Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 марта 2014 года № 178 "О ликвидации Микрокредитного агентства "Ала-Тоо Финанс" при Министерстве молодежи, труда и занятости Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-03-24.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-апрели № 240 Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө Калкты ишке орношууга көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу, ошондой эле чакан кредиттерди берүү жолу менен жаңы жумуш орундарын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттиги (мындан ары - Чакан кредит агенттиги) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттигинин уставы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттигинин Байкоочу кеңеши 2-тиркемеге ылайык курамда;
- Айыл аймагынын кредиттик кеңеши жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте Чакан кредит агенттигин мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына белгиленген тартипте Чакан кредит агенттигин эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берүү сунушталсын.
5. Чакан кредит агенттигинин активдери "Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамы болуп эсептелээри белгиленсин.
6. Чакан кредитти акыркы алуучусу үчүн негизги шарттар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- чакан кредиттин максаттуу багыты - өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, агроөнөр жайлык кайра иштетүү, чакан өндүрүш, кол өнөрчүлүк, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү;
- чакан кредитти берүү мөөнөтү - 1 жылга чейин;
- кредиттин өлчөмү - бир карыз алуучуга 50000 (элүү миң) сомго чейин;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка - жылдын 7 проценттен ашык эмес.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир айлык мөөнөттө Чакан кредит агенттигине төмөнкүлөрдү берсин:
- Чакан кредит агенттигинин борбордук офисин жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынан ылайык келүүчү жайды;
- Чакан кредит агенттигинин операциялык ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон кыймылдуу мүлктү.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жай берүүдө жана Чакан кредит агенттигинин операциялык ишин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүдө көмөк көрсөтүшсүн.
9. Айыл кеңештерине чакан кредит алууга муктаж болгон жарандардын тизмесин түзүү үчүн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелген кредиттик кеңештерди айыл аймактарында түзүү сунушталсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү, финансы, экономика жана инвестициялар бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө. Бабанов
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттигинин Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындоочу Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри; Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; "Центерра Голд Инк" компаниясынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс"…Устав · 12.04.2012 · № 240
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан…Постановление · 24.03.2014 · № 178
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги №240 токтому менен бекитилген "Айыл аймагынын кредиттик кеңеши жөнүндө" ЖОБОПоложение · 12.04.2012 · № 240
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 152-б (Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө Кыргыз…Распоряжение · 18.04.2012 · № 152-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 24-мартындагы № 178 токтомуПостановление · 24.03.2014 · № 178
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги №239 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2012 · № 239 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы №539 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2011 · № 540 · Күчүн жоготкон