Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 мая 2022 года № 266 "О передаче государственного предприятия «Витязь» и ведение Управления делами Президент Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-20.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майы № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-августу № 528 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Күн-Чубак" жана "Витязь" мамлекеттик ишканалардын иш-аракетин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. "Витязь" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагында иштээри аныкталсын."; 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставында:
Уставдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставы"; төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт."; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Ишкананын толук аталышы: мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы; расмий тилде: Государственное предприятие "Витязь" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики."; 13-пунктта: тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтарды көрсөтүүгө;"; онунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1. Фонд ишкананын иш аракетине жалпы жетекчиликти жана координацияны ишке ашырат."; 17-пунктта түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Фонддун директору" деген сөздөргө алмаштырылсын; 18-пункттун сегизинчи абзацында жана 21-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын; 24-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жылдык финансылык-чарбалык иш аракетинин жыйынтыктары боюнча ишкананын накта пайдасынын 50-пайызынан кем эмеси айдан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен Фонддун эсептик эсебине которулууга тийиш.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
- бекитилген тартипте "Күн-Чубак" жана "Витязь" мамлекеттик ишканаларын юстиция органдарында кайрадан мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 214
- КР Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак"…Постановление · 07.09.2020 · № 472
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына…Постановление · 20.05.2022 · № 266
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 213 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак"…Постановление · 07.09.2020 · № 472
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 214
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.