Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 сентября 2023 года № 456 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-июлу № 514 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы N 729, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүшкө жетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссия тарабынан бекитилген долбоорлорго карата консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрсүн;
- 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде консультациялык кызматтарды сатып алууларды каржылоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы N 729, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкери (мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Положение · 23.07.2012 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104-токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 729 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 514 "Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып…Постановление · 19.10.2012 · № 729 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон