Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 „Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 721 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Саламаттык сактоо системасынын илим-изилдөө уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун уставында:
- 2-пунктундагы "жана Ош шаарында филиалы бар" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктундагы ", Борбордун Ош шаарындагы филиалы" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пунктундагы "жана Борбордун Ош шаарындагы филиалы" деген сөздөр алып салынсын;
- 16 жана 17-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"16. Борбордун жетекчиси окумуштуулар кеңеши тарабынан 5 жылга жана экиден ашык эмес мөөнөткө шайланат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кызматка бекитилет. Жетекчини шайлоо жөнүндөгү чечим окумуштуулар кеңешинин 2/3 мүчөлөрүнүн кем эмеси катышкан кворум менен киргизилет жана добуш берүүгө катышкандардын проценттен ашыгы ал үчүн добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсептелет. Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусунда ишке ашырылат.
17. Борбордун жетекчиси жетекчилик орунда жакшы тажрыйбасы, жогорку квалификациядагы кадрларды (илим кандидаттарын жана докторлорун) даярдоо тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын алдыңкы окумуштууларынан, адистиги боюнча 10 жылдан кем эмес илимий иш стажысы бар "онкология" жана/же "нур диагностикасы, нур терапиясы" адистиги боюнча медицина илимдеринин докторлорунан шайланат.";
18-пунктундагы ", Ош шаарындагы филиалынын директору" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте юстиция органдарында юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Устав Национального центра онкологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики (Утвержден Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 11 апреля 2001 года…Устав · 11.04.2001 · № 165
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2001 года №165 "О Национальном центре онкологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики"Постановление · 11.04.2001 · № 165 · Күчүн жоготкон