Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 декабря 2018 года № 593 "Об утверждении Порядка оплаты оказанной адвокатом квалифицированной юридической помощи и тарифов оплаты оказанной адвокатами квалифицированной юридической помощи в рамках гарантированной государством юридической помощи"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-19.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 594 Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жарандардын квалификациялуу юридикалык жардам алууга болгон ажыратылгыс укуктарын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу үчүн зарыл болгон жылдык эң төмөнкү кирешенин деңгээли "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга карата республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жыл сайын бекитилүүчү эң төмөнкү эмгек акынын жыйырма эсе өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Адвокаттын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн төмөнкүдөй тарифтери белгиленсин:
- шектүү адамды түнкү убакта, майрам жана эс алуу күндөрү кармаганда юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 800 (сегиз жүз) сом;
- шектүү адамды күндүзгү убакта кармаганда юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 400 (төрт жүз) сом;
- адвокаттын жазык ишине киришкени үчүн (өтүнмөчүнүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүгө макамы ырасталганга чейин) - 1000 (бир миң) сом;
- тергөө маалында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 1500 (бир миң беш жүз) сом, жазык иши 2 айдан ашык каралган учурда, иштин узактыгын жана оордугун эске алып, катышкан ар бир кийинки күн үчүн 198 (жүз токсон сегиз) сом бардык чыгымдарды эсепке алуу менен;
- соттун I инстанциясында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 1500 (бир миң беш жүз) сом, жазык иши бир айдан ашык каралган учурда, иштин узактыгын жана оордугун эске алуу менен, катышкан ар бир кийинки күн үчүн 198 (жүз токсон сегиз) сом;
- соттун II инстанциясында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 1500 (бир миң беш жүз) сом, жазык иши 2ден ашык жолу каралган учурда, иштин узактыгын жана оордугун эске алуу менен катышкан ар бир кийинки күн үчүн 198 (жүз токсон сегиз) сом;
- көзөмөлдөө инстанциясында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 1000 (бир миң) сом, адвокат ишке катышпаганда иш менен таанышууну эске алуу менен.
Белгиленген тарифтер адвокаттын укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан бардык чыгымдарын (транспорттук, командировкалык жана башка) камтыйт. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тиркелген: Адвокаттын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тартиби бекитилсин.
4. Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча кароосундагы кылмыштык иштердин саны календардык айдын ичинде 10 дон ашпастыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнү 2011-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чегинде каржыласын;
- жыл сайын республикалык бюджеттин долбоорунда адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөө үчүн каражатты мындай жардамды алуу үчүн зарыл жылдык кирешенин деңгээлин, жана ушул токтомдун 2-пунктунда каралган адвокаттын эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин эске алуу менен караштырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-майындагы "Адвокаттын эмгек акысын республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" № 306 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №54 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.01.2012 · № 54
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1738-V «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.03.2012 · № 1738-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык…Постановление · 19.12.2018 · № 593
- Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 токтому…Порядок · 23.09.2011 · № 594 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2003 года №306 "Об утверждении Порядка оплаты труда адвоката за счет средств республиканского бюджета"Постановление · 24.05.2003 · № 306 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтомуПостановление · 19.12.2018 · № 593
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү…Постановление · 07.05.2013 · № 247 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык…Постановление · 19.12.2018 · № 593
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2003 года №306 "Об утверждении Порядка оплаты труда адвоката за счет средств республиканского бюджета"Постановление · 24.05.2003 · № 306 · Күчүн жоготкон
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында эн төмөнкү эмгек акы жөнүндөЗакон · 13.10.2008 · № 210 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 227 · Күчүн жоготкон