Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-августу № 527 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-жыл, № 10, 471-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "аудитордук фирма" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аудитордук уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-1-статьяда:
- онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктын кызмат адамдары - Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, Башкармалыктын төрагасы жана анын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, башкы бухгалтер, Биринчи деңгээлдеги кредиттик комитеттин төрагасы жана анын мүчөлөрү, Активдерди жана пассивдерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы жана анын мүчөлөрү, активдердин жана пассивдердин, кредиттик иштин башкарылышына жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле алардын милдеттерин аткарышкан адамдар. Банктын саясатын аныктаган же бул адамдар акысыз негизде иштешеби же сыйакы алышабы ага карабастан, банктын саясатын жүргүзгөн негизги операцияларга катышууга ыйгарым укугу бар же реалдуу катыша алышкан жактарды да "банктын кызмат адамдары" деп түшүнүүгө болот. Бул аныктама банктын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат. он үчүнчү абзацтагы "он" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
- он төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышканына карабастан, ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына тике же кыйыр түрдө олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү.";
- он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктын инсайдерлери (ички жактар) - Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, Шариаттык кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, ошондой эле алардын милдеттерин аткарган адамдар, олуттуу катышуучулар жана аталган адамдар менен жалпы кызыкчылыктын негизинде байланышы болгон бардык башка жеке жактар.";
- он тогузунчу абзацтагы "элүү жана андан көбүрөөк" деген сөздөр "элүүдөн көбүрөөк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- юридикалык жактын капиталына катышканына карабастан, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына тике же кыйыр түрдө белгилүү таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү.";
- жыйырма бешинчи абзацтагы "башка" деген сөздөн кийин "юридикалык же жеке" деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма алтынчы абзацта "же инсайдерлер" деген сөздөр "же ушул аффилирленген жактардын инсайдерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- отузунчу абзацта "жакын туугандарына" (жарандык мыйзамдарга ылайык биринчи жана экинчи кезектеги мурасчылар) деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык биринчи, экинчи жана үчүнчү кезектеги мурасчылары болуп саналган туугандарына" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- отуз экинчи - отуз алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- жакын туугандары болуп саналгандар - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык анын биринчи, экинчи жана үчүнчү кезектеги мурасчылары";
- түзүлгөн келишимден улам же башкача түрдө акцияларга биргелешип ээлик кылгандар;
- өз алдынча же биргелешип олуттуу катышуучулар болуп саналгандар;
- башка жактын кызмат адамы же өкүлү болуп саналгандар.";
- кыркынчы абзацта "ошол жактын жакын тууганы" деген сөздөр "жакын туугандары - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык анын биринчи, экинчи жана үчүнчү кезектеги мурасчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- статья төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Банктын акцияларына кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу төмөнкүлөрдүн чечимдерди кабыл алууларына таасир этүү мүмкүнчүлүгү:
- банктын башкаруу органдарына;
- банктын олуттуу катышуучуларына же акциялардын контролдук пакетине ээлик кылуучуларга;
- бири-бири менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон юридикалык жактардын/банктардын уставдык капиталына катышууда үлүштөргө/акцияларга ээлик кылуу аркылуу банктык холдингдик компаниянын/банктык топтун катышуучуларына.".
"Капиталга чектүү үлүштө катышуу - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте тике же кыйыр түрдө банктын (бардык түрдө) - акционердик коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын бир же андан көп процентине ээлик кылуу же башкаруу.". "Атайын режим - мыйзамдарда жана Кыргыз банкы тарабынан аныкталган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн банкка киргизилген режим. Атайын режимге убактылуу жетекчилик, консервация чарасы жана Кыргыз банкы тарабынан атайын режимге таандык болгон башка таасир этүү чаралары кирет. Аныкталган атайын режимди киргизүүнүн максаты жана негиздери Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. Шектүү операциялар (бүтүм) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шектүү операциялардын (бүтүмдөр) белгилерин камтыган операция (бүтүм)"."
3. 6-статьянын 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын кызмат адамдары:
1) добуш берүүчү акциялардын элүү пайызынан көбүрөөгү мамлекетке тиешелүү болгон мамлекеттик банктарды эске албаганда, банктардын же банктык холдингдик компаниялардын башкаруу органдарына катыша алышпайт;
2) банкта же банктык холдингдик компанияларда добуш берүү укугуна ээ болуу менен акциялардын бир жана андан көп процентине ээлик кыла алышпайт жана/же контролдой алышпайт.
Банктын же банктык холдингдик компаниялардын акцияларынын бир же андан көбүрөөк процентине ээлик кылган адамдар алар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары болуп дайындалганда өз акцияларын мамлекеттик кызматта турган мезгил ичинде ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш."; Кыйыр түрдө олуттуу катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон же банкка контролдукту жүзөгө ашырган адамдар алар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары болуп дайындалганда, төмөнкүлөрдүн чечимдерди кабыл алууларына таасир этүүгө тийиш эмес:
- банктын башкаруу органдарына;
- банктын олуттуу катышуучулары же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жактарга;
- банктык холдингдик компаниянын/банктык топтун катышуучуларына.".
4. 7-статьяда:
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-пункттагы "(анын ичинде холдинг-компанияларды)" деген сөздөр алып салынсын;
5. 8-статьяда:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эмес юридикалык жактар жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банктын уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат. Төмөнкүлөр мамлекеттин резидент банктарынын акционерлери (катышуучулары) боло алышпайт:
1) оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же катышуучу катары оффшордук аймактарда каттоодон өткөн жактарга же аффилирленген жактарга ээ болгон юридикалык жактар, же болбосо оффшордук аймактарда жашаган же оффшордук аймактарда каттоодон өткөн тизмеси Кыргыз банкы тарабынан аныкталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналышкан жеке жактар;
2) оффшордук аймактардын резиденттери болуп саналышкан жана ошол аймактарда жашаган же тизмеси Кыргыз банкы тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналышкан жеке жактар;
3) акчаны адалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарын колдонбогон жана терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттерде каттоодон өткөн же катышуучу катары жактарга жана/же аффилирленген жактарга ээ юридикалык жактар же болбосо мына ушундай мамлекеттерде катталган же тизмеси терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү жагында иш алып барган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган ушундай мамлекеттерде катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучуларынан) болуп саналышкан жеке жактар;
4) акчаны адалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарын колдонбогон жана терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин резиденттери болуп саналышкан жана/же алардын аймагында жашаган же тизмеси терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү жагында иш алып барган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган ушул мамлекеттерде каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционерлери (катышуулары) болуп саналышкан жеке жактар;
5) Кыргыз Республикасы кошулган эл аралык уюмдардын аларга карата ошол мамлекеттердин жеке жактары жана юридикалык жактары менен же тизмеси Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн мындай мамлекеттерде каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционеринен (катышуучусу) болуп саналгандар менен кызматташууга тыюу салууну жана/же чектөөнү караган сунуштарды жана/же санкцияларды колдонуу жөнүндө чечими (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн катышуучу катары жактары жана/же аффилирленген жактары бар юридикалык жактар. Тышкы иштер чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз банкынын талабы боюнча эл аралык санкциялар жөнүндө маалыматтарды берип турат;
6) Кыргыз Республикасы кошулган эл аралык уюмдардын аларга карата ошол мамлекеттердин жеке жактары жана юридикалык жактары менен же тизмеси Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн мындай мамлекеттерде каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционерлери (катышуучусу) болуп саналгандар менен кызматташууга тыюу салууну жана/же чектөөнү караган сунуштарды жана/же санкцияларды колдонуу жөнүндө чечими (резолюция) кабыл алынган мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашаган жеке жактар. Тышкы иштер чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Банкынын талабы боюнча эл аралык санкциялар жөнүндө маалыматтарды берип турат.
Юридикалык жактар же жеке жактар тарабынан ушул пункттун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын банктарынын акцияларынын сатылып алынышына байланыштуу бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Мындай бүтүмдөр боюнча Кыргыз банкы негизсиз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө сотторго кайрылууга укуктуу. Банк акциялардын бир же андан көп пайызына ээлик кылган акционердин юридикалык ишин (делосун) жүргүзүүгө жана сактоого милдеттүү. Банкта сакталууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеси Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. Банктын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери), ошондой эле алар менен аффилирленген жактар Кыргыз банкынын талабы боюнча уюштуруу документтерин, финансылык жана башка отчетторун, уюштуруучулардын (акционерлеринин, катышуучуларынын) ким экендигин тастыктаган документтерди, ошондой эле алардын финансылык абалы жана жүргүзүлүп жаткан операциялары тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.";
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Банктык жана/же финансылык ишти жүргүзбөгөн юридикалык жак банк ишине олуттуу катыша албайт же контролдукту жүргүзбөйт. Банктык жана/же финансылык ишке байланышкан финансылык ишкердиктин жана ишкердиктин түрлөрү жана критерийлери Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет".
6. 9-статьянын 4-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "анын ишин башкарууга жана контролдук кылууга таасир берүүчү банктын катышуучуларынын курамындагы өзгөрүүлөргө" деген сөздөр алып салынсын.
7. 11-статьяда:
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Банктын уставдык капиталы уюштуруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түзүлөт жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленген өлчөмдөн кем эмес өлчөмдө төлөнүүгө тийиш уставдык капиталды түзүү үчүн негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт. Банктын уставдык капиталы ушул мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын акча каражаттарынын эсебинен түзүлө албайт жана кийинчерээк көбөйтүлүүгө тийиш эмес. Банктардын уставдык капиталы боюнча талаптар Кыргыз банкы тарабынан белгиленет.";
- статья төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Банк өз акцияларын сатып алууга жана күрөөгө кабыл алууга укугу жок.".
8. 14-статьяда:
- 1-1-пункттун экинчи абзацы "акционерлери" деген сөздөрдөн кийин ", олуттуу катышуучулары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- өзүнүн бардык акционерлерине, олуттуу катышуучуларына жана контролдоочу жактарга тиешелүү болгон ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды;".
9. 17-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Лицензиясын берүүдөн баш тартуу жана Кыргыз банкынын лицензия берүүгө алдын-ала берилген уруксатын жокко чыгаруу үчүн негиздер";
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Ушул мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди карап чыккандан кийин, Кыргыз банкы банкка лицензия берүүгө алдын ала уруксат бериши мүмкүн.";
- статья төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Төмөнкү себептердин бири эле болгондо Кыргыз банкы арыз берүүчүгө алдын ала уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн:
1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруучу документтердин же башка документтердин ушул Мыйзамда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коюлуучу талаптарга ылайык келбегенде;
2) документтерди ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө толук берилгенде. Ушул кемчиликтер арыз берүүчү тарабынан четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат;
3) ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктунун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбегенде;
4) банктын минималдуу уставдык капиталынын өлчөмүнүн, түзүмүнүн, түзүү булагынын ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде;
5) минималдуу уставдык капиталдын Кыргызстан банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөсө;
6) арыз берүүчү тарабынан лицензия алуу үчүн так эмес маалыматтарды камтыган документтер сунушталса;
7) лицензия үчүн төлөм төлөнбөсө;
8) арыз берүүчүгө карата анын ишкердиктин ошол түрү менен алектенүүгө ага тыюу салган соттун күчүнө кирген чечими болсо;
9) банк кирген банктык топ тууралуу толук маалымат Кыргыз банкына берилбесе;
10) акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайлары жана анын булактары жөнүндө толук маалымат Кыргыз банкына берилбесе, атап айтканда, эгерде:
- берилген маалыматтардан акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайларын жана булактарын аныктоого мүмкүн болбосо;
- берилген маалыматтарга ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келбесе;
11) акционерлер ушул Мыйзамдын 44-статьясынын талаптарына жооп бербесе.".
10. 18-статьяда:
- 1-пункттун жетинчи абзацындагы "жүзөгө ашыра алат" деген сөздөн мурда "гана" деген сөз менен толукталсын;
- 3-пункттун бешинчи абзацындагы "жүзөгө ашыра алат" деген сөздөн мурда "гана" деген сөз менен толукталсын;
- статья төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Банк туунду же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок, эгерде:
1) компания оффшордук аймактарда же ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн мамлекеттерде катталса жана/же ишин жүзөгө ашырса;
2) компаниянын башка уюштуруучулары болуп ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактар саналса.".
11. 19-статьяда:
- 2-пункттун биринчи абзацында "билдиргенден" деген сөз "өтүнүч менен кайрылгандан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Банктын оффшордук аймактарда же ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн мамлекеттерде филиал ачууга укугу жок.";
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1, 3, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн юридикалык жактарга туура келген чет өлкөлүк банктардын филиалдарын ачууга жол берилбейт.";
- 5-пункттун 5-пунктчасындагы "жана анын ээлери" деген сөздөр "ээлери, олуттуу катышуучулары жана контролдоочу адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын".
12. 20-статьяда:
- 2-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банк ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн оффшордук аймактарда же мамлекеттерде өкүлчүлүгүн ачууга укугу жок.";
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1, 3, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын аныктамасына туура келген чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачууга жол берилбейт.".
13. 24-статьяда:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Банктын ишкердик активдүүлүгү анын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган багыттар боюнча түздөн-түз жүзөгө ашырылат. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин башкарылышына байкоо жүргүзүп, бардык акционерлердин атынан иш алып барып, акционерлердин жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынында алардын алдында отчет берет. Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү:
1) банктын бардык бизнес-стратегияларынын, бизнес-пландарынын жана саясаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына, банкты түзүү максаттарына, анын иш чөйрөсүнө жана финансылык абалына ылайык түзүлүшү, бекитилиши, кайрадан каралып чыгышы жана жаңыртылып турушуна;
2) банк дуушар болгон негизги тобокелдиктердин аныкталышына, негизги тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлинин белгиленишине, банк ишинин натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктердин белгиленген деңгээлдеринин адекваттуулугуна мезгил-мезгили менен баа берилишине;
3) белгиленген тобокелдиктердин деңгээлдеринин сакталышын аныктоо, өлчөө, мониторингдөө жана алардын контролдоо үчүн көрүлгөн Банк башкармасынын иш-аракеттерине карата көзөмөлдүк чараларын жүзөгө ашырууга;
4) Банк башкармалыгынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү аркылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу адекваттуу жана таасирдүү ички контролдук системаны түзүүгө жана сактоого:
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга (легализациялоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүгө банктын тартылышына бөгөт коюу жагында, ошондой эле банктын ички аудит кызматы менен ички контролдун натыйжалуулугун баалоо, жоопкерчиликтүү кызмат адамдарын дайындоону жана банк кызматкерлерин тиешелүү окутуудан өткөрүү компоненттерин кошо алганда банктын ишинин адекваттуулугун жана натыйжалуулугун;
- банктын жана анын кызмат адамдарынын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага киришине мүмкүн болгон аракеттерди (аракеттенбей коюуларды) жүзөгө ашырууга тартылышына бөгөт коюуну;
- банк тарабынан Улуттук банкка жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалыматтардын, билдирүүлөрдүн, финансылык-регулятивдик ж.б. отчеттордун так жана өз учурунда берилишин;
- банк тарабынан тышкы пайдалануучулар үчүн маалыматтардын жана финансылык отчеттордун так жана өз учурунда берилишин;
- банктын активдеринин сакталышы жана коопсуздугу, финансылык алдамчылыктарга, көз боемочулуктарга жана кызматтык ишинен кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коюлушун;
5) өзгөчө кырдаалдар шарттарында банктын активдеринин сакталышын жана алардын коопсуздугун мүмкүн болушунча камсыз кылуу боюнча келип чыккан жагдайга жараша банк ишинин адекваттуу уюштурулушуна мүмкүндүк берген чаралардын системасын иштеп чыгууга;
6) Банк башкармалыгы менен биргеликте банкта таасирдүү корпоративдик башкарууну түзүү жана колдоого алуу, банк ишинин бардык деңгээлинде жана багыттары боюнча ички контролдун өзгөчөлүгүн жана маанилүүлүгүн караган банктын ички корпоративдик маданиятынын этикалык жана акыйкаттуу стандарттарын түзүүгө жана колдоого алууга.
Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, банкта жүргүзүлүп жаткан саясат жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан түзүлгөн комитеттердин иштерине контролдун жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү алардын аткарылышы Директорлор кеңешине жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.";
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Банктын Директорлор кеңешинин курамынын экиден биринен көбү Кыргыз Республикасынын жарандарынан турууга тийиш. Эгерде, банктын төлөнгөн уставдык капиталынын элүү пайызынан көбүрөөгү Кыргыз банкы тарабынан аныкталган эл аралык финансылык уюмдардын жана/же Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган башкы банктын үлүшүнө туура келсе, анда:
- банктын Директорлор кеңешинин курамынын экиден биринен көбү Кыргыз Республикасынын жарандарынан турууга тийиш, же:
- эгерде, башкы банк "Sta№dard & Poor's" эл аралык рейтингдик агенттиктин же башка ушундай эле рейтингдик агенттиктердин рейтинг шкаласына ылайык "А" деңгээлинен төмөн болбогон эл аралык узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ болгон болсо, банктын Директорлор кеңешинин курамынын үчтөн биринен көбүрөөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынан турууга тийиш жана башкы банкка, банктык топторго же курамына банк кирген банктык холдингдик компанияларга карата ОЭСРга катышуучу өлкөлөрдүн көзөмөл органы тарабынан консолидацияланган негизде көзөмөлдүк жүзөгө ашырылат.";
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укугуна кирет:
1) банктын стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясаттарын түзүү, ошондой эле алардын Банк башкармасы тарабынан ишке ашырылышына контрол жүргүзүү;
2) банк ишинин бардык түрү боюнча ички саясаттарды аныктоо, кабыл алуу, аларга мониторинг жүргүзүү жана жаңылоо;
3) Банк башкармалыгынын төрагасын бекитүү же кызматтан четтетүү, ошондой эле Башкармалыктын төрагасынын сунушу боюнча анын мүчөлөрүн бекитүү же кызматтан четтетүү;
4) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдаштырууга) каршы аракеттенүү, банктын шектүү операциялардын белгилери камтылган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюу максатында ички аудитти жүзөгө ашырган, тобокелдиктерге контролду уюштурган башкы адистердин (банкта тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр жок болгон учурда) же бөлүмдөрдүн (кызматтардын) жетекчилеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жана өлчөмүн аныктоо жана бекитүү;
5) банктын төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн эмгек акысын төлөө шарттарын жана өлчөмүн аныктоо;
6) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү;
7) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чараларды көрүү;
8) банктардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
9) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарын кароо жана алар боюнча чараларды көрүү;
10) акционерлердин жалпы жыйынынын чечимдеринин аткарылышына контроль жүргүзүү.";
- 6-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктын Директорлор кеңешинин отурумунун протоколуна жана стенографиялык отчетуна төрагалык кылган адам, Директорлор кеңешинин отурумуна катышкан мүчөлөрү жана кеңештин катчысы кол коюуга тийиш.";
- 8-2-пункттун 1 жана 2-пунктчаларындагы "жакын тууганы" деген сөздөр "тууганы (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык анын биринчи, экинчи жана үчүнчү кезектеги мурасчысы)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "лицензиясын кайтарып алууга же анын иш-аракетин токтото турууга" деген сөздөр "лицензиясын кайтарып алууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 25-статьяда:
1-пункттун төртүнчү-сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: "Банк башкармасы төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү:
1) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген бизнес-пландардын (стратегиялардын) жана саясаттардын аткарылышы үчүн;
2) банк дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктап, өлчөп, мониторинг жүргүзүп, контролду камсыз кылган процесстерди өнүктүрүү, өз учурунда жайылтуу жана банктын Директорлор кеңеши бекиткен алардын алгылыктуу деңгээлде сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлүшү үчүн;
3) банктын органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана өз ара мамилелерин ачык аныктаган башкаруунун адекваттуу системасынын камсыз кылынышы үчүн;
4) ички контролдун адекваттуу жана натыйжалуу системасынын ишке ашырылышы, ошондой эле ички контролдун системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна мониторингдин жүргүзүлүшү үчүн;
5) банкта таасирдүү корпоративдик башкаруунун ишке ашырылышы жана колдоого алынышы, банк ишинин бардык багыттары боюнча ички контролдун бардыгына өзгөчө маани берген банктын ички корпоративдик маданиятынын этикалык жана акыйкат стандарттардын колдоого алынышы жана так сакталышы үчүн;
6) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттенүү, банктын шектүү операциялардын белгилери камтылган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюу системасына натыйжалуу ички контролдун жүзөгө ашырылышы үчүн;
7) эгерде, алардын террористтик же экстремисттик иштерге (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катыштыгы бар экендиги тууралуу такталган маалыматтар бар болсо, Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын сактоо максатында, бул багытта иш алып барган кызмат адамынын маалыматынын негизинде, өз учурунда жана адекваттуу чаралардын көрүлүшү үчүн;
8) банктын алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбага кирген иштеринин, аракеттеринин (аракеттенбегендиги) жүзөгө ашырылышына бөгөт коюу;
9) банк тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Улуттук банкка ж.б. ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалыматтардын, билдирүүлөрдүн, финансылык, регулятивдик ж.б. отчеттордун так жана өз учурунда берилиши үчүн;
10) банк тарабынан тышкы пайдалануучуларга такталган маалыматтардын жана финансылык отчеттордун өз убагында берилиши үчүн;
11) бизнес-пландын (стратегияларынын) жана саясаттардын, ошондой эле банктык Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлдери тууралуу маалыматтардын банктын тиешелүү кызматкерлерине өз убагында тааныштырылышы үчүн;
12) банктык иш жөнүндө так жана толук маалыматтардын берилишин камсыз кылган маалыматтык системалардын банкта колдонууга киргизилиши, пайдаланышы жана банктын маалымат системасынын коопсуздугунун камсыз кылынышы үчүн;
13) өзгөчө кырдаалдар шарттарында банктын активдеринин сакталышын жана алардын коопсуздугун максималдуу камсыз кылуу боюнча чаралардын кабыл алынышына, ошондой эле банк ишинин болгон жагдайга адекваттуу уюштурулушуна.
Банк Башкармасынын төрагасы жана анын мүчөлөрү банктын саясаттарынын ишке ашырылышы жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде обочолонгон бөлүмдөрүнүн операциялык ишине контролдун жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. Банк башкармасынын төрагасы жана анын мүчөлөрү, аткарылышы Банк башкармасына жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.";
- 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Банк башкармасынын курамынын экиден биринен көбүрөөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынан турууга тийиш.";
- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Башкармалыктын отурумунун протоколуна жана стенографиялык отчетуна төрагалык кылган адам, банк Башкармалыгынын отурумуна катышкан мүчөлөрү жана анын катчысы кол коюуга тийиш.".
15. 25-2-статьяда:
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Жакын туугандары болуп саналган адамдар (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, биринчи, экинчи жана үчүнчү кезектеги мураскорлору) банктын төрагасы жана анын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде обочолонгон бөлүмдөрдүн жетекчиси, ошондой эле бири экинчисинин карамагында турган кызматкерлери боло албайт.";
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Банк банк ишинин бардык олуттуу иш чөйрөсүн жана операцияларын камтуучу ишенимдүү маалыматтык системаларга ээ болууга тийиш. Бул системалар электрондук формадагы маалыматтарды кошо алганда, тиешелүү инструменттер жана технологиялар менен корголууга тийиш. Банк кара ниеттердин аракеттеринен авариялык кырсыктардан жана персоналдык жаңылыштыктардан болуучу жоготууларды минималдаштырууга өбөлгө түзгөн, маалыматтык системанын (активдердин) коопсуздугун, банк ишинин адекваттуу деңгээлин камсыз кылууга тийиш. Алардын ишенимдүүлүгүн мониторингдөө банктын ички аудиторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 6-пункттагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр алып салынсын.
16. 26-статьяда:
- 1-пункттун биринчи абзацындагы "банктагы ички контролдук" деген сөздөрдөн мурда "банк ишинин бардык багыттары боюнча, анын ичинде маалымат системасына/аппараттык-программалык комплекстерге (IT-аудит) аудит" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ички аудитордун отчету аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чара көрүү үчүн Директорлор кеңешине жана банк ишинде аныкталган башка кемчиликтерди четтетүү жана ага жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруусу үчүн банк Башкармасына берилет.".
17. Төмөнкү мазмундагы 26-1-статья менен толукталсын:
"26-1-статья. Банктын Директорлор кеңешинин комитеттери
1. Банкта банктын Директорлор кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалуучу Кадрлар боюнча комитет жана Сыйакылар боюнча комитет түзүлүшү мүмкүн. Комитеттердин курамына Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана Директорлор кеңеши тарабынан чакырылган банктын акционери болуп саналбаган көз карандысыз адистер кириши мүмкүн.
Кадрлар боюнча комитет жана Сыйакылар боюнча комитет тиешелүү маселелер жана иш багыттары боюнча Директорлор кеңешине көмөктөшүү максатында түзүлөт жана комитеттин отурумдары чейрек ичинде кеминде бир жолу Директорлор кеңеши же тиешелүү комитеттин эки мүчөсү тарабынан чакырылат.
2. Кадрлар боюнча комитеттин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Банк башкармасынын төрагасын жана анын мүчөлөрүн, банктын башкы бухгалтерин, ички аудитти, тобокелдиктерге контролдукту жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү, банктын шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюу максатында, контролдукту жүзөгө ашырган бөлүмдөрдүн начальниктерин же башкы адистерин (банкта тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жоктугу учурунда), ошондой эле филиалдардын жетекчилерин дайындоо, алмаштыруу жана анын милдетин аткаруу маселелери боюнча Директорлор кеңешине сунуштарды иштеп чыгуу;
2) банкты башкарууга квалификациялуу адистерди тартууга көмөк көрсөтүү.
3. Сыйакылар боюнча комитеттин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Банк башкармасынын төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле банк кызматкерлеринин сыйакы жана материалдык колдоо көрсөтүү өлчөмдөрүн аныктоо принциптерин жана критерийлерин иштеп чыгуу;
2) Банк башкармасынын төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле банктын кызматкерлеринин сыйакы жана материалдык колдоо көрсөтүү өлчөмдөрүн белгилөө маселелери боюнча Директорлор кеңешине сунуштарды иштеп чыгуу;
3) Банк башкармасынын төрагасына жана анын мүчөлөрүнө, сыйакылардын төлөнүп берилишине контролду камсыз кылуу;
4) банктын сыйакыларды белгилөө саясатында чагылдырылууга тийиш болгон банктын стратегияларына жана иш натыйжаларына сыйакылардын ылайыктыгын камсыз кылуу.".
18. 28-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "он" деген сөз "бир" деген сөзгө алмаштырылсын.
