Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 декабря 2014 года № 726 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Технический регламент "О радиационной безопасности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-12-26.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабры № 726 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-июлу № 509 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 6-декабры, № 1041 төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-беренеде:
1) жетимиш биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - тиешелүү тармак боюнча радиациялык коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген аткаруу бийлик органы.";
2) төмөнкү мазмундагы жетимиш экинчи абзац менен толукталсын:
"Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча жана контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калкка радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана курчап турган чөйрөнү иондуу нурлануунун зыяндуу таасирлеринен коргоо үчүн көзөмөлдөөчү-контролдоочу функцияларды аткарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген аткаруу бийлик органы.".
2. 11-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 12-берененин 8-бөлүгүндөгү "өзгөчө кырдаалдар жаатындагы Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 13-берененин 4-бөлүгүндөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү контролго алууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 14-беренеде:
1) 5-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 6-бөлүгүндөгү "тийиштүү мамлекеттик органдарды" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча жана контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 7-бөлүгүндөгү "Өзгөчө кырдаалдар, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калктын радиациялык булгануу чөлкөмдөрүндө жашоосунун өзгөчө режимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймакта радиациялык кырдаал үчүн контролду жана калктын нурлануу дозаларын эсепке алууну камсыз кылат.".
6. 19-беренеде:
1) 2-бөлүгүндөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 6-бөлүгүндөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 20-берененин 3-бөлүгүндөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 21-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмөдөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 22-беренеде:
1) 4-бөлүгүндөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 7-бөлүгүндөгү "саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 25-беренеде:
1) 5-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 9-бөлүгүндөгү "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 27-берененин 15-бөлүгүндөгү "санитардык-эпидемиологиялык" деген сөздөр алынып салынсын.
12. 28-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 30-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Иондуу нурлануунун булактарын колдонуучу объекттерде, жайгаштыруу, эксплуатациялоо, сактоо, ташып жеткирүү, утилдештирүү, көмүү баскычтарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген реестрге ылайык уруксат берүүчү документтерди берүү радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.".
14. 32-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу жама контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонулуп жаткан редакция | |
|---|---|
| 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр Активдүүлүк (А) - убакыттын ушул учурунда ушул энергетикалык абалда турган радионуклиддин кандайдыр бир санынын радиоактивдүүлүгүнүн ченеми: А = d№ / dt, мындан d№- мезгилдин кандайдыр бир аралыгында - dt, ушул энергетикалык абалдан өзүнөн-өзү келип чыгуучу ядролук өзгөрүүлөрдүн күтүлгөн саны. Беккерель (Бк) активдүүлүктүн бирдиги болуп саналат. Мурда колдонулган активдүүлүктүн системадан тышкары бирдиги - кюри (Ки) 3,7 х 10 ^ (10) Бк түзөт. Радионуклидцин минималдуу маанидеги активдүүлүгү (ММА) - нурлануунун ачык булагындагы радионуклиддин активдүүлүгүнүн ушул Техникалык регламентте белгиленген мааниси, ал ушул булакты пайдаланууга уруксат алуунун зарылдыгын баалоодо колдонулат. Булактын салмактанган суммалык активдүүлүгү - булакта камтылган ар бир радионуклиддин активдүүлүгүнүн алардын минималдуу маанидеги активдүүлүктөрүнө карата катышынын суммасы. Радионуклиддин минималдуу маанидеги салыштырмалуу активдүүлүгү (ММСА) - нурлануунун ачык булагынын затындагы радионуклидцин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн ушул Техникалык регламентте белгиленген мааниси, ал ушул булакты пайдаланууга уруксат алуунун зарылдыгын баалоодо колдонулат; салыштырмалуу активдүүлүктү өлчөө бирдиги - килограммга беккерель (Бк/кг). Булактын салмактанган суммалык салыштырмалуу активдүүлүгү - булакта камтыган ар бир радионуклиддин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн алардын салыштырмалуу минималдуу маанидеги активдүүлүктөрүнө карата катышынын суммасы. Кризистик топ - бир же бир нече белгилери (жынысы, курагы, социалдык же кесиптик шарттары, жашаган жери, тамактануу рациону) боюнча бирдей, иондуу нурлануунун ушул булагынан кыйла радиациялык таасирге кабылган калктын адамдарынын тобу (10 адамдан кем эмес). Детерминацияланган эффект - дозанын босого деңгээли бар, андан ашып кетсе бул эффекттин таасиринин оорлугу дозанын көбөйүшү менен жогорулаган радиациялык эффект. Сиңирилген доза (D) - иондуу нурлануунун затка берилген энергиясынын чоңдугу: de D= --, dm мында de - элементардык көлөмдөгү затка иондуу нурлануу тарабынан берилген орточо энергия, ал эми dm - бул көлөмдөгү заттын массасы. Энергия каалагандай аныкталган көлөм боюнча орточо алынышы мүмкүн, мындай учурда орточо доза көлөмгө берилген толук энергиянын ушул көлөмдүн массасына бөлүнүшүнө барабар болот. СИ бирдиктеринде сиңирилген доза килограммга бөлүнгөн джоул менен өлчөнөт (Дж х кг^(1)) жана грей (Гр) деген атайын аталышка ээ. Мурда колдонулган системадан тышкары рад бирдиги 0,01 Гр өлчөмүнө барабар. Эквиваленттик доза (НТД) - органда же тканда сиңирилген доза, ал нурлануунун ушул түрү үчүн өлчөнгөн тиешелүү коэффициентке, WR көбөйтүлөт: НТ, R = WR х DT, R, мында DT, R - органдагы же ткандагы Т орточо сиңирилген доза, ал эми WR - нурлануу үчүн өлчөнгөн R коэффициент. Ар кандай өлчөнгөн коэффициенттери бар нурлануунун ар кандай түрлөрү таасир бергенде, эквиваленттик доза нурлануунун ушул түрлөрү үчүн эквиваленттүү дозалардын суммасы катары аныкталат НТ = Е НТ, R R Эквиваленттик дозанын бирдиги зиверт (Зв) болуп эсептелет. Натыйжалуу доза (Е) - адамдын бүткүл денесинин жана анын айрым органдарынын жана ткандарынын нурлануусунун натыйжасында алардын радиосезимдүүлүгүн эске алуу менен кийинки кесепеттеринин пайда болуу тобокелдигинин ченеми катары колдонулуучу чоңдук. Ал органдардагы жана ткандардагы эквиваленттик дозаны өлчөнгөн тиешелүү коэффидиенттерге көбөйтүүнүн суммасы катары берилет: Е = Е WT х НТ T мында НТ - органдагы же ткандагы Т эквиваленттик доза, ал эми орган же ткань Т үчүн өлчөнгөн коэффициент. Натыйжалуу дозанын бирдиги - зиверт (Зв). Алдын алуу дозасы - радиациялык кырсыктын кесепеттеринин божомолдонгон дозасы, аны коргоо чаралары аркылуу болтурбай коюуга болот. Жылдык жеке доза - дозасы ошол жылы организмге радионуклиддердин кирүүсү менен шартталган календардык жыл ичинде алынган тышкы нурлануу дозасынын жана ички нурлануунун өмүр бою күтүлгөн дозасынын суммасы. Радиоактивдүү булгануу - материалдын үстүндө, ичинде, абада, адамдын денесинде же башка жерлерде ушул Техникалык регламентте белгиленген деңгээлден ашкан санда радиоактивдүү заттардын болушу. Радиациялык кырсык зонасы - радиациялык кырсык фактысы белгиленген аймак. Радиоактивдүү булгануу зонасы - радиациялык кырсыктын же мурда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында курчап турган чөйрөгө түшкөн, жашоочулардын кризистик топтору үчүн техногендик радионуклиддер менен шартталган орточо жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашкан калктуу конуштар жана алардын ареалдары. Генерациялаган булак - ион нурлануусу заряддалган бөлүкчөлөрүнүн, аннигиляциянын ылдамдыгынын өзгөртүүсүнүн эсебинен генерацияланган радиоактивдүү заттарды камтыбаган иондуу нурлануунун булагы. Иондуу нурлануунун булагы - иондуу нурлануу чыгаруучу же чыгарууга жөндөмдүү, ушул Техникалык регламенттин колдонулушу жайылтылган зат же түзүлүшү. Табигый булак - космостук нурлануу булактары, ошондой эле курчап турган чөйрө объекттериндеги, тамак-аш азыктарындагы жана адамдын денесиндеги табигый радионуклиддер кирген иондуу нурлануунун табигый булагы. Радионуклиддик булак - суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү жана суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү бирдиктен чоң болгон техногендик радионуклидаерди камтыган иондуу нурлануунун булагы. Радионуклиддик жабык булак - ал эсептелген шарттарда эксплуатациялоодо жана эскиргенде түзүлүшү анда камтылган техногендик нуклиддердин курчап турган чөйрөгө келип түшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган радионуклиддик булак. Радионуклиддик ачык булак - нормалдуу эксплуатациялоодо анда камтылган техногендик радионуклиддер курчап турган чөйрөгө келип түшүүсү мүмкүн болгон радионуклиддик булак. Техногендик булак - аны пайдалуу колдонуу үчүн атайын түзүлгөн же ушундай иштин калдык продукту болуп эсептелген иондуу нурлануунун булагы. Радиациялык объекттин категориясы - мүмкүн болуучу кырсыктын шарттарында калк жана персонал үчүн потенциалдуу коркунучтуулук деңгээли боюнча объекттин мүнөздөмөсү. Дозалык квота - дайындуу радиациялык объектти нормалдуу эксплуатациялоонун эсебинен калктын нурлануусун чектөө үчүн белгиленген дозанын чектик бөлүгү. Контролдонуучу зона - төмөнкү максаттар үчүн коргоонун жана коопсуздуктун атайын чаралары талап кылынуучу же талап кылынышы мүмкүн болуучу кандай гана болбосун зона: нормалдуу нурлануу же нормалдуу жумушчу шарттарда булганычтын жайылышын болтурбоону контролдоо; потенциалдуу нурлануу деңгээлине бөгөт коюу же чектөө. Калк - иондуу нурлануу булагы менен иштөөдөн тышкаркы персоналды кошуп алганда, бардык адамдар кирген нурлануучу адамдардын категориясы. Нормалдуу эксплуатациянын бузулушу - белгиленген эксплуатациялык чектерден жана шарттардан четтөө болгон техногендик булактын ишиндеги бузулуу. Мында коопсуз эксплуатациялоо чектерин кошуп алганда, долбоор менен белгиленген башка чектерде жана шарттарда бузулушу мүмкүн. Дозанын кубаттуулугу - убакыт бирдигиндеги нурлануу дозасы (секунда, мүнөт, саат). Нурлануу - адамга иондуу нурлануунун таасири. Кырсыктык нурлануу - радиациялык кырсыктын натыйжасында нурлануу. Медициналык нурлануу - медициналык текшерүүнүн же дарылоонун натыйжасында бейтаптердин нурлануусу. Пландаштырылган жогорку нурлануу - радиациялык кырсыктын же анын кесепеттерин алдын алуу максатында дозалардын негизги белгиленген чектеринен ашкан дозаларда А тобунун персоналдарынын айрым адамдарын регламенттелген зарылчылык менен акталган пландаштырылган нурлануусу. Жаратылыштык нурлануу - иондуу нурлануунун жаратылыш булактарынан нурлануу. Өндүрүштүк нурлануу - өндүрүштүк иш процессинде техногендик жана жаратылыштык иондуу нурлануу булактарынан жумушчулардын нурлануусу. Техногендик нурлануу - бейтаптардын медициналык нурлануусун кошпогондо, нормалдуу жана ошондой эле кырсыктык шарттарда техногендик булактардан нурлануу. Радиациялык объект - техногендик булактар менен иш жүргүзгөн уюм же анын түзүмдүк бөлүмү. Радиоактивдүү калдыктар - радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгү ушул Техникалык регламентте белгиленген деңгээлден ашкан андан ары пайдалануу үчүн арналбаган кандай гана болбосун агрегатык абалдагы буюм же заттар. Радиациялык-гигиеналык уюмдун паспорту - уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалын мүнөздөөчү, белгиленген үлгүдөгү документ. Персонал (жумушчулар) - нурлануунун техногендик булактары менен иштеген (А тобу), же иш шарттары боюнча анын аймагында же анын санитардык-коргоо зонасында жумуш кылган (Б тобу) нурлануучу адамдардын категориясы. Практикалык иш - жүзөгө ашырууда нурлануунун кошумча булактары жаралуучу же нурлануунун кошумча жолдору түзүлүүчү, болбосо нурланууга дуушар болгон адамдардын саны көбөйүүчү, же болбосо нурлануунун өзү, же адамдардын нурланууга дуушар болуусу же нурланган адамдардын саны көбөйүүчү нурлануу булактарынан нурлануу жолунун түзүмү өзгөрүүчү адамдын кандай гана болбосун иши. Жылдык нурлануунун чеги (мындан ары - ЖНЧ) - жылдык дозанын тиешелүү чегине барабар болгон күтүлүүчү доза менен шарпуу адамдын нурлануусуна алып келүүчү монофактордук таасирдин алдында бир жыл ичинде организмге радионуклиддик нурлануунун жол берилүүчү деңгээли. Дозалык чек (ДЧ) - радиациялык объекттерди нормалдуу эксплуатациялоо шарттарында ашууга тийиш эмес болгон техногендик нурлануунун натыйжалуу же эквиваленттүү дозасынын чоңдугу; дозалардын чегин сактоо детерминациялоо эффектинин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн болтурбайт, ал эми стохостикалык эффектинин мүмкүнчүлүгү алгылыктуу деңгээлде сакталат. Сапатты камсыздоо программасы - техногендик булактын коопсуздугуна таасир этүүчү сапатты камсыздоо боюнча уюштуруу- техникалык иш чаралардын жыйындысын белгилөөчү документ (документтердин комплекти). Сактоо пункттары - радиоактивдүү заттарды сактоо, радиоактивдүү калдыктарды сактоо же көмүү үчүн арналган стационардык объекттер жана курулмалар. Калктын радиациялык коопсуздугу - адамдардын азыркы жана келечектеги муундарынын алардын ден соолугу үчүн зыяндуу иондоштуруучу нурлануунун таасиринен корголгондугунун абалы. Техногендик булактын радиациялык коопсуздугу - кырсыкты кошуп алганда, нормалдуу эксплуатациялоодо жана нормалдуу эксплуатациялоону бузууда техногендик булактын касиети, белгиленген чектер менен персоналга, калкка жана курчап турган чөйрөгө радиациялык таасир этүүнү чектөө. Радиоактивдүү заттар - суммалык салыштырмалуу активдүүлүтү бирден жогору болгон техногендик радионуклиддерди камтылган кандай гана болбосун агрегаттык абалдагы заттар. Радиоактивдүү булак - үзгүлтүксүз көзөмөлдөн бошотулбаган, биротоло бекем жабылган капсулдагы же бекем бекитилген жана катуу абалда турган радиоактивдүү материал. Ал ошондой эле агуу пайда болгонунун же анын бүтүндүгү бузулганынын натыйжасында радиоактивдүү булактан бошонгон кандай гана болбосун радиоактивдүү материалды билдирет, бирок көмүү үчүн капсулданган же изилдөө жана энергетикалык реакторлордун ядролук отун циклдеринин алкагындагы материалды билдирбейт. Жаратылыш радионуклиддери - адамдын ишине көз карандысыз жаратылышта болуучу радионуклиддер. Техногендик радионуклиддер - адамдан ишинин натыйжасында пайда болгон радионуклиддер. Радиациялык кырсык - жабдуунун бузулганынан, жумушчулардын (персоналдын) туура эмес аракеттеринен, табигый кырсыктардан же башка себептерден улам адамдардын белгиленген нормадан ашыкча нурлануусуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген же курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына алып келүүчү иондуу нурлануунун булагын башкарууну жоготуу. Радиациялык контроль - негизги дозалык белгиленген чектерден жана контролдук деңгээлдерден ашырбоону кошуп алганда, радиациялык коопсуздуктун принциптерин жана ченемдердин талаптарын сактоо даражасын аныктоо үчүн аткарылуучу радиациялык ченөөлөр (сыноолор). Жекече коргонуу каражаттары - радиоактивдүү заттардын таасиринен жана/же ион нурлануусунан сактануу үчүн адам кийүүчү жекече колдонулуучу каражат. Стохастикалык натыйжа - пайда болушу дозага пропорциялуу, ал эми оорчулугу - дозадан көз карандысыз, эреже катары дозанын босоголук деңгээли болбогон радиациялык натыйжа. [Радиациялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясына радиациялык коопсуздук жаатындагы белгилүү функцияларды жүзөгө ашыруучу орган.] Кийлигишүү деңгээли - ашуусу кандайдыр бир белгилүү коргоо иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө маселелерди кароо үчүн негиз болуп эсептелген радиациялык фактордун деңгээли. Табигый радиациялык фон - курчап турган чөйрөдөгү космостук нурлануу жана табигый нуклиддердин нурлануусу менен түзүлүүчү нурлануу дозасынын кубаттуулугу. Эксплуатациялоочу уюм - өз күчү же башка уюмдарды тартуу менен ион нурлануу булактарын сактоо пункттарын жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды иштетүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга багытталган уюм. Урунуу циклинин этаптары - аянт тандоо, жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, техногендик булакты ишке киргизүү, эксплуатациялоо, эксплуатациялоодон чыгаруу. | 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр Активдүүлүк (А) - убакыттын ушул учурунда ушул энергетикалык абалда турган радионуклиддин кандайдыр бир санынын радиоактивдүүлүгүнүн ченеми: А = d№ / dt, мындан d№- мезгилдин кандайдыр бир аралыгында - dt, ушул энергетикалык абалдан өзүнөн-өзү келип чыгуучу ядролук өзгөрүүлөрдүн күтүлгөн саны. Беккерель (Бк) активдүүлүктүн бирдиги болуп саналат. Мурда колдонулган активдүүлүктүн системадан тышкары бирдиги - кюри (Ки) 3,7 х 10 ^ (10) Бк түзөт. Радионуклидцин минималдуу маанидеги активдүүлүгү (ММА) - нурлануунун ачык булагындагы радионуклиддин активдүүлүгүнүн ушул Техникалык регламентте белгиленген мааниси, ал ушул булакты пайдаланууга уруксат алуунун зарылдыгын баалоодо колдонулат. Булактын салмактанган суммалык активдүүлүгү - булакта камтылган ар бир радионуклиддин активдүүлүгүнүн алардын минималдуу маанидеги активдүүлүктөрүнө карата катышынын суммасы. Радионуклиддин минималдуу маанидеги салыштырмалуу активдүүлүгү (ММСА) - нурлануунун ачык булагынын затындагы радионуклидцин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн ушул Техникалык регламентте белгиленген мааниси, ал ушул булакты пайдаланууга уруксат алуунун зарылдыгын баалоодо колдонулат; салыштырмалуу активдүүлүктү өлчөө бирдиги - килограммга беккерель (Бк/кг). Булактын салмактанган суммалык салыштырмалуу активдүүлүгү - булакта камтыган ар бир радионуклиддин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн алардын салыштырмалуу минималдуу маанидеги активдүүлүктөрүнө карата катышынын суммасы. Кризистик топ - бир же бир нече белгилери (жынысы, курагы, социалдык же кесиптик шарттары, жашаган жери, тамактануу рациону) боюнча бирдей, иондуу нурлануунун ушул булагынан кыйла радиациялык таасирге кабылган калктын адамдарынын тобу (10 адамдан кем эмес). Детерминацияланган эффект - дозанын босого деңгээли бар, андан ашып кетсе бул эффекттин таасиринин оорлугу дозанын көбөйүшү менен жогорулаган радиациялык эффект. Сиңирилген доза (D) - иондуу нурлануунун затка берилген энергиясынын чоңдугу: de D= --, dm мында de - элементардык көлөмдөгү затка иондуу нурлануу тарабынан берилген орточо энергия, ал эми dm - бул көлөмдөгү заттын массасы. Энергия каалагандай аныкталган көлөм боюнча орточо алынышы мүмкүн, мындай учурда орточо доза көлөмгө берилген толук энергиянын ушул көлөмдүн массасына бөлүнүшүнө барабар болот. СИ бирдиктеринде сиңирилген доза килограммга бөлүнгөн джоул менен өлчөнөт (Дж х кг^(1)) жана грей (Гр) деген атайын аталышка ээ. Мурда колдонулган системадан тышкары рад бирдиги 0,01 Гр өлчөмүнө барабар. Эквиваленттик доза (НТД) - органда же тканда сиңирилген доза, ал нурлануунун ушул түрү үчүн өлчөнгөн тиешелүү коэффициентке, WR көбөйтүлөт: НТ, R = WR х DT, R, мында DT, R - органдагы же ткандагы Т орточо сиңирилген доза, ал эми WR - нурлануу үчүн өлчөнгөн R коэффициент. Ар кандай өлчөнгөн коэффициенттери бар нурлануунун ар кандай түрлөрү таасир бергенде, эквиваленттик доза нурлануунун ушул түрлөрү үчүн эквиваленттүү дозалардын суммасы катары аныкталат НТ = Е НТ, R R Эквиваленттик дозанын бирдиги зиверт (Зв) болуп эсептелет. Натыйжалуу доза (Е) - адамдын бүткүл денесинин жана анын айрым органдарынын жана ткандарынын нурлануусунун натыйжасында алардын радиосезимдүүлүгүн эске алуу менен кийинки кесепеттеринин пайда болуу тобокелдигинин ченеми катары колдонулуучу чоңдук. Ал органдардагы жана ткандардагы эквиваленттик дозаны өлчөнгөн тиешелүү коэффидиенттерге көбөйтүүнүн суммасы катары берилет: Е = Е WT х НТ T мында НТ - органдагы же ткандагы Т эквиваленттик доза, ал эми орган же ткань Т үчүн өлчөнгөн коэффициент. Натыйжалуу дозанын бирдиги - зиверт (Зв). Алдын алуу дозасы - радиациялык кырсыктын кесепеттеринин божомолдонгон дозасы, аны коргоо чаралары аркылуу болтурбай коюуга болот. Жылдык жеке доза - дозасы ошол жылы организмге радионуклиддердин кирүүсү менен шартталган календардык жыл ичинде алынган тышкы нурлануу дозасынын жана ички нурлануунун өмүр бою күтүлгөн дозасынын суммасы. Радиоактивдүү булгануу - материалдын үстүндө, ичинде, абада, адамдын денесинде же башка жерлерде ушул Техникалык регламентте белгиленген деңгээлден ашкан санда радиоактивдүү заттардын болушу. Радиациялык кырсык зонасы - радиациялык кырсык фактысы белгиленген аймак. Радиоактивдүү булгануу зонасы - радиациялык кырсыктын же мурда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында курчап турган чөйрөгө түшкөн, жашоочулардын кризистик топтору үчүн техногендик радионуклиддер менен шартталган орточо жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашкан калктуу конуштар жана алардын ареалдары. Генерациялаган булак - ион нурлануусу заряддалган бөлүкчөлөрүнүн, аннигиляциянын ылдамдыгынын өзгөртүүсүнүн эсебинен генерацияланган радиоактивдүү заттарды камтыбаган иондуу нурлануунун булагы. Иондуу нурлануунун булагы - иондуу нурлануу чыгаруучу же чыгарууга жөндөмдүү, ушул Техникалык регламенттин колдонулушу жайылтылган зат же түзүлүшү. Табигый булак - космостук нурлануу булактары, ошондой эле курчап турган чөйрө объекттериндеги, тамак-аш азыктарындагы жана адамдын денесиндеги табигый радионуклиддер кирген иондуу нурлануунун табигый булагы. Радионуклиддик булак - суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү жана суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү бирдиктен чоң болгон техногендик радионуклидаерди камтыган иондуу нурлануунун булагы. Радионуклиддик жабык булак - ал эсептелген шарттарда эксплуатациялоодо жана эскиргенде түзүлүшү анда камтылган техногендик нуклиддердин курчап турган чөйрөгө келип түшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган радионуклиддик булак. Радионуклиддик ачык булак - нормалдуу эксплуатациялоодо анда камтылган техногендик радионуклиддер курчап турган чөйрөгө келип түшүүсү мүмкүн болгон радионуклиддик булак. Техногендик булак - аны пайдалуу колдонуу үчүн атайын түзүлгөн же ушундай иштин калдык продукту болуп эсептелген иондуу нурлануунун булагы. Радиациялык объекттин категориясы - мүмкүн болуучу кырсыктын шарттарында калк жана персонал үчүн потенциалдуу коркунучтуулук деңгээли боюнча объекттин мүнөздөмөсү. Дозалык квота - дайындуу радиациялык объектти нормалдуу эксплуатациялоонун эсебинен калктын нурлануусун чектөө үчүн белгиленген дозанын чектик бөлүгү. Контролдонуучу зона - төмөнкү максаттар үчүн коргоонун жана коопсуздуктун атайын чаралары талап кылынуучу же талап кылынышы мүмкүн болуучу кандай гана болбосун зона: нормалдуу нурлануу же нормалдуу жумушчу шарттарда булганычтын жайылышын болтурбоону контролдоо; потенциалдуу нурлануу деңгээлине бөгөт коюу же чектөө. Калк - иондуу нурлануу булагы менен иштөөдөн тышкаркы персоналды кошуп алганда, бардык адамдар кирген нурлануучу адамдардын категориясы. Нормалдуу эксплуатациянын бузулушу - белгиленген эксплуатациялык чектерден жана шарттардан четтөө болгон техногендик булактын ишиндеги бузулуу. Мында коопсуз эксплуатациялоо чектерин кошуп алганда, долбоор менен белгиленген башка чектерде жана шарттарда бузулушу мүмкүн. Дозанын кубаттуулугу - убакыт бирдигиндеги нурлануу дозасы (секунда, мүнөт, саат). Нурлануу - адамга иондуу нурлануунун таасири. Кырсыктык нурлануу - радиациялык кырсыктын натыйжасында нурлануу. Медициналык нурлануу - медициналык текшерүүнүн же дарылоонун натыйжасында бейтаптердин нурлануусу. Пландаштырылган жогорку нурлануу - радиациялык кырсыктын же анын кесепеттерин алдын алуу максатында дозалардын негизги белгиленген чектеринен ашкан дозаларда А тобунун персоналдарынын айрым адамдарын регламенттелген зарылчылык менен акталган пландаштырылган нурлануусу. Жаратылыштык нурлануу - иондуу нурлануунун жаратылыш булактарынан нурлануу. Өндүрүштүк нурлануу - өндүрүштүк иш процессинде техногендик жана жаратылыштык иондуу нурлануу булактарынан жумушчулардын нурлануусу. Техногендик нурлануу - бейтаптардын медициналык нурлануусун кошпогондо, нормалдуу жана ошондой эле кырсыктык шарттарда техногендик булактардан нурлануу. Радиациялык объект - техногендик булактар менен иш жүргүзгөн уюм же анын түзүмдүк бөлүмү. Радиоактивдүү калдыктар - радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгү ушул Техникалык регламентте белгиленген деңгээлден ашкан андан ары пайдалануу үчүн арналбаган кандай гана болбосун агрегатык абалдагы буюм же заттар. Радиациялык-гигиеналык уюмдун паспорту - уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалын мүнөздөөчү, белгиленген үлгүдөгү документ. Персонал (жумушчулар) - нурлануунун техногендик булактары менен иштеген (А тобу), же иш шарттары боюнча анын аймагында же анын санитардык-коргоо зонасында жумуш кылган (Б тобу) нурлануучу адамдардын категориясы. Практикалык иш - жүзөгө ашырууда нурлануунун кошумча булактары жаралуучу же нурлануунун кошумча жолдору түзүлүүчү, болбосо нурланууга дуушар болгон адамдардын саны көбөйүүчү, же болбосо нурлануунун өзү, же адамдардын нурланууга дуушар болуусу же нурланган адамдардын саны көбөйүүчү нурлануу булактарынан нурлануу жолунун түзүмү өзгөрүүчү адамдын кандай гана болбосун иши. Жылдык нурлануунун чеги (мындан ары - ЖНЧ) - жылдык дозанын тиешелүү чегине барабар болгон күтүлүүчү доза менен шарпуу адамдын нурлануусуна алып келүүчү монофактордук таасирдин алдында бир жыл ичинде организмге радионуклиддик нурлануунун жол берилүүчү деңгээли. Дозалык чек (ДЧ) - радиациялык объекттерди нормалдуу эксплуатациялоо шарттарында ашууга тийиш эмес болгон техногендик нурлануунун натыйжалуу же эквиваленттүү дозасынын чоңдугу; дозалардын чегин сактоо детерминациялоо эффектинин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн болтурбайт, ал эми стохостикалык эффектинин мүмкүнчүлүгү алгылыктуу деңгээлде сакталат. Сапатты камсыздоо программасы - техногендик булактын коопсуздугуна таасир этүүчү сапатты камсыздоо боюнча уюштуруу- техникалык иш чаралардын жыйындысын белгилөөчү документ (документтердин комплекти). Сактоо пункттары - радиоактивдүү заттарды сактоо, радиоактивдүү калдыктарды сактоо же көмүү үчүн арналган стационардык объекттер жана курулмалар. Калктын радиациялык коопсуздугу - адамдардын азыркы жана келечектеги муундарынын алардын ден соолугу үчүн зыяндуу иондоштуруучу нурлануунун таасиринен корголгондугунун абалы. Техногендик булактын радиациялык коопсуздугу - кырсыкты кошуп алганда, нормалдуу эксплуатациялоодо жана нормалдуу эксплуатациялоону бузууда техногендик булактын касиети, белгиленген чектер менен персоналга, калкка жана курчап турган чөйрөгө радиациялык таасир этүүнү чектөө. Радиоактивдүү заттар - суммалык салыштырмалуу активдүүлүтү бирден жогору болгон техногендик радионуклиддерди камтылган кандай гана болбосун агрегаттык абалдагы заттар. Радиоактивдүү булак - үзгүлтүксүз көзөмөлдөн бошотулбаган, биротоло бекем жабылган капсулдагы же бекем бекитилген жана катуу абалда турган радиоактивдүү материал. Ал ошондой эле агуу пайда болгонунун же анын бүтүндүгү бузулганынын натыйжасында радиоактивдүү булактан бошонгон кандай гана болбосун радиоактивдүү материалды билдирет, бирок көмүү үчүн капсулданган же изилдөө жана энергетикалык реакторлордун ядролук отун циклдеринин алкагындагы материалды билдирбейт. Жаратылыш радионуклиддери - адамдын ишине көз карандысыз жаратылышта болуучу радионуклиддер. Техногендик радионуклиддер - адамдан ишинин натыйжасында пайда болгон радионуклиддер. Радиациялык кырсык - жабдуунун бузулганынан, жумушчулардын (персоналдын) туура эмес аракеттеринен, табигый кырсыктардан же башка себептерден улам адамдардын белгиленген нормадан ашыкча нурлануусуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген же курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына алып келүүчү иондуу нурлануунун булагын башкарууну жоготуу. Радиациялык контроль - негизги дозалык белгиленген чектерден жана контролдук деңгээлдерден ашырбоону кошуп алганда, радиациялык коопсуздуктун принциптерин жана ченемдердин талаптарын сактоо даражасын аныктоо үчүн аткарылуучу радиациялык ченөөлөр (сыноолор). Жекече коргонуу каражаттары - радиоактивдүү заттардын таасиринен жана/же ион нурлануусунан сактануу үчүн адам кийүүчү жекече колдонулуучу каражат. Стохастикалык натыйжа - пайда болушу дозага пропорциялуу, ал эми оорчулугу - дозадан көз карандысыз, эреже катары дозанын босоголук деңгээли болбогон радиациялык натыйжа. [Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - тиешелүү тармак боюнча радиациялык коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Өкмөт ыйгарым укук берген аткаруу бийлик органы. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында козөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калкка радиациялык коопсуздукту камсыз кылуучу жана курчап турган чөйрөнү иондуу нурлануунун зыяндуу таасирлеринен коргоону жүзөгө ашырууну көзөмөлдөөчү функцияларды аткарууга Өкмөт ыйгарым укук берген аткаруу бийлик органы.] Кийлигишүү деңгээли - ашуусу кандайдыр бир белгилүү коргоо иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө маселелерди кароо үчүн негиз болуп эсептелген радиациялык фактордун деңгээли. Табигый радиациялык фон - курчап турган чөйрөдөгү космостук нурлануу жана табигый нуклиддердин нурлануусу менен түзүлүүчү нурлануу дозасынын кубаттуулугу. Эксплуатациялоочу уюм - өз күчү же башка уюмдарды тартуу менен ион нурлануу булактарын сактоо пункттарын жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды иштетүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга багытталган уюм. Урунуу циклинин этаптары - аянт тандоо, жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, техногендик булакты ишке киргизүү, эксплуатациялоо, эксплуатациялоодон чыгаруу. |
| 11-берене. Алардын потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин классификациясы 1. Радиациялык объекттин потенциалдуу коркунучтуулугу анын радиациялык кырсыкта калкка жана персоналга мүмкүн болуучу радиациялык таасири менен аныкталат. Ишинин натыйжасында кырсык учурунда объекттин кызматкерлерин гана эмес, калктын да нурлануусу мүмкүн болгон радиациялык объекттер түбөлүгү кыйла коркунучтуу объекттер болуп саналат. Персоналга тиешеси болбогон адамдардын нурлануу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган объекттер кыйла коркунучсуз болуп саналат. 2. Потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин төрт категориясы белгиленет: - I категорияга кырсык болгон учурда калкка алардын радиациялык таасири тийиши жана андан коргонуу чараларын талап кылышы мүмкүн болгон радиациялык объекттер кирет; - II категориядагы объекттерде кырсыкта радиациялык таасир санитардык-коргоо чөлкөмүнүн аймагы менен чектелет; - III категорияга кырсыкта радиациялык таасири техногендик объекттин аймагы менен чектелген объекттер кирет; - IV категорияга кырсыкта радиациялык таасири нурлануу булактары менен иш жүргүзүлгөн жайлар менен чектелген объекттер кирет. 3. Радиациялык объекттердин категориясы аларды долбоорлоо баскычында [Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] менен макулдашуу боюнча белгиленүүсү керек. 4. Эгерде аянтта бир нече радиациялык объекттер жайгашкан учурда, түбөлүгү радиациялык коркунуч категориясы категориялардын эң жогоркусуна ылайык белгиленет. | 11-берене. Алардын потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин классификациясы 1. Радиациялык объекттин потенциалдуу коркунучтуулугу анын радиациялык кырсыкта калкка жана персоналга мүмкүн болуучу радиациялык таасири менен аныкталат. Ишинин натыйжасында кырсык учурунда объекттин кызматкерлерин гана эмес, калктын да нурлануусу мүмкүн болгон радиациялык объекттер түбөлүгү кыйла коркунучтуу объекттер болуп саналат. Персоналга тиешеси болбогон адамдардын нурлануу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган объекттер кыйла коркунучсуз болуп саналат. 2. Потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин төрт категориясы белгиленет: - I категорияга кырсык болгон учурда калкка алардын радиациялык таасири тийиши жана андан коргонуу чараларын талап кылышы мүмкүн болгон радиациялык объекттер кирет; - II категориядагы объекттерде кырсыкта радиациялык таасир санитардык-коргоо чөлкөмүнүн аймагы менен чектелет; - III категорияга кырсыкта радиациялык таасири техногендик объекттин аймагы менен чектелген объекттер кирет; - IV категорияга кырсыкта радиациялык таасири нурлануу булактары менен иш жүргүзүлгөн жайлар менен чектелген объекттер кирет. 3. Радиациялык объекттердин категориясы аларды долбоорлоо баскычында [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] менен макулдашуу боюнча белгиленүүсү керек. 4. Эгерде аянтта бир нече радиациялык объекттер жайгашкан учурда, түбөлүгү радиациялык коркунуч категориясы категориялардын эң жогоркусуна ылайык белгиленет. |
| 12-берене. Радиоактивдүү калдыктардын классификациясы 1. Радиоактивдүү калдыктарды (РАК) урунуу тутуму аларды чогултууну, сорттоону, таңгактоону, убактылуу сактоону, кондициялаштырууну (топтоону, кургатууну, пресстөөнү, өрттөөнү ж.б.), ташууну, узакка сактоону жана (же) көмүүнү камтыйт. 2. РАК агрегаттык абалы боюнча суюк, катуу жана газ түрүндөгүлөргө бөлүнөт. 3. Суюк РАКга техногендик радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгү суу үчүн 1-тиркемеде келтирилген кийлигишүү деңгээлдеринин (КД) маанисинен 10 эседен ашуунду түзгөн суюктуктар органикалык жана органикалык эмес заттардын эриндилери, аралашмалары ж.б. кирет. 4. Катуу РАКга техногендик радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгунүн ченелген суммасы 1ден ашпаган өзү ресурсун иштеп бүгүргөн радионуклиддик булактар, материалдар, буюмдар, жабдуулар, биологиялык объекттер, тышкы чөйрөнүн булганган объекттери, катып калган суюк калдыктар кирет. 5. Газ түрүндөгү радиоактивдүү калдыктарга өндүрүштүк процесстерде түзүлгөн радиоактивдүү газдар жана мааниси 1-тиркемеде келтирилген жол берилген көлөмдүү активдүүлүктөн (ЖКА) ашкан көлөмдүү активдүүлүктөгү аэрозолдор кирет. 6. Суюк жана катуу РАК салыштырмалуу активдүүлүгү боюнча 2-таблицада келтирилген үч категорияга бөлүнөт. Радионуклиддердин келтирилген мунөздөмөлөр боюнча калдыктары ар түрдүү категорияларга кирген учурда, алар үчүн калдыктардын категорияларынын кыйла жогорку мааниси белгиленет. 7. РАК урунуу менен алектенген адамдардын нурлануусу персонал үчүн белгиленген дозалык чектерден ашпоосу керек. РАКнын бардык түрлөрүн урунууда калктын нурлануусу 0,1 мЗв/жылдан ашпоосу керек. РАКны көмүүнүн эсебинен калктын кризистик тобунун нурлануусу 0,01 мЗв/жылдан ашпоосу керек. 8. Республиканын аймагында радиоактивдүү калдыктарды мамлекеттик эсепке алуу [өзгөчө кырдаалдар жаатындагы Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] тарабынан радиактивдүү калдыктар, аларды сактоонун жана/же көмүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды ыкчам алуу жана курчап турган чөйрөдө радиоактивдүү калдыктардын контролсуз топтолушун болтурбоо максаттарында бирдиктүү тариз боюнча жүргүзүлөт. | 12-берене. Радиоактивдүү калдыктардын классификациясы 1. Радиоактивдүү калдыктарды (РАК) урунуу тутуму аларды чогултууну, сорттоону, таңгактоону, убактылуу сактоону, кондициялаштырууну (топтоону, кургатууну, пресстөөнү, өрттөөнү ж.б.), ташууну, узакка сактоону жана (же) көмүүнү камтыйт. 2. РАК агрегаттык абалы боюнча суюк, катуу жана газ түрүндөгүлөргө бөлүнөт. 3. Суюк РАКга техногендик радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгү суу үчүн 1-тиркемеде келтирилген кийлигишүү деңгээлдеринин (КД) маанисинен 10 эседен ашуунду түзгөн суюктуктар органикалык жана органикалык эмес заттардын эриндилери, аралашмалары ж.б. кирет. 4. Катуу РАКга техногендик радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгунүн ченелген суммасы 1ден ашпаган өзү ресурсун иштеп бүгүргөн радионуклиддик булактар, материалдар, буюмдар, жабдуулар, биологиялык объекттер, тышкы чөйрөнүн булганган объекттери, катып калган суюк калдыктар кирет. 5. Газ түрүндөгү радиоактивдүү калдыктарга өндүрүштүк процесстерде түзүлгөн радиоактивдүү газдар жана мааниси 1-тиркемеде келтирилген жол берилген көлөмдүү активдүүлүктөн (ЖКА) ашкан көлөмдүү активдүүлүктөгү аэрозолдор кирет. 6. Суюк жана катуу РАК салыштырмалуу активдүүлүгү боюнча 2-таблицада келтирилген үч категорияга бөлүнөт. Радионуклиддердин келтирилген мунөздөмөлөр боюнча калдыктары ар түрдүү категорияларга кирген учурда, алар үчүн калдыктардын категорияларынын кыйла жогорку мааниси белгиленет. 7. РАК урунуу менен алектенген адамдардын нурлануусу персонал үчүн белгиленген дозалык чектерден ашпоосу керек. РАКнын бардык түрлөрүн урунууда калктын нурлануусу 0,1 мЗв/жылдан ашпоосу керек. РАКны көмүүнүн эсебинен калктын кризистик тобунун нурлануусу 0,01 мЗв/жылдан ашпоосу керек. 8. Республиканын аймагында радиоактивдүү калдыктарды мамлекеттик эсепке алуу [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] тарабынан радиактивдүү калдыктар, аларды сактоонун жана/же көмүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды ыкчам алуу жана курчап турган чөйрөдө радиоактивдүү калдыктардын контролсуз топтолушун болтурбоо максаттарында бирдиктүү тариз боюнча жүргүзүлөт. |
| 13-берене. Радиациялык кырсыктардын алдын алуу жана аларды жоюуга даярдыкты камсыз кылуу 1. Радиациялык кырсыкта калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын системасы кырсыктын терс кесепеттерин минимумга жеткирүүнү, барыдан мурда детерминирленген натыйжалардын пайда болушун болтурбоону жана стохастикалык натыйжалардын ыктымалдуулугун минималдаштырууну камсыз кылууга тийиш. 2. Ар бир радиациялык объекттин долбоордук документтеринде жабдуунун бузуктугунун, персоналдын туура эмес аракеттеринен, табигый кырсыктардын кесепетинен же иондуу нурлануу булактарынын үстүнөн көзөмөлдү жоготууга жана адамдардын нурлануусуна жана (же) курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн болгон башка себептерден улам келип чыгышы мүмкүн болгон кырсыктар аныкталуусу керек. 3. I-II категориялардагы радиациялык объекттердин долбоордук документтеринде радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык дары-дармектердин радиациялык контроль үчүн приборлордун, кырсыктык запастын, дезактивизациялоо жана санитардык иштетүүнүн каражаттарынын, аспаптардын жана шаймандардын номенклатурасы, көлөмү жана сакталуучу жерлери кирген "Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар" бөлүмү болууга тийиш. 4. I-II категориядагы радиациялык объекттердин администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү контролго алууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары] радиациялык кырсык учурунда персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана макулдашууга милдеттүү. 5. Бардык радиациялык объекттерде "Кырсыктык кырдаалдардагы персоналдардын иш аракеттери боюнча нускама" болушу керек. 6. Радиациялык кырсык болушу мүмкүн болгон ар бир уюмда пайда болгон кырсык жөнүндө шашылыш кабарландыруу системасы караштырылышы керек, анын сигналдары боюнча персонал радиациялык кырсыкты жоюу иш-чараларынын планына жана кызматтык нускамаларга ылайык аракеттенүүлөрү тийиш. | 13-берене. Радиациялык кырсыктардын алдын алуу жана аларды жоюуга даярдыкты камсыз кылуу 1. Радиациялык кырсыкта калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын системасы кырсыктын терс кесепеттерин минимумга жеткирүүнү, барыдан мурда детерминирленген натыйжалардын пайда болушун болтурбоону жана стохастикалык натыйжалардын ыктымалдуулугун минималдаштырууну камсыз кылууга тийиш. 2. Ар бир радиациялык объекттин долбоордук документтеринде жабдуунун бузуктугунун, персоналдын туура эмес аракеттеринен, табигый кырсыктардын кесепетинен же иондуу нурлануу булактарынын үстүнөн көзөмөлдү жоготууга жана адамдардын нурлануусуна жана (же) курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн болгон башка себептерден улам келип чыгышы мүмкүн болгон кырсыктар аныкталуусу керек. 3. I-II категориялардагы радиациялык объекттердин долбоордук документтеринде радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык дары-дармектердин радиациялык контроль үчүн приборлордун, кырсыктык запастын, дезактивизациялоо жана санитардык иштетүүнүн каражаттарынын, аспаптардын жана шаймандардын номенклатурасы, көлөмү жана сакталуучу жерлери кирген "Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар" бөлүмү болууга тийиш. 4. I-II категориядагы радиациялык объекттердин администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы радиациялык кырсык учурунда персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана макулдашууга милдеттүү. 5. Бардык радиациялык объекттерде "Кырсыктык кырдаалдардагы персоналдардын иш аракеттери боюнча нускама" болушу керек. 6. Радиациялык кырсык болушу мүмкүн болгон ар бир уюмда пайда болгон кырсык жөнүндө шашылыш кабарландыруу системасы караштырылышы керек, анын сигналдары боюнча персонал радиациялык кырсыкты жоюу иш-чараларынын планына жана кызматтык нускамаларга ылайык аракеттенүүлөрү тийиш. |
