Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы „Күн-Чубак“ мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 7-сентябры № 472 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасынан "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы" позициясы алып салынсын.
6. Ушул токтомдун жоюу жол-жобосу аяктаган күндөн тартып күчүнө кире турган 4 жана 5-пункттарын кошпогондо, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 80 (3152) жарыяланды
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын…Постановление · 18.08.2017 · № 493 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 213 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.08.2012 · № 528 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 213 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын…Постановление · 18.08.2017 · № 493 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.08.2012 · № 528 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15