19. 29-статьяда:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Банктын акцияларынын бир пайызына жана андан көбүрөөгүнө ээлик кылуучу катары чыккан акционерлер (сатып алуу, тартуулоо, мураска калтыруу ж.б.) Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарында белгиленген маалыматты бүтүмгө келишкен учурдан тартып он жумуш күнү ичинде банк тарабынан акционерлер боюнча юридикалык делолор түзүлүш үчүн зарыл болгон маалыматтарды банкка берүүгө милдеттүү, ал эми чет өлкөлүк жаран болуп саналган акционерлер мындай маалыматтарды 30 календарлык күндүн ичинде берүүгө тийиш.";
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Акционерлердин реестринде ар бир энчилүү акциялар жөнүндө маалыматтар, акцияны сатып алган күнү, ошондой эле реквизиттерин көрсөтүү менен акционерлердин ар бир мындай акцияларынын саны, (акционерлер-юридикалык жактар үчүн жайгашкан жери жана каттоо номери, ал эми акционерлер-жеке адамдар үчүн ким экендигин тастыктаган документи жана жайгашкан жеринин дареги), эгерде акционер банктын капиталына чектүү үлүштө катышуудан тартып акциялардын ээси болуп саналса, Кыргыз банкынан макулдук катынын чыгыш номери жана берген күнү, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка маалыматтар катталат.";
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалган үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Банк акционерлердин реестрине киргизилген бардык өзгөрүүлөр тууралуу айына кеминде бир жолу Кыргыз банкына маалымдап турууга милдеттүү. Төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмүнүн бир пайызынан ашкан акциялардын пакетинин сатылып алынышына же ажыратылышына байланыштуу акционерлердин курамы өзгөргөн учурда, банк акционерлердин реестрин алган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде Кыргыз банкына белгиленген өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.";
- 5-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул мыйзамдын 2-1-статьясынын талаптарына ылайык банктык акцияларына биргелешип ээлик кылган акционерлер жана банктын акцияларына биргелешип ээлик кылуу жөнүндө маалымдалган банк, бул тууралуу адистешкен каттоочуга маалымдоого милдеттүү. Адистешкен каттоочу маалыматтар реестрине акцияларга биргелешип ээлик кылуу жөнүндө маалыматты киргизүүгө милдеттүү.".
20. 30-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацындагы "он" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
21. 31-статья төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Банкка ушул Мыйзамда уруксат берилген кайсыл болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар, ошондой эле ишеним кат боюнча алардын пайдасы үчүн иш алып барышкан жактар менен ишке ашырууга тыюу салынат. Кыргызстан банкы ушул Мыйзамда уруксат берилген кайсы болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү ушул мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 3-6-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар, ошондой эле ишеним кат боюнча алардын пайдасы үчүн иш алып барган жактар менен жүргүзүүгө тыюу салууга укуктуу. Мындай операцияларга тыюу салуу жөнүндө чечим мамлекеттин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде Кыргыз банкы тарабынан кабыл алынат.".
22. 32-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Мурда берилген кредиттерди камсыздоо катары сатып алуу, алып коюу жана өткөрүп берүүдөн улам банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлктү банк үч жылдан ашыкка кармап тура албайт.".
23. 33-статьядагы:
- 1-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункт төмөнкү мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) өз атынан өз максаттары үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;
10) финансы лизинги боюнча иштерди жүзөгө ашырууну.";
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операциялар.";
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Банк Кыргыз банкынан алдын ала уруксаты болгондо гана тиешелүү ишкердикти жүзөгө ашырууга башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лицензия алууга укуктуу.".
24. 35-статьянын 6-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Банк күрөө предметин биринчи кезекте ачык тоорук аркылуу сатып өткөрүүгө милдеттүү. Банк күрөөлүк мүлктүн ачык тоорукта сатылып өткөрүлүшү тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте мында күрөө предметинин менчик ээси ким экендиги ачык билдирбестен коомчулукка маалымдоого тийиш.".
25. 37-статьянын 2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1. Банк, эгерде мындай кредиттерди берүү шарттары банктын инсайдерлери, аффилирленген жактары же кызматкерлери болуп саналбаган карыз алуучуларга же банк менен жалпы кызыкчылыгы жок кайсы болбосун башка адамдарга берилген кредиттерге караганда, алда канча алгылыктуу болгон болсо, инсайдерлерди жана аффилирленген жактарды кредиттөөгө укугу жок. Кыргыз банкы ушул статьянын талаптарына ылайык инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга карата талаптарды белгилеши мүмкүн.".
26. 39-статьяда:
- 2-пункттун 7-9 пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"7) банк операцияларын жүргүзүүнү убактылуу токтотууга, чектөөгө же тыюу салууга;
8) банк лицензиясын кайтарып алууга;
9) банкка атайын режим киргизүүгө.";
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз банкы төмөнкүлөргө карата консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат:
- Кыргыз банкынан лицензия алган банкта жана анын туунду жана/же караштуу компанияларда;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниядан турган банктык топко, Кыргыз банкынан лицензияланган банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардын бирине карата;
- Кыргыз банкынан лицензияланган банк да курамына кирген, Кыргыз Республикасынын аймагында банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген, аларга бир эле жак өз алдынча же башка жактар менен биргелешип контролду жүргүзгөн юридикалык жактардын тобуна.
Эгерде, аларга бир эле жак өз алдынча же башка жактар менен биргелешип контрол жүргүзгөн, банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобунун башкы компаниясы жок болсо, анда контролдоочу жактын тиешелүү чечими менен ыйгарым укук берилген, Кыргыз банкына макулдашылган банктык жана/же финансылык ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жак маалыматтарды жана отчетторду берүүнү кошо алганда, Кыргыз банкы белгилеген талаптарды аткарат.".
27. 39-2-статьянын 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз банкы тарабынан банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага же банктын аманатчыларынын, башка кредиторлорунун таламдарына жана/же бүтүндөй банк тутумунун кызыкчылыгына коркунуч келтирген жагдайга тартылышы, ошондой эле банктын кызмат адамдарынын, кызматкерлеринин жана аффилирленген жактарынын мыйзамга ылайыксыз иш-аракеттери (аракеттенбегендиги), Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын, нормативдеринин жана башка банктын коопсуз жана туруктуу ишине коркунуч алып келиши мүмкүн болгон милдеттүү нормалардын жана лимиттердин бузулушу аныкталган учурда, Кыргыз банкы банкка, анын кызмат адамдарына жана аффилирленген жактарына карата мыйзамдарда белгиленген таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. Банктын аманатчылары ж.б. кредиторлору, акционерлери же бүтүндөй банк тутуму үчүн реалдуу коркунуч жаратып, чыгымга учуроо же жоготууга баруу ыктымалдыгын түзгөн банктын иши, анын аракеттери (аракеттенбегендиги) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары эсептелинет. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны мүнөздөгөн иштин, аракеттердин (аракеттенбей коюулардын) белгилери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. Таасир этүү чараларын колдонуу тартиби Кыргыз банкы тарабынан белгиленет.".
28. 41-статьянын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ыйгарым укуктуу инспектор ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, банктан жана анын кызмат адамдарынан оозеки же кат жүзүндө тиешелүү маалыматтарды, документтерди, түшүндүрмө берүүлөрдү жана тактоолорду талап кыла алат.".
29. 43-статьянын 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Банктар, банктын акционерлери, олуттуу катышуучулары же болбосо банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусу жана банк менен жалпы кызыкчылыгы бар жактар, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз банкы тарабынан көзөмөлдүк функция ишке ашырылуу максатында өздөрүндө болгон бардык тиешелүү маалыматтарды Кыргыз банкына берип турууга милдеттүү.".
30. 44-статьяда:
- статьянын аталышындагы "олуттуу" деген сөздөн мурда "капиталга чектүү үлүштө катышууну" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды кандайча сатып алгандыгына карабастан, эгерде өз алдынча же башка жактар менен биргелешип банктын капиталына чектүү үлүштө катышууну алууну кааласа, Кыргыз банкынан алдын ала уруксат алууга милдеттүү. Кыргыз банкынан алдын-ала уруксат алуу үчүн көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз банкына кат жүзүндө арыз берүүлөрү тийиш. Кыргыз банкынын алдын-ала уруксат берүүсүн банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башка негизде, анын ичинде соттун чечиминин негизинде мурдагы акционерлерге банктын акцияларын кайтаруунун натыйжасында кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак тике же кыйыр түрдө:
- капиталга чектүү үлүштө катышуучу болсо;
- банктын добуш берүүчү акцияларынын бештен, ондон, жыйырмадан, отуз төрттөн, элүүдөн жана алтымыш алтыдан көбүрөөк пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну ишке ашырса Кыргыз банкынын алдын-ала уруксат алууга тийиш.
Эгерде, банктардагы эсептерде турган акча каражаттары банктын акцияларын сатып алуу булагы болсо, билдирүүлөргө кошумча акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтер берилүүгө тийиш.";
- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Ишкердик абройдун сапатынын белгилери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат.";
- статья төмөнкү мазмундагы 6-1, 6-2-пункттар менен толукталсын:
"6-1. Ушул статьянын максаты үчүн Кыргыз банкы банктан анын банктын капиталына чектүү үлүштө катышуучулар жөнүндө маалыматтарды талап кылууга, ал эми банк мындай маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. 6-2. Банктын капиталына чектүү үлүштө катышуучулар 6-1-пункттун талаптарына ылайык банкка зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү.";
- 7-9-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Эгерде, кандайдыр бир жак тарабынан Кыргыз банкынын алдын ала кат жүзүндөгү макулдугусуз, капиталга чектүү үлүштө катышууну, олуттуу катышууну же банк ишине контролдоо мүмкүнчүлүгүн алгандыгы тууралуу фактылар маалым болсо, мындай бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз болуп саналат. Мындай бүтүмдөр боюнча Кыргыз банкы негизсиз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө сотторго кайрылууга укуктуу.
8. Кыргыз банкы эгерде, ушул статьянын 4-пунктунун 1-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурлардын келип чыгышына алып келген банктын капиталына чектүү үлүштөө катышууга, олуттуу катышууга, анын акцияларынын контролдук пакетин сатып алууга макулдук алуу үчүн такталбаган маалыматтарды бергендиги тууралуу фактылар маалым болсо, Кыргыз банкы ушул статьяга ылайык арыз берүүчүгө мурда берилген макулдугун кайтарып алууга тийиш.
9. Ушул статьянын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда мыйзам бузууларга жол берген жак банктын жетекчилигине же саясатына таасир этүүсүн токтотууга милдеттүү (тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун жүзөгө ашырууну кошо алганда) жана ага тиешелүү болгон акциялар боюнча добуш берүү укугунан ажыратылууга тийиш. Ал эми аларга тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү аркылуу мурда кабыл алынган чечимдер кабыл алынган учурунан тартып, анык эмес катары эсептелинип, мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарылууга тийиш.
Ушул статьянын 8-пунктунда көрсөтүлгөн, мыйзам бузууларга жол берген жак, Кыргыз банкы тиешелүү талапты койгондон тартып үч айдын ичинде алар менен байланышы жок башка жактарга өз үлүшүн сатууга милдеттүү.";
- статья төмөнкү мазмундагы 11-12-пункттар менен толукталсын:
"11. Ушул статьянын талаптарын жана Кыргыз банкынын ушул статьясынын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол беришкен же болбосо анын талаптарын бузууга багытталган ишкердикти жүзөгө ашырышкан кайсыл болбосун юридикалык жак же жеке адам төмөнкүлөргө катышкан катары таанылат:
- Кыргыз банкын адаштырууга;
- түпкү бенефициар (пайда алуучу) жөнүндө маалыматтарды жашырганга;
- жалган бүтүмдөрдү ишке ашырганга.
12. Кыргыз банкы банктын акцияларынын анык ээлерин (түпкү пайда алуучуларын) аныктоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. Кыргыз банкы зарыл болгон учурда мындай текшерүүлөргө укук коргоо органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
Кыргыз Банкы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча акционерлердин реестрине киргизилген акционерлер, банктын акцияларынын анык ээлери эмес (түпкү пайда алуучулары) болуп саналаарын таануу үчүн жетиштүү негиздер бар болгондо, андан ары тергөө ишин жүргүзүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө укуктуу.".
31. 45-статьянын 1-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "анын ичинде төмөндөгүдөй таасир чараларынын кайсынысын болбосун" деген сөздөр ", ошондой эле төмөндөгүдөй таасир чараларынын кайсынысын болбосун колдонууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктча "банк" деген сөздөн кийин "жана/же анын акционерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"6) банктын жетекчилигин алмаштыруу жөнүндө талап кылууну;";
- 8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"8) банкка атайын режимди киргизүүнү;".
32. 45-1-статьяда:
- 1-пункттагы түрдүү жөндөмөдөгү "олуттуу катышуучу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "капиталга чектүү үлүштө катышуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктчадагы "токтото турат же" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттун 6-7-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"6) атайын режим киргизилсин;
7) банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр киргизилсин.";
3-пункт төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын: "5) банктын акционерлери, Директорлор Кеңешинин потенциалдуу мүчөлөрү же кызмат адамдары тарабынан такталбаган маалыматтар берилсе.";
- 6-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"5) атайын режим киргизилсин;";
- 7-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде банктын же банктык холдингдик компаниянын кызмат адамы кылмыш иши боюнча күнөөлүү катары кармалган болсо, Кыргыз банкы ошол адамды мыйзамда белгиленген тартипте кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу жазма буйрук, ал эми ошол адам кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп таанылган учурда - аны кызматынан бошотуу тууралуу талап/жазма буйрук чыгарууга тийиш.";
- 7-пункт төмөнкү мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Ушул мыйзамдын жана/же Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга катышкан, жол берген же алардын макулдугу менен мындай кемчиликтерге жол берген Директорлор кеңешинин төрагасы же кайсыл болбосун мүчөсү, банктык олуттуу катышуучулары, кызмат адамдары ушунун кесепетинен банк, анын акционерлери, аманатчылары, башка кредиторлору дуушар болгон чыгымдардын орду толтурулуп берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Ички саясаттардын жана ички контролдук жол-жоболордун талаптарын бузууга катышкан, жол берген же алардын макулдугу менен мындай кемчиликтерге жол берген Директорлор кеңешинин төрагасы же кайсыл болбосун мүчөсү, банктык олуттуу катышуучулары, кызмат адамдары ушунун кесепетинен банк, анын акционерлери, аманатчылары, башка кредиторлору дуушар болгон чыгымдардын орду толтурулуп берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.";
- төмөнкү мазмундагы он биринчи пункт менен толукталсын:
"11. Кыргыз банкы ушул мыйзамга ылайык банкка карата таасир этүү чараларынын көрүлгөндүгү жана кандай болбосун өзгөрүүлөр же мындай чаралардын токтотулушу жөнүндө маалыматтарды ачат. Мындай маалыматтарды ачуу тартиби Кыргыз банкы тарабынан аныкталат.".
33. 49-2-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"49-2-статья. Банктык топтордун иши
1. Банктык топко кирүүчү компаниялар банктык жана/же финансылык ишкердикти гана, ошондой эле Кыргыз банкы аныктагандай банктык холдингдик компанияларга тиешелүү учурларда, топтордун катышуучуларынын акцияларга ээ болуусун кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишкердикке байланыштуу ишти жүзөгө ашыра алат.
2. Банктык топко кирген компанияларды башкарууга алуу максатында гана түзүлгөн банктык холдингдик компаниялар (башкаруучу компаниялар) акционердик коом түрүндө түзүлүүгө тийиш.
3. Банктык холдингдик компания же банктык топ башында турган банк бүткүл банктык топтун иши Кыргыз банкынын талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4. Банктык холдингдик компаниянын же банктын Директорлор кеңеши (байкоо органы) жана Башкармасы (аткаруучу органы), анын ичинде банктык топ башында турган Кыргыз Республикасынын резиденти эместери банктык топтун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашып турушун камсыз кылууга тийиш.
5. Башкы компания, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси, Кыргыз банкынан лицензияланган туунду жана/же караштуу компаниялардын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар болгон учурда, ал тууралуу ошол компанияга өз учурунда маалымдап, ошондой эле Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөт ичинде, ошол фактылар же жагдайлар жана алардын кесепеттүү таасирин алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу кат жүзүндө билдирүүнү Кыргыз банкына жиберет. Кыргыз банкынан лицензияланган туунду жана/же караштуу компаниялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулуусуна алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жана ошол компаниянын финансылык туруктуулугуна коркунуч туудурган же ага алып келиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар терс таасир катары түшүнүлөт.
Кыргыз банкынан лицензияланган туунду жана/же караштуу компания башкы компаниядан жогоркудай маалыматтарды алганда бул тууралуу Кыргыз банкына ал белгилеген мөөнөт ичинде кат жүзүндө маалымдоого тийиш.
6. Кыргыз банкынан лицензияланган компаниянын финансылык абалына алардын банктык топко катышуусунун натыйжасында коркунуч келип чыкса, Кыргыз банкынан лицензия алган туунду жана/же караштуу компания Кыргыз банкы белгилеген мөөнөт ичинде мындай таасирлерге жол бербөө боюнча көрүлгөн чараларды сыпаттоо менен Кыргыз банкына кат жүзүндө маалымдайт.".
34. 49-4-статьяда:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топ башында турган банктын кызмат адамдары, Директорлор кеңешинин (байкоо органынын), Башкармасынын (аткаруучу органдар) мүчөлөрү Кыргыз банкы белгилеген квалификациялык минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Банктардын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнө карата колдонулуучу камкордук милдеттер, ошондой эле банктык холдингдик компаниялардын байкоо органдарынын жана башкаруунун аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата да колдонулат. Төмөнкүлөр болгон учурда кайсыл болбосун жак банктык холдингдик компаниянын байкоо органынын мүчөсү боло албайт жана ээлеген кызматынан четтетилүүгө тийиш:
1) эгерде анын мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган жана/же өтөлүп бүтпөгөн соттуулугу болсо;
2) эгерде ал жоюу ыкмасы менен банкроттук жол-жобого дуушарланган юридикалык жактын жетекчиси болуп саналса;
3) эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын башкаруу органдарынын курамына кирүү же кесиптик иш менен алектенүү укугунан ажыраган болсо;
4) эгерде ал банктык холдингдик компаниянын аткаруу органынын мүчөсү болуп саналса.";
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топ башында турган банктын Директорлор кеңеши (байкоо органы) жана Башкармасы (аткаруучу органы) туунду жана/же караштуу компанияларынын ишин башкаруунун оптималдуу түзүмүн аныктоо максатында банктык топтордун жалпы саясаттарын жана стратегияларын белгилөө жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартышат, бул бүтүндөй банктык топтун ишине эффективдүү жана ырааттуу контролдуктун жүзөгө ашырылышына өбөлгө түзөт.".
35. 49-5-статьяда:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Банктык топтун жетекчилиги алдындагы банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон башкы компания уюштуруу документтерине, уставга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейтилиши, кызмат адамдарынын алмаштырылышы тууралуу, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду жана/же караштуу компаниялардын түзүлүшү жана/же сатылып алынышы жөнүндө Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз банкына билдирип турат.";
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусу өз иши жөнүндө маалыматтарды Кыргыз банкы белгилеген түрдө, тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз банкына ачууга жана берүүгө тийиш.";
- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Банктык холдингдик компания банктын Директорлор кеңешинин (байкоо органын) жана Башкармасынын (аткаруучу органынын) мүчөлөрү, олуттуу катышуучулары, тике же кыйыр түрдө контролдукту жүзөгө ашырган адамдар жөнүндө маалыматтарды, ушул мыйзамдын 44-статьясына ылайык ошол кызмат адамдарынын Кыргыз банкы аныктаган критерийлерге ылайык келүүсүнө тиешелүү маалыматтар менен бирге, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө берүүгө тийиш.".
36. 53-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"53-статья. Эсептерди кылмыштуулук максаттары жана мыйзамдарга каршы келген операцияларды жүргүзүү максаттарында пайдаланууга тыюу салуу
1. Кыргыз Республикасынын жана анын финансы жана банк системасынын аброюн коргоо, банктарды терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга жол бербөө максатында, ошондой эле банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорун таламдарын коргоо үчүн банктык эсептерди кылмыштуулук максаттарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга тыюу салынган. Кыргыз банкы мыйзамдардын жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде бул маселеге тиешелүү ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу.
2. Кардарлар өзүнүн банктык эсептерин кылмыштуулук максаттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келген операцияларды жүргүзүү максаттарында колдонгондугу тууралуу фактылар аныкталса, банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Банк башкармалыгынын төрагасы жана мүчөлөрү банктын ички документтерине ылайык бөлүштүрүлгөн милдеттерден көз карандысыз, ушул Мыйзамдын 25-2-статьясынын талаптары аткарылбагандыгы үчүн бирдей жооп беришет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар
жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" бул мыйзам долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоору) республикадагы банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына өз алдынча же болбосо башка жактар менен биргелешип, акционердик коомдун (кайсы түрдө болбосун) жайгаштырылган, добушка укук чегерген акцияларынын бир же андан ашык пайызына, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын бир же андан ашык пайызына, тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же тескөөгө алууну туюндурган "капиталга чектүү үлүштө катышуу" деген түшүнүк биринчи ирет киргизилүүдө. Бул чара, Улуттук банкка банк акционерлеринин курамында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө эффективдүү көз салууга, банкка жаңы ээлик кылуучулар жөнүндө маалымат алууга жана капиталга чектүү үлүштө катышууну көздөгөн жактын Улуттук банктын алдын-ала уруксатын алуусу жөнүндө талаптарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Банктын капиталына чектүү үлүштө катышууга ээлик кылуучуга карата, өз кезегинде, банкка зарыл болгон маалыматтарды Улуттук банктын талаптарына ылайык сунуштоо жөнүндө талап белгиленет, бул банктын капиталына чектүү үлүштө катышууга ээлик кылуучу жөнүндө зарыл болгон маалыматты Улуттук банкка, анын талабы боюнча банктын ачып берүүсүнө өбөлгө түзөт. Мыйзам долбоорунда кайсы бир жактын Улуттук банктын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз капиталга чектүү үлүштө катышууну, олуттуу катышууну же банкка контролдук кылууну сатып алуусу боюнча бүтүмү жараксыз деп тааныла тургандыгы жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарылууга тийиш экендиги каралган. Мындан тышкары, келечекте банктын капиталына чектүү үлүштө катышууга потенциалдуу ээлик кылуучулар тарабынан капиталга чектүү үлүштө катышууну жана банктын акцияларынын контролдук пакетин сатып алууга уруксат алуу үчүн так эмес маалымат берилгендигинин фактылары аныкталган шартта, Улуттук банктын аларга мурда берген өз уруксатын кайтарып алуу укугу да каралат. Бул чара, капиталга чектүү үлүштө катышууну жана банктын акцияларынын контролдук пакетин сатып алууга алдын-ала уруксат алууда Улуттук банкка так эмес маалымат берген катышуучулардын банк тутумуна аралашуусуна жол бербейт. Өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо жана Кыргыз Республикасынын банктарынын укукка жатпаган аракеттерди пайдалануусуна жол бербөө максатында, бул Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан банктарынын акционерлеринен (катышуучуларынан) болуп, төмөнкүлөр менен кандайдыр бир негизде байланыштуу болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар саналышпайт деген талаптар белгиленет:
1) оффшордук аймактар менен;
2) эл аралык уюмдардын акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттер менен;
3) Кыргыз Республикасы да аларга кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган, сунуш көрсөтмөлөрдү жана/же санкцияларды колдонуу жөнүндө чечимдери (резолюциялары) кабыл алынган мамлекеттер менен, жана көрсөтүлгөн юридикалык жактардын жана жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын банктарынын акцияларын сатып алуусуна байланыштуу бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу. Бул талап, Кыргыз Республикасынын банктарынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоонун эл аралык системасына жана ушу сыяктуу кирешелерди оффшордук аймактарга чыгаруу аркылуу адалдоо боюнча ар кандай схемаларга аралашуусуна жол бербөө максатында киргизилет.
Бул максаттарда банктардын жогорудагы 2) - 3) пункттарда көрсөтүлгөн оффшордук аймактарда жана мамлекеттерде катталышкан жана/же өз ишин жүзөгө ашырышкан жактар менен кызматташуусуна, төмөнкү тыюу салууларды белгилөө аркылуу жол берилбейт:
- банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсүнө жана/же сатып алуусуна, эгерде:
- компания ушул маалымдама-негиздеменин 2) - 3) пункттарында көрсөтүлгөн оффшордук аймактарда жана мамлекеттерде катталган жана/же өз ишин жүзөгө ашырып жаткан болсо;
- компаниянын башка уюштуруучуларынан (катышуучуларынан) болуп, ушул маалымдама-негиздеменин 2) - 3) пункттарында көрсөтүлгөн оффшордук аймактарда жана мамлекеттерде катталган жана/же өз ишин жүзөгө ашырып жаткан жактар саналышса;
- ушул маалымдама-негиздеменин 2) - 3) пункттарында көрсөтүлгөн оффшордук аймактардын жана мамлекеттердин аймактарында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга;
- ушул маалымдама-негиздеменин 2) - 3) пункттарында көрсөтүлгөн оффшордук аймактардан жана мамлекеттерден чет өлкө банктарынын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында ачууга.
Банктарга кандайдыр бир негизде оффшордук аймактар менен байланыштуу болгон, ошондой эле ишеним көрсөтүүлөр боюнча алардын пайдасына аракеттенишкен жактар менен кайсы болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салуулар белгиленет. Жалпы кабыл алынган дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, Мыйзам долбоору уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан банктын уставдык капиталына каражаттардын нак эмес формада гана салынышын талап кылууну карайт жана жогорудагы 2) - 3) пункттарда көрсөтүлгөн оффшордук аймактар жана мамлекеттер менен кандайдыр бир негизде байланыштуу болгон юридикалык жактардын жана жеке адамдардын акча каражаттарынын эсебинен уставдык капиталдын түзүлүүсүнө жана кийинчерээк көбөйүүсүнө, акча которуулар боюнча операциялардын санына жана алар аркылуу уставдык капиталдын түзүлүүсүнүн жана кийинчерээк көбөйүүсүнүн эсебине акча каражаттары келип түшкөн ортомчулардын түрлөрүнө көз карандысыз тыюу салууларды белгилейт. Уюштуруучулардын (акционерлердин) банктын уставдык капиталына нак эмес формада гана каражат салуусу Улуттук банкка банктын уставдык капиталын түзүү, кийинчерээк көбөйүү эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор Директорлор кеңешинин жана Банк Башкармалыгынын банктын бардык иш багыты боюнча жоопкерчилигин күчөтүүгө да тиешелүү. Тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, Директорлор кеңешинин жана Банк Башкармасынын курамына Кыргыз Республикасынын жарандарын да милдеттүү түрдө кошуу талабы белгиленген. Директорлор кеңешине белгилүү бир иш багыттары боюнча көмөктөшүү максатында комитеттерди түзүү укугу берилет. Комитетке Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана алар тарабынан чакырылган банктын акционерлеринен жана уюштуруучуларынан болушпаган көз карандысыз адистер кириши мүмкүн. Банктардын карыз алуучуларынын таламдарын коргоо жана банктардын күрөөгө коюлган мүлк менен ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, банктардын күрөө предметин, эң оболу ачык тоорук аркылуу сатуу жана банктын күрөө предметине ээлик кылуучулар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо менен күрөөлүк мүлктүн ачык тоорукта сатыла тургандыгын коомчулукка маалымдоосу жөнүндө талаптар белгиленет. Мыйзам долбоорун кабыл алуунун социалдык-экономикалык натыйжалары жогоруда келтирилген. Ошону менен бирге эле, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу укук коргоо жагында жана гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, анткени сунушталган мыйзам нормаларын колдонууга киргизүү республиканын банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча маселелерди чечүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын талаптарына ылайык, бул мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган жана Улуттук банкка коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоору, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй алганда жарандык мыйзам актыларына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам актыларынын нормаларына дал келет. Сунушталган мыйзам долбоорунун регулятивдүү таасир этүүсүнө иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге эле бул долбоор боюнча республиканын министрликтери жана ведомстволору, коммерциялык банктары, Кыргызстан банктар союзу ж.б. менен консультациялар өткөрүлгөн. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкөнүн бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жөнүндө" токтом долбоору белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
З.Асанкожоева
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Сунуш кылынып жаткан редакциясы |
|---|---|
| 2-1-статья. Негизги түшүнүктөр Банктын кызмат адамдары - банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана башка мүчөлөрү, Башкармалыктын төрагасы, банктын Башкармасынын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери. Банктын саясатын аныктаган же бул адамдар акысыз негизде иштешеби же сыйакы алышабы ага карабастан, банктын саясатын жүргүзгөн негизги операцияларга катышууга ыйгарым укугу бар же реалдуу катыша алышкан жактарды да "банктын кызмат адамдары" деп түшүнүүгө болот. Бул аныктама банктын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат. Олуттуу катышуу - бул жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: - акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрүнүн) [он] же андан көбүрөөк процентине, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын [он] же андан көбүрөөк процентине тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу; - же юридикалык жактын уставдык капиталына катышканына карабастан, келишимдин же башкача негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү. Банктын инсайдерлери (ички жактар) - Башкарманын мүчөлөрү Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Шарияттык кеңештин мүчөлөрү башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана аталган адамдар менен жалпы кызыкчылыктын негизинде байланышы болгон бардык башка жеке жактар. Контроль - жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: - акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын [элүү же андан көбүрөөк] процентине же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же; - юридикалык жактын Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) жок эле дегенде тең жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же; - юридикалык жактын капиталга катышканына карабастан келишимдин же башкача негизде аталган юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына белгилүү таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Эки жана/же андан көп жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар төмөндөгүдөй шарттардын бири эле болгон учурда таанылат: - бир юридикалык же жеке жак башка жакты контролдоого алса; - аталган жактар аффилирленген юридикалык жактар же инсайдерлер болуп саналса; - бул жактардын бири башка жакка караштуу компания болуп саналса. Караштуу компаниянын олуттуу катышуучусун жана контролду аныктоо максаты үчүн: - бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жак тарабынан контролдукка алынган компаниялардын ээлигинде турган акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары кароого алынат жана ошол жакка таандык болгон акциялардын жалпы саны аныкталган шартта аталган жактын тике ээлигинде турган акциялар менен бириктирилет; - бир жакка же анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ылайык биринчи жана экинчи кезектеги мурасчылар) таандык болгон акциялар ошол жактын түздөн-түз ээлигинде турган катары каралат. Төмөндөгү жактар банктын акцияларына бирдиктүү ээлик кылган жактар катары таанылат: - жакын туугандар болуп саналгандар; - түзүлгөн келишимден улам же башкача түрүндө акцияларга биргелешип ээлик кылгандар; - өз алдынча же биргелешип олуттуу катышуучулар болуп саналгандар; - эгерде алардын бири акцияларды сатып алуу үчүн башка жакка заем (кредит же ага теңештирилген каражат) берсе; - эгерде алардын бири кызмат адамы же башка жактын өкүлү болуп саналса. Ишеним боюнча башкаруу - ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ошол жактан активдерин башкаруучу ошол жак менен жалпы кызыкчылыктарга ээ эмес дегенди түшүндүрөт жана: - ошол жак тарабынан эч кандай негизде контролдукка алынбайт же ошол жактын активдерин башкарууда андан көзкаранды болбойт; - ошол жактын кызматкери же анын иш боюнча өнөктөшү болгон эмес жана болуп да саналбайт; - ошол жактын жакын тууганы болуп саналбайт; - ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимде ошол жактын активдерин же мүлкүн башкарууга алуу учурунда башкаруучу ошол мүлктөрдү башкарууга жана контролдоого ала тургандыгы жана мында ал ошол жак менен эч кандай негизде консультацияларды жүргүзүүгө жана ага билдирип турууга тийиш эмес экендиги көрсөтүлүшү зарыл. | Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "аудитордук фирма" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аудитордук уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-1-статья. Негизги түшүнүктөр Банктын кызмат адамдары - ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, БАШКАРМАЛЫКТЫН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, ШАРИАТ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, БАШКЫ БУХГАЛТЕР, БИРИНЧИ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ КРЕДИТТИК КОМИТЕТТИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, АКТИВДЕРДИ ЖАНА ПАССИВДЕРДИ БАШКАРУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, АКТИВДЕРДИН ЖАНА ПАССИВДЕРДИН, КРЕДИТТИК ИШТИН БАШКАРЫЛЫШЫНА ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДӨРДҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИН АТКАРЫШКАН АДАМДАР. БАНКТЫН САЯСАТЫН АНЫКТАГАН ЖЕ БУЛ АДАМДАР АКЫСЫЗ НЕГИЗДЕ ИШТЕШЕБИ ЖЕ СЫЙАКЫ АЛЫШАБЫ АГА КАРАБАСТАН, БАНКТЫН САЯСАТЫН ЖҮРГҮЗГӨН НЕГИЗГИ ОПЕРАЦИЯЛАРГА КАТЫШУУГА ЫЙГАРЫМ УКУГУ БАР ЖЕ РЕАЛДУУ КАТЫША АЛЫШКАН ЖАКТАРДЫ ДА "БАНКТЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ" ДЕП ТҮШҮНҮҮГӨ БОЛОТ. БУЛ АНЫКТАМА БАНКТЫН БАШКЫ КОМПАНИЯСЫНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ДА ТАРКАТЫЛАТ. Олуттуу катышуу - бул жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: - акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрүнүн) БЕШ же андан көбүрөөк процентине, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын БЕШ же андан көбүрөөк процентине тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу; - ЖЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНА КАТЫШКАНЫНА КАРАБАСТАН, ОШОЛ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ЖАНА/ЖЕ САЯСАТЫНА ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ ОЛУТТУУ ТААСИР ТИЙГИЗҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ. БАНКТЫН ИНСАЙДЕРЛЕРИ (ИЧКИ ЖАКТАР) - ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА МҮЧӨЛӨРҮ, БАШКАРМАНЫН ТӨРАГАСЫ ЖАНА МҮЧӨЛӨРҮ, ШАРИАТТЫК КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА МҮЧӨЛӨРҮ, БАШКА КЫЗМАТ АДАМДАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИН АТКАРГАН АДАМДАР, ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА АТАЛГАН АДАМДАР МЕНЕН ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫН НЕГИЗИНДЕ БАЙЛАНЫШЫ БОЛГОН БАРДЫК БАШКА ЖЕКЕ ЖАКТАР. Контроль - жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте; - акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын ЭЛҮҮДӨН КӨБҮРӨӨК процентине же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же; - юридикалык жактын Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) жок эле дегенде тең жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же; - ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН КАПИТАЛЫНА КАТЫШКАНЫНА КАРАБАСТАН, ОШОЛ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ЖЕ САЯСАТЫНА ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ БЕЛГИЛҮҮ ТААСИР КӨРСӨТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ. Эки жана/же андан көп жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар төмөндөгүдөй шарттардын бири эле болгон учурда таанылат: - бир юридикалык же жеке жак башка ЮРИДИКАЛЫК ЖЕ ЖЕКЕ] жакты контролдоого алса; - аталган жактар аффилирленген юридикалык жактар же УШУЛ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРДЫН ИНСАЙДЕРЛЕРИ болуп саналса; - бул жактардын бири башка жакка караштуу компания болуп саналса. Караштуу компаниянын олуттуу катышуучусун жана контролду аныктоо максаты үчүн: - бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жак тарабынан контролдукка алынган компаниялардын ээлигинде турган акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары кароого алынат жана ошол жакка таандык болгон акциялардын жалпы саны аныкталган шартта аталган жактын тике ээлигинде турган акциялар менен бириктирилет; - бир жакка же анын КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КЕЗЕКТЕГИ МУРАСЧЫЛАРЫ БОЛУП САНАЛГАН ТУУГАНДАРЫНА таандык болгон акциялар ошол жактын түздөн-түз ээлигинде турган катары каралат. Төмөндөгү жактар банктын акцияларына бирдиктүү ээлик кылган жактар катары таанылат: - ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ БОЛУП САНАЛГАНДАР - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК АНЫН БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КЕЗЕКТЕГИ МУРАСЧЫЛАРЫ"; - ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМДЕН УЛАМ ЖЕ БАШКАЧА ТҮРДӨ АКЦИЯЛАРГА БИРГЕЛЕШИП ЭЭЛИК КЫЛГАНДАР; - ӨЗ АЛДЫНЧА ЖЕ БИРГЕЛЕШИП ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАР БОЛУП САНАЛГАНДАР; - БАШКА ЖАКТЫН КЫЗМАТ АДАМЫ ЖЕ ӨКҮЛҮ БОЛУП САНАЛГАНДАР. Ишеним боюнча башкаруу - ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ошол жактан активдерин башкаруучу ошол жак менен жалпы кызыкчылыктарга ээ эмес дегенди түшүндүрөт жана: - ошол жак тарабынан эч кандай негизде контролдукка алынбайт же ошол жактын активдерин башкарууда андан көзкаранды болбойт; - ошол жактын кызматкери же анын иш боюнча өнөктөшү болгон эмес жана болуп да саналбайт; - ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК АНЫН БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КЕЗЕКТЕГИ МУРАСЧЫЛАРЫ болуп саналбайт; - ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимде ошол жактын активдерин же мүлкүн башкарууга алуу учурунда башкаруучу ошол мүлктөрдү башкарууга жана контролдоого ала тургандыгы жана мында ал ошол жак менен эч кандай негизде консультацияларды жүргүзүүгө жана ага билдирип турууга тийиш эмес экендиги көрсөтүлүшү зарыл. БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫНА КЫЙЫР ТҮРДӨ ЭЭЛИК КЫЛУУ ЖЕ БАШКАРУУ - ТӨМӨНКҮЛӨРДҮН ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУЛАРЫНА ТААСИР ЭТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ; - БАНКТЫН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА; - БАНКТЫН ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫНА ЖЕ АКЦИЯЛАРДЫН КОНТРОЛДУК ПАКЕТИНЕ ЭЭЛИК КЫЛУУЧУЛАРГА; - БИРИ-БИРИ МЕНЕН ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТА БАЙЛАНЫШТУУ БОЛГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН/БАНКТАРДЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНА КАТЫШУУДА ҮЛҮШТӨРГӨ/АКЦИЯЛАРГА ЭЭЛИК КЫЛУУ АРКЫЛУУ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН/БАНКТЫК ТОПТУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА. КАПИТАЛГА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУ - ӨЗ АЛДЫНЧА ЖЕ БАШКА ЖАКТАР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ БАНКТЫН (БАРДЫК ТҮРДӨ) - АКЦИОНЕРДИК КООМДУН ЖАЙГАШТЫРЫЛГАН ДОБУШ БЕРҮҮЧҮ АКЦИЯЛАРЫНЫН БИР ЖЕ АНДАН КӨП ПРОЦЕНТИНЕ ЭЭЛИК КЫЛУУ ЖЕ БАШКАРУУ.". "АТАЙЫН РЕЖИМ - МЫЙЗАМДАРДА ЖАНА КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН МАКСАТТАРДЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН БАНККА КИРГИЗИЛГЕН РЕЖИМ. АТАЙЫН РЕЖИМГЕ УБАКТЫЛУУ ЖЕТЕКЧИЛИК, КОНСЕРВАЦИЯ ЧАРАСЫ ЖАНА КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АТАЙЫН РЕЖИМГЕ ТААНДЫК БОЛГОН БАШКА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ КИРЕТ. АНЫКТАЛГАН АТАЙЫН РЕЖИМДИ КИРГИЗҮҮНҮН МАКСАТЫ ЖАНА НЕГИЗДЕРИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. ШЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАР (БҮТҮМ) - "ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК ШЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН (БҮТҮМДӨР) БЕЛГИЛЕРИН КАМТЫГАН ОПЕРАЦИЯ (БҮТҮМ)". |
| 6-статья. Кыргыз Республикасындагы банктардын көз карандысыздыгы 4. Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын кызмат адамдары: 1) мамлекеттик банктарды эске албаганда, банктардын же банктык холдинг-компаниялардын башкаруу органдарына катыша алышпайт; 2) банкта же банктык холдинг-компанияларда добуш берүү укугуна ээ болуу менен он проценттен ашык акцияларга ээ боло алышпайт жана/же контролдой алышпайт. Банктын же банктык холдингдик компаниялардын акцияларынын он же андан көбүрөөк процентине ээлик кылган адамдар алар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары болуп дайындалышканда өз акцияларын мамлекеттик кызматта турган мезгил ичинде ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш. | 6-статья. Кыргыз Республикасындагы банктардын көз карандысыздыгы 4. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИКТИН ЖАНА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ: 1) ДОБУШ БЕРҮҮЧҮ АКЦИЯЛАРДЫН ЭЛҮҮ ПАЙЫЗЫНАН КӨБҮРӨӨГҮ МАМЛЕКЕТКЕ ТИЕШЕЛҮҮ БОЛГОН МАМЛЕКЕТТИК БАНКТАРДЫ ЭСКЕ АЛБАГАНДА, БАНКТАРДЫН ЖЕ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАРДЫН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА КАТЫША АЛЫШПАЙТ; 2) БАНКТА ЖЕ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАРДА ДОБУШ БЕРҮҮ УКУГУНА ЭЭ БОЛУУ МЕНЕН АКЦИЯЛАРДЫН БИР ЖАНА АНДАН КӨП ПРОЦЕНТИНЕ ЭЭЛИК КЫЛА АЛЫШПАЙТ ЖАНА/ЖЕ КОНТРОЛДОЙ АЛЫШПАЙТ. БАНКТЫН ЖЕ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАРДЫН АКЦИЯЛАРЫНЫН БИР ЖЕ АНДАН КӨБҮРӨӨК ПРОЦЕНТИНЕ ЭЭЛИК КЫЛГАН АДАМДАР АЛАР МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛГАНДА ӨЗ АКЦИЯЛАРЫН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА ТУРГАН МЕЗГИЛ ИЧИНДЕ ИШЕНИМ БОЮНЧА БАШКАРУУГА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ."; КЫЙЫР ТҮРДӨ ОЛУТТУУ КАТЫШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЭЭ БОЛГОН ЖЕ БАНККА КОНТРОЛДУКТУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН АДАМДАР АЛАР МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛГАНДА, ТӨМӨНКҮЛӨРДҮН ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУЛАРЫНА ТААСИР ЭТҮҮГӨ ТИЙИШ ЭМЕС: - БАНКТЫН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА; - БАНКТЫН ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖЕ АКЦИЯЛАРДЫН КОНТРОЛДУК ПАКЕТИНЕ ЭЭ БОЛГОН ЖАКТАРГА; - БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН/БАНКТЫК ТОПТУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА. |
| 7-статья. Банктар бирликтери жана ассоциациялары 1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыктарды коргоо жана ага таламдаш болуу, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн чет өлкө банктарынын киришине да уруксат берилүүчү бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мына ушундай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз банкынын лицензиясын талап кылбайт. 2. Банктар ушул Мыйзамдын негизинде ишин жүзөгө ашыруучу банктык холдинг-компанияларды уюштурууга укуктуу. Бул уюмдар Кыргыз банкында катталууга жана ал тарабынан жөнгө салынууга тийиш. Банктык топко кирген компанияларды башкаруу максатында гана түзүлүүчү банктык холдингдик компаниялар (башкаруу компаниялары) акционердик коом формасында түзүлүүгө тийиш. 2-1. Союздар, ассоциациялар жана банктардын башка бирикмелери мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде өздөрүнүн түзүлгөндүгү тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. 3. Банктарга банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө жана проценттик ставкаларды жана далдалчылык акы өлчөмдөрүн белгилөө маселелеринде банк иштеринин рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле банктын кардарларына зыян келтирүүчү шарттарды камтыган келишимге жетишүү үчүн өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин (анын ичинде холдинг-компанияларды) пайдаланууга тыюу салынат. | 7-статья. Банктар бирликтери жана ассоциациялары 1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыктарды коргоо жана ага таламдаш болуу, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн чет өлкө банктарынын киришине да уруксат берилүүчү бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мына ушундай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз банкынын лицензиясын талап кылбайт. [2. Банктар ушул Мыйзамдын негизинде ишин жүзөгө ашыруучу банктык холдинг-компанияларды уюштурууга укуктуу. Бул уюмдар Кыргыз банкында катталууга жана ал тарабынан жөнгө салынууга тийиш. Банктык топко кирген компанияларды башкаруу максатында гана түзүлүүчү банктык холдингдик компаниялар (башкаруу компаниялары) акционердик коом формасында түзүлүүгө тийиш.] 2-1. Союздар, ассоциациялар жана банктардын башка бирикмелери мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде өздөрүнүн түзүлгөндүгү тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. 3. Банктарга банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө жана проценттик ставкаларды жана далдалчылык акы өлчөмдөрүн белгилөө маселелеринде банк иштеринин рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле банктын кардарларына зыян келтирүүчү шарттарды камтыган келишимге жетишүү үчүн өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин [(анын ичинде холдинг-компанияларды)] пайдаланууга тыюу салынат. |
| 8-статья. Банк, анын уюмдаштыруучулары жана акционерлери 1. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болгон юридикалык жактар жана жеке адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банктын уюштуруучулары жана акционерлери болушу мүмкүн. Оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же катышуучу катары оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактарга ээ болгон юридикалык жактар, же болбосо оффшордук аймактарда жашаган жеке жактар же оффшордук аймактарда каттоодон өткөн тизмеси Кыргыз банкы тарабынан аныкталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналышкандар мамлекеттин резидент банктарынын акционерлери (катышуучулары) боло алышпайт. Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тартипке ылайык аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өтүшкөн же жашап жатышкан юридикалык жактардын же жеке жактардын банктын акцияларын сатып алууларына байланыштуу түзүлгөн бүтүмдөрү жараксыз болуп саналат жана арзыбаган иш катары таанылат. Банктын уюмдаштыруучулары (катышуучулар, акционерлер), ошондой эле алар менен аффилирленген жактар Кыргыз банкынын талабы боюнча ага уюмдаштыруу документтерин, анын уюмдаштыруучуларын (акционерлерин, катышуучуларын) аныктоочу финансылык жана башка отчетту, ошондой эле алардын финансылык абалы жана жүргүзүлүп жаткан операциялары тууралу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. 2. Банк акционердик коом түрүндө гана (ачык же жабык) түзүлөт жана иш алып барат. 3. Банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишти алып барышпаган юридикалык жактар жеке же башка жактар менен бирдикте төмөнкүдөй иштерди жүзөгө ашыра алышпайт: - банктын добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрү) жыйырма проценттен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга; - же, банктын уставдык капиталына катышканына карабастан, келишимдин же башкача негизде ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүүгө. Финансылык иштин жана банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштин түрлөрү жана критерийлери Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. | 8-статья. Банк, анын уюмдаштыруучулары жана акционерлери 1. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эмес - юридикалык жактар жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банктын уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат. ТӨМӨНКҮЛӨР МАМЛЕКЕТТИН РЕЗИДЕНТ БАНКТАРЫНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУЛАРЫ) БОЛО АЛЫШПАЙТ: 1) ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ЖЕ КАТЫШУУЧУ КАТАРЫ ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ЖАКТАРГА ЖЕ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРГА ЭЭ БОЛГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, ЖЕ БОЛБОСО ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА ЖАШАГАН ЖЕ ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУЛАРЫ) БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖЕКЕ ЖАКТАР; 2) ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДЫН РЕЗИДЕНТТЕРИ БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖАНА ОШОЛ АЙМАКТАРДА ЖАШАГАН ЖЕ ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА КАТТАЛГАН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУЛАРЫ) БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖЕКЕ ЖАКТАР; 3) АКЧАНЫ АДАЛДАШТЫРУУГА ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КОЛДОНУУГА КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН СУНУШТАРЫН КОЛДОНБОГОН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО, КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУГА КАТЫШПАГАН МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЖЕ КАТЫШУУЧУ КАТАРЫ ЖАКТАРГА ЖАНА/ЖЕ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРГА ЭЭ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖЕ БОЛБОСО МЫНА УШУНДАЙ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТАЛГАН ЖЕ ТИЗМЕСИ ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ЖАГЫНДА ИШ АЛЫП БАРГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН УШУНДАЙ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТАЛГАН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУЛАРЫНАН) БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖЕКЕ ЖАКТАР; 4) АКЧАНЫ АДАЛДАШТЫРУУГА ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КОЛДОНУУГА КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН СУНУШТАРЫН КОЛДОНБОГОН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО, КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУГА КАТЫШПАГАН МАМЛЕКЕТТЕРДИН РЕЗИДЕНТТЕРИ БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖАНА/ЖЕ АЛАРДЫН АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН ЖЕ ТИЗМЕСИ ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ЖАГЫНДА ИШ АЛЫП БАРГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН УШУЛ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЛАРЫ) БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖЕКЕ ЖАКТАР; 5) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КОШУЛГАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН АЛАРГА КАРАТА ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖЕКЕ ЖАКТАРЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРЫ МЕНЕН ЖЕ ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МҮЧӨСҮ БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН МЫНДАЙ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРИНЕН (КАТЫШУУЧУСУ) БОЛУП САНАЛГАНДАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ТЫЮУ САЛУУНУ ЖАНА/ЖЕ ЧЕКТӨӨНҮ КАРАГАН СУНУШТАРДЫ ЖАНА/ЖЕ САНКЦИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМИ (РЕЗОЛЮЦИЯ) КАБЫЛ АЛЫНГАН МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН КАТЫШУУЧУ КАТАРЫ ЖАКТАРЫ ЖАНА/ЖЕ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ БАР ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР. ТЫШКЫ ИШТЕР ЧӨЙРӨСҮНДӨ ИШ АЛЫП БАРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК САНКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРИП ТУРАТ; 6) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КОШУЛГАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН АЛАРГА КАРАТА ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖЕКЕ ЖАКТАРЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРЫ МЕНЕН ЖЕ ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МҮЧӨСҮ БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН МЫНДАЙ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУСУ) БОЛУП САНАЛГАНДАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ТЫЮУ САЛУУНУ ЖАНА/ЖЕ ЧЕКТӨӨНҮ КАРАГАН СУНУШТАРДЫ ЖАНА/ЖЕ САНКЦИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМИ (РЕЗОЛЮЦИЯ) КАБЫЛ АЛЫНГАН МАМЛЕКЕТТЕРДИН РЕЗИДЕНТТЕРИ БОЛУП САНАЛГАН ЖАНА/ЖЕ АЛАРДЫН АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН ЖЕКЕ ЖАКТАР. ТЫШКЫ ИШТЕР ЧӨЙРӨСҮНДӨ ИШ АЛЫП БАРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК САНКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРИП ТУРАТ. ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖЕ ЖЕКЕ ЖАКТАР ТАРАБЫНАН УШУЛ ПУНКТТУН 1-6-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНКТАРЫНЫН АКЦИЯЛАРЫНЫН САТЫЛЫП АЛЫНЫШЫНА БАЙЛАНЫШТУУ БҮТҮМДӨР ЖАРАКСЫЗ БОЛУП САНАЛАТ. МЫНДАЙ БҮТҮМДӨР БОЮНЧА КЫРГЫЗ БАНКЫ НЕГИЗСИЗ БҮТҮМДҮН ЖАРАКСЫЗДЫГЫНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫН КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ СОТТОРГО КАЙРЫЛУУГА УКУКТУУ. БАНК АКЦИЯЛАРДЫН БИР ЖЕ АНДАН КӨП ПАЙЫЗЫНА ЭЭЛИК КЫЛГАН АКЦИОНЕРДИН ЮРИДИКАЛЫК ИШИН (ДЕЛОСУН) ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МИЛДЕТТҮҮ. БАНКТА САКТАЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. БАНКТЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ (КАТЫШУУЧУЛАРЫ, АКЦИОНЕРЛЕРИ), ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАР МЕНЕН АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАР КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА УЮШТУРУУ ДОКУМЕНТТЕРИН, ФИНАНСЫЛЫК ЖАНА БАШКА ОТЧЕТТОРУН, УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН (АКЦИОНЕРЛЕРИНИН, КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН) КИМ ЭКЕНДИГИН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТТЕРДИ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАРДЫН ФИНАНСЫЛЫК АБАЛЫ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. 2. Банк акционердик коом түрүндө гана (ачык же жабык) түзүлөт жана иш алып барат. 3. БАНКТЫК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗБӨГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАК БАНК ИШИНЕ ОЛУТТУУ КАТЫША АЛБАЙТ ЖЕ КОНТРОЛДУКТУ ЖҮРГҮЗБӨЙТ. Банктык жана/же финансылык ишке байланышкан финансылык ишкердиктин жана ишкердиктин түрлөрү жана критерийлери Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.". |
