Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жоюу комиссиясы түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-январы № 8-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин мекемесин жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөнкү курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн:
Кенебаев К.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) башкы штабынын начальниги, комиссиянын төрагасы; Канулькулов М.Э. - ЖАМКнын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; Айманбетов А. - ЖАМКнын кадрлар башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Сулаимбеков Б.Ш. - ЖАМКнын жатак-абактар бөлүмүнүн улук инспектору; Турпанбаев М.Т. - ЖАМКнын атайын бөлүмүнүн улук инспектору; Бостоналиев Ж.Т. - ЖАМКнын каржы башкармалыгынын улук инспектору; Султанов С.К. - ЖАМКнын жатак-абактар бөлүмүнүн опер кызматкери.
2. Жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө:
- ЖАМКнын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин № 41 түзөтүү мекемесинин (мындан ары - № 41 түзөтүү мекемеси) мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- жоюу балансын бекитсин;
- бошогон персоналды жумушка орноштуруу, № 41 түзөтүү мекемесинин эсебиндеги адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү маселесин чечсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.