Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 сентября 2023 года № 456 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-июлу № 510 Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык) Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттарын түзүү, төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө ылайык камсыздандырылган адамдарга пенсия чектөө, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана камсыздандыруу стажынын топтолушунун эсебинен келечектеги пенсияларынын өлчөмдөрүн андан ары көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноого жана аларды базарлардын администрацияларынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына төлөөсүнө көмөк көрсөтүү;
- базарлардын администрацияларына базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана аларды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына төлөө.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду базарлардын администрациялары менен бирдикте каттоо, жекелештирилген эсепке алуу, базарларда ишкердик иш жүргүзгөн ар бир жарандын жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды социалдык коргоого жана берүүгө күбөлүктөрдү берүү үчүн орундарды жабдысын.
4. Жарандардын аты-жөнүн, жеке идентификациялык номерин көрсөтүп, тизмесин берүү менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө банктык квитанция же чек, төлөм тапшырмасы менен ырасталган иш жүзүндө чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнөн 3 процентке чейин базарлардын администрацияларына сый акы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-сентябрындагы № 474 "Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандарды социалдык камсыздандыруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-октябры № 122 "Ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош шаарындагы базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.10.2013 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2010 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 сентября 1999 года №474 "О социальном страховании граждан, осуществляющих предпринимательскую деятельность на рынках"Постановление · 02.09.1999 · № 474 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Постановление Правительства КР от 2 сентября 1999 года №474 "О социальном страховании граждан, осуществляющих предпринимательскую деятельность на рынках"Постановление · 02.09.1999 · № 474 · Күчүн жоготкон