| 9-статья. Банктын уюштуруу документтери 4. Банктын аталышы, башкаруу органдарына, анын ишин башкарууга жана контролдук кылууга таасир берүүчү банктын катышуучуларынын курамындагы өзгөрүүлөргө, банкты кайра түзүүгө байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор, банктын жайгашкан жеринин өзгөрүүлөрү алдын ала Кыргыз банкы менен макулдашылууга тийиш. Ушул маселелер боюнча уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү маселеси Кыргыз банкы тарабынан бир айдын ичинде каралат. | 9-статья. Банктын уюштуруу документтери 4. Банктын аталышы, башкаруу органдарына, [анын ишин башкарууга жана контролдук кылууга таасир берүүчү банктын катышуучуларынын курамындагы өзгөрүүлөргө,] банкты кайра түзүүгө байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор, банктын жайгашкан жеринин өзгөрүүлөрү алдын ала Кыргыз банкы менен макулдашылууга тийиш. Ушул маселелер боюнча уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү маселеси Кыргыз банкы тарабынан бир айдын ичинде каралат. |
| 11-статья. Банк капиталы 3. Банктын уставдык капиталы уюмдаштыруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө гана түзүлөт жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленгенден аз эмес өлчөмдө төлөнүүгө тийиш. Уставдык капиталды түзүү үчүн негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт. Банктардын уставдык капиталын түзүүгө карата талаптар Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. Банк өздүк акцияларын сатып алууга жана күрөөгө кабыл алууга укуктуу эмес. | 11-статья. Банк капиталы 3. БАНКТЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫ УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН (АКЦИОНЕРЛЕРДИН) АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН ЭСЕБИНЕН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ВАЛЮТАСЫНДА ГАНА ТҮЗҮЛӨТ ЖАНА КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ӨЛЧӨМДӨН КЕМ ЭМЕС ӨЛЧӨМДӨ ТӨЛӨНҮҮГӨ ТИЙИШ, УСТАВДЫК КАПИТАЛДЫ ТҮЗҮҮ ҮЧҮН НЕГИЗГИ КАРАЖАТТАРДЫ ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК ЭМЕС АКТИВДЕРДИ ПАЙДАЛАНУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. БАНКТЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1-6-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЖАКТАРДЫН АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН ЭСЕБИНЕН ТҮЗҮЛӨ АЛБАЙТ ЖАНА КИЙИНЧЕРЭЭК КӨБӨЙТҮЛҮҮГӨ ТИЙИШ ЭМЕС. БАНКТАРДЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫ БОЮНЧА ТАЛАПТАР КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. 3-1. БАНК ӨЗ АКЦИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУГА ЖАНА КҮРӨӨГӨ КАБЫЛ АЛУУГА УКУГУ ЖОК. |
| 14-статья. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 1-1. Уюмдаштыруучулар - юридикалык жактар ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш: - өзүнүн бардык акционерлери жана контролду реалдуу жүзөгө ашырышкан контролдоочу жактары жөнүндөгү маалыматты; - өзүнүн бардык акционерлерине жана контролдоочу жактарына тиешелүү болгон, ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды; | 14-статья. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 1-1. Уюмдаштыруучулар - юридикалык жактар ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш: - өзүнүн бардык акционерлери, ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫНА жана контролду реалдуу жүзөгө ашырышкан контролдоочу жактары жөнүндөгү маалыматты; - өзүнүн бардык акционерлерине, ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫНА жана контролдоочу жактарга тиешелүү болгон ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды; |
| 17-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 1. Ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди кароого алгандан кийин Кыргыз банкы банкка лицензия берүү жөнүндө алдынала уруксат бериши мүмкүн. Төмөнкүдөй себептердин бири эле болгондо Кыргыз банкы алдынала уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу же башка документтер ушул Мыйзамда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коюлган талаптарга жооп бербегенде; 2) документтерди ушул Мыйзамда белгиленген толук көлөмдө бербегенде. Көрсөтүлгөн тоскоолдуктар арыз берүүчү тарабынан четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат; 3) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4) ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктундагы 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын Кыргыз банкы тарабынан белгилеген талаптарга ылайык келбөөсү; 5) банктын эң төмөнкү уставдык капиталынын өлчөмүнүн структурасынын, аны түзүү булактарынын ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде; 6) минималдуу уставдык капиталдын Кыргыз банкы тарабынан белгилеген мөөнөттө төлөнбөй калуусу; 7) арыз берүүчү тарабынан лицензия алууга анык эмес маалыматтарды камтыган документтер берилгенде; 8) лицензия үчүн төлөм төлөнбөгөндө; 9) арыз берүүчүгө карата иштин ушул түрүн аткарууга ага тыюу салган соттун чечими болгондо; 10) Кыргыз банкына банк кирген банктык топ жөнүндө толук маалыматтар берилбей калганда; 11) акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайлары жана булактары тууралу толук маалыматтар Кыргыз банкына берилбей калган учурларда, атап айтканда: - берилген маалыматтардан акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайын жана булактарын аныктоого мүмкүн болбосо; - берилген маалыматка ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келбесе; 12) акционерлер ушул Мыйзамдын 44-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде; 13) мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча Кыргыз банкы арыз берүүчүгө банк иштерин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн. | 17-статья. КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫН БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ ЖАНА КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮГӨ АЛДЫН-АЛА БЕРИЛГЕН УРУКСАТЫН ЖОККО ЧЫГАРУУ ҮЧҮН НЕГИЗДЕР 1. Ушул мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди карап чыккандан кийин, Кыргыз банкы банкка лицензия берүүгө алдын ала уруксат бериши мүмкүн."; 1-1. ТӨМӨНКҮ СЕБЕПТЕРДИН БИРИ ЭЛЕ БОЛГОНДО КЫРГЫЗ БАНКЫ АРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ АЛДЫН АЛА УРУКСАТ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТЫШЫ МҮМКҮН: 1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруучу документтердин же башка документтердин ушул Мыйзамда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коюлуучу талаптарга ылайык келбегенде; 2) документтерди ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө толук берилгенде. Ушул кемчиликтер арыз берүүчү тарабынан четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат; 3) ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктунун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбегенде; 4) банктын минималдуу уставдык капиталынын өлчөмүнүн, түзүмүнүн, түзүү булагынын ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде; 5) минималдуу уставдык капиталдын Кыргызстан банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөсө; 6) арыз берүүчү тарабынан лицензия алуу үчүн так эмес маалыматтарды камтыган документтер сунушталса: 7) ЛИЦЕНЗИЯ ҮЧҮН ТӨЛӨМ ТӨЛӨНБӨСӨ; 8) АРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ КАРАТА АНЫН ИШКЕРДИКТИН ОШОЛ ТҮРҮ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮГӨ АГА ТЫЮУ САЛГАН СОТТУН КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЧЕЧИМИ БОЛСО; 9) БАНК КИРГЕН БАНКТЫК ТОП ТУУРАЛУУ ТОЛУК МААЛЫМАТ КЫРГЫЗ БАНКЫНА БЕРИЛБЕСЕ; 10) акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайлары жана анын булактары жөнүндө толук маалымат Кыргыз банкына берилбесе, атап айтканда, эгерде: - берилген маалыматтардан акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайларын жана булактарын аныктоого мүмкүн болбосо; - берилген маалыматтарга ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келбесе; 11) АКЦИОНЕРЛЕР УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 44-СТАТЬЯСЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРБЕСЕ. |
| 18-статья. Банктын туунду жана караштуу компанияларына талаптар 1. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкүдөй шарттар орун алган учурда Кыргыз банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат: 1) туунду компаниянын менчиктик структурасы жана башкаруусу, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе; 2) банкта туунду компаниялардын ишинен улам келип чыккан тобокелдикти контролдоо процедуралары жана банктын жана туунду компаниялардын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган процедуралар иштелип чыкса; 3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык стабилдүүлүгү үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келбесе; 4) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса. Туунду компанияны түзүү же иштеп жаткан компанияны сатып алууга ниетин билдирген банк тарабынан берилүүгө тийиш маалыматтар жана банктын өтүнүчүн кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик актыларында аныкталат. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти ушул Мыйзамда аныкталган негиздерде жана тартипте жүзөгө ашыра алат. 3. Банк Кыргыз банкынын макулдугу менен караштуу компанияларды сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Ага макулдук алуу үчүн берилген маалыматтар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат жана эч болбоду дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - караштуу компаниялардын аталышын; - компаниянын ишинин түрүн; - компаниянын ээлик кылуу структурасын (олуттуу катышуучуларын жана контролдоочу жактарын кошо алганда) жана банктык инвестициялардын суммасын. Банкка караштуу компаниялар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашыра алышат. | 18-статья. Банктын туунду жана караштуу компанияларына талаптар 1. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкүдөй шарттар орун алган учурда Кыргыз банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат: 1) туунду компаниянын менчиктик структурасы жана башкаруусу, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе; 2) банкта туунду компаниялардын ишинен улам келип чыккан тобокелдикти контролдоо процедуралары жана банктын жана туунду компаниялардын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган процедуралар иштелип чыкса; 3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык стабилдүүлүгү үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келбесе; 4) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса. Туунду компанияны түзүү же иштеп жаткан компанияны сатып алууга ниетин билдирген банк тарабынан берилүүгө тийиш маалыматтар жана банктын өтүнүчүн кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик актыларында аныкталат. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти ушул Мыйзамда аныкталган негиздерде жана тартипте ГАНА жүзөгө ашыра алат. 3. Банк Кыргыз банкынын макулдугу менен караштуу компанияларды сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Ага макулдук алуу үчүн берилген маалыматтар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат жана эч болбоду дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - караштуу компаниялардын аталышын; - компаниянын ишинин түрүн; - компаниянын ээлик кылуу структурасын (олуттуу катышуучуларын жана контролдоочу жактарын кошо алганда) жана банктык инвестициялардын суммасын. Банкка караштуу компаниялар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишти ГАНА жүзөгө ашыра алышат. 4. БАНК ТУУНДУ ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДЫ ТҮЗҮҮГӨ ЖАНА/ЖЕ САТЫП АЛУУГА УКУГУ ЖОК, ЭГЕРДЕ: 1) КОМПАНИЯ ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА ЖЕ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1-6-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТАЛСА ЖАНА/ЖЕ ИШИН ЖҮЗӨГӨ АШЫРСА; 2) КОМПАНИЯНЫН БАШКА УЮШТУРУУЧУЛАРЫ БОЛУП УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1-6-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЖАКТАР САНАЛСА. |
| 19-статья. Банктын филиалын түзүү 2. Банк банктарды ачуунун Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартибине ылайык, ал тууралу Кыргыз банкына билдиргенден кийин, өз филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында ачууга мүмкүндүк алат. Банктын чет өлкөлөрдөгү филиалдарын ачуу Кыргыз банкынын уруксатынын негизинде ишке ашырылат. 3. Банк филиалын ачуу жөнүндө билдирбесе же ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен билдирсе. Кыргыз банкы банк мыйзамдарында каралган санкцияларды колдонууга укуктуу. 4. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык абалы бекем жана ишкерлик аброю бийик чет өлкө банктарынын филиалдарын ачууга жол берилет. Резидент эмес-банк Кыргыз Республикасынын аймагында ачылып жаткан өз филиалына Кыргыз банкы белгилеген экономикалык нормативдерди аткаруу үчүн негиз болуп саналган капитал бөлүштүрүп берүүгө тийиш жана Кыргыз банкы тарабынан жактырылган финансы мекемесине Кыргыз банкы белгиленген эрежелерге ылайык түрдө жана өлчөмдө карыздарды аркалабаган депозитти жайгаштырат. 5. Филиалын ачууга уруксат алыш үчүн резидент эмес-банк төмөндөгүдөй документтерди: 1) белгиленген формадагы филиалды түзүү тууралу арызын; 2) арыз берген банктын тийиштүү аткаруучу органынын Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачуу тууралу чечимин; 3) арыз берген банктын уюштуруу документтерин; 4) арыз берген банктын акыркы финансы жылы үчүн аудитордук фирма тарабынан күбөлөндүрүлгөн жылдык отчетун (консолидацияланган балансты жана киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен); 5) банк, анын структурасы жана анын ээлери жөнүндөгү жалпы маалыматтарды; | 19-статья. Банктын филиалын түзүү 2. Банк банктарды ачуунун Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартибине ылайык, ал тууралу Кыргыз банкына ӨТҮНҮЧ МЕНЕН КАЙРЫЛГАНДАН кийин, өз филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында ачууга мүмкүндүк алат. Банктын чет өлкөлөрдөгү филиалдарын ачуу Кыргыз банкынын уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Банктын оффшордук аймактарда же ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн мамлекеттерде филиал ачууга укугу жок. [3. Банк филиалын ачуу жөнүндө билдирбесе же ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен билдирсе, Кыргыз банкы банк мыйзамдарында каралган санкцияларды колдонууга укуктуу.] 4. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык абалы бекем жана ишкерлик аброю бийик чет өлкө банктарынын филиалдарын ачууга жол берилет. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1, 3, 5-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА ТУУРА КЕЛГЕН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК БАНКТАРДЫН ФИЛИАЛДАРЫН АЧУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ."; Резидент эмес-банк Кыргыз Республикасынын аймагында ачылып жаткан өз филиалына Кыргыз банкы белгилеген экономикалык нормативдерди аткаруу үчүн негиз болуп саналган капитал бөлүштүрүп берүүгө тийиш жана Кыргыз банкы тарабынан жактырылган финансы мекемесине Кыргыз банкы белгиленген эрежелерге ылайык түрдө жана өлчөмдө карыздарды аркалабаган депозитти жайгаштырат. 5. Филиалын ачууга уруксат алыш үчүн резидент эмес-банк төмөндөгүдөй документтерди: 1) белгиленген формадагы филиалды түзүү тууралу арызын; 2) арыз берген банктын тийиштүү аткаруучу органынын Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачуу тууралу чечимин; 3) арыз берген банктын уюштуруу документтерин; 4) арыз берген банктын акыркы финансы жылы үчүн аудитордук фирма тарабынан күбөлөндүрүлгөн жылдык отчетун (консолидацияланган балансты жана киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен); 5) банк, анын структурасы, ЭЭЛЕРИ, ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖАНА КОНТРОЛДООЧУ АДАМДАР жөнүндөгү жалпы маалыматтарды; |
| 20-статья. Банктын өкүлчүлүктөрүн ачуу 2. Республиканын аймагында жана анын чегинен тышкарыда банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкына алдын ала билдирүүдөн кийин жана төмөндөгүдөй документтер: 1) банктын тиешелүү органынын өкүлчүлүктү ачуу тууралу чечими; 2) өкүлчүлүк жөнүндөгү жобо берилгенде ачылат. 3. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкынын уруксаты менен ачылат. Өкүлчүлүк ачууга ниеттенип жаткан чет өлкөлүк банк, өз өкүлчүлүгүн ачуудан эки ай мурда бул тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. Өкүлчүлүк ачууга уруксатты алуу үчүн резидент эмес-банк төмөндөгүдөй документтерди: 1) өкүлчүлүк ачуу тууралу белгиленген түрдөгү арыз; 2) резидент эмес-банктын уюштуруу документтерин; 3) өкүлчүлүк жүзөгө ашырчу иштин тизмеси камтылган өкүлчүлүк жөнүндөгү жобону; 4) тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын арыз берген банктын банк ишин жүргүзүүгө лицензиясы бардыгы жөнүндөгү кат жүзүндөгү ырастоосун; 5) арыз берген банктын жетекчилеринин кол тамгалары түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы; 6) арыз берген банктын тиешелүү органынын Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүк ачуу тууралу чечимин; 7) аудитордук фирма тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы финансы жылы үчүн арыз берген банктын жылдык отчетун (консолидацияланган балансты, киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен); 8) өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш. | 20-статья. Банктын өкүлчүлүктөрүн ачуу 2. Республиканын аймагында жана анын чегинен тышкарыда банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкына алдын ала билдирүүдөн кийин жана төмөндөгүдөй документтер: 1) банктын тиешелүү органынын өкүлчүлүктү ачуу тууралу чечими; 2) өкүлчүлүк жөнүндөгү жобо берилгенде ачылат. БАНК УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1-6-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА ЖЕ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧУУГА УКУГУ ЖОК. 3. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкынын уруксаты менен ачылат. Өкүлчүлүк ачууга ниеттенип жаткан чет өлкөлүк банк, өз өкүлчүлүгүн ачуудан эки ай мурда бул тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. Өкүлчүлүк ачууга уруксатты алуу үчүн резидент эмес-банк төмөндөгүдөй документтерди: 1) өкүлчүлүк ачуу тууралу белгиленген түрдөгү арыз; 2) резидент эмес-банктын уюштуруу документтерин; 3) өкүлчүлүк жүзөгө ашырчу иштин тизмеси камтылган өкүлчүлүк жөнүндөгү жобону; 4) тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын арыз берген банктын банк ишин жүргүзүүгө лицензиясы бардыгы жөнүндөгү кат жүзүндөгү ырастоосун; 5) арыз берген банктын жетекчилеринин кол тамгалары түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы; 6) арыз берген банктын тиешелүү органынын Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүк ачуу тууралу чечимин; 7) аудитордук [уюм] тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы финансы жылы үчүн арыз берген банктын жылдык отчетун (консолидацияланган балансты, киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен); 8) өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1, 3, 5-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АНЫКТАМАСЫНА ТУУРА КЕЛГЕН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК БАНКТАРДЫН ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮН АЧУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. |
| 24-статья. Банктын Директорлор кеңеши 1. Банктын ишкердик активдүүлүгү банктын Директорлор кеңешинин түздөн-түз багыт берүүсү менен жүзөгө ашырылат. Банктын Директорлор кеңеши банкты башкарууга байкоо жүргүзөт, бардык акционерлердин өкүлү катары чыгат жана акционерлердин жылына өткөрүлүп туруучу жалпы чогулушунда алардын алдында отчет берип турат. Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү; 1) банктын бардык бизнес-стратегияларын, бизнес-пландарын жана маанилүү саясаттарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аларды мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу үчүн; 2) банк дуушар болушу мүмкүн болгон негизги тобокелдиктерди жана ошол тобокелдиктер үчүн алгылыктуу деңгээлдерди аныктоо үчүн; 3) Банк башкармасынын тобокелдиктерди иликтөө, өлчөө, мониторингдөө жана контролдоо үчүн көрүлгөн иш-аракеттерине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн; 4) ички контролдун адекваттуу жана натыйжалуу тутумун түзүү жана сактоо үчүн, ошондой эле ички контроль тутумунун натыйжалуулугуна Банк башкармасы тарабынан мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн; 5) Банк башкармасы менен бирдикте ички контролдукка өзгөчө маани берген жана персоналдардын бардык деңгээлдерине жайылтылуучу жогорку этикалык жана акыйкат стандарттарды калыптандыруу, колдоо үчүн жана уюмдун ичинде маданиятты белгилөө үчүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банк тарабынан жүргүзүлгөн саясат үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 2. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда бир жылдык мөөнөткө шайланышат. Банктын уставы эле адам кайталанып шайланган мөөнөттөргө чек коюуга жана белгилүү бир жашка чыккандыгына байланыштуу банктын Директорлор кеңешинин курамынан чыгууга тийиш болгондой талап киргизиши мүмкүн. 3. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин, анын ичинде, уюштуруучулардын арасынан, ошондой эле экономикалык, финансылык, монетардык же юридикалык маселелер боюнча абройлуулугу белгилүү жана кесиптик тажрыйбасы бар адис-эксперттерден да шайланышы мүмкүн. Кыргыз банкынын Банктын башкармасынын мүчөлөрү үчүн белгилеген талаптарына ылайык банктын Директорлор кеңешинин минимум бир мүчөсү чакырылган адис-эксперт (акционер эмес же уюмдаштыруучу) болушу керек. 4. Банктын Директорлор кеңеши беш жана андан көп мүчөлөрдөн турууга тийиш. Бир же эки акционери болгон банктын, беш мүчөдөн кем эместен турган Директорлор кеңеши болууга тийиш, анын жетишпеген саны банктын акционерлери тарабынан бир жылдан кем эмес мөөнөткө контракттык негизде жалданат. Банктын Директорлор кеңешин банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү шайлаган банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жетектейт. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы банк Башкармасынын Төрагасы боло албайт. Банк Башкармалыгынын Төрагасы Директорлор кеңешинин заседаниесине кеңеш берүү укугу менен катышууга тийиш. 5. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына: 1) банктын стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын түзүү; 2) банк ишинин бардык түрлөрү боюнча ички саясатты аныктоо жана кабыл алуу; 3) банк Башкармасынын Төрагасынын көрсөтүүсү боюнча банк Башкармасынын мүчөлөрүн бекитүү же аларды четтетүү; 4) ички аудиторду жана ички аудиторго эмгек акы төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн аныктоону бекитүү; 5) банк Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн аныктоо; 6) банктын уюштуруу структурасын бекитүү; 7) (КР 2003-жылдын 26-мартындагы № 63 Законунун редакциясына ылайык алынып салынган); 8) банктын аткаруу органдарынын жана банктын кызмат адамдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү; 9) банктардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же жоюу жөнүндөгү чечим кабыл алуу; 10) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча натыйжаларды кароо жана чаралар көрүү маселелери боюнча чечимдер кабыл алуу таандык болот. Банктын Директорлор кеңешинин гана кызмат укуктарына таандык маселелер алар тарабынан банктын аткаруу органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес. 6. Банктын Директорлор кеңешинин заседаниелери айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат. Банктын Директорлор кеңеши заседаниелерди өткөрүүсүз эле чечим кабыл алуу зарыл болгон маселе боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн бардыгынан кол чогултуу менен чечим кабыл ала алышат. Мындай жол менен кабыл алынган чечим банктын Директорлор кеңешинин биринчи эле кезектеги заседаниесинде ырасталууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү добуш берүүдө Кеңештин кароосуна коюлган маселелер боюнча бир гана добушка ээ болот. Бардык чечимдер кворум болгондо банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда банктын Директорлор Кеңешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Банктын Директорлор кеңешинин заседаниелеринин протоколун жана стенографиялык отчетун Кеңештин катчысы жүргүзөт. Чогулуштун протоколуна төрагалык кылган адам жана чогулуштун катчысы кол коюуга тийиш. 