| 14-берене. Радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу 1. Радиациялык кырсык пайда болгон учурда ушул Мыйзамдын 10-беренесинин талаптарын эске алуу менен кырсыктын өрчүшүн токтотуу, иондуу нурлануу булагына контролду калыбына келтирүү жана нурлануу дозаларын жана нурланган адамдардын санын, өндүрүштүк жайлардын жана курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышын, кырсыктан келип чыккан экономикалык жана социалдык жоготууларды минимумга жеткирүү боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү керек. 2. Аймактын радиоактивдүү булганышына алып келген кырсыкта радиациялык кырдаалды контролдун жана болжолдоонун негизинде радиациялык кырсыктын чөлкөмү белгиленет. Радиациялык кырсык чөлкөмүнө радиациялык кырсыктын эсебинен калктын кризистик тобу үчүн жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашуусу мүмкүн болгон калктуу конуштар киргизилет. Радиациялык кырсык чөлкөмүндө радиациялык кырдаалга контроль жүргүзүлөт жана калктын нурлануу деңгээлдерин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылат. 3. Аймактын радиоактивдүү булгануусу менен ири радиациялык кырсык болгон учурда калкты коргоо чаралары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу төмөнкү талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат: - радиациялык кырсыктын баштапкы мезгилинде коргоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө чечим биринчи 10 күндүн ичинде сиңирилген нурлануунун дозаларына жол бербөө чараларынын төмөнкү маанилерине жараша кабыл алынат; - кырсык болгондон кийинки биринчи жылы булганган тамак-аш азык-түлүктөрүн керектөөнү чектөө тууралуу чечим тамак-аш азык-түлүктөрүндөгү радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгүнүн төмөнкү маанилерине жараша кабыл алынат: Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү А деңгээлинен ашпаса, калктын нормалдуу жашоо-турмушунун бузулушу, ошондой эле аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышынын байланышкан коргоо чараларын аткаруунун зарылдыгы жок. Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү А деңгээлинен ашса, бирок Б деңгээлине жетпесе, коргонуу чараларын аткаруу жөнүндө чечим дайындуу жагдайды жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен негиздөөнүн жана оптималдаштыруунун принциптери боюнча кабыл алышат. Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген сальпптырмалуу активдүүлүгү Б деңгээлине жетсе жана ашып кетсе, эгерде алар калктын нормалдуу жашоо-турмушунун, аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышынын бузулушуна байланыштуу болсо дагы тийиштүү коргонуу чараларын аткаруу зарыл. 4. Кеңири аймактарды узакка сакталуучу радионуклиддер менен булгаган радиациялык кырсыктын кийинки баскычтарында коргоо иш-чаралары жөнүндө чечим түзүлгөн радиациялык кырдаалды жана дайындуу социалдык-экономикалык шарттарды эсепке алуу менен кабыл алынат. Радиациялык кырсыктын натыйжасында кырсыктык нурланууга кабылган жана булганган аймакта туруктуу жашаган калк үчүн жашаган мезгил ичинде топтолгон натыйжалуу доза кырсык болгон 1 учурдан баштап аныкталат. Калк ичинде кырсыктан кийин турган адамдар үчүн эгерде кырсык болгон учурдан тартып туулган учуруна чейин 9 айдан ашык өтсө, жана кырсык болгон учурдан тартып эгерде 9 айдан аз өтсө эффективдүү доза бойго бүткөн учурдан тартып аныкталат. Булганган аймакка кырсыктан кийин көчүп келген калк ичиндеги адамдар үчүн натыйжалуу доза көчүп келген учурдан тартып аныкталат. Тобокелчилик топтору радиациялык кырсыктын кесепетинен радиациялык булганууга кабылган аймакта мурда турган бүткүл мөөнөттүн натыйжасында топтолгон нурлануу дозасынын чоңдугу боюнча, ошондой эле медициналык контролдун натыйжасы боюнча түзүлөт. 5. Радиациялык коргоо чаралары тартибинде калктын чарбалык жана социалдык иштерине кийлигишүүнүн зарыл деңгээли булганган аймактын чөлкөмдөргө бөлүнүшүнө ылайык аныкталат. Булганган аймакта төмөнкүдөй чөлкөмдөр түзүлөт: - радиациялык контроль чөлкөмү - 1мЗвдан 5 мЗв чейин; - калктын чектелүү жашоо чөлкөмү - 5 мЗвдан 20 мЗв чейин; - көчүрүү чөлкөмү - 20 мЗвдан 50 мЗв чейин; - ажыратуу чөлкөмү - 50 мЗвдан ашык. Радиациялык контроль чөлкөмүндө курчап турган чөйрөгө, айыл чарба азык-түлүктөрүнө, калктын жана анын кризистик топторунун ички жана тышкы нурлануусунун дозаларына радиациялык мониторинг жүзөгө ашырылат, "кийлигишүүнү негиздөө" жана "кийлигишүүнү оптималдаштыруу" принциптеринин негизинде дозаларды төмөндөтүү боюнча, ошондой эле калкты коргоонун башка жигердүү зарыл чаралары жүзөгө ашырылат. Калктын жашоосу чектелген чөлкөмдө радиациялык мониторинг жана калкты коргоо чаралары жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоо үчүн ыктыярдуу кирүүгө чек коюлбайт. Көрсөтүлгөн аймакка туруктуу жашоо үчүн келип жаткан адамдарга радиациянын таасир этүүсү менен шартталган ден соолукка зыян келүү тобокелчилиги түшүндүрүлөт. Жашоо чектелген чөлкөмдө туруктуу жашаган калк [саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] тарабынан бекитилген программага ылайык милдеттүү түрдө атайын диспансердик медициналык изилдөөдөн өтөт. Көчүрүү чөлкөмүндө көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоо үчүн кирүүгө уруксат берилбейт жана репродукциялык, курактагы адамдардын жана балдардын туруктуу жашоосуна тыюу салынат. Ушул чөлкөмдө радиациялык мониторинг, адамдарды атайын диспансердик медициналык изилдөө жана зарыл радиациялык жана медициналык коргоонун чараларын жүргүзүү жүзөгө ашырылат. Бөлүнгөн чөлкөмдө туруктуу жашоого жол берилбейт. Чарбалык иштер жана жаратылышты пайдалануу атайын актылар менен жөнгө салынат. Милдетүү дозиметриялык контролдоо менен мониторинг жүзөгө ашырылат. 6. Радиациялык кырсык фактысы аныкталган бардык учурларда эксплуатациялоочу жана адистештирилген уюмдардын администрациялары [тийиштүү мамлекеттик органдарды] жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарландырууга милдеттүү. [7. Өзгөчө кырдаалдар, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар] радиациялык кырсык жөнүндө маалыматтардын радиациялык коргонуу жаатындагы адистерге тез келип түшүшүн жана алардын коргоо иш-чараларын иштеп чыгууга катышуусун, калкты радиациялык кырсыктан коргонуунун сунушталган ыкмалары жана каражаттары жөнүндө кабарландырылышын камсыз кылынат. 8. Кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө барынан мурда адистештирилген кырсык бригадаларынын мүчөлөрү тартылууга тийиш. Зарыл болгондо бул жумуштарды аткаруу үчүн персоналдын көпчүлүгү 30 жаштан ашкан, медициналык каршы көрсөткүчтөрү болбогон адамдар нурлануунун мүмкүн болгон дозалары жана ден соолук үчүн тобокелчиликтери жөнүндө маалымдалгандан кийин, алардын жазуу жүзүндөгү ыктыярдуу макулдуктары менен тартылышы мүмкүн. 9. Кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштар жана персоналдын ашыкча нурлануу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан башка иш-чараларды аткаруу жумуштун мүмкүн болуучу узактыгы, коргоонун кошумча каражаттары, катышуучулардын жана жумушту аткаруу үчүн жооптуу адамдардын фамилиялары аныкталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилген атайын уруксат боюнча радиациялык контроль алдында жүргүзүлүшү керек. 10. Майып болуу жаракаттары бар, химиялык ууланууларга же 200 мЗв ашуун дозада нурланууга кабылган адамдарды медициналык изилдөөгө жана дарыланууга жиберүү зарыл. Радиоактивдүү булганууга тушукканда адамдарды санитардык тазалоо жана булганган кийимди дезактивация жүргүзүлүү керек. [11. Курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары калктын радиациялык булгануу чөлкөмдөрүндө жашоосунун өзгөчө режимдерин белгилешет, тийиштүү аймакта радиациялык кырдаал үчүн контролду жана калктын нурлануу дозаларын эсепке алууну камсыз кылышат.] 12. Радиациялык кырсыктын натыйжасында радиоактивдүү булганууга кабылган аймактарда төмөнкүлөр жүзөгө ашырылуусу тийиш: - эгерде бул доза 10 мкЗв/жылдан ашып кетүүсү мүмкүн болсо, аймактын радиоактивдүү булганышынын эсебинен калктын нурлануу дозаларын баалоо менен радиациялык контролдоо; - калктын нурлануусунун башка негизги түрлөрүн радиациялык контролдоо; - эгерде аймактын радиоактивдүү булгануусунун эсебинен калктын нурлануу дозасы 1,0 мЗв/жылдан ашып кетсе, нурлануунун бардык негизги түрлөрү боюнча дозаларды оптималдаштырып төмөндөтүү; - эгерде аймактын радиоактивдүү булгануусунун эсебинен нурлануунун дозасы 0,1 мЗв/жылдан ашып, бирок 1,0 мЗв/жылдан ашык болбосо, калктын нормалдуу жашоо шартын, аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышын бузбоочу оптималдаштырылган коргоочу иш-чаралары. | 14-берене. Радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу 1. Радиациялык кырсык пайда болгон учурда ушул Мыйзамдын 10-беренесинин талаптарын эске алуу менен кырсыктын өрчүшүн токтотуу, иондуу нурлануу булагына контролду калыбына келтирүү жана нурлануу дозаларын жана нурланган адамдардын санын, өндүрүштүк жайлардын жана курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышын, кырсыктан келип чыккан экономикалык жана социалдык жоготууларды минимумга жеткирүү боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү керек. 2. Аймактын радиоактивдүү булганышына алып келген кырсыкта радиациялык кырдаалды контролдун жана болжолдоонун негизинде радиациялык кырсыктын чөлкөмү белгиленет. Радиациялык кырсык чөлкөмүнө радиациялык кырсыктын эсебинен калктын кризистик тобу үчүн жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашуусу мүмкүн болгон калктуу конуштар киргизилет. Радиациялык кырсык чөлкөмүндө радиациялык кырдаалга контроль жүргүзүлөт жана калктын нурлануу деңгээлдерин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылат. 3. Аймактын радиоактивдүү булгануусу менен ири радиациялык кырсык болгон учурда калкты коргоо чаралары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу төмөнкү талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат: - радиациялык кырсыктын баштапкы мезгилинде коргоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө чечим биринчи 10 күндүн ичинде сиңирилген нурлануунун дозаларына жол бербөө чараларынын төмөнкү маанилерине жараша кабыл алынат; - кырсык болгондон кийинки биринчи жылы булганган тамак-аш азык-түлүктөрүн керектөөнү чектөө тууралуу чечим тамак-аш азык-түлүктөрүндөгү радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгүнүн төмөнкү маанилерине жараша кабыл алынат: Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү А деңгээлинен ашпаса, калктын нормалдуу жашоо-турмушунун бузулушу, ошондой эле аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышынын байланышкан коргоо чараларын аткаруунун зарылдыгы жок. Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү А деңгээлинен ашса, бирок Б деңгээлине жетпесе, коргонуу чараларын аткаруу жөнүндө чечим дайындуу жагдайды жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен негиздөөнүн жана оптималдаштыруунун принциптери боюнча кабыл алышат. Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген сальпптырмалуу активдүүлүгү Б деңгээлине жетсе жана ашып кетсе, эгерде алар калктын нормалдуу жашоо-турмушунун, аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышынын бузулушуна байланыштуу болсо дагы тийиштүү коргонуу чараларын аткаруу зарыл. 4. Кеңири аймактарды узакка сакталуучу радионуклиддер менен булгаган радиациялык кырсыктын кийинки баскычтарында коргоо иш-чаралары жөнүндө чечим түзүлгөн радиациялык кырдаалды жана дайындуу социалдык-экономикалык шарттарды эсепке алуу менен кабыл алынат. Радиациялык кырсыктын натыйжасында кырсыктык нурланууга кабылган жана булганган аймакта туруктуу жашаган калк үчүн жашаган мезгил ичинде топтолгон натыйжалуу доза кырсык болгон 1 учурдан баштап аныкталат. Калк ичинде кырсыктан кийин турган адамдар үчүн эгерде кырсык болгон учурдан тартып туулган учуруна чейин 9 айдан ашык өтсө, жана кырсык болгон учурдан тартып эгерде 9 айдан аз өтсө эффективдүү доза бойго бүткөн учурдан тартып аныкталат. Булганган аймакка кырсыктан кийин көчүп келген калк ичиндеги адамдар үчүн натыйжалуу доза көчүп келген учурдан тартып аныкталат. Тобокелчилик топтору радиациялык кырсыктын кесепетинен радиациялык булганууга кабылган аймакта мурда турган бүткүл мөөнөттүн натыйжасында топтолгон нурлануу дозасынын чоңдугу боюнча, ошондой эле медициналык контролдун натыйжасы боюнча түзүлөт. 5. Радиациялык коргоо чаралары тартибинде калктын чарбалык жана социалдык иштерине кийлигишүүнүн зарыл деңгээли булганган аймактын чөлкөмдөргө бөлүнүшүнө ылайык аныкталат. Булганган аймакта төмөнкүдөй чөлкөмдөр түзүлөт: - радиациялык контроль чөлкөмү - 1мЗвдан 5 мЗв чейин; - калктын чектелүү жашоо чөлкөмү - 5 мЗвдан 20 мЗв чейин; - көчүрүү чөлкөмү - 20 мЗвдан 50 мЗв чейин; - ажыратуу чөлкөмү - 50 мЗвдан ашык. Радиациялык контроль чөлкөмүндө курчап турган чөйрөгө, айыл чарба азык-түлүктөрүнө, калктын жана анын кризистик топторунун ички жана тышкы нурлануусунун дозаларына радиациялык мониторинг жүзөгө ашырылат, "кийлигишүүнү негиздөө" жана "кийлигишүүнү оптималдаштыруу" принциптеринин негизинде дозаларды төмөндөтүү боюнча, ошондой эле калкты коргоонун башка жигердүү зарыл чаралары жүзөгө ашырылат. Калктын жашоосу чектелген чөлкөмдө радиациялык мониторинг жана калкты коргоо чаралары жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоо үчүн ыктыярдуу кирүүгө чек коюлбайт. Көрсөтүлгөн аймакка туруктуу жашоо үчүн келип жаткан адамдарга радиациянын таасир этүүсү менен шартталган ден соолукка зыян келүү тобокелчилиги түшүндүрүлөт. Жашоо чектелген чөлкөмдө туруктуу жашаган калк [Өкмөтү] тарабынан бекитилген программага ылайык милдеттүү түрдө атайын диспансердик медициналык изилдөөдөн өтөт. Көчүрүү чөлкөмүндө көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоо үчүн кирүүгө уруксат берилбейт жана репродукциялык, курактагы адамдардын жана балдардын туруктуу жашоосуна тыюу салынат. Ушул чөлкөмдө радиациялык мониторинг, адамдарды атайын диспансердик медициналык изилдөө жана зарыл радиациялык жана медициналык коргоонун чараларын жүргүзүү жүзөгө ашырылат. Бөлүнгөн чөлкөмдө туруктуу жашоого жол берилбейт. Чарбалык иштер жана жаратылышты пайдалануу атайын актылар менен жөнгө салынат. Милдетүү дозиметриялык контролдоо менен мониторинг жүзөгө ашырылат. 