КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-31.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-июлу № 523 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
О.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 4, 165-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. I глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: Кыргыз Республикасында архив иши (мындан ары - архив иши) - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну уюштуруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын иши; архив документи - маалымат жазылган материалдык сактагыч, анын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери болот жана жарандар, коом жана мамлекет үчүн булак жана маалымат маанилүү болгондуктан сакталууга тийиш; негизги иш боюнча документтер - мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын түзүлгөндөн баштап жана жоюлганга чейинки негизги ишин чагылдырган архив документтери; өздүк курам боюнча документтер - кызматчынын иш берүүчү менен эмгек мамилелерин чагылдыруучу архив документтери; Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документи - мамлекеттик эсепке алынган жана катталууга тийиш, документтин баалуулугу экспертизадан өткөн архив документи; өзгөчө баалуу документ - коом жана мамлекет үчүн маанисин жоготпой турган тарыхый жана илимий баалуулукка, өзгөчө мааниге ээ жана ага карата өзгөчө режимде эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документи; кайталангыс документ - документте камтылган маалыматтар жана (же) анын тышкы белгилери эч бир жерде болбогон, жоголгон учурда анын маанилүүлүгүнөн жана (же) автографиялуулугунан улам ордуна келбей турган өзгөчө баалуу документ; электрондук документ - документтин милдеттүү реквизиттери менен, маалымат электрондук түрдө жазылган документ; электрондук кол коюу - электрондук документке кол койгон авторду же адамды идентификациялоо үчүн электрондук документ жүгүртүүнүн башка субъекттери тарабынан колдонулуучу электрондук документтин милдеттүү реквизити; фонд (коллекция) - бири-бири менен тарыхый же логикалык жактан байланышкан архив документтеринин жыйындысы; илимий-маалымдама аппарат - документтерди жана документтик маалыматтарды издөө үчүн арналган маалымат базаларынын (делолордун тизмеси, каталогдор, фонддор боюнча жол көрсөткүч, документтердин баяндамасы) архивдик маалымдамалардын комплекси; архив - архив документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну ишке ашырган мекеме же уюмдун түзүмдүк бөлүмү; электрондук архив - маалымат электрондук түрдө жазылган архив; Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоо - документтерди мөөнөтүн аныктабастан (мөөнөтсүз) сактоо; документтерди убактылуу сактоо - документтерди ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттүн ичинде жок кылынганга чейин сактоо; Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин убактылуу сактоо - мекемелер тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин аларды мамлекеттик архивге сактоого өткөрүп бергенге чейин сактоо; документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү - документтерди сактоо мөөнөтүн аныктоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун курамына киргизүү үчүн тандап алуу максатында алардын баалуулугунун критерийлеринин негизинде документтерди изилдөө; архив документтерин тартипке келтирүү - архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык архив документтерин сактоо бирдиктерине (делого) түзүү боюнча иштөө комплекси; архив документтеринин менчик ээси - архив документтерине ээлик кылууну, пайдаланууну жана Мыйзамда же келишимде белгиленгендердин чегинде аларды тескөө боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же юридикалык же жеке жак; архив документтерин пайдалануучу - маалыматты пайдалануу максатында аны алуу үчүн архив документтерине кайрылуучу жеке же юридикалык жак; электрондук документтин автору - электрондук документти түзгөн жеке же юридикалык жак.".
2. 4-берененин биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин, кесиптик жана чыгармачыл союздардын, кооперативдик жана башка уюмдардын;".
3. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:
"5-1-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтери
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин өзгөчө баалуу документтердин, анын ичинде кайталангыс документтердин катарына кошуу тартиби, мындай документтерди эсепке алуу жана сактоо, алардын камсыздандыруу көчүрмөлөрүн түзүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтер архивдин документтерди сактоого оптималдуу шарттар түзүлгөн адистештирилген сактоочу жайларында сакталат. Бул документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түзүлөт.".
4. 8-берене "менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү" деген сөздөрдөн кийин ", саясый партиялардын" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Ведомстволук архивдерден документтердин түп нускасын алууга тыюу салынат.".
6. 16-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик архивдер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, коргоо, ички иштер, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ведомстволук архивдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана анын мекемелери ишке ашырат. Мекеме ошондой эле тармактык фонддордун - геологиянын жана минералдык ресурстардын, жерге жайгаштыруунун, геодезиянын жана картографиянын, стандартташтыруунун жана метрологиянын, патенттин, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, жарандык абалдын актыларын каттоонун өзгөчө документтерин туруктуу сактоону да ишке ашырат.".
7. 17-берененин үчүнчү бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аудиовизуалдык документтер үчүн - көчүрүү аяктагандан кийин, телерадио берүүлөр үчүн - эфирге чыккандан кийин, ал эми машина окуучу документтер үчүн - 3 жыл.".
8. 18-берененин биринчи бөлүгү "милдетүү түрдө," деген сөздөрдөн кийин "атайын архивдик кутуларда, папкаларда, тубустарда," деген сөздөр менен толукталсын.
9. 19-берененин биринчи бөлүгү "аймактык мамлекеттик архивдерден" деген сөздөрдөн кийин ошондой эле электрондук документтердин мамлекеттик архивинен" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 20-берененин биринчи бөлүгү "укук жолдоочуларга" деген сөздөрдөн кийин "же жогору турган уюмдун архивине" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мекеме - мамлекеттик архивдерди комплекттөө булактары белгиленген тартипте архив документтеринин көлөмү жана аларды сактоо шарттары жөнүндө статистикалык отчет берүүгө милдеттүү.".
12. 22-берене "милдеттүү" деген сөздөн кийин "архив документтерин тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен иреттелген абалда сактоого," деген сөздөр менен толукталсын.
13. 25-берененин үчүнчү бөлүгү "аларды иштеп чыгууга" деген сөздөрдөн кийин ", аларга илимий-маалымат аппаратын түзүүгө" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 27-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Жарандардын мүлктүк укуктарына тиешелүү архивдик маалымдамалар негизги менчик ээлерине гана же болбосо алардын ишеним каты же соттун талабы боюнча берилүүгө тийиш.".
2-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1993-ж., № 6, 169-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Контролдук жана милдеттүү нускалар
Мезгилдүү басылмалардын акысыз контролдук нускалары ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине, уюштуруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, уюштуруучу жана редакция тарабынан бекитилүүчү (тиешелүү түрдө) тизмеге ылайык мекемелерге жана уюмдарга жиберилет. Телерадио берүүлөрдүн материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине мамлекеттик сактоого берилет.".
2. 12-берене күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
"Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 12, 574-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви" деген сөздөргө алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Архив ишин башкаруунун республикалык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2011-ж., № 9, 1283-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 13-берененин 1-бөлүгүндө "(үч нускада жөнөтүлүүгө жаткан)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын кээ бир
мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Республиканын мамлекеттик архивдери архив документтеринин сакталышын камсыз кылуу, аларды мамлекеттик эсепке алуу, аларга илимий-маалымат аппаратын түзүү, алардын архив фонддорун түзүү жана мамлекеттик сактоого өз убагында өткөрүп берүү максатында мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле коомдун архив маалыматтарына муктаждыктарын камсыз кылуу боюнча иштердин комплексин аткарат. Архив мекемелеринин ишин андан ары өркүндөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" жана "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына киргизилүүдө. Архив ишинде колдонулуучу негизги түшүнүктөрдү кош мааниде чечмелөөгө жол бербөө үчүн Мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына "Негизги түшүнүктөр" деген жаңы 1-1-беренени киргизүү каралууда. Ошондой эле Мыйзам "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтери" деген жаңы 5-1-берене менен толукталууда, бул документтердин ушул түрлөрү менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында болуп жатат. Мекемелерде сакталуучу документтерди өз убагында болбогон илимий-техникалык иштеп чыгуу жана айрыкча мекемелерди жоюуда же кайра уюштурууда аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү саналат. Ушундан улам 22-берене документтерди сактоонун талап кылынуучу шарттарын жана аларды өз убагында тартипке келтирбегендиги үчүн юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө ченем менен толукталат. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан архив документтеринин көлөмү жана сактоо шарттары жөнүндө мекемелердин статистикалык отчеттуулугунун формалары катталган. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоору менен 21-беренеге мекемелер тарабынан аталган статистикалык отчетту берүү жөнүндө толуктоону киргизүү каралууда. Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8, 13, 16, 17, 18, 19, 20, 22, 25, 27-беренелерине толуктоолорду киргизүү каралат. Мекемелердин жана уюмдардын ишинин натыйжасында түзүлүүчү жана маданий-тарыхый, илимий жана саясый баалуулукка ээ болгон аудиовизуалдык документтерди комплекттөө, туруктуу мамлекеттик сактоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине жүктөлөт. Аталган архивди комплекттөөнүн булактары болуп телерадио берүү компаниялары жана корпорациялар, киностудиялар, гезиттердин редакциялары, маалыматтык агенттиктер жана аудиовизуалдык продукцияларды чыгаруу чыгармачылык-өндүрүштүк иштин негизги натыйжасы болуп саналган, менчигинин түрүнө карабастан башка мекемелер саналат. Бирок аудиовизуалдык документтер менен иштөөнү чагылдыруучу бардык эле Мыйзам актылары баалуу аудиовизуалдык документтердин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна таандыктыгы жана ушул документтерди ведомстволук сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик адистештирилген архивге өткөрүп берүү жөнүндө принциптүү маанилүү жоболорду камтый бербейт. Алсак, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы архивге тиешелүү ченемдерди камтыбайт. Ушунун бардыгы архивди аудиовизуалдык документтер менен комплекттөө темптерин төмөндөтүүгө алып келди жана андан ары Кыргызстандын тарыхы жөнүндө баалуу документтерди жоготууга алып келиши ыктымал. Ушуга байланыштуу "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин редакциясы өзгөртүлдү жана 12-берене алып салынды. 12-беренени алып салуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамынын 28-беренеси менен аудиовизуалдык чыгармаларды эсепке алуунун жана алардын көчүрмөлөрүн (жазууларын) сактоонун башка тартиби белгиленгендиги менен негизделет. Баалуу аудиовизуалдык документтердин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна таандыктыгы маселеси жана ушул документтерди мамлекеттик архивдерге өткөрүп берүү тартиби "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган. Бирок "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12 жана 18-беренелеринде Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин аталышы туура эмес көрсөтүлгөн, бул архивди аудиовизуалдык документтер менен комплекттөөдө белгиленген бир кыйынчылыктарды жаратат. Архив ишин башкаруу органынын жана Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын аталыштары да өзгөртүлдү. "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзам актылары толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышына жардам берет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы
Э.Алиев
"Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзам
актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынуучу редакция |
|---|---|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| 1-1-БЕРЕНЕ. НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР БУЛ МЫЙЗАМДА ТӨМӨНКҮДӨЙ НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР КОЛДОНУЛАТ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АРХИВ ИШИ (МЫНДАН АРЫ - АРХИВ ИШИ) - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН САКТООНУ, КОМПЛЕКТТӨӨНҮ, ЭСЕПКЕ АЛУУНУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУНУ УЮШТУРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН, УЮМДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДАРДЫН ИШИ; АРХИВ ДОКУМЕНТИ - МААЛЫМАТ ЖАЗЫЛГАН МАТЕРИАЛДЫК БУЛАК, АНЫН ИДЕНТИФИКАЦИЯЛООГО МҮМКҮНДҮК БЕРҮҮЧҮ РЕКВИЗИТТЕРИ БОЛОТ ЖАНА ЖАРАНДАР, КООМ ЖАНА МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН БУЛАК ЖАНА МААЛЫМАТ МААНИЛҮҮ БОЛГОНДУКТАН САКТАЛУУГА ТИЙИШ; НЕГИЗГИ ИШ БОЮНЧА ДОКУМЕНТТЕР - МЕКЕМЕЛЕРДИН, УЮМДАРДЫН ЖАНА ИШКАНАЛАРДЫН ТҮЗҮЛГӨНДӨН БАШТАП ЖАНА ЖОЮЛГАНГА ЧЕЙИНКИ НЕГИЗГИ ИШИН ЧАГЫЛДЫРГАН АРХИВДИК ДОКУМЕНТТЕР; ӨЗДҮК КУРАМ БОЮНЧА ДОКУМЕНТТЕР - ИШКЕРДИН ИШ БЕРҮҮЧҮ МЕНЕН ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИН ЧАГЫЛДЫРУУЧУ АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИ; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТИ - МАМЛЕКЕТТИК ЭСЕПКЕ АЛЫНГАН ЖАНА КАТТАЛУУГА ТИЙИШ, ДОКУМЕНТТИН БААЛУУЛУГУ ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТКӨН АРХИВ ДОКУМЕНТИ; ӨЗГӨЧӨ БААЛУУ ДОКУМЕНТ - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТИ, АЛ КООМ ЖАНА МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН МААНИСИН ЖОГОТПОЙ ТУРГАН ТАРЫХЫЙ ЖАНА ИЛИМИЙ БААЛУУЛУККА, ӨЗГӨЧӨ МААНИЛҮҮЛҮККӨ ЭЭ ЖАНА АГА КАРАТА ӨЗГӨЧӨ РЕЖИМДЕ ЭСЕПКЕ АЛУУ, САКТОО ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БЕЛГИЛЕНГЕН; КАЙТАЛАНГЫС ДОКУМЕНТ - АНДА КАМТЫЛГАН МААЛЫМАТТАР ЖАНА (ЖЕ) АНЫН ТЫШКЫ БЕЛГИЛЕРИ ЭЧ БИР ЖЕРДЕ БОЛБОГОН, ЖОГОЛГОН УЧУРДА АНЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮНӨН ЖАНА (ЖЕ) АВТОГРАФИЯЛУУЛУГУНАН УЛАМ ОРДУНА КЕЛБЕЙ ТУРГАН ӨЗГӨЧӨ БАЯЛУУ ДОКУМЕНТ; ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТ - ДОКУМЕНТТИН МИЛДЕТТҮҮ РЕКВИЗИТТЕРИН КОШО АЛГАНДА, МААЛЫМАТ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ЖАЗЫЛГАН ДОКУМЕНТ; ЭЛЕКТРОНДУК КОЛ ТАМГА - ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТКЕ КОЛ КОЙГОН АВТОРДУ ЖЕ АДАМДЫ ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТ ЖҮГҮРТҮҮНҮН БАШКА СУБЪЕКТТЕРИ ТАРАБЫНАН ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН КОЛДОНУЛУУЧУ ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТТИН МИЛДЕТТҮҮ РЕКВИЗИТИ; ФОНД (КОЛЛЕКЦИЯ) - БИРИ-БИРИ МЕНЕН ТАРЫХЫЙ ЖЕ ЛОГИКАЛЫК ЖАКТАН БАЙЛАНЫШКАН АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИНИН ЖЫЙЫНДЫСЫ; ИЛИМИЙ-МААЛЫМАТ АППАРАТЫ - ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖАНА ДОКУМЕНТТИК МААЛЫМАТТАРДЫ ИЗДӨӨ ҮЧҮН АРНАЛГАН АРХИВ МААЛЫМАТТАРЫНЫН (ДЕЛОЛОРДУН ТИЗМЕСИ, КАТАЛОГДОР, ФОНДДОР БОЮНЧА ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ, ДОКУМЕНТТЕРДИН БАЯНДАМАСЫ), МААЛЫМАТТАР БАЗАЛАРЫНЫН КОМПЛЕКСИ; АРХИВ - АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИН САКТООЧУ, КОМПЛЕКТТӨӨЧҮ, ЭСЕПКЕ АЛУУЧУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУЧУ МЕКЕМЕ ЖЕ БИР УЮМДУН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМҮ; ЭЛЕКТРОНДУК АРХИВ - МААЛЫМАТ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ЖАЗЫЛГАН АРХИВ; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН ТУРУКТУУ САКТОО - ДОКУМЕНТТЕРДИ МӨӨНӨТҮН АНЫКТАБАСТАН (МӨӨНӨТСҮЗ) САКТОО; ДОКУМЕНТТЕРДИ УБАКТЫЛУУ САКТОО - ДОКУМЕНТТЕРДИ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТ БОЮ ЖОК КЫЛЫНГАНГА ЧЕЙИН САКТОО; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН УБАКТЫЛУУ САКТОО - УШУЛ МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МАМЛЕКЕТТИК АРХИВГЕ САКТООГО ӨТКӨРҮП БЕРГЕНГЕ ЧЕЙИН САКТОО; ДОКУМЕНТТЕРДИН БААЛУУЛУГУНА ЭКСПЕРТИЗА ЖҮРГҮЗҮҮ - ДОКУМЕНТТЕРДИ САКТОО МӨӨНӨТҮН АНЫКТОО ЖАНА АЛАРДЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН КУРАМЫНА КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН ТАНДАП АЛУУ МАКСАТЫНДА АЛАРДЫН БААЛУУЛУГУНУН КРИТЕРИЙЛЕРИНИН НЕГИЗИНДЕ ДОКУМЕНТТЕРДИ ИЗИЛДӨӨ; АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИН ТАРТИПКЕ КЕЛТИРҮҮ - АРХИВ ИШИН БАШКАРУУНУН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ЭРЕЖЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИН САКТОО БИРДИКТЕРИНЕ (ДЕЛОГО) ТҮЗҮҮ БОЮНЧА ИШТӨӨ КОМПЛЕКСИ; АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИНИН МЕНЧИК ЭЭСИ - АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИНЕ ЭЭЛИК КЫЛУУЧУ, ПАЙДАЛАНУУЧУ ЖАНА МЫЙЗАМ ЖЕ КЕЛИШИМ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНГЕН ЧЕКТЕ АЛАРДЫ ТЕСКӨӨ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНЫ ЖЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖЕ ЖЕКЕ ЖАК; АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИН ПАЙДАЛАНУУЧУ - МААЛЫМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУ МАКСАТЫНДА АНЫ АЛУУ ҮЧҮН АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИНЕ КАЙРЫЛУУЧУ ЖЕКЕ ЖЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖАК; ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТТИН АВТОРУ - ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТТИ ТҮЗГӨН ЖЕКЕ ЖЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖАК. | |
| 4-берене. Улуттук архив фондунун курамы Улуттук архив фонду Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде иштеген жана азыр да иштеп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан, иш процессинде түзүлгөн документтерден турат. Буга: жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, прокуратуранын, соттордун, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, ички иштер, коргоо органдарынын жана алардын окуу жайларынын, нотариаттын, загстардын; өнөр жай, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарынын ишканаларынын; илим, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, кинематография, телекөрсөтүү, радио жана басма сөз мекемелеринин жана башка киновидеофотофоночыгаруучу ишканалардын уюмдарынын; [кесиптик союздардын, кооперативдик, чыгармачыл жана башка уюмдар менен коомдук бирикмелердин;] диний уюмдардын; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашып келген же азыр жайгашып турган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн; мамлекет карамагына алган архивдердин; өздүк архивдердин документтери; мамлекеттин менчигине Мыйзамдуу негизде түшкөн башка документтер; Улуттук архив фондуна ошондой эле мамлекеттин менчигине түшкөн башка документтер, Кыргыз Республикасынын чегинен тышта сакталып турган жана эл аралык келишимдерге ылайык кайра берилүүгө тийиш болгон архивдик документтер кирет. Улуттук архив фонду ошондой эле юридикалык жактардын менчигиндеги, жарандардын жеке менчигиндеги, ошондой эле башка мамлекеттен түшкөн баалуу документтерди тартуулоо, мурастоо, сатып алуу жолу менен да толукталат. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттин маалымат ресурстарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана башка маалымат ресурстары менен катар Мыйзам тарабынан корголот. | 4-берене. Улуттук архив фондунун курамы Улуттук архив фонду Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде иштеген жана азыр да иштеп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан, иш процессинде түзүлгөн документтерден турат. Буга: жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, прокуратуранын, соттордун, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, ички иштер, коргоо органдарынын жана алардын окуу жайларынын, нотариаттын, загстардын; өнөр жай, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарынын ишканаларынын; илим, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, кинематография, телекөрсөтүү, радио жана басма сөз мекемелеринин жана башка киновидеофотофоночыгаруучу ишканалардын уюмдарынын; САЯСЫЙ ПАРТИЯЛАРДЫН, КООМДУК БИРИКМЕЛЕРДИН, КЕСИПТИК ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛ СОЮЗДАРДЫН, КООПЕРАТИВДИК ЖАНА БАШКА УЮМДАРДЫН; диний уюмдардын; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашып келген же азыр жайгашып турган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн; мамлекет карамагына алган архивдердин; өздүк архивдердин документтери; мамлекеттин менчигине Мыйзамдуу негизде түшкөн башка документтер; Улуттук архив фондуна ошондой эле мамлекеттин менчигине түшкөн башка документтер, Кыргыз Республикасынын чегинен тышта сакталып турган жана эл аралык келишимдерге ылайык кайра берилүүгө тийиш болгон архивдик документтер кирет. Улуттук архив фонду ошондой эле юридикалык жактардын менчигиндеги, жарандардын жеке менчигиндеги, ошондой эле башка мамлекеттен түшкөн баалуу документтерди тартуулоо, мурастоо, сатып алуу жолу менен да толукталат. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттин маалымат ресурстарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана башка маалымат ресурстары менен катар Мыйзам тарабынан корголот. |