8-2. Банк ишине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болууга жана жеке өзүнүн же банктын айрым катышуучуларынын (уюмдаштыруучуларынын, акционерлеринин) жана кызмат адамдарынын таламдары эмес, банктын кызыкчылыгын жетекчиликке алуулары тийиш. Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү көзкарандысыз болууга тийиш. Көзкарандысыз дегендик, бул: 1) акыркы үч жыл ичинде банктын кызматкери же банк Башкармалыгынын мүчөсү болуп саналбаган же болбогон жана/же жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын жакын тууганы болуп эсептелбеген жак; 2) банктын олуттуу катышуучусунун жакын тууганы болуп саналбаган жак; 10. Ушул статьянын 7, 8-1 жана 8-2-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн четтетүү Кыргыз банкынын же Банк башкармасынын демилгеси боюнча банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз банкынын банкка жазуу жүзүндөгү билдирүүсү берилгенден кийинки кырк күндүн ичинде банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан мындай чечим кабыл алынбаса, Кыргыз банкы банктын лицензиясын кайтарып алууга же анын иш-аракетин токтото турууга укуктуу. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн четтетүү жөнүндө чечим жалпы чогулушта катышып жаткан акционерлердин ачык добуш берүүдөгү көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. | 24-статья. Банктын Директорлор кеңеши 1. Банктын ишкердик активдүүлүгү анын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган багыттар боюнча түздөн-түз жүзөгө ашырылат. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин башкарылышына байкоо жүргүзүп, бардык акционерлердин атынан иш алып барып, акционерлердин жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынында алардын алдында отчет берет. Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү: 1) БАНКТЫН БАРДЫК БИЗНЕС-СТРАТЕГИЯЛАРЫНЫН, БИЗНЕС-ПЛАНДАРЫНЫН ЖАНА САЯСАТТАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА, БАНКТЫ ТҮЗҮҮ МАКСАТТАРЫНА, АНЫН ИШ ЧӨЙРӨСҮНӨ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК АБАЛЫНА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛҮШҮ, БЕКИТИЛИШИ, КАЙРАДАН КАРАЛЫП ЧЫГЫШЫ ЖАНА ЖАҢЫРТЫЛЫП ТУРУШУНА; 2) банк дуушар болгон негизги тобокелдиктердин аныкталышына, негизги тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлинин белгиленишине, банк ишинин натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктердин белгиленген деңгээлдеринин адекваттуулугуна мезгил-мезгили менен баа берилишине; 3) белгиленген тобокелдиктердин деңгээлдеринин сакталышын аныктоо, өлчөө, мониторингдөө жана алардын контролдоо үчүн көрүлгөн Банк башкармасынын иш-аракеттерине карата көзөмөлдүк чараларын жүзөгө ашырууга; 4) Банк башкармалыгынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү аркылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу адекваттуу жана таасирдүү ички контролдук системаны түзүүгө жана сактоого: - ТЕРРОРИЗМДИ (ЭКСТРЕМИЗМДИ) КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ АДАЛДАШТЫРУУГА (ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ШЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН БЕЛГИЛЕРИН КАМТЫГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ БАНКТЫН ТАРТЫЛЫШЫНА БӨГӨТ КОЮУ ЖАГЫНДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТЫН ИЧКИ АУДИТ КЫЗМАТЫ МЕНЕН ИЧКИ КОНТРОЛДУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО, ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ КЫЗМАТ АДАМДАРЫН ДАЙЫНДООНУ ЖАНА БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ТИЕШЕЛҮҮ ОКУТУУДАН ӨТКӨРҮҮ КОМПОНЕНТТЕРИН КОШО АЛГАНДА БАНКТЫН ИШИНИН АДЕКВАТТУУЛУГУН ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН; - БАНКТЫН ЖАНА АНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АЛГЫЛЫКСЫЗ ЖАНА КООПТУУ БАНКТЫК ТАЖРЫЙБАГА КИРИШИНЕ МҮМКҮН БОЛГОН АРАКЕТТЕРДИ (АРАКЕТТЕНБЕЙ КОЮУЛАРДЫ) ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ТАРТЫЛЫШЫНА БӨГӨТ КОЮУНУ; - БАНК ТАРАБЫНАН УЛУТТУК БАНККА ЖАНА БАШКА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРГА МААЛЫМАТТАРДЫН, БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН, ФИНАНСЫЛЫК-РЕГУЛЯТИВДИК Ж.Б. ОТЧЕТТОРДУН ТАК ЖАНА ӨЗ УЧУРУНДА БЕРИЛИШИН; - БАНК ТАРАБЫНАН ТЫШКЫ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАРДЫН ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТОРДУН ТАК ЖАНА ӨЗ УЧУРУНДА БЕРИЛИШИН; - БАНКТЫН АКТИВДЕРИНИН САКТАЛЫШЫ ЖАНА КООПСУЗДУГУ, ФИНАНСЫЛЫК АЛДАМЧЫЛЫКТАРГА, КӨЗ БОЕМОЧУЛУКТАРГА ЖАНА КЫЗМАТТЫК ИШИНЕН КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУГА БӨГӨТ КОЮЛУШУН; 5) ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ШАРТТАРЫНДА БАНКТЫН АКТИВДЕРИНИН САКТАЛЫШЫН ЖАНА АЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН МҮМКҮН БОЛУШУНЧА КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА КЕЛИП ЧЫККАН ЖАГДАЙГА ЖАРАША БАНК ИШИНИН АДЕКВАТТУУ УЮШТУРУЛУШУНА МҮМКҮНДҮК БЕРГЕН ЧАРАЛАРДЫН СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУГА; 6) БАНК БАШКАРМАЛЫГЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ БАНКТА ТААСИРДҮҮ КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУНУ ТҮЗҮҮ ЖАНА КОЛДООГО АЛУУ, БАНК ИШИНИН БАРДЫК ДЕҢГЭЭЛИНДЕ ЖАНА БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА ИЧКИ КОНТРОЛДУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮН ЖАНА МААНИЛҮҮЛҮГҮН КАРАГАН БАНКТЫН ИЧКИ КОРПОРАТИВДИК МАДАНИЯТЫНЫН ЭТИКАЛЫК ЖАНА АКЫЙКАТТУУ СТАНДАРТТАРЫН ТҮЗҮҮГӨ ЖАНА КОЛДООГО АЛУУГА. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, банкта жүргүзүлүп жаткан саясат жана банктын Директорлор кенеши тарабынан түзүлгөн комитеттердин иштерине контролдун жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү алардын аткарылышы Директорлор кеңешине жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат."; 2. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда бир жылдык мөөнөткө шайланышат. Банктын уставы бир эле адам кайталанып шайланган мөөнөттөргө чек коюуга жана белгилүү бир жашка чыккандыгына байланыштуу банктын Директорлор кеңешинин курамынан чыгууга тийиш болгондой талап киргизиши мүмкүн. 3. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин, анын ичинде, уюштуруучулардын арасынан, ошондой эле экономикалык, финансылык, монетардык же юридикалык маселелер боюнча абройлуулугу белгилүү жана кесиптик тажрыйбасы бар адис-эксперттерден да шайланышы мүмкүн. Кыргыз банкынын Банктын башкармасынын мүчөлөрү үчүн белги- ленген талаптарына ылайык банктын Директорлор кеңешинин минимум бир мүчөсү чакырылган адис-эксперт (акционер эмес же уюмдаштыруучу) болушу керек. 4. Банктын Директорлор кеңеши беш жана андан көп мүчөлөрдөн турууга тийиш. Бир же эки акционери болгон банктын, беш мүчөдөн кем эместен турган Директорлор кеңеши болууга тийиш, анын жетишпеген саны банктын акционерлери тарабынан бир жылдан кем эмес мөөнөткө контракттык негизде жалданат. Банктын Директорлор кеңешин банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү шайлаган банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жетектейт. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы банк Башкармасынын Төрагасы боло албайт. Банк Башкармалыгынын Төрагасы Директорлор кеңешинин заседаниесине кеңеш берүү укугу менен катышууга тийиш. БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН КУРАМЫНЫН ЭКИДЕН БИРИНЕН КӨБҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНАН ТУРУУГА ТИЙИШ. ЭГЕРДЕ, БАНКТЫН ТӨЛӨНГӨН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНЫН ЭЛҮҮ ПАЙЫЗЫНАН КӨБҮРӨӨГҮ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН ЖАНА/ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕЗИДЕНТИ БОЛУП САНАЛБАГАН БАШКЫ БАНКТЫН ҮЛҮШҮНӨ ТУУРА КЕЛСЕ, АНДА: - БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН КУРАМЫНЫН ЭКИДЕН БИРИНЕН КӨБҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНАН ТУРУУГА ТИЙИШ, ЖЕ: - ЭГЕРДЕ, БАШКЫ БАНК "STA№DARD & POOR'S" ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГДИК АГЕНТТИКТИН ЖЕ БАШКА УШУНДАЙ ЭЛЕ РЕЙТИНГДИК АГЕНТТИКТЕРДИН РЕЙТИНГ ШКАЛАСЫНА ЫЛАЙЫК "А" ДЕҢГЭЭЛИНЕН ТӨМӨН БОЛБОГОН ЭЛ АРАЛЫК УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ КРЕДИТТИК РЕЙТИНГГЕ ЭЭ БОЛГОН БОЛСО, БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН КУРАМЫНЫН ҮЧТӨН БИРИНЕН КӨБҮРӨӨГҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНАН ТУРУУГА ТИЙИШ ЖАНА БАШКЫ БАНККА, БАНКТЫК ТОПТОРГО ЖЕ КУРАМЫНА БАНК КИРГЕН БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАРГА КАРАТА ОЭСРГА КАТЫШУУЧУ ӨЛКӨЛӨРДҮН КӨЗӨМӨЛ ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН КОНСОЛИДАЦИЯЛАНГАН НЕГИЗДЕ КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ. 5. Төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укугуна кирет: 1) банктын стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясаттарын түзүү, ошондой эле алардын Банк башкармасы тарабынан ишке ашырылышына контрол жүргүзүү; 2) банк ишинин бардык түрү боюнча ички саясаттарды аныктоо, кабыл алуу, аларга мониторинг жүргүзүү жана жаңылоо; 3) Банк башкармалыгынын төрагасын бекитүү же кызматтан четтетүү, ошондой эле Башкармалыктын төрагасынын сунушу боюнча анын мүчөлөрүн бекитүү же кызматтан четтетүү; 4) ТЕРРОРИЗМДИ (ЭКСТРЕМИЗМДИ) КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДАШТЫРУУГА) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ, БАНКТЫН ШЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН БЕЛГИЛЕРИ КАМТЫЛГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТАРТЫЛЫШЫНА БӨГӨТ КОЮУ МАКСАТЫНДА ИЧКИ АУДИТТИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН, ТОБОКЕЛДИКТЕРГЕ КОНТРОЛДУ УЮШТУРГАН БАШКЫ АДИСТЕРДИН (БАНКТА ТИЕШЕЛҮҮ ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДӨР ЖОК БОЛГОН УЧУРДА) ЖЕ БӨЛҮМДӨРДҮН (КЫЗМАТТАРДЫН) ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ЭМГЕК АКЫСЫН ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫН ЖАНА ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО ЖАНА БЕКИТҮҮ; 5) банктын төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн эмгек акысын төлөө шарттарын жана өлчөмүн аныктоо; 6) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү; 7) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чараларды көрүү; 8) банктардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; 9) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарын кароо жана алар боюнча чараларды көрүү; 10) АКЦИОНЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫНА КОНТРОЛЬ ЖҮРГҮЗҮҮ. Банктын Директорлор кеңешинин гана кызмат укуктарына таандык маселелер алар тарабынан банктын аткаруу органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес. 6. Банктын Директорлор кеңешинин заседаниелери айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат. Банктын Директорлор кеңеши заседаниелерди өткөрүүсүз эле чечим кабыл алуу зарыл болгон маселе боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн бардыгынан кол чогултуу менен чечим кабыл ала алышат. Мындай жол менен кабыл алынган чечим банктын Директорлор кеңешинин биринчи эле кезектеги заседаниесинде ырасталууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү добуш берүүдө Кеңештин кароосуна коюлган маселелер боюнча бир гана добушка ээ болот. Бардык чечимдер кворум болгондо банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда банктын Директорлор Кеңешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Банктын Директорлор кеңешинин заседаниелеринин протоколун жана стенографиялык отчетун Кеңештин катчысы жүргүзөт. БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ОТУРУМУНУН ПРОТОКОЛУНА ЖАНА СТЕНОГРАФИЯЛЫК ОТЧЕТУНА ТӨРАГАЛЫК КЫЛГАН АДАМ, ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ОТУРУМУНА КАТЫШКАН МҮЧӨЛӨРҮ ЖАНА КЕҢЕШТИН КАТЧЫСЫ КОЛ КОЮУГА ТИЙИШ. 8-2. Банк ишине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болууга жана жеке өзүнүн же банктын айрым катышуучуларынын (уюмдаштыруучуларынын, акционерлеринин) жана кызмат адамдарынын таламдары эмес, банктын кызыкчылыгын жетекчиликке алуулары тийиш. Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү көзкарандысыз болууга тийиш. Көзкарандысыз дегендик, бул: 1) акыркы үч жыл ичинде банктын кызматкери же банк Башкармалыгынын мүчөсү болуп саналбаган же болбогон жана/же жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын ТУУГАНЫ (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК АНЫН БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КЕЗЕКТЕГИ МУРАСЧЫСЫ) болуп эсептелбеген жак; 2) банктын олуттуу катышуучусунун ТУУГАНЫ (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК АНЫН БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КЕЗЕКТЕГИ МУРАСЧЫСЫ) болуп саналбаган жак; 10. Ушул статьянын 7, 8-1 жана 8-2-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн четтетүү Кыргыз банкынын же Банк башкармасынын демилгеси боюнча банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз банкынын банкка жазуу жүзүндөгү билдирүүсү берилгенден кийинки кырк күндүн ичинде банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан мындай чечим кабыл алынбаса, Кыргыз банкы банктын ЛИЦЕНЗИЯСЫН КАЙТАРЫП АЛУУГА укуктуу. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн четтетүү жөнүндө чечим жалпы чогулушта катышып жаткан акционерлердин ачык добуш берүүдөгү көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. |
| 25-статья. Банк Башкармасы 1. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат. Банк Башкармасынын кызмат укуктарына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана банктын Директорлор кеңешинин иш милдеттерине кирбеген бардык маселелер кирет. Банк Башкармасынын мүчөлөрү кызматка адегенде уюштуруу келишиминде дайындалат, андан кийин банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү боло алышпайт. Банктын акционер болуп саналгандары сыяктуу эле саналбаган кызматкерлери да Башкарманын мүчөлөрү боло алышат. Банк башкармасы төмөндөгүлөргө жоопкерчиликтүү: 1) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген бизнес-пландардын (стратегиялардын) жана саясаттардын аткарылышы үчүн; 2) банктар дуушар болуучу тобокелдиктерди таап, иликтөөчү, өлчөөчү, мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу банктык процесстерди өнүктүрүү жана өз убагында киргизүү үчүн; 3) банктын органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана өз ара мамилелерин ачык аныктоочу банкты башкаруунун адекваттуу тутумун камсыз кылуу үчүн; 4) ички контролдуктун адекваттуу саясатын, ошондой эле ички контролдук тутумунун адекваттуулук жана натыйжалуулук мониторингин сатып өткөрүүгө. 2. Банктык, финансылык, экономикалык же юридикалык маселелер боюнча кесиптик тажрыйбасы бар адистер банк Башкармасынын мүчөлөрү боло алышат. Банк Башкармасынын кызмат укуктары жана анын аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби банк уставы тарабынан белгиленет. 3. Банк Башкармасынын курамы үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш. Банк Башкармасынын мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушу аныктаган мөөнөткө шайланат. Банк бир акционер тарабынан уюшулса, ошол акционер аткаруу органынын - банк Башкармасынын төрагасы боло албайт. Банк Башкармасын банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган жана банктын, анын кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын ишин башкарууга жоопкерчиликтүү болгон банк Башкармасынын Төрагасы жетектейт. Башкарманын мүчөлөрү банк Башкармасынын Төрагасынын көрсөтүүсү боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат. 4. Банк Башкармасынын заседаниеси банк регламентине ылайык зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Башкарманын заседаниесинин протоколун жана стенографиялык отчетун банк Башкармасынын катчысы жүргүзөт. Чогулуштун протоколуна жана заседаниесин стенографиялык отчетуна төрагалык кылган адам жана катчы кол коюшат. | 25-статья. Банк Башкармасы 1. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат. Банк Башкармасынын кызмат укуктарына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана банктын Директорлор кеңешинин иш милдеттерине кирбеген бардык маселелер кирет. Банк Башкармасынын мүчөлөрү кызматка адегенде уюштуруу келишиминде дайындалат, андан кийин банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү боло алышпайт. Банктын акционер болуп саналгандары сыяктуу эле саналбаган кызматкерлери да Башкарманын мүчөлөрү боло алышат. БАНК БАШКАРМАСЫ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ: 1) БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛГЕН БИЗНЕС-ПЛАНДАРДЫН (СТРАТЕГИЯЛАРДЫН) ЖАНА САЯСАТТАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ ҮЧҮН; 2) БАНК ДУУШАР БОЛУШУ МҮМКҮН БОЛГОН ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ АНЫКТАП, ӨЛЧӨП, МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮП, КОНТРОЛДУ КАМСЫЗ КЫЛГАН ПРОЦЕССТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ, ӨЗ УЧУРУНДА ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ БЕКИТКЕН АЛАРДЫН АЛГЫЛЫКТУУ ДЕҢГЭЭЛДЕ САКТАЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫН КӨРҮЛҮШҮ ҮЧҮН; 3) БАНКТЫН ОРГАНДАРЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДӨРҮНҮН, КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИН, ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ЖАНА ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИН АЧЫК АНЫКТАГАН БАШКАРУУНУН АДЕКВАТТУУ СИСТЕМАСЫНЫН КАМСЫЗ КЫЛЫНЫШЫ ҮЧҮН; 4) ИЧКИ КОНТРОЛДУН АДЕКВАТТУУ ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУ СИСТЕМАСЫНЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИЧКИ КОНТРОЛДУН СИСТЕМАСЫНЫН АДЕКВАТТУУЛУГУНА ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА МОНИТОРИНГДИН ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮ ҮЧҮН; 5) БАНКТА ТААСИРДҮҮ КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУНУН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ ЖАНА КОЛДООГО АЛЫНЫШЫ, БАНК ИШИНИН БАРДЫК БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА ИЧКИ КОНТРОЛДУН БАРДЫГЫНА ӨЗГӨЧӨ МААНИ БЕРГЕН БАНКТЫН ИЧКИ КОРПОРАТИВДИК МАДАНИЯТЫНЫН ЭТИКАЛЫК ЖАНА АКЫЙКАТ СТАНДАРТТАРДЫН КОЛДООГО АЛЫНЫШЫ ЖАНА ТАК САКТАЛЫШЫ ҮЧҮН; 6) ТЕРРОРИЗМДИ (ЭКСТРЕМИЗМДИ) КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (ИЗИН ЖАШЫРУУГА) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ, БАНКТЫН ШЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН БЕЛГИЛЕРИ КАМТЫЛГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТАРТЫЛЫШЫНА БӨГӨТ КОЮУ СИСТЕМАСЫНА НАТЫЙЖАЛУУ ИЧКИ КОНТРОЛДУН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫ ҮЧҮН; 7) ЭГЕРДЕ, АЛАРДЫН ТЕРРОРИСТТИК ЖЕ ЭКСТРЕМИСТТИК ИШТЕРГЕ (ТЕРРОРИЗМДИ ЖЕ ЭКСТРЕМИЗМДИ КАРЖЫЛООГО) КАТЫШТЫГЫ БАР ЭКЕНДИГИ ТУУРАЛУУ ТАКТАЛГАН МААЛЫМАТТАР БАР БОЛСО, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН "ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДОО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ" МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫН САКТОО МАКСАТЫНДА, БУЛ БАГЫТТА ИШ АЛЫП БАРГАН КЫЗМАТ АДАМЫНЫН МААЛЫМАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ, ӨЗ УЧУРУНДА ЖАНА АДЕКВАТТУУ ЧАРАЛАРДЫН КӨРҮЛҮШҮ ҮЧҮН; 8) БАНКТЫН АЛГЫЛЫКСЫЗ ЖАНА КООПТУУ ТАЖРЫЙБАГА КИРГЕН ИШТЕРИНИН, АРАКЕТТЕРИНИН (АРАКЕТТЕНБЕГЕНДИГИ) ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫНА БӨГӨТ КОЮУ; 9) БАНК ТАРАБЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК УЛУТТУК БАНККА Ж.Б. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРГА МААЛЫМАТТАРДЫН, БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН, ФИНАНСЫЛЫК, РЕГУЛЯТИВДИК Ж.Б. ОТЧЕТТОРДУН ТАК ЖАНА ӨЗ УЧУРУНДА БЕРИЛИШИ ҮЧҮН; 10) БАНК ТАРАБЫНАН ТЫШКЫ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА ТАКТАЛГАН МААЛЫМАТТАРДЫН ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТОРДУН ӨЗ УБАГЫНДА БЕРИЛИШИ ҮЧҮН; 11) БИЗНЕС-ПЛАНДЫН (СТРАТЕГИЯЛАРЫНЫН) ЖАНА САЯСАТТАРДЫН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТЫК ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛГЕН ТОБОКЕЛДИКТЕРДИН АЛГЫЛЫКТУУ ДЕҢГЭЭЛДЕРИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАРДЫН БАНКТЫН ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ӨЗ УБАГЫНДА ТААНЫШТЫРЫЛЫШЫ ҮЧҮН; 12) БАНКТЫК ИШ ЖӨНҮНДӨ ТАК ЖАНА ТОЛУК МААЛЫМАТТАРДЫН БЕРИЛИШИН КАМСЫЗ КЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАРДЫН БАНКТА КОЛДОНУУГА КИРГИЗИЛИШИ, ПАЙДАЛАНЫШЫ ЖАНА БАНКТЫН МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫНЫН КООПСУЗДУГУНУН КАМСЫЗ КЫЛЫНЫШЫ ҮЧҮН; 13) ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ШАРТТАРЫНДА БАНКТЫН АКТИВДЕРИНИН САКТАЛЫШЫН ЖАНА АЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН МАКСИМАЛДУУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫН КАБЫЛ АЛЫНЫШЫНА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНК ИШИНИН БОЛГОН ЖАГДАЙГА АДЕКВАТТУУ УЮШТУРУЛУШУНА. БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ БАНКТЫН САЯСАТТАРЫНЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ ЖАНА БАНКТЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДӨРҮНҮН, АНЫН ИЧИНДЕ ОБОЧОЛОНГОН БӨЛҮМДӨРҮНҮН ОПЕРАЦИЯЛЫК ИШИНЕ КОНТРОЛДУН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК ТАРТЫШАТ. БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, АТКАРЫЛЫШЫ БАНК БАШКАРМАСЫНА ЖҮКТӨЛГӨН МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА АРАКЕТТЕНБЕГЕНДИГИ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК ТАРТЫШАТ. 2. Банктык, финансылык, экономикалык же юридикалык маселелер боюнча кесиптик тажрыйбасы бар адистер банк Башкармасынын мүчөлөрү боло алышат. Банк Башкармасынын кызмат укуктары жана анын аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби банк уставы тарабынан белгиленет. 3. Банк Башкармасынын курамы үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш. БАНК БАШКАРМАСЫНЫН КУРАМЫНЫН ЭКИДЕН БИРИНЕН КӨБҮРӨӨГҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНАН ТУРУУГА ТИЙИШ. Банк Башкармасынын мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушу аныктаган мөөнөткө шайланат. Банк бир акционер тарабынан уюшулса, ошол акционер аткаруу органынын - банк Башкармасынын төрагасы боло албайт. Банк Башкармасын банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган жана банктын, анын кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын ишин башкарууга жоопкерчиликтүү болгон банк Башкармасынын төрагасы жетектейт. Башкарманын мүчөлөрү банк Башкармасынын төрагасынын көрсөтүүсү боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат. 4. Банк Башкармасынын заседаниеси банк регламентине ылайык зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Башкарманын заседаниесинин протоколун жана стенографиялык отчетун банк Башкармасынын катчысы жүргүзөт. БАШКАРМАЛЫКТЫН ОТУРУМУНУН ПРОТОКОЛУНА ЖАНА СТЕНОГРАФИЯЛЫК ОТЧЕТУНА ТӨРАГАЛЫК КЫЛГАН АДАМ, БАНК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОТУРУМУНА КАТЫШКАН МҮЧӨЛӨРҮ ЖАНА АНЫН КАТЧЫСЫ КОЛ КОЮУГА ТИЙИШ. |
| 25-2-статья. Ички контролдук тутум 3. Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттенмелерди бөлүштүрүү тутумуна ээ болууга тийиш. Кызыкчылыктар боюнча потенциалдуу карама-каршылыктардын чөйрөсү аныкталууга, минимумга жеткирилүүгө жана көз карандысыз көз салынууга тийиш. 5. Банк банктын ишинин бардык маанилүү чөйрөсүн жана операцияларын камтуучу ишенимдүү маалыматтык тутумдарга ээ болууга тийиш. Бул тутумдар электрондук формадагы маалыматтарды камтуу менен ишенимдүү жана тиешелүү инструменттер жана технологиялар менен корголууга тийиш. Алардын ишенимдүүлүгүн мониторингдөө тышкы жана ички аудиторлор тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк ички контролдун натыйжалуулугун мониторингдөө боюнча тутумга ээ болууга тийиш. Негизги тобокелдиктерди мониторингдөө банктын күндөлүк ишинин бөлүгү болууга тийиш. 6. Банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө багытталган ички контроль тутумуна ээ болууга тийиш. | 25-2-статья. Ички контролдук тутум 3. Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттенмелерди бөлүштүрүү тутумуна ээ болууга тийиш. Кызыкчылыктар боюнча потенциалдуу карама-каршылыктардын чөйрөсү аныкталууга, минимумга жеткирилүүгө жана көз карандысыз көз салынууга тийиш. ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ БОЛУП САНАЛГАН АДАМДАР (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК, БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖАНА ҮЧҮНЧҮ КЕЗЕКТЕГИ МУРАСКОРЛОРУ) БАНКТЫН ТӨРАГАСЫ ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮ, ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДӨРҮ, АНЫН ИЧИНДЕ ОБОЧОЛОНГОН БӨЛҮМДӨРДҮН ЖЕТЕКЧИСИ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БИРИ ЭКИНЧИСИНИН КАРАМАГЫНДА ТУРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БОЛО АЛБАЙТ. 5. БАНК БАНК ИШИНИН БАРДЫК ОЛУТТУУ ИШ ЧӨЙРӨСҮН ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛАРЫН КАМТУУЧУ ИШЕНИМДҮҮ МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАРГА ЭЭ БОЛУУГА ТИЙИШ. БУЛ СИСТЕМАЛАР ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАДАГЫ МААЛЫМАТТАРДЫ КОШО АЛГАНДА, ТИЕШЕЛҮҮ ИНСТРУМЕНТТЕР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН КОРГОЛУУГА ТИЙИШ. БАНК КАРА НИЕТТЕРДИН АРАКЕТТЕРИНЕН АВАРИЯЛЫК КЫРСЫКТАРДАН ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫК ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРДАН БОЛУУЧУ ЖОГОТУУЛАРДЫ МИНИМАЛДАШТЫРУУГА ӨБӨЛГӨ ТҮЗГӨН, МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАНЫН (АКТИВДЕРДИН) КООПСУЗДУГУН, БАНК ИШИНИН АДЕКВАТТУУ ДЕҢГЭЭЛИН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТИЙИШ. АЛАРДЫН ИШЕНИМДҮҮЛҮГҮН МОНИТОРИНГДӨӨ БАНКТЫН ИЧКИ АУДИТОРЛОРУ ТАРАБЫНАН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ. 6. Банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар жана [терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан] шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө багытталган ички контроль тутумуна ээ болууга тийиш. |
| 26-статья. Банкты аудитордук текшерүү 1. Банкта компетенциясына, банкты уюштуруунун ички контролунун системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна баа берүү жана текшерүү, ошондой эле, бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык банктын аткаруучу кызмат адамдарынын аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун сапаты, мыйзамдардын сакталышы жана эсепке алуунун адекваттуулугу жана банктык стандартка ылайык башка маселелер кирген ички аудит жүзөгө ашырылууга тийиш. Ички аудитор Директорлор кеңешине отчет берип турат, аудитти жүргүзүү тартиби жана ага коюлуучу талаптар Директорлор кеңеши тарабынан жана мыйзамдардын талаптарына ылайык банктын уставы менен аныкталат. | 26-статья. Банкты аудитордук текшерүү 1. Банкта компетенциясына, БАНК ИШИНИН БАРДЫК БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА, АНЫН ИЧИНДЕ МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫНА/АППАРАТТЫК-ПРОГРАММА- ЛЫК КОМПЛЕКСТЕРГЕ (IT-АУДИТ) АУДИТ БОЮНЧА банкты уюштуруунун ички контролунун системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна баа берүү жана текшерүү, ошондой эле, бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык банктын аткаруучу кызмат адамдарынын аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун сапаты, мыйзамдардын сакталышы жана эсепке алуунун адекваттуулугу жана банктык стандартка ылайык башка маселелер кирген ички аудит жүзөгө ашырылууга тийиш. Ички аудитор Директорлор кеңешине отчет берип турат, аудитти жүргүзүү тартиби жана ага коюлуучу талаптар Директорлор кеңеши тарабынан жана мыйзамдардын талаптарына ылайык банктын уставы менен аныкталат. ИЧКИ АУДИТОРДУН ОТЧЕТУ АНЫКТАЛГАН КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЧЕТТЕТҮҮ БОЮНЧА ЧАРА КӨРҮҮ ҮЧҮН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНЕ ЖАНА БАНК ИШИНДЕ АНЫКТАЛГАН БАШКА КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЧЕТТЕТҮҮ ЖАНА АГА ЖОЛ БЕРБӨӨ БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУСУ ҮЧҮН БАНК БАШКАРМАСЫНА БЕРИЛЕТ. |
| 26-1-СТАТЬЯ. БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН КОМИТЕТТЕРИ 1. БАНКТА БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ ТАРАБЫНАН БИР ЖЫЛДЫК МӨӨНӨТКӨ ДАЙЫНДАЛУУЧУ КАДРЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТ ЖАНА СЫЙАКЫЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТ ТҮЗҮЛҮШҮ МҮМКҮН. КОМИТЕТТЕРДИН КУРАМЫНА ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ЖАНА ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ ТАРАБЫНАН ЧАКЫРЫЛГАН БАНКТЫН АКЦИОНЕРИ БОЛУП САНАЛБАГАН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АДИСТЕР КИРИШИ МҮМКҮН. КАДРЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТ ЖАНА СЫЙАКЫЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТ ТИЕШЕЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР ЖАНА ИШ БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНЕ КӨМӨКТӨШҮҮ МАКСАТЫНДА ТҮЗҮЛӨТ ЖАНА КОМИТЕТТИН ОТУРУМДАРЫ ЧЕЙРЕК ИЧИНДЕ КЕМИНДЕ БИР ЖОЛУ ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ ЖЕ ТИЕШЕЛҮҮ КОМИТЕТТИН ЭКИ МҮЧӨСҮ ТАРАБЫНАН ЧАКЫРЫЛАТ. 2. КАДРЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТТИН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ БОЛУП ТӨМӨНКҮЛӨР САНАЛАТ: 1) БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫН ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮН, БАНКТЫН БАШКЫ БУХГАЛТЕРИН, ИЧКИ АУДИТТИ, ТОБОКЕЛДИКТЕРГЕ КОНТРОЛДУКТУ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ (ЭКСТРЕМИЗМДИ) КАРЖЫЛООГО, КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (ИЗИН ЖАШЫРУУГА) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ, БАНКТЫН ШЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН БЕЛГИЛЕРИН КАМТЫГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТАРТЫЛЫШЫНА БӨГӨТ КОЮУ МАКСАТЫНДА, КОНТРОЛДУКТУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН БӨЛҮМДӨРДҮН НАЧАЛЬНИКТЕРИН ЖЕ БАШКЫ АДИСТЕРИН (БАНКТА ТИЕШЕЛҮҮ ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДҮН ЖОКТУГУ УЧУРУНДА), ОШОНДОЙ ЭЛЕ ФИЛИАЛДАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ДАЙЫНДОО, АЛМАШТЫРУУ ЖАНА АНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНЕ СУНУШТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ; 2) БАНКТЫ БАШКАРУУГА КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРДИ ТАРТУУГА КӨМӨК КӨРСӨТҮҮ. 3. СЫЙАКЫЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТТИН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ БОЛУП ТӨМӨНКҮЛӨР САНАЛАТ: 1) БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СЫЙАКЫ ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ӨЛЧӨМДӨРҮН АНЫКТОО ПРИНЦИПТЕРИН ЖАНА КРИТЕРИЙЛЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУ; 2) БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СЫЙАКЫ ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ӨЛЧӨМДӨРҮН БЕЛГИЛӨӨ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНЕ СУНУШТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ; 3) БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНА ЖАНА АНЫН МҮЧӨЛӨРҮНӨ, СЫЙАКЫЛАРДЫН ТӨЛӨНҮП БЕРИЛИШИНЕ КОНТРОЛДУ КАМСЫЗ КЫЛУУ; 4) БАНКТЫН СЫЙАКЫЛАРДЫ БЕЛГИЛӨӨ САЯСАТЫНДА ЧАГЫЛДЫРЫЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН БАНКТЫН СТРАТЕГИЯЛАРЫНА ЖАНА ИШ НАТЫЙЖАЛАРЫНА СЫЙАКЫЛАРДЫН ЫЛАЙЫКТЫГЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ. | |
| 28-статья. Банктын акциялары 2. Акциялардын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт. Банктын уставында банктын кызматкерлеринин банктык акцияларын сатып алуусуна чек коюулар каралышы мүмкүн. Эгерде акцияларды сатып алуу, өткөрүп берүү, ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөр он жана андан көп пайыздан ашса, каттоочу акцияны сатып алуучу жактан Кыргыз банкынын уруксатын талап кылууга милдеттүү. | 28-статья. Банктын акциялары 2. Акциялардын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт. Банктын уставында банктын кызматкерлеринин банктык акцияларын сатып алуусуна чек коюулар каралышы мүмкүн. Эгерде акцияларды сатып алуу, өткөрүп берүү, ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөр БИР жана андан көп пайыздан ашса, каттоочу акцияны сатып алуучу жактан Кыргыз банкынын уруксатын талап кылууга милдеттүү. |
| 29-статья. Банктын акционерлеринин реестри 1. Банк же республиканын мыйзамдарына ылайык мына ушул ишти жүргүзүүгө укуктуу адистештирилген юридикалык жак (мындан ары - каттоочу) тарабынан банктын акционерлеринин реестри жүргүзүлөт, анда жыйынтыгында бир акционерге тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын эсептөөнү, ошондой эле, жаңы акционерлердин катталышын көрсөткөн баалуу кагаздардын санынын өзгөрүшүнө алып келчү бүтүмдөр жөнүндөгү жазуулар камтылат. 3. Акционерлердин реестрине ар бир энчилүү акциялар жөнүндөгү маалыматтар, акцияны алган күндүн датасы, ошондой эле, реквизиттерин көрсөтүү менен ар бир акционерлердин мына ушундай акцияларынын саны (акционерлер-юридикалык жактар үчүн жайгашкан жери жана катталуу номери, жеке адамдар-акционерлер үчүн алардын ким экендигин далилдеген документтер жана жашаган жеринин дареги), ошондой эле мыйзамдарга ылайык жана башка маалыматтар катталат. Банктын акционерлеринин реестринде баалуу кагаздар жөнүндөгү республикалык мыйзамдарда каралган башка маалыматтар да камтылышы мүмкүн. 4. Банк кошумча эмиссия учурларында акционерлердин санына же өз баалуу кагаздарын фондулук биржада жайгаштыргандыгына карабай, ошондой эле, мыйзамдарга белгиленген жана башка учурларда адистешкен каттоочу менен келишим түзүүгө милдеттүү. Адистешкен каттоочу банкка акционерлердин реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралу, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө, бирок, айына бир жолудан кем эмес билдирип турууга милдеттүү. 5. Банктын акционери акцияларга ээ болуу укугун өткөрүп берүүгө байланышкан өзүндөгү өзгөрүүлөр тууралу каттоочуга маалымдап турууга милдеттүү. Жаңы акционерлерди каттоо же акцияларга ээ болуу укугунун бир акционерден экинчисине берилишин каттоо, акцияны алып жаткан жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан, натыйжада банктын акцияларынын бардыгын же анын бир бөлүгүн ажыратып алууга же өткөрүп берүүгө алып келүүчү бүтүм жөнүндө тиешелүү маалыматтарды (документтерди) каттоочуга берилгенден кийин гана жүргүзүлөт. Берилген маалымат өзүнүн түрү жана маңызы боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эгерде, банктын реестрине кардардын атынан банк, брокер же депозитарий тарабынан жасалган бүтүмдөрдү каттоо зарыл болсо, банк, брокер же депозитарий бүтүм түзгөн учурдан тартып үч жумушчу күнүнүн ичинде каттоочуга бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча документтерди берүүгө милдеттүү. Каттоочу бүтүм боюнча документтерди алууга, анын аныктыгын текшерүүгө жана мыйзамдардын талабына ылайык тиешелүү документтерди алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны реестрге каттоого тийиш. | 29-статья. Банктын акционерлеринин реестри 1. Банк же республиканын мыйзамдарына ылайык мына ушул ишти жүргүзүүгө укуктуу адистештирилген юридикалык жак (мындан ары - каттоочу) тарабынан банктын акционерлеринин реестри жүргүзүлөт, анда жыйынтыгында бир акционерге тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын эсептөөнү, ошондой эле, жаңы акционерлердин катталышын көрсөткөн баалуу кагаздардын санынын өзгөрүшүнө алып келчү бүтүмдөр жөнүндөгү жазуулар камтылат. БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫНЫН БИР ПАЙЫЗЫНА ЖАНА АНДАН КӨБҮРӨӨГҮНӨ ЭЭЛИК КЫЛУУЧУ КАТАРЫ ЧЫККАН АКЦИОНЕРЛЕР (САТЫП АЛУУ, ТАРТУУЛОО, МУРАСКА КАЛТЫРУУ Ж.Б.) КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН МААЛЫМАТТЫ БҮТҮМГӨ КЕЛИШКЕН УЧУРДАН ТАРТЫП ОН ЖУМУШ КҮНҮ ИЧИНДЕ БАНК ТАРАБЫНАН АКЦИОНЕРЛЕР БОЮНЧА ЮРИДИКАЛЫК ДЕЛОЛОР ТҮЗҮЛҮШ ҮЧҮН ЗАРЫЛ БОЛГОН МААЛЫМАТТАРДЫ БАНККА БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ, АЛ ЭМИ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАН БОЛУП САНАЛГАН АКЦИОНЕРЛЕР МЫНДАЙ МААЛЫМАТТАРДЫ 30 КАЛЕНДАРЛЫК КҮНДҮН ИЧИНДЕ БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. 3. АКЦИОНЕРЛЕРДИН РЕЕСТРИНДЕ АР БИР ЭНЧИЛҮҮ АКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР, АКЦИЯНЫ САТЫП АЛГАН КҮНҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ РЕКВИЗИТТЕРИН КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН АКЦИОНЕРЛЕРДИН АР БИР МЫНДАЙ АКЦИЯЛАРЫНЫН САНЫ, (АКЦИОНЕРЛЕР-ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ ЖАНА КАТТОО НОМЕРИ, АЛ ЭМИ АКЦИОНЕРЛЕР-ЖЕКЕ АДАМДАР ҮЧҮН КИМ ЭКЕНДИГИН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ ЖАНА ЖАЙГАШКАН ЖЕРИНИН ДАРЕГИ), ЭГЕРДЕ АКЦИОНЕР БАНКТЫН КАПИТАЛЫНА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУДАН ТАРТЫП АКЦИЯЛАРДЫН ЭЭСИ БОЛУП САНАЛСА, КЫРГЫЗ БАНКЫНАН МАКУЛДУК КАТЫНЫН ЧЫГЫШ НОМЕРИ ЖАНА БЕРГЕН КҮНҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК БАШКА МААЛЫМАТТАР КАТТАЛАТ. 4. Банк кошумча эмиссия учурларында акционерлердин санына же өз баалуу кагаздарын фондулук биржада жайгаштыргандыгына карабай, ошондой эле, мыйзамдарга белгиленген жана башка учурларда адистешкен каттоочу менен келишим түзүүгө милдеттүү. Адистешкен каттоочу банкка акционерлердин реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралу, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө, бирок, айына бир жолудан кем эмес билдирип турууга милдеттүү. БАНК АКЦИОНЕРЛЕРДИН РЕЕСТРИНЕ КИРГИЗИЛГЕН БАРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ АЙЫНА КЕМИНДЕ БИР ЖОЛУ КЫРГЫЗ БАНКЫНА МААЛЫМДАП ТУРУУГА МИЛДЕТТҮҮ. ТӨЛӨНГӨН УСТАВДЫК КАПИТАЛДЫН ӨЛЧӨМҮНҮН БИР ПАЙЫЗЫНАН АШКАН АКЦИЯЛАРДЫН ПАКЕТИНИН САТЫЛЫП АЛЫНЫШЫНА ЖЕ АЖЫРАТЫЛЫШЫНА БАЙЛАНЫШТУУ АКЦИОНЕРЛЕРДИН КУРАМЫ ӨЗГӨРГӨН УЧУРДА, БАНК АКЦИОНЕРЛЕРДИН РЕЕСТРИН АЛГАН УЧУРДАН ТАРТЫП ҮЧ ЖУМУШ КҮНҮ ИЧИНДЕ КЫРГЫЗ БАНКЫНА БЕЛГИЛЕНГЕН ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. 5. Банктын акционери акцияларга ээ болуу укугун өткөрүп берүүгө байланышкан өзүндөгү өзгөрүүлөр тууралу каттоочуга маалымдап турууга милдеттүү. Жаңы акционерлерди каттоо же акцияларга ээ болуу укугунун бир акционерден экинчисине берилишин каттоо, акцияны алып жаткан жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан, натыйжада банктын акцияларынын бардыгын же анын бир бөлүгүн ажыратып алууга же өткөрүп берүүгө алып келүүчү бүтүм жөнүндө тиешелүү маалыматтарды (документтерди) каттоочуга берилгенден кийин гана жүргүзүлөт. Берилген маалымат өзүнүн түрү жана маңызы боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эгерде, банктын реестрине кардардын атынан банк, брокер же депозитарий тарабынан жасалган бүтүмдөрдү каттоо зарыл болсо, банк, брокер же депозитарий бүтүм түзгөн учурдан тартып үч жумушчу күнүнүн ичинде каттоочуга бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча документтерди берүүгө милдеттүү. Каттоочу бүтүм боюнча документтерди алууга, анын аныктыгын текшерүүгө жана мыйзамдардын талабына ылайык тиешелүү документтерди алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны реестрге каттоого тийиш. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 2-1-СТАТЬЯСЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК БАНКТЫК АКЦИЯЛАРЫНА БИРГЕЛЕШИП ЭЭЛИК КЫЛГАН АКЦИОНЕРЛЕР ЖАНА БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫНА БИРГЕЛЕШИП ЭЭЛИК КЫЛУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМДАЛГАН БАНК, БУЛ ТУУРАЛУУ АДИСТЕШКЕН КАТТООЧУГА МААЛЫМДООГО МИЛДЕТТҮҮ. АДИСТЕШКЕН КАТТООЧУ МААЛЫМАТТАР РЕЕСТРИНЕ АКЦИЯЛАРГА БИРГЕЛЕШИП ЭЭЛИК КЫЛУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫ КИРГИЗҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. |
| 30-статья. Акцияларды берүүнүн эрежелери 3. Банктын акцияларынын он же андан ашык процентин күрөөгө коюуда бүтүм жүргүзүүнүн болжолдуу белгиленген датасына чейин отуз күн калганда Кыргыз банкынын алдын ала макулдугун алуу зарыл. | 30-статья. Акцияларды берүүнүн эрежелери 3. Банктын акцияларынын [беш] же андан ашык процентин күрөөгө коюуда бүтүм жүргүзүүнүн болжолдуу белгиленген датасына чейин отуз күн калганда Кыргыз банкынын алдын ала макулдугун алуу зарыл. |
| 31-статья. Банк ишин уюштуруу | 31-статья. Банк ишин уюштуруу 2-1. БАНККА УШУЛ МЫЙЗАМДА УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КАЙСЫЛ БОЛБОСУН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАНА БҮТҮМДӨРДҮ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 1-2-ПУНКТЧАСЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЖАКТАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИШЕНИМ КАТ БОЮНЧА АЛАРДЫН ПАЙДАСЫ ҮЧҮН ИШ АЛЫП БАРЫШКАН ЖАКТАР МЕНЕН ИШКЕ АШЫРУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ. КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ УШУЛ МЫЙЗАМДА УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КАЙСЫ БОЛБОСУН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАНА БҮТҮМДӨРДҮ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-СТАТЬЯСЫНЫН 1-ПУНКТУНУН 3-6-ПУНКТЧАСЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЖАКТАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИШЕНИМ КАТ БОЮНЧА АЛАРДЫН ПАЙДАСЫ ҮЧҮН ИШ АЛЫП БАРГАН ЖАКТАР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУГА УКУКТУУ. МЫНДАЙ ОПЕРАЦИЯЛАРГА ТЫЮУ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ МАМЛЕКЕТТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН ЧЕЧИМИНИН НЕГИЗИНДЕ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН КАБЫЛ АЛЫНАТ. |
| 32-статья. Банктын мүлкү 3. Мурда берилген кредиттерди камсыздоо катары сатып алуу, алып коюу жана өткөрүп берүүдөн улам банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлктү, эгер мыйзамда башкача белгиленбесе банк үч жылдан ашыкка кармап тура албайт. | 32-статья. Банктын мүлкү 3. МУРДА БЕРИЛГЕН КРЕДИТТЕРДИ КАМСЫЗДОО КАТАРЫ САТЫП АЛУУ, АЛЫП КОЮУ ЖАНА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮДӨН УЛАМ БАНК ТАРАБЫНАН АЛЫНГАН КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮ БАНК ҮЧ ЖЫЛДАН АШЫККА КАРМАП ТУРА АЛБАЙТ. |
| 33-статья. Банк иш-аракеттери 1. Банк лицензияда атайын белгилөө менен банк иш-аракеттеринин төмөндөгүдөй түрлөрүн: 1) аманатчылар менен макулдашылган шарттарда депозиттерди өз атынан тартууну; 2) өз каражаттарын же тартылган каражаттарды карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда өз атынан жайгаштырууну; 3) жеке жана юридикалык жактардын эсептерин Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ачууну жана алып барууну; 4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну жана аларды кассалык тейлөөнү; 5) кредиттик жана төлөө карточкаларын кошуп алганда, төлөө документтерин (чектер, аккредиттивдер, векселдер жана башка документтер) чыгарууну, сатып алууну, төлөөнү, кабыл алууну, сактоону жана ырастоону; 6) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алууну жана сатууну жана жөнөкөй жана которулма векселдерди эсепке алууну (форфатирлөө); 7) Кыргыз банкы тарабынан тиешелүү нормативдик актыларда аныкталган шарттарда карыздык баалуу кагаздарды берүүнү; 8) финансы лизинги боюнча иштерди жүзөгө ашырууну; 9) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 10) банктык гарантияларды берүүнү жүзөгө ашыра алат. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген банк иштеринен тышкары банк төмөндөгүдөй бүтүмдөрдү; 1) үчүнчү жактар үчүн кепилдик кагазын жана башка милдеттенмелерди берүүнү; 2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарылышын талап кылуу укугуна ээ болууну; 3) мыйзамдарга ылайык мындай ишке лицензиясы болсо, кардардын нускамалары боюнча аракеттенүү менен брокердик кызматтарды, анын ичинде кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 4) мыйзамдарда каралган лицензиясы болсо, жеке адамдар же юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишенимдүү башкарууну (траст); 5) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга валюталарын, документтерин жана баалуулуктарын сактоосу үчүн атайы жайларды же аларда жайгашкан сейфтерди ижарага берүүнү; 6) банктын алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн карыз алуучулардын күрөөгө коюлган мүлкүн алууну жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул иштер соода-сатык иштери болуп эсептелбейт; 7) мыйзамдарга ылайык тиешелүү уруксатты (лицензияны) алуунун шартында өз атынан баалуу кагаздарды чыгарууну; 8) банк ишине байланышкан анын ичинде, банкты башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. 3. Кошумча лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү: 1) ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген иш-аракеттерди, анын ичинде, кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча иштерди кошуп алганда, чет өлкө валютасындагы иш-аракеттердин бардыгын же алардын кээ бирин; 2) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну; 3) баалуу металлдар менен иш алып барууну жүргүзүүнү (банктык күмүш, алтын, платина жана жогорку сапаттагы ушул металлдардан жасалган монеталар гана) жүзөгө ашырышы мүмкүн. 4. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипке жана чектөөлөргө ылайык, ошондой эле, тиешелүү лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү: 1) өз атынан банк үчүн баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 2) башка компаниянын тапшыруусу боюнча жана анын атынан баалуу кагаздарды чыгарууну; 3) туунду финансы каражаттары (деривативдер) менен иш-аракеттерди аткарууну; 4) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) | 33-статья. Банк иш-аракеттери 1. Банк лицензияда атайын белгилөө менен банк иш-аракеттеринин төмөндөгүдөй түрлөрүн: 1) аманатчылар менен макулдашылган шарттарда депозиттерди өз атынан тартууну; 2) өз каражаттарын же тартылган каражаттарды карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда өз атынан жайгаштырууну; 3) жеке жана юридикалык жактардын эсептерин Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ачууну жана алып барууну; 4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну жана аларды кассалык тейлөөнү; 5) кредиттик жана төлөө карточкаларын кошуп алганда, төлөө документтерин (чектер, аккредиттивдер, векселдер жана башка документтер) чыгарууну, сатып алууну, төлөөнү, кабыл алууну, сактоону жана ырастоону; 6) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алууну жана сатууну жана жөнөкөй жана которулма векселдерди эсепке алууну (форфатирлөө); 7) Кыргыз банкы тарабынан тиешелүү нормативдик актыларда аныкталган шарттарда карыздык баалуу кагаздарды берүүнү; [8) финансы лизинги боюнча иштерди жүзөгө ашырууну;] 9) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 10) банктык гарантияларды берүүнү жүзөгө ашыра алат. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген банк иштеринен тышкары банк төмөндөгүдөй бүтүмдөрдү; 1) үчүнчү жактар үчүн кепилдик кагазын жана башка милдеттен- мелерди берүүнү; 2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарылышын талап кылуу укугуна ээ болууну; 3) мыйзамдарга ылайык мындай ишке лицензиясы болсо, кардардын нускамалары боюнча аракеттенүү менен брокердик кызматтарды, анын ичинде кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 4) мыйзамдарда каралган лицензиясы болсо, жеке адамдар же юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишенимдүү башкарууну (траст); 5) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга валюталарын, документтерин жана баалуулуктарын сактоосу үчүн атайы жайларды же аларда жайгашкан сейфтерди ижарага берүүнү; 6) банктын алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн карыз алуучулардын күрөөгө коюлган мүлкүн алууну жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул иштер соода-сатык иштери болуп эсептелбейт; 7) мыйзамдарга ылайык тиешелүү уруксатты (лицензияны) алуунун шартында өз атынан баалуу кагаздарды чыгарууну; 8) банк ишине байланышкан анын ичинде, банкты башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. 9) ӨЗ АТЫНАН ӨЗ МАКСАТТАРЫ ҮЧҮН БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ САТЫП АЛУУ ЖАНА САТУУ; 10) ФИНАНСЫ ЛИЗИНГИ БОЮНЧА ИШТЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУ. Банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. 3. Кошумча лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү: 1) ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген иш-аракеттерди, анын ичинде, кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча иштерди кошуп алганда, чет өлкө валютасындагы иш-аракеттердин бардыгын же алардын кээ бирин; 2) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну; 3) баалуу металлдар менен иш алып барууну жүргүзүүнү (банктык күмүш, алтын, платина жана жогорку сапаттагы ушул металлдардан жасалган монеталар гана) жүзөгө ашырышы мүмкүн; 4) ТУУНДУ ФИНАНСЫЛЫК ИНСТРУМЕНТТЕР (ДЕРИВАТИВДЕР) МЕНЕН ОПЕРАЦИЯЛАР. 4. БАНК КЫРГЫЗ БАНКЫНАН АЛДЫН АЛА УРУКСАТЫ БОЛГОНДО ГАНА ТИЕШЕЛҮҮ ИШКЕРДИКТИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА БАШКА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАН ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА УКУКТУУ. |
| 35-статья. Кредиттерди берүү 6. Кредитти камсыздоо катары күрөө, гарантия, кепилдик, ар түрдүү финансылык инструменттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кредит келишиминде каралган башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. Банк өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга же аларды гарантияга коюуга кредиттер бере албайт. | 35-статья. Кредиттерди берүү 6. Кредитти камсыздоо катары күрөө, гарантия, кепилдик, ар түрдүү финансылык инструменттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кредит келишиминде каралган башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. Банк өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга же аларды гарантияга коюуга кредиттер бере албайт. БАНК, КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИН, БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ, АЧЫК ТООРУК АРКЫЛУУ САТЫП ӨТКӨРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. БАНК, КҮРӨӨЛҮК МҮЛКТҮН АЧЫК ТООРУКТА САТЫЛЫП ӨТКӨРҮЛҮШҮ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМДАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ МЫНДА КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНИН МЕНЧИК ЭЭСИ КИМ ЭКЕНДИГИ АЧЫК БИЛДИРБЕСТЕН КООМЧУЛУККА МААЛЫМДООГО ТИЙИШ. |
| 37-статья. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча чектөөлөр 2-1. Эгерде бул учурда калыстык принцибинин талаптарын бузууга жол берилсе, банк инсайдерлерди жана аффилирленген жактарды кредиттөөгө укуксуз. Калыстык принциби банк менен жалпы кызыкчылыгы жок заемщиктерге жана банктын олуттуу катышуучуларына кредиттерди берүү шарттарынан айрымаланган бир кыйла ыңгайлуу шарттарда инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга банктын кредиттерди берүүгө укугу жоктугун тастыктайт. Кыргыз банкы ушул статьянын талаптарына ылайык, байланышы бар жактар үчүн объективдүүлүк принциптин талабын белгилеши мүмкүн. | 37-статья. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча чектөөлөр 2-1. БАНК, ЭГЕРДЕ МЫНДАЙ КРЕДИТТЕРДИ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ БАНКТЫН ИНСАЙДЕРЛЕРИ, АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ ЖЕ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БОЛУП САНАЛБАГАН КАРЫЗ АЛУУЧУЛАРГА ЖЕ БАНК МЕНЕН ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ЖОК КАЙСЫ БОЛБОСУН БАШКА АДАМДАРГА БЕРИЛГЕН КРЕДИТТЕРГЕ КАРАГАНДА, АЛДА КАНЧА АЛГЫЛЫКТУУ БОЛГОН БОЛСО, ИНСАЙДЕРЛЕРДИ ЖАНА АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРДЫ КРЕДИТТӨӨГӨ УКУГУ ЖОК. КЫРГЫЗ БАНКЫ УШУЛ СТАТЬЯНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ИНСАЙДЕРЛЕРГЕ ЖАНА АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРГА КАРАТА ТАЛАПТАРДЫ БЕЛГИЛЕШИ МҮМКҮН. |
| 39-статья. Банктык жөнгө салуулар 2. Банктардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын кайсынысын болбосун колдонууга: 1) экономикалык нормативдерди белгилөөгө; 2) банктардын, алардын филиалдарынын жана туунду банктарынын ишин текшерүүгө же бул ишти көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 3) финансылык абалды оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө; 4) банк ишинде орун алган укук бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө; 5) банк мыйзамдарында каралган алдын ала эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга; 6) баланстарды жана отчетторду жана банк иши жөнүндөгү башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга; 7) айрым банк иш-аракеттерин жүргүзүүнү убактылуу токтотууга, чектөөгө же тыюу салууга; 8) банк лицензиясынын колдонулушун токтото турууга жана аны кайтарып алууга; 9) консервациялоо жол-жобосу колдонулсун. 4. Банктардын ишин жөнгө салуу айрым банктардай эле консолидацияланган негизде, башкача айтканда, банктын банктык топторуна жана аффилирленген жактарына карата жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Консолидацияланган көзөмөлдүктүн эрежелери Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. | 39-статья. Банктык жөнгө салуулар 2. Банктардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын кайсынысын болбосун колдонууга: 1) экономикалык нормативдерди белгилөөгө; 2) банктардын, алардын филиалдарынын жана туунду банктарынын ишин текшерүүгө же бул ишти көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 3) финансылык абалды оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө; 4) банк ишинде орун алган укук бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө; 5) банк мыйзамдарында каралган алдын ала эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга; 6) баланстарды жана отчетторду жана банк иши жөнүндөгү башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга; 7) БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУУГА, ЧЕКТӨӨГӨ ЖЕ ТЫЮУ САЛУУГА; 8) БАНК ЛИЦЕНЗИЯСЫН КАЙТАРЫП АЛУУГА; 9) БАНККА АТАЙЫН РЕЖИМ КИРГИЗҮҮГӨ. 4. Банктардын ишин жөнгө салуу айрым банктардай эле консолидацияланган негизде, башкача айтканда, банктын банктык топторуна жана аффилирленген жактарына карата жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Консолидацияланган көзөмөлдүктүн эрежелери Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. КЫРГЫЗ БАНКЫ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ КАРАТА КОНСОЛИДАЦИЯЛАНГАН НЕГИЗДЕ КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ: - КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯ АЛГАН БАНКТА ЖАНА АНЫН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДА; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ТҮЗҮЛГӨН БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯДАН ТУРГАН БАНКТЫК ТОПКО, КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН БАНК БОЛУП САНАЛГАН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДЫН БИРИНЕ КАРАТА; - КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН БАНК ДА КУРАМЫНА КИРГЕН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА БАНКТЫК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШКЕРДИК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН, АЛАРГА БИР ЭЛЕ ЖАК ӨЗ АЛДЫНЧА ЖЕ БАШКА ЖАКТАР МЕНЕН БИРГЕЛЕШИП КОНТРОЛДУ ЖҮРГҮЗГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН ТОБУНА. ЭГЕРДЕ, АЛАРГА БИР ЭЛЕ ЖАК ӨЗ АЛДЫНЧА ЖЕ БАШКА ЖАКТАР МЕНЕН БИРГЕЛЕШИП КОНТРОЛ ЖҮРГҮЗГӨН, БАНКТЫК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШКЕРДИК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН ТОБУНУН БАШКЫ КОМПАНИЯСЫ ЖОК БОЛСО, АНДА КОНТРОЛДООЧУ ЖАКТЫН ТИЕШЕЛҮҮ ЧЕЧИМИ МЕНЕН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН, КЫРГЫЗ БАНКЫНА МАКУЛДАШЫЛГАН БАНКТЫК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШКЕРДИКТИ ЖҮРГҮЗГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАК МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАНА ОТЧЕТТОРДУ БЕРҮҮНҮ КОШО АЛГАНДА, КЫРГЫЗ БАНКЫ БЕЛГИЛЕГЕН ТАЛАПТАРДЫ АТКАРАТ. |
| 39-2-статья. Таасир этүүнүн чектөөчү чаралары 1. Кыргыз банкы ченемдик жана милдеттүү түрдө сактала турган ченемдердин жана лимиттердин, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын бузулушун, анын ичинде банктын кызмат адамдары, кызматкерлери жана аффилирленген жактары тарабынан анын финансылык коопсуздугуна жана турукташтыгына, ошондой эле аманатчылардын таламдарына коркунуч алып келиши мүмкүн болгон укук ченемсиз иш-аракеттеринин (иш-аракетсиздигинин) натыйжасы болуп саналуучу ката кетирүүлөрдү тапкан учурда. Кыргыз банкы банкка жана анын аффилирленген жактарына карата мыйзамдар тарабынан белгиленген таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонууга укуктуу. Таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. | 39-2-статья. Таасир этүүнүн чектөөчү чаралары 1. КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН БАНКТЫН АЛГЫЛЫКСЫЗ ЖАНА КООПТУУ БАНКТЫК ТАЖРЫЙБАГА ЖЕ БАНКТЫН АМАНАТЧЫЛАРЫНЫН, БАШКА КРЕДИТОРЛОРУНУН ТАЛАМДАРЫНА ЖАНА/ЖЕ БҮТҮНДӨЙ БАНК ТУТУМУНУН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА КОРКУНУЧ КЕЛТИРГЕН ЖАГДАЙГА ТАРТЫЛЫШЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН, КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫНЫН МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫКСЫЗ ИШ-АРАКЕТТЕРИ (АРАКЕТТЕНБЕГЕНДИГИ), КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНЫН, НОРМАТИВДЕРИНИН ЖАНА БАШКА БАНКТЫН КООПСУЗ ЖАНА ТУРУКТУУ ИШИНЕ КОРКУНУЧ АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН БОЛГОН МИЛДЕТТҮҮ НОРМАЛАРДЫН ЖАНА ЛИМИТТЕРДИН БУЗУЛУШУ АНЫКТАЛГАН УЧУРДА, КЫРГЫЗ БАНКЫ БАНККА, АНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ЖАНА АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫНА КАРАТА МЫЙЗАМДАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫН КОЛДОНУУГА УКУКТУУ. БАНКТЫН АМАНАТЧЫЛАРЫ Ж.Б. КРЕДИТОРЛОРУ, АКЦИОНЕРЛЕРИ ЖЕ БҮТҮНДӨЙ БАНК ТУТУМУ ҮЧҮН РЕАЛДУУ КОРКУНУЧ ЖАРАТЫП, ЧЫГЫМГА УЧУРОО ЖЕ ЖОГОТУУГА БАРУУ ЫКТЫМАЛДЫГЫН ТҮЗГӨН БАНКТЫН ИШИ, АНЫН АРАКЕТТЕРИ (АРАКЕТТЕНБЕГЕНДИГИ) АЛГЫЛЫКСЫЗ ЖАНА КООПТУУ БАНКТЫК ТАЖРЫЙБА КАТАРЫ ЭСЕПТЕЛИНЕТ. АЛГЫЛЫКСЫЗ ЖАНА КООПТУУ БАНКТЫК ТАЖРЫЙБАНЫ МҮНӨЗДӨГӨН ИШТИН, АРАКЕТТЕРДИН (АРАКЕТТЕНБЕЙ КОЮУЛАРДЫН) БЕЛГИЛЕРИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫН КОЛДОНУУ ТАРТИБИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. |
| 41-статья. Банктык тышкы көзөмөл Банктык тышкы көзөмөлдү уюштуруу үчүн Кыргыз банкы ыйгарым укук берилген инспекторлорду дайындайт. Банктын финансылык жана башка отчетторун, документтерин изилдөөдө жана аларды талдоодо Кыргыз банкынын ыйгарым укуктуу инспекторлорунда банк ишине байланыштуу кандайдыр бир маселелер келип чыккан учурда алар кошумча зарыл маалыматтарды жана документтерди, алардын отчетторуна тиешелүү түшүндүрүүлөрдү жана тактоолорду талап кыла алышат. | 41-статья. Банктык тышкы көзөмөл Банктык тышкы көзөмөлдү уюштуруу үчүн Кыргыз банкы ыйгарым укук берилген инспекторлорду дайындайт. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ИНСПЕКТОР АГА ЖҮКТӨЛГӨН МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРУУ МАКСАТЫНДА, БАНКТАН ЖАНА АНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНАН ООЗЕКИ ЖЕ КАТ ЖҮЗҮНДӨ ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАРДЫ, ДОКУМЕНТТЕРДИ, ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТАКТООЛОРДУ ТАЛАП КЫЛА АЛАТ. |
| 43-статья. Маалымат жана документтер 1. Ушул Мыйзамга ылайык өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз банкы банк банктын, банктын олуттуу катышуучусунун же банктык топтогу бардык катышуучулардын жана банк менен жалпы кызыкчылыгы бар жактардын колунда болгон тиешелүү кайсы болбосун маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу. | 43-статья. Маалымат жана документтер 1. БАНКТАР, БАНКТЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ, ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖЕ БОЛБОСО БАНКТЫК ТОПТУН КАЙСЫЛ БОЛБОСУН КАТЫШУУЧУСУ ЖАНА БАНК МЕНЕН ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ БАР ЖАКТАР, УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН КӨЗӨМӨЛДҮК ФУНКЦИЯ ИШКЕ АШЫРЫЛУУ МАКСАТЫНДА ӨЗДӨРҮНДӨ БОЛГОН БАРДЫК ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАРДЫ КЫРГЫЗ БАНКЫНА БЕРИП ТУРУУГА МИЛДЕТТҮҮ. |
| 44-статья. Банкка олуттуу катышууну жана контролду алуу тартиби 1. Бардык жеке же юридикалык жак жеке же башка жактар менен бирдикте: - банктын олуттуу катышуучусу болууга; - банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга; - банктын контролдоочу жагы болууга ниеттенип жатса Кыргыз банкынан алдынала уруксат алууга милдеттүү. Кыргыз банкынан уруксат алуу үчүн аталган жактар Кыргыз банкына жазуу жүзүндө табыштама берүүгө милдеттүү. Эгерде банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башка жолдор менен бардык жеке же юридикалык жактар тике же кыйыр түрдө: - банктын олуттуу катышуучусу болуп калса; - банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылса же башкарууну жүзөгө ашырса; - банктын контролдоочу жагы болуп калса Кыргыз банкынын уруксатын алуулары зарыл. 3. Кыргыз банкынын макулдугун алуу үчүн өтүнүч менен кайрылуучу Кыргыз банкына юридикалык жактын келип чыгышы (эгерде билдирүүчү юридикалык жак болсо), учурда жүзөгө ашырып жаткан иши, финансылык абалы жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк деңгээли жөнүндө, билдирүүчүнүн алар (ал) менен жалпы кызыкчылыктары бар жактар тууралу маалыматтарды, ал банктын акцияларын сатып алуу үчүн сарптай турган акча каражаттарынын алынган булактары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз банкынын талаптарына ылайык башка маалыматтарды да берүүгө тийиш. Эгерде билдирүүдө банктын акцияларын тике сатып алуу же аларга кыйыр ээлик кылуу жөнүндө жазылса өтүнүч менен кайрылуучу байланыштуулуктун деңгээли, анын бул максатта пайдалануу үчүн ниеттенип жаткан акча каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтарды чечмелеп түшүндүрүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучу ошондой эле өзүнүн банктын жетекчилигин жана саясатын өзгөртүүнү пландаштырып жаткандыгына тиешелүү маалыматтарды да тактап берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу четөлкөлүк жак болсо - ал анын ишкердик жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү ой-пикирин билдирген ишкердик аброю жогору болгон кеминде эки адамдын жолдомо катын берүүгө тийиш. 7. Эгерде кандайдыр бир жак банкка олуттуу катышуучу болуу же контролду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн Кыргыз банкынын алдынала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз алган болсо, мындай бүтүм эч нерсеге арзыбаган бүтүм болуп саналат. 8. Кыргыз банкы өтүнүч менен кайрылуучуга ушул статьяга ылайык мурда берген макулдугун, эгерде ал тарабынан ушул статьянын талабын бузууга жол берилгендиги фактысы маалым болсо, аны жокко чыгара алат. 9. Ушул статьянын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, ал тарабынан кемчиликтер кетирилгендиги аныкталган жак банктын жетекчилигине жана саясатына таасир этүүсүн (тике жана кыйыр түрдөгү добуш берүүнү жүзөгө ашырууну кошо алганда) токтотууга тийиш жана банктын уставдык капиталына өзүнүн катышуусун олуттуу катышуу же контролдоо болжолдонгон деңгээлден төмөн деңгээлге чейин Кыргыз банкы тарабынан белгиленген убакыт ичинде кыскартууга тийиш. 10. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын алдынала уруксатысыз банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочусу боло турган же банк анын натыйжасында бул жакка көзкаранды болуп калышы мүмкүн болуучу инвестицияны банкка жумшоосу мүмкүн болгон жак тарабынан контролдонуучу бардык юридикалык жактан кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылууга укуктуу. | 44-статья. Банкка [капиталга чектүү үлүштө катышууну,] олуттуу катышууну жана контролду алуу тартиби 1. КАЙСЫЛ БОЛБОСУН ЖЕКЕ АДАМ ЖЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖАК АКЦИЯЛАРДЫ КАНДАЙЧА САТЫП АЛГАНДЫГЫНА КАРАБАСТАН, ЭГЕРДЕ ӨЗ АЛДЫНЧА ЖЕ БАШКА ЖАКТАР МЕНЕН БИРГЕЛЕШИП БАНКТЫН КАПИТАЛЫНА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУНУ АЛУУНУ КААЛАСА, КЫРГЫЗ БАНКЫНАН АЛДЫН АЛА УРУКСАТ АЛУУГА МИЛДЕТТҮҮ. КЫРГЫЗ БАНКЫНАН АЛДЫН-АЛА УРУКСАТ АЛУУ ҮЧҮН КӨРСӨТҮЛГӨН АДАМДАР КЫРГЫЗ БАНКЫНА КАТ ЖҮЗҮНДӨ АРЫЗ БЕРҮҮЛӨРҮ ТИЙИШ. КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН АЛДЫН-АЛА УРУКСАТ БЕРҮҮСҮН БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫН КОШУМЧА САТЫП АЛУУНУН НАТЫЙЖАСЫНДА ЖЕ БАШКА НЕГИЗДЕ, АНЫН ИЧИНДЕ СОТТУН ЧЕЧИМИНИН НЕГИЗИНДЕ МУРДАГЫ АКЦИОНЕРЛЕРГЕ БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫН КАЙТАРУУНУН НАТЫЙЖАСЫНДА КАЙСЫ БОЛБОСУН ЖЕКЕ АДАМ ЖЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖАК ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ: - КАПИТАЛГА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУЧУ БОЛСО; - БАНКТЫН ДОБУШ БЕРҮҮЧҮ АКЦИЯЛАРЫНЫН БЕШТЕН, ОНДОН, ЖЫЙЫРМАДАН, ОТУЗ ТӨРТТӨН, ЭЛҮҮДӨН ЖАНА АЛТЫМЫШ АЛТЫДАН КӨБҮРӨӨК ПАЙЫЗЫНА ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ ЭЭЛИК КЫЛУУНУ ЖЕ БАШКАРУУНУ ИШКЕ АШЫРСА КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН АЛДЫН-АЛА УРУКСАТ АЛУУГА ТИЙИШ. ЭГЕРДЕ, БАНКТАРДАГЫ ЭСЕПТЕРДЕ ТУРГАН АКЧА КАРАЖАТТАРЫ БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУ БУЛАГЫ БОЛСО, БИЛДИРҮҮЛӨРГӨ КОШУМЧА АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН БАР ЭКЕНДИГИН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛҮҮГӨ ТИЙИШ. МААЛЫМКАТКА ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРГЕ ТАЛАПТАР КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН НОРМАТИВДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ БЕЛГИЛЕНЕТ. 3. Кыргыз банкынын макулдугун алуу үчүн өтүнүч менен кайрылуучу Кыргыз банкына юридикалык жактын келип чыгышы (эгерде билдирүүчү юридикалык жак болсо), учурда жүзөгө ашырып жаткан иши, финансылык абалы жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк деңгээли жөнүндө, билдирүүчүнүн алар (ал) менен жалпы кызыкчылыктары бар жактар тууралу маалыматтарды, ал банктын акцияларын сатып алуу үчүн сарптай турган акча каражаттарынын алынган булактары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз банкынын талаптарына ылайык башка маалыматтарды да берүүгө тийиш. Эгерде билдирүүдө банктын акцияларын тике сатып алуу же аларга кыйыр ээлик кылуу жөнүндө жазылса өтүнүч менен кайрылуучу байланыштуулуктун деңгээли, анын бул максатта пайдалануу үчүн ниеттенип жаткан акча каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтарды чечмелеп түшүндүрүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучу ошондой эле өзүнүн банктын жетекчилигин жана саясатын өзгөртүүнү пландаштырып жаткандыгына тиешелүү маалыматтарды да тактап берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу четөлкөлүк жак болсо - ал анын ишкердик жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү ой-пикирин билдирген ишкердик аброю жогору болгон кеминде эки адамдын жолдомо катын берүүгө тийиш. ИШКЕРДИК АБРОЙДУН САПАТЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. 6-1. УШУЛ СТАТЬЯНЫН МАКСАТЫ ҮЧҮН КЫРГЫЗ БАНКЫ БАНКТАН АНЫН БАНКТЫН КАПИТАЛЫНА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ ТАЛАП КЫЛУУГА, АЛ ЭМИ БАНК МЫНДАЙ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮ ТАРТИБИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. 6-2. БАНКТЫН КАПИТАЛЫНА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУЧУЛАР 6-1-ПУНКТТУН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК БАНККА ЗАРЫЛ БОЛГОН МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. 7. ЭГЕРДЕ, КАНДАЙДЫР БИР ЖАК ТАРАБЫНАН КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН АЛДЫН АЛА КАТ ЖҮЗҮНДӨГҮ МАКУЛДУГУСУЗ, КАПИТАЛГА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨ КАТЫШУУНУ, ОЛУТТУУ КАТЫШУУНУ ЖЕ БАНК ИШИНЕ КОНТРОЛДОО МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН АЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР МААЛЫМ БОЛСО, МЫНДАЙ БҮТҮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ЖАРАКСЫЗ БОЛУП САНАЛАТ. МЫНДАЙ БҮТҮМДӨР БОЮНЧА КЫРГЫЗ БАНКЫ НЕГИЗСИЗ БҮТҮМДҮН ЖАРАКСЫЗДЫГЫНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫН КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ СОТТОРГО КАЙРЫЛУУГА УКУКТУУ. 8. КЫРГЫЗ БАНКЫ ЭГЕРДЕ, УШУЛ СТАТЬЯНЫН 4-ПУНКТУНУН 1-10-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН УЧУРЛАРДЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА АЛЫП КЕЛГЕН БАНКТЫН КАПИТАЛЫНА ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШТӨӨ КАТЫШУУГА, ОЛУТТУУ КАТЫШУУГА, АНЫН АКЦИЯЛАРЫНЫН КОНТРОЛДУК ПАКЕТИН САТЫП АЛУУГА МАКУЛДУК АЛУУ ҮЧҮН ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРГЕНДИГИ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР МААЛЫМ БОЛСО, КЫРГЫЗ БАНКЫ УШУЛ СТАТЬЯГА ЫЛАЙЫК АРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ МУРДА БЕРИЛГЕН МАКУЛДУГУН КАЙТАРЫП АЛУУГА ТИЙИШ. 9. УШУЛ СТАТЬЯНЫН 7 ЖАНА 8-ПУНКТТАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН УЧУРЛАРДА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА ЖОЛ БЕРГЕН ЖАК БАНКТЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ЖЕ САЯСАТЫНА ТААСИР ЭТҮҮСҮН ТОКТОТУУГА МИЛДЕТТҮҮ (ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ ДОБУШ БЕРҮҮ УКУГУН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУ КОШО АЛГАНДА) ЖАНА АГА ТИЕШЕЛҮҮ БОЛГОН АКЦИЯЛАР БОЮНЧА ДОБУШ БЕРҮҮ УКУГУНАН АЖЫРАТЫЛУУГА ТИЙИШ. АЛ ЭМИ АЛАРГА ТИЕШЕЛҮҮ АКЦИЯЛАР БОЮНЧА ДОБУШ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ МУРДА КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕР КАБЫЛ АЛЫНГАН УЧУРУНАН ТАРТЫП, АНЫК ЭМЕС КАТАРЫ ЭСЕПТЕЛИНИП, МЫЙЗАМДАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ЖОККО ЧЫГАРЫЛУУГА ТИЙИШ. УШУЛ СТАТЬЯНЫН 8-ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН, МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА ЖОЛ БЕРГЕН ЖАК, КЫРГЫЗ БАНКЫ ТИЕШЕЛҮҮ ТАЛАПТЫ КОЙГОНДОН ТАРТЫП ҮЧ АЙДЫН ИЧИНДЕ АЛАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ ЖОК БАШКА ЖАКТАРГА ӨЗ ҮЛҮШҮН САТУУГА МИЛДЕТТҮҮ. 10. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын алдынала уруксатысыз банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочусу боло турган же банк анын натыйжасында бул жакка көзкаранды болуп калышы мүмкүн болуучу инвестицияны банкка жумшоосу мүмкүн болгон жак тарабынан контролдонуучу бардык юридикалык жактан кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылууга укуктуу. 11. УШУЛ СТАТЬЯНЫН ТАЛАПТАРЫН ЖАНА КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН УШУЛ СТАТЬЯСЫНЫН ТАЛАПТАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ МАКСАТЫНДА ИШТЕЛИП ЧЫККАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУГА ЖОЛ БЕРИШКЕН ЖЕ БОЛБОСО АНЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШКЕРДИКТИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫШКАН КАЙСЫЛ БОЛБОСУН ЮРИДИКАЛЫК ЖАК ЖЕ ЖЕКЕ АДАМ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ КАТЫШКАН КАТАРЫ ТААНЫЛАТ: - КЫРГЫЗ БАНКЫН АДАШТЫРУУГА; - ТҮПКҮ БЕНЕФИЦИАР (ПАЙДА АЛУУЧУ) ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАШЫРГАНГА; - ЖАЛГАН БҮТҮМДӨРДҮ ИШКЕ АШЫРГАНГА. 12. КЫРГЫЗ БАНКЫ БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫНЫН АНЫК ЭЭЛЕРИН (ТҮПКҮ ПАЙДА АЛУУЧУЛАРЫН) АНЫКТОО БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ УКУКТУУ. КЫРГЫЗ БАНКЫ ЗАРЫЛ БОЛГОН УЧУРДА МЫНДАЙ ТЕКШЕРҮҮЛӨРГӨ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА БАШКА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮН ТАРТУУГА УКУКТУУ. КЫРГЫЗ БАНКЫ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА АКЦИОНЕРЛЕРДИН РЕЕСТРИНЕ КИРГИЗИЛГЕН АКЦИОНЕРЛЕР, БАНКТЫН АКЦИЯЛАРЫНЫН АНЫК ЭЭЛЕРИ ЭМЕС (ТҮПКҮ ПАЙДА АЛУУЧУЛАРЫ) БОЛУП САНАЛААРЫН ТААНУУ ҮЧҮН ЖЕТИШТҮҮ НЕГИЗДЕР БАР БОЛГОНДО, АНДАН АРЫ ТЕРГӨӨ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН МАТЕРИАЛДАРДЫ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНА БЕРҮҮГӨ УКУКТУУ. |
| 45-статья. Проблемалуу банктын финансылык абалын оңдоо 1. Проблемалуу банктын финансылык абалы начарлап кеткен учурда Кыргыз банкы акционерлердин алдына финансылык абалды оңдоо жөнүндөгү маселени коюуга, анын ичинде төмөндөгүдөй таасир чараларынын кайсынысын болбосун: 1) банк тарабынан финансылык абалын чыңдоо тууралу негизделген катты - финансылык абалды жакшыртуу жөнүндө милдеттенме берүүнү; 2) банк менен банктын абалын оңдоо боюнча чараларды жүргүзүү жөнүндө кат жүзүндөгү келишимди түзүүнү; 3) жогорку адистиги бар консультантты дайындоону; 4) банкка кат жүзүндөгү эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүүнү; 5) банктык түздөн-түз көзөмөлдү киргизүүнү; 6) банктын жетекчилигин алмаштырууну; 7) акыркы инстанциядагы кредитор катары карыз каражаттарын берүүнү; 8) банкты башкаруу боюнча убактылуу жетекчиликти дайындоону; 9) банкты кайра уюштурууну жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу; 10) банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча башка талаптар, анын ичинде банкты капитализациялоо талаптары. | 45-статья. Проблемалуу банктын финансылык абалын оңдоо 1. Проблемалуу банктын финансылык абалы начарлап кеткен учурда Кыргыз банкы акционерлердин алдына финансылык абалды оңдоо жөнүндөгү маселени коюуга, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ТААСИР ЧАРАЛАРЫНЫН КАЙСЫНЫСЫН БОЛБОСУН КОЛДОНУУГА УКУКТУУ: 1) банк тарабынан финансылык абалын чыңдоо тууралу негизделген катты - финансылык абалды жакшыртуу жөнүндө милдеттенме берүүнү; 2) банк ЖАНА/ЖЕ АНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ менен банктын абалын оңдоо боюнча чараларды жүргүзүү жөнүндө кат жүзүндөгү келишимди түзүүнү; 3) жогорку адистиги бар консультантты дайындоону; 4) банкка кат жүзүндөгү эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүүнү; 5) банктык түздөн-түз көзөмөлдү киргизүүнү; 6) БАНКТЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИН АЛМАШТЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ТАЛАП КЫЛУУНУ; 7) акыркы инстанциядагы кредитор катары карыз каражаттарын берүүнү; 8) БАНККА АТАЙЫН РЕЖИМДИ КИРГИЗҮҮНҮ; 9) банкты кайра уюштурууну жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу; 10) банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча башка талаптар, анын ичинде банкты капитализациялоо талаптары. |
| 45-1-статья. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу эскертүүчү чаралар жана санкциялар 1. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырган банктар же финансы-кредиттик мекемелер, алардын кызмат адамдары, олуттуу катышуучулары тарабынан банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын жана көрсөтмөлөрүнүн талаптарын сактабагандыгы жана аларды бузууга жол бергендиги, банктын анын туруктуулугуна коркунуч туудурган операцияларга тартылышында, ошондой эле маалыматтарды бербегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалыматтарды берген фактысы аныкталса, болбосо банктар же финансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз абалында калса, Кыргыз банкы ал тарабынан ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы аркылуу банкка, Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрүнө, олуттуу катышуучуларга карата төмөндөгүдөй чаралардын жана санкциялардын бирин же айрымдарын колдоно алат: 1) табылган ката кетирүүлөрдү тез арада же белгиленген мөөнөттүн ичинде оңдолушу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарыла турган жазма буйруктарды чыгарат; 2) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык башка санкцияларды колдонот; 3) лицензияны токтото турат же кайтарып алат; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процессин баштайт. Кыргыз банкы Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктарга же финансы-кредиттик мекемелерге карата чараларды көрүү жана санкциялар менен банк тажрыйбасынын жогорку стандарттарынын сакталышынын зарылдыгын жана Кыргыз Республикасынын финансылык тутумунун турукташтыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал акционерлердин, аффилирленген жактардын кызыкчылыктарынын жетектөөсүндө же алардын таасиринде болууга тийиш эмес же Кыргыз банкы кредиторлордун таламдарын коргоо үчүн жана/же республиканын банк жана финансы тутумунун турукташтыгын сактоо максатында көргөн кандайдыр бир иш-аракеттерден улам, алар тартышы мүмкүн болгон чыгымдарды көңүлгө албоого тийиш. Кыргыз банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт. 2. Ката кетирүүлөрдү четтетүү тууралу жазма буйруктар Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурунда, ошондой эле Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин ченемдик актыларды аткарбагандыгы же банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузууга жол берген фактылары табылса, Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу: 1) жогорку деңгээлде иштелип чыккан экономикалык ченемдерди киргизүүгө; 2) милдеттүү резервдердин өлчөмүн жогорулатууга; 3) ката кетирүүлөрдүн ар бир конкреттүү учурлары үчүн Кыргыз Банк башкармасы тарабынан белгиленген тартипке ылайык төлөнгөн уставдык капиталдын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө жазапулду төлөтүүгө; 4) айрым кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жазапулду төлөтүүгө; 5) милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптар менен кайрылууга: - кызмат адамдарынын бардыгын же айрымдарын алмаштырууга жана алардын банктын ишине андан ары катышуусуна тыюу салууга; - финансылык жактан чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө; - рекапитализациялоону, болбосо кайра өзгөртүп түзүүнү жүргүзүүгө; - текшерилүүчүнүн каражатынын эсебинен пландан тышкаркы аудитти жүргүзүүгө; - белгилүү ишти же операцияны чектөөгө, убактылуу токтотуп коюуга же токтото турууга; - дивиденддерди төлөп берүүнү же бардык түрдөгү пайдаларды бөлүштүрүүнү токтото турууга. 6) активдерди сактап калуу максатында алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу жетекчиликти дайындоого; 7) убактылуу башкаруучуну дайындоо жана лицензия тарабынан каралган бардык же айрым операцияларды чектөө менен лицензиянын иш-аракетин алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтото турууга. 3. Кыргыз банкы банкты ачууга карата алдын ала уруксатты төмөндөгү учурларда кайтарып ала алат: 1) түзүлүүчү банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты айдын ичинде минималдуу уставдык капитал төлөнбөгөн учурда; 2) банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты айдын ичинде, анын негизинде уруксат берилген маалыматтардын так эместиги табылган учурда; 3) эгерде уюмдаштыруучулардын финансылык абалы начарласа же алардын негизинде лицензия берүүдөн баш тартылгандыгы фактысы белгиленсе; 4) эгерде банктын уюмдаштыруучулары банктын ишин баштабоону чечишсе. 6. Банкты банкрот деп таануу коркунучу келип чыккан шартта (эгерде банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки же андан аз пайызды түзүп калса) Кыргыз банкы аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында ушул Мыйзамда, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары төмөндөгү чаралардын кайсынысы болбосун бирин колдонууга укуктуу: 1) банкка белгилүү бир чараларды көрүү, болбосо көрбөө тууралу жазма-буйрук берүүгө; 2) банкка кошумча капитал жумшоого же өз акцияларын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген нарк боюнча каалоочуларга өткөрүп берүү жөнүндө акционерлерге жазма-буйрук берүүгө; 3) банкроттук процессин козгобостон эле, өтүмдүү каражаттарды алуу максатында өзүнө тиешелүү мүлкүнүн бардыгын же бир бөлүгүн сатууга банкка буйрук берүүгө; 4) күрөөлүк камсыздоо алдында банкка өзүнө тиешелүү өтүмдүү каражаттарды берүүгө; 5) банкка консервацияланган банктын статусун берүү жана консерваторду дайындоого; 6) банкка карата соттук эмес тартипте банкроттук процессин козгоого; 7) банктын, анын акционерлеринин же банктын кредиторлорунун банкка карата банкроттук ишин козгоо жөнүндө (соттук тартипте же соттук эмес тартипте) өтүнүчүн колдоого. 7. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертүү чаралары жана санкциялары Кыргыз банкы тарабынан төмөнкүдөй учурларда кабыл алынууга тийиш: - ошол адамдар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын талаптарын бузууга жол берсе; - ошол адамдар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган абалга алып келсе; - ошол адамдар кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланышкан болсо; - ошол адамдар мыйзамга каршы аракеттерди жүзөгө ашырса; - эгерде ошол адамдар өз кызмат ордун ээлөө үчүн тиешелүү ишенимге ээ болбосо. Банктын банктык холдинг компаниясынын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертүү чараларында жана санкцияларында аларга тиешелүү болгон акциялар боюнча добуш берүүгө укукту токтото турууга Кыргыз банкынын талап кылуу укугу же банктын жана анын аффилирленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна ушул Мыйзамдын 49-6-статьясынын 3 жана 4-пункттарында каралган тартипте тыюу салуулар камтылат. Эгерде мындай тыюу салуу бул адамга карата Кыргыз банкы тарабынан ушул статьяга ылайык белгиленсе, банктын же анын аффилирленген жактарында эч ким кызматта кала албайт же алардын ишине катыша албайт. Банктын же банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон учурда Кыргыз банкы ал адамды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө көрсөтмө чыгарууга, ал эми бул адам кылмышкер катары күнөөлүү деп таанылган учурда - кызматынан бошотууга тийиш. Банктык холдингдик компаниянын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына карата чараларды жана санкцияларды колдонууну аныктоо учурунда Кыргыз банкы бул адамдар тарабынан кетирилген катачылыктар туунду-банктын финансылык абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн экендигин эске алууга тийиш. 8. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар жана санкциялар банктык холдингдик компаниялардын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына жана ушул мыйзамдын талаптарын бузууга жол берген жана депозиттерди жана аларга теңештирилген каражаттарды Кыргыз банкынын тиешелүү лицензиясыз же анын өзгөчө уруксатысыз тартууну жүзөгө ашырган бардык адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн. 9. Кыргыз банкынын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын аткарылышын токтото албайт. 10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "исламдык терезелери" бар банктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуу жагында нормативдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда каралган таасир кылуу чараларын көрөт. | 45-1-статья. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу эскертүүчү чаралар жана санкциялар 1. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырган банктар же финансы-кредиттик мекемелер, алардын кызмат адамдары, капиталдагы чектүү үлүшкө ээлик кылуучуЛАРЫ тарабынан банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын жана көрсөтмөлөрүнүн талаптарын сактабагандыгы жана аларды бузууга жол бергендиги, банктын анын туруктуулугуна коркунуч туудурган операцияларга тартылышында, ошондой эле маалыматтарды бербегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалыматтарды берген фактысы аныкталса, болбосо банктар же финансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз абалында калса, Кыргыз банкы ал тарабынан ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы аркылуу банкка, Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрүнө, КАПИТАЛДАГЫ ЧЕКТҮҮ ҮЛҮШКӨ ЭЭЛИК КЫЛУУЧУЛАРГА карата төмөндөгүдөй чаралардын жана санкциялардын бирин же айрымдарын колдоно алат: 1) табылган ката кетирүүлөрдү тез арада же белгиленген мөөнөттүн ичинде оңдолушу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарыла турган жазма буйруктарды чыгарат; 2) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык башка санкцияларды колдонот; 3) лицензияны [токтото турат же] кайтарып алат; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процессин баштайт. Кыргыз банкы Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктарга же финансы-кредиттик мекемелерге карата чараларды көрүү жана санкциялар менен банк тажрыйбасынын жогорку стандарттарынын сакталышынын зарылдыгын жана Кыргыз Республикасынын финансылык тутумунун турукташтыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал акционерлердин, аффилирленген жактардын кызыкчылыктарынын жетектөөсүндө же алардын таасиринде болууга тийиш эмес же Кыргыз банкы кредиторлордун таламдарын коргоо үчүн жана/же республиканын банк жана финансы тутумунун турукташтыгын сактоо максатында көргөн кандайдыр бир иш-аракеттерден улам, алар тартышы мүмкүн болгон чыгымдарды көңүлгө албоого тийиш. Кыргыз банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт. 2. Ката кетирүүлөрдү четтетүү тууралу жазма буйруктар Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурунда, ошондой эле Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин ченемдик актыларды аткарбагандыгы же банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузууга жол берген фактылары табылса. Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу: 1) жогорку деңгээлде иштелип чыккан экономикалык ченемдерди киргизүүгө; 2) милдеттүү резервдердин өлчөмүн жогорулатууга; 3) ката кетирүүлөрдүн ар бир конкреттүү учурлары үчүн Кыргыз Банк башкармасы тарабынан белгиленген тартипке ылайык төлөнгөн уставдык капиталдын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө жазапулду төлөтүүгө; 4) айрым кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жазапулду төлөтүүгө; 5) милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптар менен кайрылууга: - кызмат адамдарынын бардыгын же айрымдарын алмаштырууга жана алардын банктын ишине андан ары катышуусуна тыюу салууга; - финансылык жактан чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө; - рекапитализациялоону, болбосо кайра өзгөртүп түзүүнү жүргүзүүгө; - текшерилүүчүнүн каражатынын эсебинен пландан тышкаркы аудитти жүргүзүүгө; - белгилүү ишти же операцияны чектөөгө, убактылуу токтотуп коюуга же токтото турууга; - дивиденддерди төлөп берүүнү же бардык түрдөгү пайдаларды бөлүштүрүүнү токтото турууга. 6) АТАЙЫН РЕЖИМ КИРГИЗИЛСИН; 7) БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮГӨ. 3. Кыргыз банкы банкты ачууга карата алдын ала уруксатты төмөндөгү учурларда кайтарып ала алат: 1) түзүлүүчү банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты айдын ичинде минималдуу уставдык капитал төлөнбөгөн учурда; 2) банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты айдын ичинде, анын негизинде уруксат берилген маалыматтардын так эместиги табылган учурда; 3) эгерде уюмдаштыруучулардын финансылык абалы начарласа же алардын негизинде лицензия берүүдөн баш тартылгандыгы фактысы белгиленсе; 4) эгерде банктын уюмдаштыруучулары банктын ишин баштабоону чечишсе; 5) БАНКТЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ, ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ПОТЕНЦИАЛДУУ МҮЧӨЛӨРҮ ЖЕ КЫЗМАТ АДАМДАРЫ ТАРАБЫНАН ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТТАР БЕРИЛСЕ. 6. Банкты банкрот деп таануу коркунучу келип чыккан шартта (эгерде банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки же андан аз пайызды түзүп калса) Кыргыз банкы аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында ушул Мыйзамда, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары төмөндөгү чаралардын кайсынысы болбосун бирин колдонууга укуктуу: 1) банкка белгилүү бир чараларды көрүү, болбосо көрбөө тууралу жазма-буйрук берүүгө; 2) банкка кошумча капитал жумшоого же өз акцияларын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген нарк боюнча каалоочуларга өткөрүп берүү жөнүндө акционерлерге жазма-буйрук берүүгө; 3) банкроттук процессин козгобостон эле, өтүмдүү каражаттарды алуу максатында өзүнө тиешелүү мүлкүнүн бардыгын же бир бөлүгүн сатууга банкка буйрук берүүгө; 4) күрөөлүк камсыздоо алдында банкка өзүнө тиешелүү өтүмдүү каражаттарды берүүгө; 5) АТАЙЫН РЕЖИМ КИРГИЗҮҮГӨ; 6) банкка карата соттук эмес тартипте банкроттук процессин козгоого; 7) банктын, анын акционерлеринин же банктын кредиторлорунун банкка карата банкроттук ишин козгоо жөнүндө (соттук тартипте же соттук эмес тартипте) өтүнүчүн колдоого. 7. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертчү чаралары жана санкциялары Кыргыз банкы тарабынан төмөнкүдөй учурларда кабыл алынууга тийиш: - ошол адамдар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын талаптарын бузууга жол берсе; - ошол адамдар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган абалга алып келсе; - ошол адамдар кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланышкан болсо; - ошол адамдар мыйзамга каршы аракеттерди жүзөгө ашырса; - эгерде ошол адамдар өз кызмат ордун ээлөө үчүн тиешелүү ишенимге ээ болбосо. Банктын банктык холдинг компаниясынын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертүү чараларында жана санкцияларында аларга тиешелүү болгон акциялар боюнча добуш берүүгө укукту токтото турууга Кыргыз банкынын талап кылуу укугу же банктын жана анын аффилирленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна ушул Мыйзамдын 49-6-статьясынын 3 жана 4-пункттарында каралган тартипте тыюу салуулар камтылат. Эгерде мындай тыюу салуу бул адамга карата Кыргыз банкы тарабынан ушул статьяга ылайык белгиленсе, банктын же анын аффилирленген жактарында эч ким кызматта кала албайт же алардын ишине катыша албайт. ЭГЕРДЕ БАНКТЫН ЖЕ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН КЫЗМАТ АДАМЫ КЫЛМЫШ ИШИ БОЮНЧА КҮНӨӨЛҮҮ КАТАРЫ КАРМАЛГАН БОЛСО, КЫРГЫЗ БАНКЫ ОШОЛ АДАМДЫ МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТЫНАН УБАКТЫЛУУ ЧЕТТЕТҮҮ ТУУРАЛУУ ЖАЗМА БУЙРУК, АЛ ЭМИ ОШОЛ АДАМ КЫЛМЫШ ИШИ БОЮНЧА КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТААНЫЛГАН УЧУРДА - АНЫ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУУ ТУУРАЛУУ ТАЛАП/ЖАЗМА БУЙРУК ЧЫГАРУУГА ТИЙИШ. Банктык холдингдик компаниянын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына карата чараларды жана санкцияларды колдонууну аныктоо учурунда Кыргыз банкы бул адамдар тарабынан кетирилген катачылыктар туунду банктын финансылык абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн экендигин эске алууга тийиш. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН ЖАНА/ЖЕ КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУГА КАТЫШКАН, ЖОЛ БЕРГЕН ЖЕ АЛАРДЫН МАКУЛДУГУ МЕНЕН МЫНДАЙ КЕМЧИЛИКТЕРГЕ ЖОЛ БЕРГЕН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖЕ КАЙСЫЛ БОЛБОСУН МҮЧӨСҮ, БАНКТЫК ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫ, КЫЗМАТ АДАМДАРЫ УШУНУН КЕСЕПЕТИНЕН БАНК, АНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ, АМАНАТЧЫЛАРЫ, БАШКА КРЕДИТОРЛОРУ ДУУШАР БОЛГОН ЧЫГЫМДАРДЫН ОРДУ ТОЛТУРУЛУП БЕРИЛИШИ ҮЧҮН ЖЕКЕ ЖООПКЕРЧИЛИК ТАРТЫШАТ. ИЧКИ САЯСАТТАРДЫН ЖАНА ИЧКИ КОНТРОЛДУК ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУГА КАТЫШКАН, ЖОЛ БЕРГЕН ЖЕ АЛАРДЫН МАКУЛДУГУ МЕНЕН МЫНДАЙ КЕМЧИЛИКТЕРГЕ ЖОЛ БЕРГЕН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖЕ КАЙСЫЛ БОЛБОСУН МҮЧӨСҮ, БАНКТЫК ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫ, КЫЗМАТ АДАМДАРЫ УШУНУН КЕСЕПЕТИНЕН БАНК, АНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ, АМАНАТЧЫЛАРЫ, БАШКА КРЕДИТОРЛОРУ ДУУШАР БОЛГОН ЧЫГЫМДАРДЫН ОРДУ ТОЛТУРУЛУП БЕРИЛИШИ ҮЧҮН ЖЕКЕ ЖООПКЕРЧИЛИК ТАРТЫШАТ. 8. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар жана санкциялар банктык холдингдик компаниялардын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына жана ушул мыйзамдын талаптарын бузууга жол берген жана депозиттерди жана аларга теңештирилген каражаттарды Кыргыз банкынын тиешелүү лицензиясыз же анын өзгөчө уруксатысыз тартууну жүзөгө ашырган бардык адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн. 9. Кыргыз банкынын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын аткарылышын токтото албайт. 10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "исламдык терезелери" бар банктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуу жагында нормативдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда каралган таасир кылуу чараларын көрөт. 11. КЫРГЫЗ БАНКЫ УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК БАНККА КАРАТА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН КӨРҮЛГӨНДҮГҮ ЖАНА КАНДАЙ БОЛБОСУН ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖЕ МЫНДАЙ ЧАРАЛАРДЫН ТОКТОТУЛУШУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ АЧАТ. МЫНДАЙ МААЛЫМАТТАРДЫ АЧУУ ТАРТИБИ КЫРГЫЗ БАНКЫ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. |
| 49-2-статья. Банктык топтордун иши Банктык топторго кирүүчү компаниялар банктык жана/же финансылык иштерди гана, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан аныкталгандай, банктык холдинг компанияларга тиешелүү учурларда, топтордун катышуучуларынын акцияларга ээ болуусун кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти жүзөгө ашыра алышат. | 49-2-СТАТЬЯ. БАНКТЫК ТОПТОРДУН ИШИ: 49-2-СТАТЬЯ. БАНКТЫК ТОПТОРДУН ИШИ 1. БАНКТЫК ТОПКО КИРҮҮЧҮ КОМПАНИЯЛАР БАНКТЫК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШКЕРДИКТИ ГАНА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ БАНКЫ АНЫКТАГАНДАЙ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАРГА ТИЕШЕЛҮҮ УЧУРЛАРДА, ТОПТОРДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН АКЦИЯЛАРГА ЭЭ БОЛУУСУН КОШО АЛГАНДА, БАНКТЫК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШКЕРДИККЕ БАЙЛАНЫШТУУ ИШТИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРА АЛАТ. 2. БАНКТЫК ТОПКО КИРГЕН КОМПАНИЯЛАРДЫ БАШКАРУУГА АЛУУ МАКСАТЫНДА ГАНА ТҮЗҮЛГӨН БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАР (БАШКАРУУЧУ КОМПАНИЯЛАР) АКЦИОНЕРДИК КООМ ТҮРҮНДӨ ТҮЗҮЛҮҮГӨ ТИЙИШ. 3. БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯ ЖЕ БАНКТЫК ТОП БАШЫНДА ТУРГАН БАНК БҮТКҮЛ БАНКТЫК ТОПТУН ИШИ КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮСҮ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУШАТ. 4. БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН ЖЕ БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ (БАЙКОО ОРГАНЫ) ЖАНА БАШКАРМАСЫ (АТКАРУУЧУ ОРГАНЫ), АНЫН ИЧИНДЕ БАНКТЫК ТОП БАШЫНДА ТУРГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕЗИДЕНТИ ЭМЕСТЕРИ, БАНКТЫК ТОПТУН БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ОРТОСУНДА ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАРДЫН ТАЛАПТАГЫДАЙ АЛМАШЫП ТУРУШУН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТИЙИШ. 5. БАШКЫ КОМПАНИЯ, АНЫН ИЧИНДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕЗИДЕНТ ЭМЕСИ, КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИНЕ ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗИШИ МҮМКҮН БОЛГОН ФАКТЫЛАР ЖЕ ЖАГДАЙЛАР БОЛГОН УЧУРДА, АЛ ТУУРАЛУУ ОШОЛ КОМПАНИЯГА ӨЗ УЧУРУНДА МААЛЫМДАП, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТ ИЧИНДЕ, ОШОЛ ФАКТЫЛАР ЖЕ ЖАГДАЙЛАР ЖАНА АЛАРДЫН КЕСЕПЕТТҮҮ ТААСИРИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАР ТУУРАЛУУ КАТ ЖҮЗҮНДӨ БИЛДИРҮҮНҮ КЫРГЫЗ БАНКЫНА ЖИБЕРЕТ. КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН БУЗУЛУУСУНА АЛЫП КЕЛГЕН ЖЕ АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН БОЛГОН ЖАНА ОШОЛ КОМПАНИЯНЫН ФИНАНСЫЛЫК ТУРУКТУУЛУГУНА КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН ЖЕ АГА АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН БОЛГОН ФАКТЫЛАР ЖЕ ЖАГДАЙЛАР ТЕРС ТААСИР КАТАРЫ ТҮШҮНҮЛӨТ. КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯ БАШКЫ КОМПАНИЯДАН ЖОГОРКУДАЙ МААЛЫМАТТАРДЫ АЛГАНДА БУЛ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗ БАНКЫНА АЛ БЕЛГИЛЕГЕН МӨӨНӨТ ИЧИНДЕ КАТ ЖҮЗҮНДӨ МААЛЫМДООГО ТИЙИШ. 6. КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН КОМПАНИЯНЫН ФИНАНСЫЛЫК АБАЛЫНА АЛАРДЫН БАНКТЫК ТОПКО КАТЫШУУСУНУН НАТЫЙЖАСЫНДА КОРКУНУЧ КЕЛИП ЧЫКСА, КЫРГЫЗ БАНКЫНАН ЛИЦЕНЗИЯ АЛГАН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯ КЫРГЫЗ БАНКЫ БЕЛГИЛЕГЕН МӨӨНӨТ ИЧИНДЕ МЫНДАЙ ТААСИРЛЕРГЕ ЖОЛ БЕРБӨӨ БОЮНЧА КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАРДЫ СЫПАТТОО МЕНЕН КЫРГЫЗ БАНКЫНА КАТ ЖҮЗҮНДӨ МААЛЫМДАЙТ. |
| 49-4-статья. Банктык холдингдик компанияларды башкаруу 1. Банктык холдингдик компаниялардын кызмат адамдары, Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын), Башкармасынын мүчөлөрү (аткаруу органы) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген кесиптик жактан ылайык келүү талаптарына жооп берүүгө тийиш. Банктардын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрүнө карата колдонулуучу камкордук милдеттери, ошондой эле банктык холдингдик компаниялардын байкоочу органынын жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата да колдонулат. | 49-4-статья. Банктык холдингдик компанияларды башкаруу 1. БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН ЖЕ БАНКТЫК ТОП БАШЫНДА ТУРГАН БАНКТЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ, ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН (БАЙКОО ОРГАНЫНЫН), БАШКАРМАСЫНЫН (АТКАРУУЧУ ОРГАНДАР) МҮЧӨЛӨРҮ КЫРГЫЗ БАНКЫ БЕЛГИЛЕГЕН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. БАНКТАРДЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ЖАНА БАШКАРМАСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНӨ КАРАТА КОЛДОНУЛУУЧУ КАМКОРДУК МИЛДЕТТЕР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯЛАРДЫН БАЙКОО ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА БАШКАРУУНУН АТКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНӨ КАРАТА ДА КОЛДОНУЛАТ. ТӨМӨНКҮЛӨР БОЛГОН УЧУРДА КАЙСЫЛ БОЛБОСУН ЖАК БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН БАЙКОО ОРГАНЫНЫН МҮЧӨСҮ БОЛО АЛБАЙТ ЖАНА ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИЛҮҮГӨ ТИЙИШ: 1) ЭГЕРДЕ АНЫН МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ АЛЫП САЛЫНБАГАН ЖАНА/ЖЕ ӨТӨЛҮП БҮТПӨГӨН СОТТУУЛУГУ БОЛСО; 2) ЭГЕРДЕ АЛ ЖОЮУ ЫКМАСЫ МЕНЕН БАНКРОТТУК ЖОЛ-ЖОБОГО ДУУШАРЛАНГАН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ЖЕТЕКЧИСИ БОЛУП САНАЛСА; 3) ЭГЕРДЕ АЛ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КУРАМЫНА КИРҮҮ ЖЕ КЕСИПТИК ИШ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ УКУГУНАН АЖЫРАГАН БОЛСО; 4) ЭГЕРДЕ АЛ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН АТКАРУУ ОРГАНЫНЫН МҮЧӨСҮ БОЛУП САНАЛСА. 1-1. БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯНЫН ЖЕ БАНКТЫК ТОП БАШЫНДА ТУРГАН БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ (БАЙКОО ОРГАНЫ) ЖАНА БАШКАРМАСЫ (АТКАРУУЧУ ОРГАНЫ) ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРЫНЫН ИШИН БАШКАРУУНУН ОПТИМАЛДУУ ТҮЗҮМҮН АНЫКТОО МАКСАТЫНДА БАНКТЫК ТОПТОРДУН ЖАЛПЫ САЯСАТТАРЫН ЖАНА СТРАТЕГИЯЛАРЫН БЕЛГИЛӨӨ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК ТАРТЫШАТ, БУЛ БҮТҮНДӨЙ БАНКТЫК ТОПТУН ИШИНЕ ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖАНА ЫРААТТУУ КОНТРОЛДУКТУН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫНА ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ.] |
| 49-5-статья. Банктык холдингдик компания тарабынан берилүүчү отчеттор 1. Ар бир банктык холдинг компания Кыргыз банкына Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө жылдык отчетту берүүлөрү керек. Бул отчеттор төмөндөгүлөрдү кошо алганда, банктык холдингдик компаниянын иши жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш: 1) банктык холдингдик компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштердин түрү же түрлөрү; 2) банктык холдингдик компаниялардын бардык туунду жана караштуу компаниялары тууралу маалыматты, алардын аталышы, ээлик кылуу проценттери, ар бир туунду же караштуу компания тартылган иштин түрү же түрлөрү жөнүндөгү маалыматтарды кошо; 3) холдингдик компаниянын жана анын туунду компанияларынын жекече жана консолидациялык негиздеги финансылык жылдын акырына карата баланстык отчету, түшкөн пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчету. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына банктык эмес туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алуу жөнүндө отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. Бул кабарлама ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтууга жана ага туунду компаниянын же караштуу компаниянын акыркы эки жылдагы иши боюнча финансылык отчеттору кошо тиркелүүгө тийиш. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына качан компания банктык холдингдик компаниянын туунду же караштуу компаниясы болуусу токтогон учурда ал тууралу отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. 2. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) жана Башкарманын (аткаруу органынын) ар бир жаңы мүчөсү жөнүндө алар дайындагандан кийин он күндүн ичинде ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, бул кызмат адамдарынын Кыргыз банкы тарабынан аныкталган критерийлерге ылайык келүүсүнө тиешелүү маалыматтар менен кошо маалымдоого тийиш. | 49-5-статья. Банктык холдингдик компания тарабынан берилүүчү отчеттор 1. Ар бир банктык холдинг компания Кыргыз банкына Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө жылдык отчетту берүүлөрү керек. Бул отчеттор төмөндөгүлөрдү кошо алганда, банктык холдингдик компаниянын иши жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш: 1) банктык холдингдик компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштердин түрү же түрлөрү; 2) банктык холдингдик компаниялардын бардык туунду жана караштуу компаниялары тууралу маалыматты, алардын аталышы, ээлик кылуу проценттери, ар бир туунду же караштуу компания тартылган иштин түрү же түрлөрү жөнүндөгү маалыматтарды кошо; 3) холдингдик компаниянын жана анын туунду компанияларынын жекече жана консолидациялык негиздеги финансылык жылдын акырына карата баланстык отчету, түшкөн пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчету. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына банктык эмес туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алуу жөнүндө отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. Бул кабарлама ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтууга жана ага туунду компаниянын же караштуу компаниянын акыркы эки жылдагы иши боюнча финансылык отчеттору кошо тиркелүүгө тийиш. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына качан компания банктык холдингдик компаниянын туунду же караштуу компаниясы болуусу токтогон учурда ал тууралу отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. БАНКТЫК ТОПТУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЛДЫНДАГЫ БАНК ЖЕ БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯ, АНЫН ИЧИНДЕ КЫРГЫЗ РЕЕПУБЛИКАСЫНЫН РЕЗИДЕНТИ БОЛБОГОН БАШКЫ КОМПАНИЯ УЮШТУРУУ ДОКУМЕНТТЕРИНЕ, УСТАВГА, ТУУНДУ ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДЫН ТҮЗҮМҮНӨ КИРГИЗИЛГЕН ӨЗГӨРТҮҮЛӨР, АЛАРДЫН ИШ ЧӨЙРӨСҮНҮН КЕҢЕЙТИЛИШИ, КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АЛМАШТЫРЫЛЫШЫ ТУУРАЛУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТЫН ТУУНДУ КОМПАНИЯЛАРЫ ТАРАБЫНАН ТУУНДУ ЖАНА/ЖЕ КАРАШТУУ КОМПАНИЯЛАРДЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА/ЖЕ САТЫЛЫП АЛЫНЫШЫ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТТӨРДӨ КЫРГЫЗ БАНКЫНА БИЛДИРИП ТУРАТ. 1-1. БАНКТЫК ТОПТУН КАЙСЫЛ БОЛБОСУН КАТЫШУУЧУСУ ӨЗ ИШИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ КЫРГЫЗ БАНКЫ БЕЛГИЛЕГЕН ТҮРДӨ, ТАРТИПТЕ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРДӨ КЫРГЫЗ БАНКЫНА АЧУУГА ЖАНА БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. 2. БАНКТЫК ХОЛДИНГДИК КОМПАНИЯ БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН (БАЙКОО ОРГАНЫН) ЖАНА БАШКАРМАСЫНЫН (АТКАРУУЧУ ОРГАНЫНЫН) МҮЧӨЛӨРҮ, ОЛУТТУУ КАТЫШУУЧУЛАРЫ, ТИКЕ ЖЕ КЫЙЫР ТҮРДӨ КОНТРОЛДУКТУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН АДАМДАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ, УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 44-СТАТЬЯСЫНА ЫЛАЙЫК ОШОЛ КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН КЫРГЫЗ БАНКЫ АНЫКТАГАН КРИТЕРИЙЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮСҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАР МЕНЕН БИРГЕ, КЫРГЫЗ БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТТӨ БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. |
| 53-статья. Эсептерди кылмыштык максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салуу Кыргыз Республикасынын жана анын финансы жана банк тутумунун аброюн коргоо, банктарды терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга жол бербөө максатында, ошондой эле банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында банк эсептерин кылмыштык максаттарда пайдаланууга тыюу салынат. Кыргыз банкы мыйзамдардын жана ушул маселе боюнча эл аралык макулдашуулардын (келишимдердин) негизинде нормативдик актылары чыгарууга укуктуу. | 53-СТАТЬЯ. ЭСЕПТЕРДИ КЫЛМЫШТУУЛУК МАКСАТТАРЫ ЖАНА МЫЙЗАМДАРГА КАРШЫ КЕЛГЕН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ МАКСАТТАРЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА ТЫЮУ САЛУУ 1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА АНЫН ФИНАНСЫ ЖАНА БАНК СИСТЕМАСЫНЫН АБРОЮН КОРГОО, БАНКТАРДЫ ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) БАЙЛАНЫШКАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН ПАЙДАЛАНУУГА ЖОЛ БЕРБӨӨ МАКСАТЫНДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНКТАРДЫН АМАНАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАНА БАШКА КРЕДИТОРЛОРУН ТАЛАМДАРЫН КОРГОО ҮЧҮН БАНКТЫК ЭСЕПТЕРДИ КЫЛМЫШТУУЛУК МАКСАТТАРЫНДА ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА КАРШЫ КЕЛГЕН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН ПАЙДАЛАНУУГА ТЫЮУ САЛЫНГАН. КЫРГЫЗ БАНКЫ МЫЙЗАМДАРДЫН ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН (МАКУЛДАШУУЛАРДЫН) НЕГИЗИНДЕ БУЛ МАСЕЛЕГЕ ТИЕШЕЛҮҮ ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРДЫ ЧЫГАРУУГА УКУКТУУ. 2. КАРДАРЛАР ӨЗҮНҮН БАНКТЫК ЭСЕПТЕРИН КЫЛМЫШТУУЛУК МАКСАТТАРЫНДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА КАРШЫ КЕЛГЕН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ МАКСАТТАРЫНДА КОЛДОНГОНДУГУ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР АНЫКТАЛСА, БАНКТЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА МҮЧӨЛӨРҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАНК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ ЖАНА МҮЧӨЛӨРҮ БАНКТЫН ИЧКИ ДОКУМЕНТТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК БӨЛҮШТҮРҮЛГӨН МИЛДЕТТЕРДЕН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ, УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 25-2-СТАТЬЯСЫНЫН ТАЛАПТАРЫ АТКАРЫЛБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН БИРДЕЙ ЖООП БЕРИШЕТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (9)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу…Постановление · 20.12.2007 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 16.05.2008 · № 88 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.