Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 18-апрели № 152-б "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында:
1. Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
Демөөрчүлүк жардамды элдин
иш менен камсыздалышына көмөктөшүү
жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик
коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу
МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 "Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жетекчилиги төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1. "Центерра Голд Инк" компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштеген "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому (мындан ары - Кумтөр) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакырчылыкты азайтуу жана иш орундарды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан учурдагы иштерге демөөрчүлүк жардам катары 21000000 (жыйырма бир миллион) АКШ долларын берүүгө милдеттенет.
2. 21000000 (жыйырма бир миллион) АКШ доллары суммасындагы акча каражат беш иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" Микрокредиттик агенттигинин (мындан ары - "Ала-Тоо Финанс" МКА) "РСК Банк" ачык акционердик коомундагы алыш-бериш эсебине салынат:
АКШ долларындагы алыш-бериш эсептин реквизиттери: Intermediary bank: DEUTSCHE BANK TRUST COMPANY AMERICAS, NEW YORK, USA, SWIFT: BKTRUS 33 Ваnk of beneficiary : АСС # 04418340 SWIFT: SESVKG 22 FOR RSK ВАNK, КҮRGYZSTAN, ВISHКЕК, M.GVARDIA, 38 А Вeneficiary: АСС # 1299001900072088.
3. "Ала-Тоо Финанс" МКА элдин иш менен камсыздалышына жана жакырчылыкты азайтууга көмөктөшүү максатында дыйканчылыкты, мал чарбачылыкты өнүктүрүү, жана Кыргыз Республикасынын айыл жеринде ар кандай кызматтарды көрсөтүү (мындан ары - Долбоор) үчүн финансылык жардамга муктаж адамдарга чакан кредиттерди берет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Долбоорду ишке ашыруу жана ишин колдоо максатында демөөрчүлүк жардамды натыйжалуу жана тийиштүү түрдө пайдалануу үчүн жетиштүү потенциал бар экенин ырасташат.
5. Өкмөт "Ала-Тоо Финанс" МКАнын ишин ушул Меморандумга ылайык башкарууну камсыздоого тийиш.
6. Чакан кредиттердин берилиши жана төлөнүшү үчүн жоопкерчилик "Ала-Тоо Финанс" МКАга жүктөлөт.
7. Карыз алгандар кайра төлөгөн каражаттар "Ала-Тоо Финанс" МКАнын эсебине салынууга жана Долбоорду ишке ашыруу үчүн кайрадан пайдаланылууга тийиш.
8. Демөөрчүлүк жардам "Ала-Тоо Финанс" МКАнын бюджетинде каралган, Байкоочу кеңеш ушул Меморандумга, "Ала-Тоо Финанс" МКАнын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекиткен төлөмдөрдөн тышкары, Долбоорду ишке ашыруудан башка максаттарга пайдаланылбоого тийиш.
Каражаттарды пайдалануудагы тыюулар:
а) Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы жана ошол сыяктуу башка төлөмдөрдү төлөөгө;
б) керектөө максаттарына, баалуу кагаздарды жана/же катышуу үлүштөрүн сатып алууга, ошондой эле ар кандай маданий, үй-бүлөлүк жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдарынын кандайдыр бир товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды сатып алуусуна.
9. Кумтөр Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" МКАнын Байкоо кеңешине Кумтөрдүн жетекчилеринин ичинен өзүнүн өкүлүн же башка өкүлдү көрсөтүүгө укуктуу, бирок милдетүү эмес.
