиммин, Кесиптехмам- ком, Финмин, Архкурулуш | Мамлекеттик органдардын тийиштүү актылары |
| 11 | Адистерди жана жумушчу кадрларды өндүрүштөн ажыратпастан даярдоонун жана кайра даярдоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2009- 2010-жж. | Экономсоода- мин, Архкурулуш, Билиммин, Кесиптехмам- ком, Соода-өнөржай палата (макулдашуу боюнча) | Келишимдер, макулдашуу- лар |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №597 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 19.09.2009 · № 597 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 483 "Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи…Постановление · 28.08.2008 · № 483
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9