Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош шаарындагы базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги Х сессиясы (III чакырылыш)
2013-жылдын 11-октябры № 122 Ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош шаарындагы базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планына ылайык «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош шаарындагы базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө» маселеси боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын маалыматын угуп жана талкуулап, бул маселе боюнча аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2013-жылдын 19-сентябрындагы №3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош шаарындагы базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө» маселеси боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарындагы борбордук базар дирекциясына (З.Жолдошев):
- Ош шаарынын борбордук базарында орнотулган контейнерлерди Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жана аларга номерлер ыйгаруу;
- борбордук базардын айланасында, жол бойлото жайгашкан баш-аламан соода түйүндөрүн базардын ичиндеги атайын ыңгайлаштырылган жайларга жылдыруу;
- базардын аймагында кароосуз калган контейнерлердин ээлерин аныктап, алар менен келишим түзүп, тиешелүү жыйымдарды жыйноо;
- борбордук базардын ичине жана сырт жагына таштандылар ташталуучу темир контейнерлерди орнотуу жана таштандылардын өз убагында чыгарылуусун камсыз кылуу.
3. Ош шаардык жолдор башкармалыгына (С.Абдылдакунов) «Ак-Буура» дарыясын булгануудан сактоо үчүн базардын айланасындагы арыктарга, айрыкча Кара-Суу көчөсүндө, лотокторду, фильтрдик сеткаларды орнотуу милдеттендирилсин.
4. «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына (И.Жороев) базарлардын айланасындагы лотокторду тазалоо жана алардын дайыма таза абалда болуусу боюнча иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы №510-токтомуна ылайык такай эмгек акы менен камсыз болбой жеке ишкердик, соода жүргүзүү менен алек болгон жарандардын арасында пенсиялык фондго социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык мамлекеттик инспекциясына (К.Исаков) шаардын ичинде жайгашкан мал союлуучу жайларды шаардын четиндеги эт комбинатынын имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү иш чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
7. «Сулайман-Тоо - Ак-Буура» муниципалдык мекемесине (Т.Салиев):
- «Ак-Буура» дарыясынын борбордук базардын айланасындагы жээктеринин экологиялык тазалыгын такай көзөмөлдөө жана экологиялык тартипти бузгандарга
тиешелүү административдик чараларды көрүү;
- «Ак-Буура» дарыясынын жээктериндеги таштандыларды ташып чыгаруу үчүн «Портер» тибиндеги атайын унаа сатып алуу маселеси менен Ош шаарынын мэриясына кайрылуу милдеттендирилсин.
8. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (У.Каратаева):
- шаардын калкынын арасында жугуштуу ичеги-карын ооруларынын таралышынын алдын алуу максатында мэриянын алдындагы административдик комиссия менен биргеликте пландаштырылган рейддерди уюштуруу;
- шаардык борбордук базардын жана кичи базарлардын аймагында орун алган, антисанитардык шарттарда иштеп жаткан тамак-аш соода түйүндөрүнүн, ашканалардын, дүкөндөрдүн ээлеринен санитардык-гигиеналык нормалардын жана азык-түлүк продукцияларынын пайдалануу мөөнөттөрүнүн сакталышын, аларга тиешелүү шайкештик сертификаттардын болуусун текшерүү;
- сатуучулардан, тамак-азыктарын даярдагандардан медициналык кароодон өтүүсүн талап кылуу;
- тартип бузгандарга тиешелүү административдик чараларды көрүү жана алардын аткарылышын такай көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
9. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Т.Сабиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 "Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.2012 · № 510 · Күчүн жоготкон