| 5-1-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин өзгөчө баалуу документтердин, анын ичинде кайталангыс документтердин катарына кошуу тартиби, мындай документтерди эсепке алуу жана сактоо, алардын камсыздандыруу көчүрмөлөрүн түзүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан аныкталат. ӨЗГӨЧӨ БААЛУУ ЖАНА КАЙТАЛАНГЫС ДОКУМЕНТТЕР АРХИВДИН АДИСТЕШТИРИЛГЕН САКТООЧУ ЖАЙЛАРЫНДА САКТАЛАТ, АЛАРДА ДОКУМЕНТТЕРДИ САКТООГО ОПТИМАЛДУУ ШАРТТАР ТҮЗҮЛГӨН. БУЛ ДОКУМЕНТТЕРДИН КАМСЫЗДАНДЫРУУ КӨЧҮРМӨЛӨРҮ МИЛДЕТТҮҮ ТАРТИПТЕ ТҮЗҮЛӨТ. | |
| 8-берене. Менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү юридикалык жактардын архив фонддору Кыргыз Республикасынын аймагындагы уставдык капиталында мамлекеттик эмес үлүштөрү басымдуулук кылган менчиктин аралаш түрүндөгү, менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын документтери - Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн түзөт. | 8-берене. Менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү юридикалык жактардын архив фонддору Кыргыз Республикасынын аймагындагы уставдык капиталында мамлекеттик эмес үлүштөрү басымдуулук кылган менчиктин аралаш түрүндөгү, менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, САЯСЫЙ ПАРТИЯЛАРДЫН, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын документтери - Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн түзөт. |
| 13-берене. Ведомстволук архивдердин документтерин менчиктөө укугу Ведомстволук архивдер документтерди мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүп бергенге чейин архивдик документтерге ээ болууга, пайдаланууга жана аны тескөөгө укуктуу. Ведомстволук архивдердин документтери соода-сатык жана аларды ээликтен ажыратып алуу боюнча башка бүтүм түзүүлөрдүн объектиси боло албайт жана сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик архивдерге акысыз берилүүгө тийиш. | 13-берене. Ведомстволук архивдердин документтерин менчиктөө укугу Ведомстволук архивдер документтерди мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүп бергенге чейин архивдик документтерге ээ болууга, пайдаланууга жана аны тескөөгө укуктуу. Ведомстволук архивдердин документтери соода-сатык жана аларды ээликтен ажыратып алуу боюнча башка бүтүм түзүүлөрдүн объектиси боло албайт жана сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик архивдерге акысыз берилүүгө тийиш. ДОКУМЕНТТЕРДИН ТҮП НУСКАСЫН ВЕДОМСТВОЛУК АРХИВДЕРДЕН ЧЫГАРЫП АЛУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ. |
| 16-берене. Улуттук архив фондунун документтерин сактоо тартиби [Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоо мамлекеттик архивдер, Кыргыз Республикасынын Президентинин архиви, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, коргоо, ички иштер, тышкы иштер органдарынын ведомстволук архивдери; - геология жана минералдык ресурстар; жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография; стандартташтыруу жана метрология, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын мекемелеринин тармактык фондулары тарабынан ишке ашырылат.] Улуттук архив фондунун документтери, ошондой эле мамлекеттин менчигиндеги архив мекемелеринин имарат жайлары менчиктештирилүүгө жатпайт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик музейлер, китепканалар, менчигинин түрү мамлекеттик эмес болгон юридикалык жактар жана жеке жактар ишке ашырышы же мамлекеттик архив кызматынын мекемелери менен макулдашуу боюнча аларды мамлекеттик архивдерге сактоого бериши мүмкүн. Мамлекеттик музейлерди жана китепканаларды, ошондой эле коомдук, диний бирикмелердин жана уюмдардын архивдерин, менчик архивдерди Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн түп нуска документтери менен комплектөөгө тыюу салынат. | 16-берене. Улуттук архив фондунун документтерин сактоо тартиби КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН ТУРУКТУУ САКТООНУ МАМЛЕКЕТТИК АРХИВДЕР, УЛУТТУК КООПСУЗДУК, БАҢГИЗАТТАРДЫ КОНТРОЛДОО БОЮНЧА, КОРГОО, ИЧКИ ИШТЕР, ТЫШКЫ ИШТЕР МЕКЕМЕЛЕРИНИН ВЕДОМСТВОЛУК АРХИВДЕРИ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ЖАНА АНЫН МЕКЕМЕЛЕРИ ИШКЕ АШЫРАТ. МЕКЕМЕЛЕР ТАРМАКТЫК ФОНДДОРДУН - ГЕОЛОГИЯНЫН ЖАНА МИНЕРАЛДЫК РЕСУРСТАРДЫН, ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУНУН, ГЕОДЕЗИЯНЫН ЖАНА КАРТОГРАФИЯНЫН, СТАНДАРТТАШТЫРУУНУН ЖАНА МЕТРОЛОГИЯНЫН, ПАТЕНТТИН, КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ УКУКТАРДЫ КАТТООНУН, ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТООНУН ӨЗГӨЧӨ ДОКУМЕНТТЕРИН ТУРУКТУУ САКТООНУ ДА ИШКЕ АШЫРАТ. Улуттук архив фондунун документтери, ошондой эле мамлекеттин менчигиндеги архив мекемелеринин имарат жайлары менчиктештирилүүгө жатпайт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик музейлер, китепканалар, менчигинин түрү мамлекеттик эмес болгон юридикалык жактар жана жеке жактар ишке ашырышы же мамлекеттик архив кызматынын мекемелери менен макулдашуу боюнча аларды мамлекеттик архивдерге сактоого бериши мүмкүн. Мамлекеттик музейлерди жана китепканаларды, ошондой эле коомдук, диний бирикмелердин жана уюмдардын архивдерин, менчик архивдерди Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн түп нуска документтери менен комплектөөгө тыюу салынат. |
| 17-берене. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин комплектөө булактары бар уюмдарда убактылуу сактоо Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтери мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого берилгенге чейин кызматтык, илимий жана башка максаттарда пайдалануу үчүн, ошондой эле жарандардын укуктарын жана Мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда сакталат. Бул документтерди сактоо жана алар менен иш жүргүзүү үчүн ведомстволук архивдер түзүлөт, алар атайын имарат жайлар, жабдуулар, адистер жана зарыл окуу-методикалык адабияттар менен камсыз кылынат. Ведомстволук архивдерде документтерди сактоонун төмөндөгүдөй чектүү мөөнөттөрү белгиленет: жогорку мамлекеттик органдардын, республикалык маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мамлекеттин менчигинде турган документтери үчүн - 15 жыл; областтык баш ийүүдөгү жергиликтүү аткаруу жана тескөө органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын документтери үчүн - 10 жыл, шаардык жана райондук баш ийүүдөгүлөр үчүн - 5 жыл; илимий техникалык документация үчүн - 25 жылга чейин; жарандык абалдын актыларынын жана нотариалдык аракеттердин жазуулары, өздүк курам боюнча документтер үчүн - 75 жыл; [аудиовизуалдык жана машина окуучу документтер үчүн - 3 жыл.] Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери келишим түзүү аркылуу Улуттук архив фондунун документтерин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртө алышат. | 17-берене. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин комплектөө булактары бар уюмдарда убактылуу сактоо Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтери мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого берилгенге чейин кызматтык, илимий жана башка максаттарда пайдалануу үчүн, ошондой эле жарандардын укуктарын жана Мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда сакталат. Бул документтерди сактоо жана алар менен иш жүргүзүү үчүн ведомстволук архивдер түзүлөт, алар атайын имарат жайлар, жабдуулар, адистер жана зарыл окуу-методикалык адабияттар менен камсыз кылынат. Ведомстволук архивдерде документтерди сактоонун төмөндөгүдөй чектүү мөөнөттөрү белгиленет: жогорку мамлекеттик органдардын, республикалык маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мамлекеттин менчигинде турган документтери үчүн - 15 жыл; областтык баш ийүүдөгү жергиликтүү аткаруу жана тескөө органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын документтери үчүн - 10 жыл, шаардык жана райондук баш ийүүдөгүлөр үчүн - 5 жыл; илимий техникалык документация үчүн - 25 жылга чейин; жарандык абалдын актыларынын жана нотариалдык аракеттердин жазуулары, өздүк курам боюнча документтер үчүн - 75 жыл; АУДИОВИЗУАЛДЫК ДОКУМЕНТТЕР ҮЧҮН - КӨЧҮРҮҮ АЯКТАГАНДАН КИЙИН, ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮЛӨР ҮЧҮН - ЭФИРГЕ ЧЫККАНДАН КИЙИН, АЛ ЭМИ МАШИНА ОКУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР ҮЧҮН - 3 ЖЫЛ. Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери келишим түзүү аркылуу Улуттук архив фондунун документтерин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртө алышат. |
| 18-берене. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу мамлекеттик сактоого берүү Улуттук архив фондунун документтерин министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, мамлекеттик комиссияларда, мамлекеттик ишканаларда, бирикмелерде жана уюмдарда ушул Мыйзамдын 17-беренесинде белгиленген сактоо мөөнөтү бүткөндө, бул документтер, сөзсүз түрдө, алардын эсебинен иреттелип, белгиленген тартипте толукталып, тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен мамлекеттик архивге туруктуу сактоого өткөрүлүүгө тийиш. Электрондук документтер менен кошо, керектүү учурларда аларды кайра жаздыруу үчүн программалык каражаттар да өткөрүлөт. Мамлекеттик менчик түрүндөгү аудиовизуалдык продукцияларды иштеп чыгаруучулар өз продукциясынын бирден нускасын сөзсүз түрдө мамлекеттик сактоого акысыз өткөрүүгө милдеттүү. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери документтердин мамлекеттик бөлүгүн Улуттук архив фондуна сактоого өз убагында жана толук эмес өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын архив иштери боюнча Мыйзамдарында аныкталат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн катышуусу менен түзүлгөн эл аралык уюмдардын, биргелешкен ишканалардын документтери, эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик архивдерге сакталууга өткөрүлөт. | 18-берене. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу мамлекеттик сактоого берүү Улуттук архив фондунун документтерин министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, мамлекеттик комиссияларда, мамлекеттик ишканаларда, бирикмелерде жана уюмдарда ушул Мыйзамдын 17-беренесинде белгиленген сактоо мөөнөтү бүткөндө, бул документтер, сөзсүз түрдө, АТАЙЫН АРХИВДИК КУТУЛАРДА, ПАПКАЛАРДА, ТУБУСТАРДА, алардын эсебинен иреттелип, белгиленген тартипте толукталып, тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен мамлекеттик архивге туруктуу сактоого өткөрүлүүгө тийиш. Электрондук документтер менен кошо, керектүү учурларда аларды кайра жаздыруу үчүн программалык каражаттар да өткөрүлөт. Мамлекеттик менчик түрүндөгү аудиовизуалдык продукцияларды иштеп чыгаруучулар өз продукциясынын бирден нускасын сөзсүз түрдө мамлекеттик сактоого акысыз өткөрүүгө милдеттүү. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери документтердин мамлекеттик бөлүгүн Улуттук архив фондуна сактоого өз убагында жана толук эмес өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын архив иштери боюнча Мыйзамдарында аныкталат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн катышуусу менен түзүлгөн эл аралык уюмдардын, биргелешкен ишканалардын документтери, эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик архивдерге сакталууга өткөрүлөт. |
| 19-берене. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактаган мамлекеттик архивдердин тармагы Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактаган мамлекеттик архивдердин тармагы борбордук, облустук, шаардык жана аймактык мамлекеттик архивдерден, турат. Мамлекеттик архивдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын чечимдери менен архив ишин башкаруучу республикалык органдын сунушу боюнча түзүлөт. Республикалык мамлекеттик архивдер Улуттук архив фондунун документтери менен иш жүргүзүү боюнча республикалык илимий методикалык жана илим изилдөө борборлору, областтык архивдер уюштуруу-методикалык борборлор болуп саналышат. Мамлекеттик архивдер белгиленген тартипте мамлекеттин тарыхый-маданий мурастары сакталган өзгөчө баалуу объектилерге киргизилиши мүмкүн жана мындай учурда маданий-мурастардын өзгөчө баалуу объектилеринин мамлекеттик тизмесине киргизилет жана колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык күзөттүн жана пайдалануунун өзгөчө режимине алынат. | 19-берене. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактаган мамлекеттик архивдердин тармагы Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактаган мамлекеттик архивдердин тармагы борбордук, облустук, шаардык жана аймактык мамлекеттик архивдерден, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТТЕРДИН МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИНЕН турат. Мамлекеттик архивдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын чечимдери менен архив ишин башкаруучу республикалык органдын сунушу боюнча түзүлөт. Республикалык мамлекеттик архивдер Улуттук архив фондунун документтери менен иш жүргүзүү боюнча республикалык илимий методикалык жана илим изилдөө борборлору, областтык архивдер уюштуруу-методикалык борборлор болуп саналышат. Мамлекеттик архивдер белгиленген тартипте мамлекеттин тарыхый-маданий мурастары сакталган өзгөчө баалуу объектилерге киргизилиши мүмкүн жана мындай учурда маданий-мурастардын өзгөчө баалуу объектилеринин мамлекеттик тизмесине киргизилет жана колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык күзөттүн жана пайдалануунун өзгөчө режимине алынат. |
| 20-берене. Юридикалык жактарды кайра уюштурууда же жоюуда жана менчик ээсин жоготууда архивдик документтерди менчиктөө укугу Мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууда же жоюуда же фондду кармоочу документтердин сакталышын камсыз кыла албаган учурда, алардын документтик фондулары укук жолдоочуларга ал эми алар жокто мамлекеттик архивдерге сактоого берилет. Документтерди жана мүлктү берүү үчүн түзүлгөн комиссиялардын курамына мамлекеттик архив кызматынын өкүлдөрү жана башка юридикалык жактардын адистери кирет. Мураскору болбогон менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар жоюлган мезгилде, алардын илимий-тарыхый баалуулугу бар документтери жана өздүк курамы боюнча документтери мамлекеттик архивге сакталууга өткөрүлүшү керек. Ар кайсы ишкананын, мекеменин, уюмдун жоюлушу, алардын документтеринин сакталуучу жайы тууралу мамлекеттик архивдин корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырылат. Менчик ээсин жоготкон же менчик ээси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте бул документтерди менчиктөө укугунан ажыраган илимий-тарыхый баалуулугу бар архивдик документтер мамлекеттик архивге берилет. | 20-берене. Юридикалык жактарды кайра уюштурууда же жоюуда жана менчик ээсин жоготууда архивдик документтерди менчиктөө укугу Мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууда же жоюуда же фондду кармоочу документтердин сакталышын камсыз кыла албаган учурда, алардын документтик фондулары укук жолдоочуларга ЖЕ ЖОГОРУ ТУРГАН УЮМДУН АРХИВИНЕ, ал эми алар жокто мамлекеттик архивдерге сактоого берилет. Документтерди жана мүлктү берүү үчүн түзүлгөн комиссиялардын курамына мамлекеттик архив кызматынын өкүлдөрү жана башка юридикалык жактардын адистери кирет. Мураскору болбогон менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар жоюлган мезгилде, алардын илимий-тарыхый баалуулугу бар документтери жана өздүк курамы боюнча документтери мамлекеттик архивге сакталууга өткөрүлүшү керек. Ар кайсы ишкананын, мекеменин, уюмдун жоюлушу, алардын документтеринин сакталуучу жайы тууралу мамлекеттик архивдин корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырылат. Менчик ээсин жоготкон же менчик ээси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте бул документтерди менчиктөө укугунан ажыраган илимий-тарыхый баалуулугу бар архивдик документтер мамлекеттик архивге берилет. |
| 21-берене. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу Улуттук архив фондунун документтери кайсы жерде сакталганына карабастан фонддор (коллекциялар), эсеп бирдиктери жана сактоо бирдиктери боюнча борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алуунун тартиби архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленет. | 21-берене. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу Улуттук архив фондунун документтери кайсы жерде сакталганына карабастан фонддор (коллекциялар), эсеп бирдиктери жана сактоо бирдиктери боюнча борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. МЕКЕМЕЛЕР - МАМЛЕКЕТТИК АРХИВДЕРДИ КОМПЛЕКТТӨӨ БУЛАКТАРЫ МИЛДЕТТҮҮ ТАРТИПТЕ АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИНИН КӨЛӨМҮ ЖАНА АЛАРДЫ САКТОО ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ СТАТИСТИКАЛЫК ОТЧЕТ БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алуунун тартиби архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленет. |
| 22-берене. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын камсыз кылуу Мамлекеттик органдар, мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактар жана архив документтерин менчиктөөчүлөр (түзүүчүлөр) болуп саналган жарандар бул документтердин сакталышын камсыз кылууга, архивдердин имарат жайларын тийиштүү тартипте кармоого, алардын кайтарылышын уюштурууга, архив документтерин сактоо үчүн зарыл болгон технологиялык режимди колдоого, документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрүн жана пайдалануу фондуларын түзүүгө милдеттүү. Сактоо талаптарына жооп бербеген жайларга архив документтерин жайгаштырууга тыюу салынат. | 22-берене. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын камсыз кылуу Мамлекеттик органдар, мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактар жана архив документтерин менчиктөөчүлөр (түзүүчүлөр) болуп саналган жарандар ТИЕШЕЛҮҮ ИЛИМИЙ-МААЛЫМАТ АППАРАТЫ МЕНЕН ИРЕТТЕЛГЕН АБАЛДА АРХИВ ДОКУМЕНТТЕРИН САКТООГО, бул документтердин сакталышын камсыз кылууга, архивдердин имарат жайларын тийиштүү тартипте кармоого, алардын кайтарылышын уюштурууга, архив документтерин сактоо үчүн зарыл болгон технологиялык режимди колдоого, документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрүн жана пайдалануу фондуларын түзүүгө милдеттүү. Сактоо талаптарына жооп бербеген жайларга архив документтерин жайгаштырууга тыюу салынат. |
| 25-берене. Иш кагаздарын жүргүзүү тартиби Иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген тартибине ылайык мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда иш кагаздарын уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салган ченемдик методикалык типтүү документтерди иштеп чыгуу архив ишин башкаруунун республикалык органына жүктөлөт. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар тармактык архивдик документтердин сакталуу мөөнөтү көрсөтүлгөн тизмелерди түзүүгө жана аларды бекитүүгө архив иштерин жетектөөчү республикалык органга көрсөтүүгө милдеттүү. Ишканалар, мекемелер жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар документтер менен иштөө, аларды иштеп чыгуу, кыймылга келтирүү жана сактоо тартибине коюлуучу ченемдерди жана талаптарды сактоого милдеттүү. | 25-берене. Иш кагаздарын жүргүзүү тартиби Иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген тартибине ылайык мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда иш кагаздарын уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салган ченемдик методикалык типтүү документтерди иштеп чыгуу архив ишин башкаруунун республикалык органына жүктөлөт. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар тармактык архивдик документтердин сакталуу мөөнөтү көрсөтүлгөн тизмелерди түзүүгө жана аларды бекитүүгө архив иштерин жетектөөчү республикалык органга көрсөтүүгө милдеттүү. Ишканалар, мекемелер жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар документтер менен иштөө, аларды иштеп чыгуу, АЛАРГА ИЛИМИЙ-МААЛЫМАТ АППАРАТЫН ТҮЗҮҮГӨ, кыймылга келтирүү жана сактоо тартибине коюлуучу ченемдерди жана талаптарды сактоого милдеттүү. |
| 27-берене. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик жана ведомстволук архивдерге сактоого түшкөн учурдан тартып пайдалануу үчүн ачык. Ар бир жеке адам мамлекеттик архивдин документтерин пайдаланууга укуктуу. Мамлекеттик архивдерде Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери ушул Мыйзамдын негизинде архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан, ал эми министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда сакталып турган Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу тартиби - архивдердин ишинин колдонуудагы эрежелерине ылайык ушул юридикалык жактардын башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Архив мекемелери архивдик документтерде камтылган жана Мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого милдеттүү. Архивдик документтерди пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет: а) мамлекеттик сырдын ачыкка чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо; б) архивдик документтердин сакталышына зыян келтириши мүмкүн болсо (мындай учурда түп нусканын ордуна көчүрмө берилет); в) болуп саналган жарандардын жеке кызыкчылыгына зыян келтирсе. Калган учурларда архив документтерин пайдалануудан баш тартууга жол берилбейт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же кызматтык сырды камтыган документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү улуттук коопсуздук органдарынын документтерин (улуттук коопсуздук органдарынын документтерин пайдаланууга чектөө оперативдүү маанисин жоготкон мезгилден тартып 75 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет) кошпогондо, документтер түзүлгөн учурдан тартып 30 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жашыруун сактоонун 30 жылдык мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу же мамлекеттин Мыйзам актыларынын негизинде өзүнүн жашыруун мүнөзүн жоготкон Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтеринин жашыруундук белгисин өзгөртүү колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык мамлекеттик архив кызматынын системасындагы Архивдик документтердин жашырындуулугун алып салуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан мекемелер, мамлекеттик музейлер жана китепканалар, ведомстволук архивдер тарабынан жүргүзүлөт. Архив документтеринин ээлери (түзүүчүлөрү) болуп саналган жарандар алардын мазмунун жарыя кылбоону шарттоого же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөөгө укуктуу. Мамлекеттик архивдерге түшкөн өзүмдүк архивдердин документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү мөөнөтү аларды берген жарандар тарабынан шартталышы мүмкүн, бирок берилген учурдан тартып 75 жылдан ашпоого тийиш. Документтер сактоого берилгенде бул документтердин ээси (түзүүчүсү) кайсы маалыматтарды жарыя кылууга болбой тургандыгын мамлекеттик архивге жазуу жүзүндө эскертүүгө тийиш. Архив документин пайдалануучу, эгерде бул документти пайдаланууга Мыйзамда чек коюлбаса, документтин сакталган жерине шилтеме берүү менен архив документин жарыялоого, окуп берүүгө жана башкача түрдө пайдаланууга укуктуу. | 27-берене. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик жана ведомстволук архивдерге сактоого түшкөн учурдан тартып пайдалануу үчүн ачык. Ар бир жеке адам мамлекеттик архивдин документтерин пайдаланууга укуктуу. ЖАРАНДАРДЫН МҮЛКТҮК УКУКТАРЫНА ТИЕШЕЛҮҮ АРХИВДИК МААЛЫМДАМАЛАР АЛАРДЫН ИШЕНИМ КАТЫ ЖЕ СОТТУН ТАЛАБЫ БОЮНЧА НЕГИЗГИ МЕНЧИК ЭЭЛЕРИНЕ ГАНА БЕРИЛҮҮГӨ ТИЙИШ. Мамлекеттик архивдерде Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери ушул Мыйзамдын негизинде архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан, ал эми министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда сакталып турган Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу тартиби - архивдердин ишинин колдонуудагы эрежелерине ылайык ушул юридикалык жактардын башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Архив мекемелери архивдик документтерде камтылган жана Мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого милдеттүү. Архивдик документтерди пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет: а) мамлекеттик сырдын ачыкка чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо; б) архивдик документтердин сакталышына зыян келтириши мүмкүн болсо (мындай учурда түп нусканын ордуна көчүрмө берилет); в) болуп саналган жарандардын жеке кызыкчылыгына зыян келтирсе. Калган учурларда архив документтерин пайдалануудан баш тартууга жол берилбейт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же кызматтык сырды камтыган документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү улуттук коопсуздук органдарынын документтерин (улуттук коопсуздук органдарынын документтерин пайдаланууга чектөө оперативдүү маанисин жоготкон мезгилден тартып 75 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет) кошпогондо, документтер түзүлгөн учурдан тартып 30 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жашыруун сактоонун 30 жылдык мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу же мамлекеттин Мыйзам актыларынын негизинде өзүнүн жашыруун мүнөзүн жоготкон Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтеринин жашыруундук белгисин өзгөртүү колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык мамлекеттик архив кызматынын системасындагы Архивдик документтердин жашырындуулугун алып салуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан мекемелер, мамлекеттик музейлер жана китепканалар, ведомстволук архивдер тарабынан жүргүзүлөт. Архив документтеринин ээлери (түзүүчүлөрү) болуп саналган жарандар алардын мазмунун жарыя кылбоону шарттоого же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөөгө укуктуу. Мамлекеттик архивдерге түшкөн өзүмдүк архивдердин документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү мөөнөтү аларды берген жарандар тарабынан шартталышы мүмкүн, бирок берилген учурдан тартып 75 жылдан ашпоого тийиш. Документтер сактоого берилгенде бул документтердин ээси (түзүүчүсү) кайсы маалыматтарды жарыя кылууга болбой тургандыгын мамлекеттик архивге жазуу жүзүндө эскертүүгө тийиш. Архив документин пайдалануучу, эгерде бул документти пайдаланууга Мыйзамда чек коюлбаса, документтин сакталган жерине шилтеме берүү менен архив документин жарыялоого, окуп берүүгө жана башкача түрдө пайдаланууга укуктуу. |
| "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| 11-берене. Контролдук жана милдеттүү нускалар Акысыз контролдук нускалар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китеп палатасына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китепканасына, уюштуруучуга, ошондой эле Өкмөт, уюштуруучу жана редакция тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык мекемелерге жана уюмдарга жиберилет. | 11-берене. Контролдук жана милдеттүү нускалар МЕЗГИЛДҮҮ БАСЫЛМАЛАРДЫН АКЫСЫЗ КОНТРОЛДУК НУСКАЛАРЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КИТЕП ПАЛАТАСЫНА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИНЕ, УЮШТУРУУЧУГА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА РЕДАКЦИЯ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛҮҮЧҮ (ТИЕШЕЛҮҮ ТҮРДӨ) ТИЗМЕГЕ ЫЛАЙЫК МЕКЕМЕЛЕРГЕ ЖАНА УЮМДАРГА ЖИБЕРИЛЕТ. ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮЛӨРДҮН МАТЕРИАЛДАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК МАМЛЕКЕТТИК КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТТЕР АРХИВИНЕ МАМЛЕКЕТТИК САКТООГО БЕРИЛЕТ. |
| 12-берене. Теле жана радио берүүлөрдүн материалдарын сактоо Теле жана радио берүүлөрдүн редакциялары берүүлөрдүн материалдары обого чыккандан кийин бир ай бою сактоого, анда берүүлөрдүн темасы, күнү, башталган жана бүткөн мезгили, алып баруучунун фамилиясы жана аты көрсөтүлүүчү алдын-ала жазылбастан обого берилүүчү материалдарды каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Теле берүүлөрдү каттоо журналы ага акыркы жазуу жазылган күндөн тартып бир жыл бою сакталат. | [12-берене. Теле жана радио берүүлөрдүн материалдарын сактоо Теле жана радио берүүлөрдүн редакциялары берүүлөрдүн материалдары обого чыккандан кийин бир ай бою сактоого, анда берүүлөрдүн темасы, күнү, башталган жана бүткөн мезгили, алып баруучунун фамилиясы жана аты көрсөтүлүүчү алдын-ала жазылбастан обого берилүүчү материалдарды каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Теле берүүлөрдү каттоо журналы ага акыркы жазуу жазылган күндөн тартып бир жыл бою сакталат.] |
| "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви" деген сөздөр менен алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "архив ишин башкаруунун республикалык органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын. | |
| "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| 3-берене. Милдеттүү нускалар 1. Полиграфиялык ишканалар тарабынан чыгарылган басма сөздүн мамлекеттик архивин түзүү, эсебин жана статистикасын алуу, басылмаларды библиографиялык сыпаттоо максатында жана басып чыгаруучунун тапшырмасы боюнча жана эсебинен басма сөз продукцияларын тираждоо көбөйтүүчү техникасы бар участкаларда чыгарылган тираждын биринчи партиясы чыккан күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына басылмалардын бардык түрүнөн акысыз милдеттүү нускалары (үч нускада жөнөтүлүүгө жаткан) жөнөтүлөт, ошондой эле маданият жана маалымат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тизмеге ылайык, кызыкдар мекемелерге жана уюмдарга арналган акы төлөнүүчү милдеттүү нускалар тираж басылып чыкканга чейин макулдашылган санда жөнөтүлөт. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдардын негизинде милдеттүү нускалар жөнөтүлүүчү мекемелердин тизмегин белгилейт. 3. Китептер, брошюралар, альманахтар, альбомдор, окуу китептер куралдары, географиялык атластар, стандарттардын жыйнактары, катар номуру менен чыгуучу мезгилдүү эмес басылмалар, илимий эмгектер, илимий жазмалар жөнөтүлүүгө жатат. 4. Мезгилдүү басылмалар, буклеттер, открыткалар, карталар жана пландар, плакаттар, портреттер, көрсөтмө окуу куралдары, календарлар, афишалар, этикеткалар жана барак түрүндөгү башка басылмалар, кызмат документтери жана акысыз нускасы жеткирилүүчү басылмалардын тизмесинен чыгарылган басылмалар жөнөтүлүүгө жатпайт. | 3-берене. Милдеттүү нускалар 1. Полиграфиялык ишканалар тарабынан чыгарылган басма сөздүн мамлекеттик архивин түзүү, эсебин жана статистикасын алуу, басылмаларды библиографиялык сыпаттоо максатында жана басып чыгаруучунун тапшырмасы боюнча жана эсебинен басма сөз продукцияларын тираждоо көбөйтүүчү техникасы бар участкаларда чыгарылган тираждын биринчи партиясы чыккан күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына басылмалардын бардык түрүнөн акысыз милдеттүү нускалары КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК жөнөтүлөт, ошондой эле маданият жана маалымат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тизмеге ылайык, кызыкдар мекемелерге жана уюмдарга арналган акы төлөнүүчү милдеттүү нускалар тираж басылып чыкканга чейин макулдашылган санда жөнөтүлөт. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдардын негизинде милдеттүү нускалар жөнөтүлүүчү мекемелердин тизмегин белгилейт. 3. Китептер, брошюралар, альманахтар, альбомдор, окуу китептер куралдары, географиялык атластар, стандарттардын жыйнактары, катар номуру менен чыгуучу мезгилдүү эмес басылмалар, илимий эмгектер, илимий жазмалар жөнөтүлүүгө жатат. 4. Мезгилдүү басылмалар, буклеттер, открыткалар, карталар жана пландар, плакаттар, портреттер, көрсөтмө окуу куралдары, календарлар, афишалар, этикеткалар жана барак түрүндөгү башка басылмалар, кызмат документтери жана акысыз нускасы жеткирилүүчү басылмалардын тизмесинен чыгарылган басылмалар жөнөтүлүүгө жатпайт. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2582-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 13.12.2012 · № 2582-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2681-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 19.01.2013 · № 2681-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2682-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 19.01.2013 · № 2682-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Об обязательном экземпляре документовЗакон · 22.11.1997 · № 83
- Басма иши жөнүндөЗакон · 25.10.2011 · № 184
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон