КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин мекемесин жоюу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры № 633 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин мекемесин жоюу жөнүндө "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун" органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин Ош шаары, Урицкий көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан № 41 түзөтүү мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- түзөтүү мекемесинин персоналына жана финансылык-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемени жоюуга байланышкан тийиштүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө чечиминин долбоорун киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 8-б (Жоюу комиссиясы түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.01.2012 · № 8-р
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.