10. Байкоо кеңеши жана Кумтөр "Ала-Тоо Финанс" МКАнын каражаттарды бөлүштүрүү, кредиттерди төлөө, каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторун суроого укуктуу, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча документтерин көрүүгө, анын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды көрүүгө укуктуу, алар:
а) каражаттардын калдыгы, өтүп жаткан жылда жана алдыдагы жылда каражаттарды бөлүштүрүүнүн планы;
б) учурдагы мезгилге карата, өтүп жаткан жылдын башынан берки мезгилдеги кредиттердин бөлүштүрүлүшү (облустар боюнча проценттик катышы), ошондой эле берилген бардык кредиттердин саны жөнүндө;
в) учурдагы мезгилге карата, өтүп жаткан жылдын башынан берки мезгилде, ошондой эле бардык бөлүштүрүлгөн каражаттар жөнүндө;
г) учурдагы мезгилге карата, өтүп жаткан жылдын башынан берки мезгилдеги, ошондой эле бардык кредиттердин саны жөнүндө;
д) учурдагы мезгилге карата, өтүп жаткан жылдын башынан берки мезгилдеги, ошондой эле бардык төлөнгөн кредиттер жөнүндө;
е) төлөнбөгөн кредиттер же потенциалдуу чыгашалуу кредиттер жөнүндө;
ж) башкаруу жана контролдоо процесстеринин натыйжалуулугу жөнүндө.
11. "Ала-Тоо Финанс" МКАнын Байкоо кеңешинде бекитилген бюджетине ылайык алгачкы чыгымдары инфраструктурага, жабдууларга, персоналды окутууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн пайдаланылууга тийиш.
12. Чакан кредит берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кредиттик саясат) Байкоо кеңешинде бекитилүүгө тийиш, мында төмөнкүлөр эске алынышы керек, алар:
а) чакан кредит алуучулар - Кыргыз Республикасынын элетте жашаган, аз камсыз жана/же жумушсуз, төлөнбөгөн кредиттери жана карыздары жок жарандары же жарандарынын тобу;
б) бир үй-бүлөдөн карыз алуучу болуп бир гана адам чыга алат;
в) эгер карыз алуучу никеде турса, кредит алууга байланыштуу документтерге жубайлардын экөө тең кол коюшу керек же жубайлардын бирөө Чакан кредит берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого (Кредиттик саясатка) ылайык экинчисине кредит алууга макулдугун берет;
г) төмөнкүдөй адамдар карыз алуучу боло алышпайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ар кандай кызмат адамдары же кызматкерлери (мындан ары - мамлекеттик/муниципалдык кызматчы) же алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- "Ала-Тоо Финанс" МКАнын кызматкерлери, Байкоо кеңешинин мүчөлөрү, мунун ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
Өкмөт Кумтөргө карата Кумтөрдүн ар кандай мүлктү, анын ичинде карызды мамлекеттик/муниципалдык кызматчыга же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө түз же кыйыр беришине тыюу салуучу мыйзамдын нормалары жана эрежелер колдонулаарын моюнга алат. Өкмөт Кумтөргө анын суроосу боюнча карыз алгандар жана "Ала-Тоо Финанс" МКАнын иши жөнүндө маалыматты берет.
13. Чакан кредитти түпкү алуучу үчүн негизги шарт болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
а) чакан кредиттин максаттык арналышы - дыйканчылык, мал чарбачылык, агроөнөржайлык иштетүү, чакан өндүрүш, кол өнөрчүлүк, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү;
б) чакан кредитти берүү мөөнөтү - 1 жыл;
в) кредиттин өлчөмү - бир карыз алуучуга 50000 (элүү миң) сомго чейин;
г) кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 7 проценттен ашык эмес;
д) карыз алуучулар ушул Меморандумдун талаптарын аткарууга милдеттүү.
14. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудит жүргүзүп, кийин аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчетту расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттенет.
15. Бул Меморандум Кумтөрдүн кен казуу тармагындагы ачык-айкындык демилгесин ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерин эске алуу менен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
16. Бул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет, тараптар үчүн милдеттүү күчкө ээ, ошондой эле макулдашуунун күчүнө ээ.
17. 2012-жылдын "____" _______________________ Бишкек шаарында, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдериндеги жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлдү. Кайчы пикирлер болсо орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын "Кумтөр Голд Компани" жабык Өкмөтү үчүн акционердик коому үчүн ______________________ ________________________
Алымкулов А.Т., Майкл Фишер, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 3-апрелиндеги жаштар, эмгек жана иш менен ишеним кат негизинде иш жүргүзгөн камсыз кылуу министри "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги №240 "Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2012 · № 240 · Күчүн жоготкон