6. Радиациялык кырсык фактысы аныкталган бардык учурларда эксплуатациялоочу жана адистештирилген уюмдардын администрациялары [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарландырууга милдеттүү. [7. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары] радиациялык кырсык жөнүндө маалыматтардын радиациялык коргонуу жаатындагы адистерге тез келип түшүшүн жана алардын коргоо иш-чараларын иштеп чыгууга катышуусун, калкты радиациялык кырсыктан коргонуунун сунушталган ыкмалары жана каражаттары жөнүндө кабарландырылышын камсыз кылышат. 8. Кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө барынан мурда адистештирилген кырсык бригадаларынын мүчөлөрү тартылууга тийиш. Зарыл болгондо бул жумуштарды аткаруу үчүн персоналдын көпчүлүгү 30 жаштан ашкан, медициналык каршы көрсөткүчтөрү болбогон адамдар нурлануунун мүмкүн болгон дозалары жана ден соолук үчүн тобокелчиликтери жөнүндө маалымдалгандан кийин, алардын жазуу жүзүндөгү ыктыярдуу макулдуктары менен тартылышы мүмкүн. 9. Кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштар жана персоналдын ашыкча нурлануу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан башка иш-чараларды аткаруу жумуштун мүмкүн болуучу узактыгы, коргоонун кошумча каражаттары, катышуучулардын жана жумушту аткаруу үчүн жооптуу адамдардын фамилиялары аныкталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилген атайын уруксат боюнча радиациялык контроль алдында жүргүзүлүшү керек. 10. Майып болуу жаракаттары бар, химиялык ууланууларга же 200 мЗв ашуун дозада нурланууга кабылган адамдарды медициналык изилдөөгө жана дарыланууга жиберүү зарыл. Радиоактивдүү булганууга тушукканда адамдарды санитардык тазалоо жана булганган кийимди дезактивация жүргүзүлүү керек. [11. Калктын радиациялык булгануу чөлкөмдөрүндө жашоосунун өзгөчө режимдери өкмөт тарабынан белгиленет. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймакта радиациялык кырдаал үчүн контролду жана калктын нурлануу дозаларын эсепке алууну камсыз кылат.] 12. Радиациялык кырсыктын натыйжасында радиоактивдүү булганууга кабылган аймактарда төмөнкүлөр жүзөгө ашырылуусу тийиш: - эгерде бул доза 10 мкЗв/жылдан ашып кетүүсү мүмкүн болсо, аймактын радиоактивдүү булганышынын эсебинен калктын нурлануу дозаларын баалоо менен радиациялык контролдоо; - калктын нурлануусунун башка негизги түрлөрүн радиациялык контролдоо; - эгерде аймактын радиоактивдүү булгануусунун эсебинен калктын нурлануу дозасы 1,0 мЗв/жылдан ашып кетсе, нурлануунун бардык негизги түрлөрү боюнча дозаларды оптималдаштырып төмөндөтүү; - эгерде аймактын радиоактивдүү булгануусунун эсебинен нурлануунун дозасы 0,1 мЗв/жылдан ашып, бирок 1,0 мЗв/жылдан ашык болбосо, калктын нормалдуу жашоо шартын, аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышын бузбоочу оптималдаштырылган коргоочу иш-чаралары. |
| 19-берене. Иондуу нурлануу булактарын жана радиоактивдүү материалдарды эсепке алуу жана контролдоо 1. Иондуу нурлануу булактарын урунууда алардын эсебин алуу жана контролдоо жүзөгө ашырылышы керек. 2. Иондуу нурлануу булактарын, анын ичинде стандарттык жана контролдук эталондорун, радиактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары] тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт. 3. Иондуу нурлануу булактарын бир жактан экинчисине өткөрүп берүүгө саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен гана жол берилет. Иондуу нурлануу булактарын алган ишкана 10 күндүк мөөнөттө саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына иондуу нурлануу булактарын алганы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. 4. Ишкананын администрациясы иондуу нурлануу булактарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана сактоонун жана пайдалануунун зарыл шарттарын камсыз кылууга тийиш. 5. Келип түшкөн бардык радиоактивдүү заттар кириш-чыгып журналында катталат, ал эми коштоочу документтери кириштөө үчүн бухгалтерияга берилет. 6. Ишкананын жетекчиси тарабынан дайындалуучу комиссия жыл сайын иондуу нурлан булактарын инвентаризациялоону жүргүзөт. Алардын жоголгону аныкталган учурда жогору турган уюмга, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына кабарлайт. 7. Иондуу нурлануу булактары атайын бөлүнгөн жерлерде же сактагычтарда сакталышы керек. 8. Иондуу нурлануунун бардык булактары Иондуу нурлануу булактарынын улуттук регистрине киргизилиши керек, аны алып баруунун тартиби Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталат. | 19-берене. Иондуу нурлануу булактарын жана радиоактивдүү материалдарды эсепке алуу жана контролдоо 1. Иондуу нурлануу булактарын урунууда алардын эсебин алуу жана контролдоо жүзөгө ашырылышы керек. 2. Иондуу нурлануу булактарын, анын ичинде стандарттык жана контролдук эталондорун, радиактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү] тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт. 3. Иондуу нурлануу булактарын бир жактан экинчисине өткөрүп берүүгө саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен гана жол берилет. Иондуу нурлануу булактарын алган ишкана 10 күндүк мөөнөттө саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына иондуу нурлануу булактарын алганы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. 4. Ишкананын администрациясы иондуу нурлануу булактарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана сактоонун жана пайдалануунун зарыл шарттарын камсыз кылууга тийиш. 5. Келип түшкөн бардык радиоактивдүү заттар кириш-чыгып журналында катталат, ал эми коштоочу документтери кириштөө үчүн бухгалтерияга берилет. 6. Ишкананын жетекчиси тарабынан дайындалуучу комиссия жыл сайын иондуу нурлануу булактарын инвентаризациялоону жүргүзөт. Алардын жоголгону аныкталган учурда жогору турган уюмга, [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына] кабарлайт. 7. Иондуу нурлануу булактары атайын бөлүнгөн жерлерде же сактагычтарда сакталышы керек. 8. Иондуу нурлануунун бардык булактары Иондуу нурлануу булактарынын улуттук регистрине киргизилиши керек, аны алып баруунун тартиби Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталат. |
| 20-берене. Кырсыкка каршы пландоо 1. Техногендик булак үчүн кырсыкка каршы пландоо персоналды жана калкты коргоо үчүн кырсыкты жеңилдетүү жана жоюу боюнча зарыл техникалык жана уюштуруучулук чаралардын комплексин аныктайт. 2. Техногендик булакты эксплуатациялоого киргизгенге чейин объектте кырсык болгон учурда персоналды жана калкты коргоо боюнча кырсыктардын радиациялык кесепеттерин эсепке алган иш-чаралардын пландары иштелип чыгылышы жана аткарууга даяр болуусу тийиш. Пландар техногендик булактардын долбоордук мүнөздөмөлөрүнүн жана мүнөздөгүчтөрүнүн персоналды жана калкты коргоо боюнча чаралар жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн критерийлердин негизинде, анын потенциалдуу коркунучтуулук категориясын, экономикалык, табигый жана башка мүнөздөмөлөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат. 3. Техногендик булакта кырсык болгон учурда персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын пландары эксплуатациялоочу уюм (объекттин менчик ээси) тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] жана объекттин потенциалдуу коркунучтуулук категориясына жараша коргоо иш-чараларын пландоо аянтынын жана чөлкөмүнүн чегиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылуусу керек. Дайым даярдыкта болуу жана планды ишке ашыруу иондуу нурлануу булагы балансында турган жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт. 4. Персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын пландарында кырсыкка даярдыктын деңгээли жана кийлигишүүнүн деңгээлдери белгилениши, кырсык тууралуу жана бул пландарды ишке ашыруунун башталышы жөнүндө маалымдоонун тартиби аныкталышы керек. Иш-чаралардын планында персоналды жана калкты коргоо үчүн зарыл жабдуулар жана техникалык каражаттар аныкталышы керек. 5. Персоналды кырсыктык кырдаалдарда иштөөгө даярдоо үчүн мезгил-мезгили менен кырсыкка каршы машыгуулар өткөрүлүп туруусу тийиш. | 20-берене. Кырсыкка каршы пландоо 1. Техногендик булак үчүн кырсыкка каршы пландоо персоналды жана калкты коргоо үчүн кырсыкты жеңилдетүү жана жоюу боюнча зарыл техникалык жана уюштуруучулук чаралардын комплексин аныктайт. 2. Техногендик булакты эксплуатациялоого киргизгенге чейин объектте кырсык болгон учурда персоналды жана калкты коргоо боюнча кырсыктардын радиациялык кесепеттерин эсепке алган иш-чаралардын пландары иштелип чыгылышы жана аткарууга даяр болуусу тийиш. Пландар техногендик булактардын долбоордук мүнөздөмөлөрүнүн жана мүнөздөгүчтөрүнүн персоналды жана калкты коргоо боюнча чаралар жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн критерийлердин негизинде, анын потенциалдуу коркунучтуулук категориясын, экономикалык, табигый жана башка мүнөздөмөлөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат. 3. Техногендик булакта кырсык болгон учурда персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын пландары эксплуатациялоочу уюм (объекттин менчик ээси) тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] жана объекттин потенциалдуу коркунучтуулук категориясына жараша коргоо иш-чараларын пландоо аянтынын жана чөлкөмүнүн чегиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылуусу керек. Дайым даярдыкта болуу жана планды ишке ашыруу иондуу нурлануу булагы балансында турган жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт. 4. Персоналды жана калкты коргоо боюнча иш-чаралардын пландарында кырсыкка даярдыктын деңгээли жана кийлигишүүнүн деңгээлдери белгилениши, кырсык тууралуу жана бул пландарды ишке ашыруунун башталышы жөнүндө маалымдоонун тартиби аныкталышы керек. Иш-чаралардын планында персоналды жана калкты коргоо үчүн зарыл жабдуулар жана техникалык каражаттар аныкталышы керек. 5. Персоналды кырсыктык кырдаалдарда иштөөгө даярдоо үчүн мезгил-мезгили менен кырсыкка каршы машыгуулар өткөрүлүп туруусу тийиш. |
| 21-берене. Радиациялык объекттерди эксплуатациялоодон чыгаруу 1. Радиациялык объекттерди эксплуатациялоонун мөөнөтүн узартуу же эксплуатациялоодон чыгаруу жөнүндө чечим, ошондой эле чечимдин вариантын тандоо курамында [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын] өкүлдөрү, иондуу нурлануунун булагын пайдалануучу уюмдун өкүлдөрү, ал эми зарыл болгондо жана даярдоочу ишкананын өкүлдөрү кирген комиссия объекттин технологиялык системасынын жана жабдууларынын курулуштук конструкцияларынын жана чектеш аймактык радиациялык жана техникалык абалын комплекстүү изилдеп чыккандан кийин кабыл алынат. Комиссиянын корутундусунда радиациялык объектти андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү, шарттары жана мөөнөтү аныкталат. 2. I категориядагы радиациялык объекттерде дайындалган эксплуатациялоо белгиленген мөөнөтү бүтөөрдөн 5 жыл калгандан кечиктирилбестен, II категориядагы объекттерде 3 жыл калгандан кечиктирилбестен, III категориядагы объекттерде I жыл калгандан кечиктирилбестен бүтүндөй объектти же анын айрым бөлүгүн эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] менен макулдашылган программасы иштелип чыгышы керек. Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын программасында объекттин комплекстүү инженердик жана технологиялык жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын эксплуатациялоодон чыгаруунун варианттары жана мөөнөттөрү аныкталуусу тийиш. 3. Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруу программасында аны эксплуатациялоодон чыгаруунун ар кыл баскычтарында: токтотууда, консервациялоодо, ажыратууда, профилин өзгөртүүдө, жоюуда жана көмүүдө, оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө жана объекттин аймагын реабилитациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар каралышы керек. 4. Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруунун программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - ажыратуу жумуштарын жүргүзүү үчүн зарыл жабдууларды даярдоону; - ажыратылган жабдууларды дезактивизациялоо усулдарын жана каражаттарын; - радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүү тартибин; - объекттин аймагын реабилитациялоо, анын ичинде жерлерди рекультивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн түрлөрүн, көлөмдөрүн жана тартибин; - объектти эксплуатациялоодон чыгаруу мезгилинде жана зарыл болгондо, аны аяктагандан кийин радиациялык контролдоо программасын. | 21-берене. Радиациялык объекттерди эксплуатациялоодон чыгаруу 1. Радиациялык объекттерди эксплуатациялоонун мөөнөтүн узартуу же эксплуатациялоодон чыгаруу жөнүндө чечим, ошондой эле чечимдин вариантын тандоо курамында [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын] өкүлдөрү, иондуу нурлануунун булагын пайдалануучу уюмдун өкүлдөрү, ал эми зарыл болгондо жана даярдоочу ишкананын өкүлдөрү кирген комиссия объекттин технологиялык системасынын жана жабдууларынын, курулуштук конструкцияларынын жана чектеш аймактык радиациялык жана техникалык абалын комплекстүү изилдеп чыккандан кийин кабыл алынат. Комиссиянын корутундусунда радиациялык объектти андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү, шарттары жана мөөнөтү аныкталат. 2. I категориядагы радиациялык объекттерде дайындалган эксплуатациялоо белгиленген мөөнөтү бүтөөрдөн 5 жыл калгандан кечиктирилбестен, II категориядагы объекттерде 3 жыл калгандан кечиктирилбестен, III категориядагы объекттерде I жыл калгандан кечиктирилбестен бүтүндөй объектти же анын айрым бөлүгүн эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган программасы иштелип чыгышы керек. Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын программасында объекттин комплекстүү инженердик жана технологиялык жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын эксплуатациялоодон чыгаруунун варианттары жана мөөнөттөрү аныкталуусу тийиш. 3. Радиациялык объектти эксплуатациядоодон чыгаруу программасында аны эксплуатациялоодон чыгаруунун ар кыл баскычтарында: токтотууда, консервациялоодо, ажыратууда, профилин өзгөртүүдө, жоюуда жана көмүүдө, оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө жана объекттин аймагын реабилитациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар каралышы керек. 4. Радиациялык объектти эксплуатациялоодон чыгаруунун программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - ажыратуу жумуштарын жүргүзүү үчүн зарыл жабдууларды даярдоону; - ажыратылган жабдууларды дезактивизациялоо усулдарын жана каражаттарын; - радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүү тартибин; - объекттин аймагын реабилитациялоо, анын ичинде жерлерди рекультивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн түрлөрүн, көлөмдөрүн жана тартибин; - объектти эксплуатациялоодон чыгаруу мезгилинде жана зарыл болгондо, аны аяктагандан кийин радиациялык контролдоо программасын. |
| 22-берене. Радиоактивдүү калдыктарды урунуу 1. Радиоактивдүү калдыктарды камтыган радиоактивдүү заттардын саны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чоңдуктан ашкан жана андан ары ушул же кандайдыр бир башка өндүрүштө жана эксперименталдык изилдөөлөрдө пайдаланууга болбогон эритиндилер, буюмдар, материалдар, биологиялык объекттер кирет. Радиоактивдүү калдыктарга ошондой эле иондуу нурлануунун андан ары пайдаланууга болбогон иштетилген булактары кирет. 2. Радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, ташууда жана көмүүдө радиациялык коркунучтуулук деңгээли төмөнкү негизги факторлорго байланыштуу болот: - активдүүлүгүнүн чоңдугуна; - нурлануунун түрүнө жана энергиясына; - калдыктарда камтылган радиоактивдүү заттардын уулуулук даражасына; - радионуклиддердин жарым-жартылай бузулуу мезгилине; - калдыктардын физикалык (суюк, катуу) абалына; - идиштин (таңгактын) түрүнө жана абалына; - радиоактивдүү калдыктардын жарылуу жана өрт чыгуу коркунучтуулугуна. 3. Радиоактивдүү калдыктар чогулган ишкананын (уюмдун) күчтөрү жана каражаттары менен радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункттарына тапшыруу үчүн радиоактивдүү калдыктарды чогултуу жана даярдоо ушул Техникалык регламенттен талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 4. Суюк радиоактивдүү калдыктарды суу объекттерине, жер үстүнө, ошондой эле чарбалык-фекалдык жана өндүрүштүк-жаандык канализация тармактарына төгүүгө [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын] уруксаты менен гана уруксат берилет. 5. Катуу радиоактивдүү калдыктарды (мындан ары - КРК) мекеменин, ишкананын, уюмдун чектеринде чогултуу жана ташуу үчүн төмөнкүлөр пайдаланылышы керек: - баштапкы таңгак менен жабдылган чогулткуч-контейнерлер, ошондой эле радиациялык коркунучтуулук белгиси коюлган өз алдынча таңгак түрүндөгү желим же кагаз мүшөктөр; - чогулткуч-контейнерлер көп жолу пайдаланьшгыдай, ыңгайлуу көлөмдө жана түзүлүштө болуусу тийиш. Чогулткуч-контейнерлердин көлөмү жана түзүлүнгү радиоактивдүү калдыктардын тиби жана саны, түрү, нурландыруу кубаты жана радионуклиддердин активдүүлүгү менен аныкталат. Алар механикалык жактан бышык, ташууга мүмкүндүк берүүчү бекем бекиткичтери жана жабдыктары болуусу тийиш. Чогулткуч-контейнерлердин ички беттери тегиз жабылууга, жылмакай болууга, кислоталар жана башка дезактивдештирүүчү материалдар менен иштетүүгө мүмкүн болуучу аз сиңирүүчү материалдан жасалууга тийиш. Чогулткуч-контейнерден нурлануу дозасынын күчү 1 м аралыкта 10 мкЗв/с (1 мбэр/с) ашпоосу тийиш. Сырткы беттеринде белгиленген деңгээлден ашкан радиациялык булгануу болбоосу тийиш. 6. Чогулткуч-контейнерди радиоактивдүү калдыктарга толтуруу радиациялык көзөмөл астында жана алардын чачылуу мүмкүндүгүн болтурбагандай шартта жүргүзүлүүсү тийиш. 7. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. Калдыктардын ай сайын чогулушу 50 кг ашкан учурларда бул мөөнөт ар бир конкреттүү учурда [саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекет органы] менен макулдашылат. 8. Иштетилген радиоактивдүү калдыктарды сактагыч-контейнерлерде көмүү корголгон контейнерлерде жүргүзүлүүгө тийиш. Иштетилген иондуу нурлануу булактарынын контейнерлердин үстүңкү бетиндеги гамма-нурлануу дозаларынын күчү ченемдик чоңдуктан ашпоосу тийиш. 9. Радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн пунктту эксплуатациялоодо жана аны эксплуатациялоодон чыгаргандан (жапкандан) кийинки мезгилде радиациялык контролдоо мониторинги жүзөгө ашырылууга тийиш. 10. Радиоактивдүү калдыктарды урунууда радиациялык коопсуздукту камсыз кылууга карата талаптар ушул Техникалык регламентте белгиленет. | 22-берене. Радиоактивдүү калдыктарды урунуу 1. Радиоактивдүү калдыктарды камтыган радиоактивдүү заттардын саны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чоңдуктан ашкан жана андан ары ушул же кандайдыр бир башка өндүрүштө жана эксперименталдык изилдөөлөрдө пайдаланууга болбогон эритиндилер, буюмдар, материалдар, биологиялык объекттер кирет. Радиоактивдүү калдыктарга ошондой эле иондуу нурлануунун андан ары пайдаланууга болбогон иштетилген булактары кирет. 2. Радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, ташууда жана көмүүдө радиациялык коркунучтуулук деңгээли төмөнкү негизги факторлорго байланыштуу болот: - активдүүлүгүнүн чоңдугуна; - нурлануунун түрүнө жана энергиясына; - калдыктарда камтылган радиоактивдүү заттардын уулуулук даражасына; - радионуклиддердин жарым-жартылай бузулуу мезгилине; - калдыктардын физикалык (суюк, катуу) абалына; - идиштин (таңгактын) түрүнө жана абалына; - радиоактивдүү калдыктардын жарылуу жана өрт чыгуу коркунучтуулугуна. 3. Радиоактивдүү калдыктар чогулган ишкананын (уюмдун) күчтөрү жана каражаттары менен радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункттарына тапшыруу үчүн радиоактивдүү калдыктарды чогултуу жана даярдоо ушул Техникалык регламенттен талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 4. Суюк радиоактивдүү калдыктарды суу объекттерине, жер үстүнө, ошондой эле чарбалык-фекалдык жана өндүрүштүк-жаандык канализация тармактарына төгүүгө [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын] жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен гана уруксат берилет. 5. Катуу радиоактивдүү калдыктарды (мындан ары - КРК) мекеменин, ишкананын, уюмдун чектеринде чогултуу жана ташуу үчүн төмөнкүлөр пайдаланылышы керек: - баштапкы таңгак менен жабдылган чогулткуч-контейнерлер, ошондой эле радиациялык коркунучтуулук белгиси коюлган өз алдынча таңгак түрүндөгү желим же кагаз мүшөктөр; - чогулткуч-контейнерлер көп жолу пайдаланылгыдай, ыңгайлуу көлөмдө жана түзүлүштө болуусу тийиш. Чогулткуч-контейнерлердин көлөмү жана түзүлүнгү радиоактивдүү калдыктардын тиби жана саны, түрү, нурландыруу кубаты жана радионуклиддердин активдүүлүгү менен аныкталат. Алар механикалык жактан бышык, ташууга мүмкүндүк берүүчү бекем бекиткичтери жана жабдыктары болуусу тийиш. Чогулткуч-контейнерлердин ички беттери тегиз жабылууга, жылмакай болууга, кислоталар жана башка дезактивдештирүүчү материалдар менен иштетүүгө мүмкүн болуучу аз сиңирүүчү материалдан жасалууга тийиш. Чогулткуч-контейнерден нурлануу дозасынын күчү 1 м аралыкта 10 мкЗв/с (1 мбэр/с) ашпоосу тийиш. Сырткы беттеринде белгиленген деңгээлден ашкан радиациялык булгануу болбоосу тийиш. 6. Чогулткуч-контейнерди радиоактивдүү калдыктарга толтуруу радиациялык көзөмөл астында жана алардын чачылуу мүмкүндүгүн болтурбагандай шартта жүргүзүлүүсү тийиш. 7. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. Калдыктардын ай сайын чогулушу 50 кг ашкан учурларда бул мөөнөт ар бир конкреттүү учурда [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] менен макулдашылат. 8. Иштетилген радиоактивдүү калдыктарды сактагыч-контейнерлерде көмүү корголгон контейнерлерде жүргүзүлүүгө тийиш. Иштетилген иондуу нурлануу булактарынын контейнерлердин үстүңкү бетиндеги гамма-нурлануу дозаларынын күчү ченемдик чоңдуктан ашпоосу тийиш. 9. Радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн пунктту эксплуатациялоодо жана аны эксплуатациялоодон чыгаргандан (жапкандан) кийинки мезгилде радиациялык контролдоо мониторинги жүзөгө ашырылууга тийиш. 10. Радиоактивдүү калдыктарды урунууда радиациялык коопсуздукту камсыз кылууга карата талаптар ушул Техникалык регламентте белгиленет. |
| 25-берене. Табигый радионуклиддер камтылган өндүрүштүк калдыктарды урунууда коюлуучу талаптар 1. Алардын натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү табигый радионуклиддерди камтыган өндүрүштүк калдыктардын потенциалдуу радиациялык коркунучтуулугунун негизги мүнөздөмөсү болуп саналат. 2. Натыйжалуу салыштырма активдүүлүк - бул табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүктөрүнүн төмөнкү формула боюнча эсептелип чыгарылган ченелген суммасы: Аэфф = FRа + 1,3 х АТh + 0,09 х АК, мында: АRа жана АТh - салыштырма активдүүлүк тийиштүүлүгүнө жараша 226Rа жана 232Тh уран жана торий катарларынын калган мүчөлөрү менен радиоактивдүү тең салмакта турушат, андыктан; АК - салыштырма активдүүлүк 40К. 3. Алардагы табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгү боюнча өндүрүштүк калдыктардын төмөнкүдөй классификациясы белгиленет (3-таблица). 4. I категориядагы калдыктарды өндүрүштүк шартта урунуу радиациялык фактор боюнча чектөөсүз жүзөгө ашырылат. II категориядагы, өндүрүштүк калдыктарды урунуу пландаштырылган мүнөздөмөнү жана аларды андан аркы пайдаланууну эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Мында аларды топтоонун, убактылуу сактоонун, ташуунун, кайра иштетүүнүн жана көмүүнүн эсебинен калктын опурталдуу тобунун натыйжалуу нурлануусунун дозасы 100 мкЗв/жылына ашпоосу тийиш. III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунуу төмөнкү активдүүлүктөгү радиоактивдүү калдыктарды урунуу үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт. 5. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунууда пайдалануучу ишкана тарабынан аларды урунуунун тартиби иштелип чыгат, мында аларды топтоонун, убактылуу сактоонун, кайра иштетүүнүн, ташып жеткирүүнүн жана көмүүнүн шарттары жана ыкмалары белгиленет. Өндүрүштүк калдыктарды урунуунун тартиби [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары] тарабынан бекитилет. 6. Табигый радионуклиддерди арбын камтыган өндүрүштүк калдыктарды урунуунун тартиби алар менен жашап турган чөйрөнүн объекттеринин белгилүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоосу жана калктын опурталдуу топторунун нурлануу алышын чектөө боюнча ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын камсыз кылышы керек. 7. I категориядагы өндүрүштүк калдыктарды радиациялык фактору боюнча чектөөсүз өнөр жай калдыктарынын таштандыларында көмүү жүргүзүүгө жол берилет. II категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүү атайын жабдылган аянттарда аткарылат. Көмүүнүн технологиясы калдыктарды изоляциялоонун пландалган бүткүл мөөнөтүндө ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүү төмөнкү активдүүлүктөгү радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүүнүн объекттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлүүчү объекттердин мамлекеттик реестрине киргизилет. 8. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүүнүн технологиясы 100 мкЗв/жылдан ашык эмес көмүүнүн эсебинен калктын опурталдуу тобунун жылына натыйжалуу нурлануусунун дозасын камсыз кылууга тийиш. 9. Ишканаларды өндүрүштүк калдыктарын алардагы пайдалуу компоненттерди чыгарып алуу максатында кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын] уруксаты менен жүргүзүлөт. | 25-берене. Табигый радионуклиддер камтылган өндүрүштүк калдыктарды урунууда коюлуучу талаптар 1. Алардын натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү табигый радионуклиддерди камтыган өндүрүштүк калдыктардын потенциалдуу радиациялык коркунучтуулугунун негизги мүнөздөмөсү болуп саналат. 2. Натыйжалуу салыштырма активдүүлүк - бул табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүктөрүнүн төмөнкү формула боюнча эсептелип чыгарылган ченелген суммасы: Аэфф = FRа + 1,3 х АТh + 0,09 х АК, мында: АRа жана АТh - салыштырма активдүүлүк тийиштүүлүгүнө жараша 226Rа жана 232Тh уран жана торий катарларынын калган мүчөлөрү менен радиоактивдүү тең салмакта турушат, андыктан; АК - салыштырма активдүүлүк 40К. 3. Алардагы табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгү боюнча өндүрүштүк калдыктардын төмөнкүдөй классификациясы белгиленет (3-таблица). 4. I категориядагы калдыктарды өндүрүштүк шартта урунуу радиациялык фактор боюнча чектөөсүз жүзөгө ашырылат. II категориядагы, өндүрүштүк калдыктарды урунуу пландаштырылган мүнөздөмөнү жана аларды андан аркы пайдаланууну эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Мында аларды топтоонун, убактылуу сактоонун, ташуунун, кайра иштетүүнүн жана көмүүнүн эсебинен калктын опурталдуу тобунун натыйжалуу нурлануусунун дозасы 100 мкЗв/жылына ашпоосу тийиш. III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунуу төмөнкү активдүүлүктөгү радиоактивдүү калдыктарды урунуу үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт. 5. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунууда пайдалануучу ишкана тарабынан аларды урунуунун тартиби иштелип чыгат, мында аларды топтоонун, убактылуу сактоонун, кайра иштетүүнүн, ташып жеткирүүнүн жана көмүүнүн шарттары жана ыкмалары белгиленет. Өндүрүштүк калдыктарды урунуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 6. Табигый радионуклиддерди арбын камтыган өндүрүштүк калдыктарды урунуунун тартиби алар менен жашап турган чөйрөнүн объекттеринин белгилүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоосу жана калктын опурталдуу топторунун нурлануу алышын чектөө боюнча ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын камсыз кылышы керек. 7. I категориядагы өндүрүштүк калдыктарды радиациялык фактору боюнча чектөөсүз өнөр жай калдыктарынын таштандыларында көмүү жүргүзүүгө жол берилет. II категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүү атайын жабдылган аянттарда аткарылат. Көмүүнүн технологиясы калдыктарды изоляциялоонун пландалган бүткүл мөөнөтүндө ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүү төмөнкү активдүүлүктөгү радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүүнүн объекттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлүүчү объекттердин мамлекеттик реестрине киргизилет. 8. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүүнүн технологиясы 100 мкЗв/жылдан ашык эмес көмүүнүн эсебинен калктын опурталдуу тобунун жылына натыйжалуу нурлануусунун дозасын камсыз кылууга тийиш. 9. Ишканаларды өндүрүштүк калдыктарын алардагы пайдалуу компоненттерди чыгарып алуу максатында кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын] уруксаты менен жүргүзүлөт. |
| 27-берене. Медициналык рентгендик изилдөөлөрдү жана дарылоо жол-жоболорун жүргүзүүдө жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылууга карата коюлуучу талаптар 1. Бейтаптардын жана калктын медициналык нурлануунун бардык (профилактикалык, диагностикалык, дарылоочу, изилдөөчү) түрлөрүндөгү радиациялык коопсуздугу радиациялык зыяндуулукту төмөндөтүү менен рентгендик-радиологиялык жол-жоболордун жогорку пайдалуулугуна жетишүү жолу менен камсыз кылышууга тийиш. 2. Жарандарды профилактикалык рентгендик жол-жоболордон өткөрүү тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аскер кызматкерлерин профилактикалык изилдөөнү тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 3. Илимий медициналык маалымат алуу максатында адамдарды нурландыруу саламатыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими боюнча, аларга нурлануунун мүмкүн болгон натыйжалары тууралуу маалымат берилгенден кийин изилденчүлөрдүн милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, нурлануунун белгиленген жол берилүүчү деңгээлдеринин чектеринде жүзөгө ашырылат. 4. Диагностикалык маалыматтарды же терапиялык натыйжаны алуу максаты менен бейтаптарды медициналык нурландыруу дарылоочу врачтын дайындоосу жана бейтаптын макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт. Тийиштүү процедураны жүргүзүү жөнүндө акыркы чечимди врач рентгенолог же врач радиолог кабыл алат. 5. Медицина радиациялык таасир этүүнү контролдоонун жана чектөөнүн принциптери нурлануунун мүмкүн болгон эң төмөнкү деңгээлинде зарыл диагностикалык маалыматтарды же терапиялык натыйжа алууга негизделген. Мында дозалардын чектери белгиленбейт, бирок радиологиялык медициналык жол-жоболорду дайындоону негиздөө жана бейтаптарды коргоо чараларын оптималдаштыруу принциптери колдонулат. 6. Медициналык радиологиялык жол-жоболорду жүргүзүүдө бейтаптардын нурлануу дозалары тийиштүү техникалык регламентте белгиленген деңгээлдерден ашпоосу тийиш. 7. Медициналык диагностикалык нурландыруу медициналык көрсөткүчтөр боюнча диагностиканын башка альтернативдик усулдарды жок же колдонууга болбогон, же жетиштүү маалыматсыз болгон учурларда жүзөгө ашырылат. Нур диагностиканын жана терапиянын бардык колдонулуучу усулдары саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Усулдардын сыпаттап жазылышында жол-жоболорду аткаруунун оптималдуу режимдери жана аларды аткарууда бейтаптын нурлануусунун деңгээлдери көрсөтүлүүсү зарыл. 8. Нур терапиясын жүргүзүүдө бейтапта нурдан улам татаалдашууну болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлүүсү тийиш. 9. Кош бойлуу аялдардын организмине радионуклиддерди киргизүү менен нур терапиясын жасоого жана радионуклиддик диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. 10. Кош бойлуу аялдарды рентгендик диагностикалык изилдөө түйүлдүктү сактоонун бардык зарыл ыкмаларын колдонуу менен жашоо көрсөткүчтөрү боюнча гана жүргүзүлөт. 11. Бала эмизген энелерге диагностикалоо же терапия максатында радиофармацевттик дары-дармектерди саюуда баланы эмизүү убактылуу токтотулуусу тийиш. Эмизүүнү токтотуу мөөнөтү сайылган дары-дармектердин түрүнө жана санына жараша болот жана өзүнчө нускамалар менен аныкталат. 12. Рентгендик-радиологиялык медициналык изилдөөлөрдү жана нурлануу терапиясы үчүн саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан катталган Кыргыз Республикасында медициналык колдонуу үчүн медициналык буюмдардын реестрине киргизилген жана санитардык-эмидемиологиялык корутундусу бар аппаратура колдонулат. 13. Нур терапиясы жана диагностика бөлүмдөрү (бөлүмчөлөрү) радиациялык дарылоо-диагностикалык жол-жоболорду аткарууда коргоонун көчмө жана жеке каражаттарынын милдетүү топтомуна жана бейтап жана персонал үчүн жеке дозиметрлерге ээ болуулары жана колдонуулары керек. 14. Ар түрдүү рентгендик-радиологиялык бөлүмдөрдө жана кабинеттерде бейтапты жана персоналды коргоонун табелдик каражаттарынын топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 15. Нур диагностикасында жана терапияда фармакологиялык радиопротекторлорду пайдаланууга саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү [санитардык- эпидемиологиялык] корутундусу болгондо уруксат берилет. 16. Рентгендик-радиологиялык медициналык диагностикалык жана терапиялык бөлүмчөлөрдүн персоналынын атайын даярдыгы болууга тийиш. 17. Рентгендик-радиологиялык диагностика жана терапия менен алектенишкен медициналык персонал бейтаптардын нурлануусунун жеке дозаларын мүмкүн болушунча төмөнкү деңгээлде кармоо менен аларды коргоону жүзөгө ашырышат. 18. Бейтаптын медициналык диагностикалык нурлануусунун топтолгон дозасы 0,5 Зв жеткенде, эгер нур жол-жобосу жашоо көрсөткүчтөрү боюнча зарыл болсо, анын андан ары нурлануусун чектөө боюнча чаралар кабыл алынышы керек. 19. Бейтаптын талабы боюнча ага нурлануунун күтүлгөн жана алынган дозалары тууралуу, рентгендик-радиологиялык жол-жоболорду жүргүзүүнүн жана аларды жүргүзүүдөн баш тартуунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилет. 20. Бейтап эпидемиялык жактан коркунучтуу ооруларды аныктоо максаттарында жүргүзүлүүчү профилактикалык изилдөөлөрдү кошпогондо, медициналык рентгендик-радиологиялык жол-жоболордон баш тартуу укугуна ээ. 21. Медициналык персонал өзүнүн кесиптик нурлануусун азайтуу максатында бейтаптын нурлануусунун көбөйүшүнө түз же кыйыр таасир этүүгө укугу жок 22. Рентгендик-радиологиялык жол-жоболорду аткарууда бейтаптарга (катуу оорулууга, балдарга) жардам көрсөтүүчү адамдар (рентгендик-радиологиялык оорулууга, балдарга) жардам көрсөтүүчү адамдар (рентгендик-радиологиялык бөлүмдүн кызматкери болуп саналбаган) 5 мЗв/жылдан ашкан дозада нурланууга кабылбашы керек. | 27-берене. Медициналык рентгендик изилдөөлөрдү жана дарылоо жол-жоболорун жүргүзүүдө жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылууга карата коюлуучу талаптар 1. Бейтаптардын жана калктын медициналык нурлануунун бардык (профилактикалык, диагностикалык, дарылоочу, изилдөөчү) түрлөрүндөгү радиациялык коопсуздугу радиациялык зыяндуулукту төмөндөтүү менен рентгендик-радиологиялык жол-жоболордун жогорку пайдалуулугуна жетишүү жолу менен камсыз кылышууга тийиш. 2. Жарандарды профилактикалык рентгендик жол-жоболордон өткөрүү тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аскер кызматкерлерин профилактикалык изилдөөнү тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 3. Илимий медициналык маалымат алуу максатында адамдарды нурландыруу саламатыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими боюнча, аларга нурлануунун мүмкүн болгон натыйжалары тууралуу маалымат берилгенден кийин изилденчүлөрдүн милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, нурлануунун белгиленген жол берилүүчү деңгээлдеринин чектеринде жүзөгө ашырылат. 4. Диагностикалык маалыматтарды же терапиялык натыйжаны алуу максаты менен бейтаптарды медициналык нурландыруу дарылоочу врачтын дайындоосу жана бейтаптын макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт. Тийиштүү процедураны жүргүзүү жөнүндө акыркы чечимди врач рентгенолог же врач радиолог кабыл алат. 5. Медицина радиациялык таасир этүүнү контролдоонун жана чектөөнүн принциптери нурлануунун мүмкүн болгон эң төмөнкү деңгээлинде зарыл диагностикалык маалыматтарды же терапиялык натыйжа алууга негизделген. Мында дозалардын чектери белгиленбейт, бирок радиологиялык медициналык жол-жоболорду дайындоону негиздөө жана бейтаптарды коргоо чараларын оптималдаштыруу принциптери колдонулат. 6. Медициналык радиологиялык жол-жоболорду жүргүзүүдө бейтаптардын нурлануу дозалары тийиштүү техникалык регламентте белгиленген деңгээлдерден ашпоосу тийиш. 7. Медициналык диагностикалык нурландыруу медициналык көрсөткүчтөр боюнча диагностиканын башка альтернативдик усулдарды жок же колдонууга болбогон, же жетиштүү маалыматсыз болгон учурларда жүзөгө ашырылат. Нур диагностиканын жана терапиянын бардык колдонулуучу усулдары саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Усулдардын сыпаттап жазылышында жол-жоболорду аткаруунун оптималдуу режимдери жана аларды аткарууда бейтаптын нурлануусунун деңгээлдери көрсөтүлүүсү зарыл. 8. Нур терапиясын жүргүзүүдө бейтапта нурдан улам татаалдашууну болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлүүсү тийиш. 9. Кош бойлуу аялдардын организмине радионуклиддерди киргизүү менен нур терапиясын жасоого жана радионуклиддик диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. 10. Кош бойлуу аялдарды рентгендик диагностикалык изилдөө түйүлдүктү сактоонун бардык зарыл ыкмаларын колдонуу менен жашоо көрсөткүчтөрү боюнча гана жүргүзүлөт. 11. Бала эмизген энелерге диагностикалоо же терапия максатында радиофармацевттик дары-дармектерди саюуда баланы эмизүү убактылуу токтотулуусу тийиш. Эмизүүнү токтотуу мөөнөтү сайылган дары-дармектердин түрүнө жана санына жараша болот жана өзүнчө нускамалар менен аныкталат. 12. Рентгендик-радиологиялык медициналык изилдөөлөрдү жана нурлануу терапиясы үчүн саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан катталган Кыргыз Республикасында медициналык колдонуу үчүн медициналык буюмдардын реестрине киргизилген жана санитардык-эмидемиологиялык корутундусу бар аппаратура колдонулат. 13. Нур терапиясы жана диагностика бөлүмдөрү (бөлүмчөлөрү) радиациялык дарылоо-диагностикалык жол-жоболорду аткарууда коргоонун көчмө жана жеке каражаттарынын милдетүү топтомуна жана бейтап жана персонал үчүн жеке дозиметрлерге ээ болуулары жана колдонуулары керек. 14. Ар түрдүү рентгендик-радиологиялык бөлүмдөрдө жана кабинеттерде бейтапты жана персоналды коргоонун табелдик каражаттарынын топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. [15. Нур диагностикасында жана терапияда фармакологиялык радиопротекторлорду пайдаланууга саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын корутундусу болгондо уруксат берилет.] 16. Рентгендик-радиологиялык медициналык диагностикалык жана терапиялык бөлүмчөлөрдүн персоналынын атайын даярдыгы болууга тийиш. 17. Рентгендик-радиологиялык диагностика жана терапия менен алектенишкен медициналык персонал бейтаптардын нурлануусунун жеке дозаларын мүмкүн болушунча төмөнкү деңгээлде кармоо менен аларды коргоону жүзөгө ашырышат. 18. Бейтаптын медициналык диагностикалык нурлануусунун топтолгон дозасы 0,5 Зв жеткенде, эгер нур жол-жобосу жашоо көрсөткүчтөрү боюнча зарыл болсо, анын андан ары нурлануусун чектөө боюнча чаралар кабыл алынышы керек. 19. Бейтаптын талабы боюнча ага нурлануунун күтүлгөн жана алынган дозалары тууралуу, рентгендик-радиологиялык жол-жоболорду жүргүзүүнүн жана аларды жүргүзүүдөн баш тартуунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилет. 20. Бейтап эпидемиялык жактан коркунучтуу ооруларды аныктоо максаттарында жүргүзүлүүчү профилактикалык изилдөөлөрдү кошпогондо, медициналык рентгендик-радиологиялык жол-жоболордон баш тартуу укугуна ээ. 21. Медициналык персонал өзүнүн кесиптик нурлануусун азайтуу максатында бейтаптын нурлануусунун көбөйүшүнө түз же кыйыр таасир этүүгө укугу жок 22. Рентгендик-радиологиялык жол-жоболорду аткарууда бейтаптарга (катуу оорулууга, балдарга) жардам көрсөтүүчү адамдар (рентгендик-радиологиялык оорулууга, балдарга) жардам көрсөтүүчү адамдар (рентгендик-радиологиялык бөлүмдүн кызматкери болуп саналбаган) 5 мЗв/жылдан ашкан дозада нурланууга кабылбашы керек. |
| 28-берене. Радиациялык коопсуздуктун абалын баалоо жана иондуу нурлануу булактарын колдонуучу уюмдарды рентгендик- радиологиялык паспорттоштуруу 1. Уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалы төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча бааланууга тийиш: - персоналдык нурлануу дозалары; - нурлануунун белгиленген дозаларынын чектеринен ашыкча нурланууга кабылган адамдардын саны; - радиациялык авариялардын кесепетинен нурдан жабыркаган адамдардын саны; - мүмкүн болуучу радиациялык кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдыктын даражасы; - курчап турган чөйрөнүн радиациялык булганышынын мүнөздөмөсү; - радиациялык коопсуздукту жана тийиштүү ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды талдоо. 2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн ар жыл сайын уюмдарды радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруу жүргүзүлөт. 3. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспорттору ушул Техникалык регламентке ылайык милдеттүү түрдө эсепке жана контролго алынууга тийиш болгон техногендик иондуу нурлануу булактарын колдонуучу бардык уюмдар тарабынан ар жыл сайын толтурулат. 4. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторунда келтирилген маалыматтарды талдоону, аларды мурдагы жылдардагы, ошондой эле көрсөткүчтөргө жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына салыштыруу жолу менен жүргүзүү керек. Уюмдардын толтурулган радиациялык-гигиеналык паспорттору корутунду чыгаруу үчүн [саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына] берилет. 5. Саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруунун алкагында алынган маалыматтарды ар жыл сайын жалпылайт. Радиациялык-гигиеналык паспорттордун тариздери 2-тиркемеде көрсөтүлгөн. | 28-берене. Радиациялык коопсуздуктун абалын баалоо жана иондуу нурлануу булактарын колдонуучу уюмдарды рентгендик- радиологиялык паспорттоштуруу 1. Уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалы төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча бааланууга тийиш: - персоналдык нурлануу дозалары; - нурлануунун белгиленген дозаларынын чектеринен ашыкча нурланууга кабылган адамдардын саны; - радиациялык авариялардын кесепетинен нурдан жабыркаган адамдардын саны; - мүмкүн болуучу радиациялык кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдыктын даражасы; - курчап турган чөйрөнүн радиациялык булганышынын мүнөздөмөсү; - радиациялык коопсуздукту жана тийиштүү ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды талдоо. 2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн ар жыл сайын уюмдарды радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруу жүргүзүлөт. 3. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспорттору ушул Техникалык регламентке ылайык милдеттүү түрдө эсепке жана контролго алынууга тийиш болгон техногендик иондуу нурлануу булактарын колдонуучу бардык уюмдар тарабынан ар жыл сайын толтурулат. 4. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторунда келтирилген маалыматтарды талдоону, аларды мурдагы жылдардагы, ошондой эле көрсөткүчтөргө жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына салыштыруу жолу менен жүргүзүү керек. Уюмдардын толтурулган радиациялык-гигиеналык паспорттору корутунду чыгаруу үчүн [радиациялык коопсуздук камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана радиациялык коопсузду камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына] берилет. 5. Саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруунун алкагында алынган маалыматтарды ар жыл сайын жалпылайт. Радиациялык-гигиеналык паспорттордун тариздери 2-тиркемеде көрсөтүлгөн. |
| 30-берене. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу 1. Техникалык жөнгө салуу объекттеринин радиациялык коопсуздуктун белгиленген талаптарына ылайыктуулугун баалоо, ушул Техникалык регламенттин талаптарынын бузулушун алдын алуу, табуу жана болтурбоо мамлекеттик көзөмөлгө алуунун максаты болуп саналат. [2. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу курчап турган чөйрөнү коргоо, өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген реестрге ылайык уруксат берүүчү документтерди берүү менен иондуу нурлануунун булактарын колдонуучу объекттерде, жайгаштыруу, эксплуатациялоо, сактоо, ташып жеткирүү, утилдештирүү, көмүү баскычтарында жүзөгө ашырылат.] | 30-берене. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу 1. Техникалык жөнгө салуу объекттеринин радиациялык коопсуздуктун белгиленген талаптарына ылайыктуулугун баалоо, ушул Техникалык регламенттин талаптарынын бузулушун алдын алуу, табуу жана болтурбоо мамлекеттик көзөмөлгө алуунун максаты болуп саналат. [2. Мамлекеттик көзөмөлгө алуу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Иондуу нурлануунун булактарын колдонуучу объекттерде, жайгаштыруу, эксплуатациялоо сактоо, ташып жеткирүү, утилдештирүү, көмүү баскычтарында Өкмөт тарабынан бекитилген реестрге ылайык уруксат берүүчү документтерди берүү радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.".] |
| 32-берене. Өндүрүштүк радиациялык контроль 1. Иштерин иондуу нурлануунун булактары менен жүзөгө ашырган уюмдар, ошондой эле табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү 740 Бк/кг ашкан минералдык чийки заттардан же материалдардан продукция өндүргөн жана өндүрүштүк нурлануусунун дозасы 2 мЗв/жылдан кызматкерлери бар уюмдар радиациялык коопсуздуктун камсыз кылынышы үчүн өндүрүштүк контроль жүргүзүшөт. 2. Уюмдагы радиациялык кырдаалды мүнөздөөчү бардык жөнгө салынган чоңдуктар тууралуу, персоналдын, бейтаптардын, калктын нурлануу дозалары жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле алынган чоңдуктардын гигиеналык ченемдерге ылайыктуулугун баалоо өндүрүштүк радиациялык контролдун мазмуну болуп саналат. 3. Өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүүнүн программасы анын өзгөчөлүктөрүн жана аткарылуучу иштердин шарттарын эске алуу менен ар бир уюм үчүн аныкталат жана саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат. Уюм үчүн белгиленген өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүү программасы (регламенти) көзөмөлдүн натыйжасына ыкчам чара көрүүнү камсыз кылууга тийиш. 4. Иондуу нурлануунун техногендик булактарын урунуу пландаштырылган уюмда өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүү программасын долбоорлоо баскычында иштелип чыгышат. Долбоордун "Радиациялык контроль" бөлүмүндө радиациялык контролдун түрлөрү жана көлөмү, зарыл приборлордун, көмөкчү жабдуулардын тизмеси, алардын жайгашуусу, контроль жүргүзүү программасы, зарыл жайлардын курамы, ошондой эле радиациялык контролду жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин штаты аныкталат. Радиациялык объектти эксплуатациялоого киргизүүдө долбоордо аныкталган өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүүнүн программасы конкреттүү радиациялык кырдаалга жараша такталат. 5. Өндүрүштүк радиациялык контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузуулар табылганда радиациялык булактар менен иш жүргүзүүнү токтотуп турууга укуктуу. 6. Иондуу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардагы жана табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү 740 Бк/кг ашкан минералдык чийки заттардан же материалдардан продукция даярдоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлеринин иондуу нурлануунун табигый булактарынан өндүрүштүк нурлануусунун дозасы жылына 2 мЗв ашкан уюмдардагы өндүрүштүк радиациялык контролдун натыйжалары ар жыл сайын уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторуна жазылат жана радиациялык кырдаалды баалоо, контролдук деңгээлдерди белгилөө, калктын нурлануусунун дозаларын азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугун баалоо үчүн пайдаланылат. | 32-берене. Өндүрүштүк радиациялык контроль 1. Иштерин иондуу нурлануунун булактары менен жүзөгө ашырган уюмдар, ошондой эле табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү 740 Бк/кг ашкан минералдык чийки заттардан же материалдардан продукция өндүргөн жана өндүрүштүк нурлануусунун дозасы 2 мЗв/жылдан кызматкерлери бар уюмдар радиациялык коопсуздуктун камсыз кылынышы үчүн өндүрүштүк контроль жүргүзүшөт. 2. Уюмдагы радиациялык кырдаалды мүнөздөөчү бардык жөнгө салынган чоңдуктар тууралуу, персоналдын, бейтаптардын, калктын нурлануу дозалары жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле алынган чоңдуктардын гигиеналык ченемдерге ылайыктуулугун баалоо өндүрүштүк радиациялык контролдун мазмуну болуп саналат. 3. Өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүүнүн программасы анын өзгөчөлүктөрүн жана аткарылуучу иштердин шарттарын эске алуу менен ар бир уюм үчүн аныкталат жана [радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен] макулдашышат. Уюм үчүн белгиленген өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүү программасы (регламенти) көзөмөлдүн натыйжасына ыкчам чара көрүүнү камсыз кылууга тийиш. 4. Иондуу нурлануунун техногендик булактарын урунуу пландаштырылган уюмда өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүү программасын долбоорлоо баскычында иштелип чыгышат. Долбоордун "Радиациялык контроль" бөлүмүндө радиациялык контролдун түрлөрү жана көлөмү, зарыл приборлордун, көмөкчү жабдуулардын тизмеси, алардын жайгашуусу, контроль жүргүзүү программасы, зарыл жайлардын курамы, ошондой эле радиациялык контролду жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин штаты аныкталат. Радиациялык объектти эксплуатациялоого киргизүүдө долбоордо аныкталган өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүүнүн программасы конкреттүү радиациялык кырдаалга жараша такталат. 5. Өндүрүштүк радиациялык контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузуулар табылганда радиациялык булактар менен иш жүргүзүүнү токтотуп турууга укуктуу. 6. Иондуу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардагы жана табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү 740 Бк/кг ашкан минералдык чийки заттардан же материалдардан продукция даярдоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлеринин иондуу нурлануунун табигый булактарынан өндүрүштүк нурлануусунун дозасы жылына 2 мЗв ашкан уюмдардагы өндүрүштүк радиациялык контролдун натыйжалары ар жыл сайын уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторуна жазылат жана радиациялык кырдаалды баалоо, контролдук деңгээлдерди белгилөө, калктын нурлануусунун дозаларын азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугун баалоо үчүн пайдаланылат. |
"Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Аткаруу бийлик бутактарындагы административдик реформалардын жүргүзүлүшүндө, мамлекеттик органдардагы функцияларды чектөөдө, ошондой эле, административдик мекемелердин өкмөткө баш ийген жаңы түзүмүн аныктоодо негиз болуучу Өкмөттүн (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) эки документи кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн реформалоо Премьер-министрдин мамлекеттин өнүгүүсүнүн аныкталган артыкчылыктары баяндалган 2011-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасынын аткарылышы менен жүргүзүлөт. Административдик реформанын эң маанилүү кадамдарынын бири болуп, мамлекеттик органдардагы көзөмөл-текшерүү функцияларды компетенциясынын алкагында эки мамлекеттик инспекциянын бирөөсүнүн карамагына өткөрүп берүүсү саналат. Өкмөттүн Программасын тиешелүү түрдө ишке ашыруу максатында, аткаруу бийлик тутумунда реформалоону жүргүзүүдөн келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу актыларын инвентаризациялоо, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо боюнча Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругу менен жумушчу тобу түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун иш аракеттерин координациялоону Юстиция министрлиги ишке ашырат. Юстиция министрлигинде айтылган топтун иш аракетинин алкагында бир эле мамлекеттик органда саясатты аныктоону жана аны ишке ашыруунун көзөмөл функцияларын аткаруудагы ыйгарым укуктарды бириктирүүнү болтурбоо максатында, ар бир мамлекеттик органдар менен биргеликте, шайкеш келген иш багыттары боюнча бир катар мыйзам чыгаруу актыларына оңдоолорду киргизүү маселеси иштелип чыкты. Анын негизинде, Юстиция министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте мыйзам тизмесин аныктап чыккан, анын ичинде жогоруда аталган жумушчу топтун чегинде "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" Мыйзамынын жоболорун кайра карап чыгуу зарылдыгы жаралды. Мыйзам долбоору менен "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча/көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" системасын жана түшүнүгүн ачкан анын беренелерин толуктоо сунушталат. Жогорудагы көрсөтүлгөн бирдейлештирилген терминдер, аталган органдарда аларды пайдалануудагы белгилениши, мыйзамдарга улам оңдоолорду киргизе берүү зарылчылыгын болтурбоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформаларды иш жүзүнө ашырууда, мамлекеттик органдардын конкретүү аталыштары өзгөрүүлөрдө эске алынышы керек. Ошондой эле, министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу ыйгарым укуктарын караган жоболорун Мыйзамдан алып салууга Мыйзам долбоору багытталган. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары укуктуу. Ошого байланыштуу, "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" Мыйзамынын 14-беренесинин 11-бөлүгүнө, 19-беренесинин 2-бөлүгүнө, 25-беренесинин 5-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Ошону менен бирге, сунушталган мыйзам долбоорунун иш аракеттер чөйрөсү саламаттык сактоо министрлигинин компетенциясына киргендиктен, Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоору караган учурда Өкмөтүн расмий өкүлү катары аталган органдын Министрин дайындоону сунуштайбыз. Мындан сырткары, улуттук жана эл аралык мыйзамдарда бекитилген азыркы нормаларга анализ жүргүзүүнүн натыйжасында, бул мыйзам долбоорундагы нормалар иштиктүү ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын жана мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүсүн кереги жок экендигин белгилей кетебиз, ошондой эле жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүнүн кереги жок экендигин белгилейбиз. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына ылайык ушул сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомдук талкууга коюу үчүн жайгаштырылган. Ошону менен бирге, коомдук талкуунун негизинде мыйзам долбоорунун кандайдыр бир жоболорун жакшыртуу иретинде сунуштар түшкөн жок. Кабарлама жарыялоо таламдаш жактар менен техникалык регламенттин долбоорун талкуулоо аткарылгандан кийин техникалык жөнгө салуунун долбоорлору экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болгон техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларга берилген. Эксперттик комиссиянын корутундусу милдеттүү түрдө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган. Ошондой эле, мыйзам долбоорун кабыл алынган учурда социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбейт. Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр
А.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №726 токтомуПостановление · 26.12.2014 · № 726
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 726 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 26.12.2014 · № 726 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 16.11.2013 · № 202 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 726 "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 26.12.2014 · № 726 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон