Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 „Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 декабря 2018 года № 593 "Об утверждении Порядка оплаты оказанной адвокатом квалифицированной юридической помощи и тарифов оплаты оказанной адвокатами квалифицированной юридической помощи в рамках гарантированной государством юридической помощи"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-19.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 247 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын квалификациялуу юридикалык жардам алууга болгон ажыратылгыс укуктарын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунун мамлекеттик тилдеги редакциясында "эң төмөнкү эмгек акынын жыйырма эсе өлчөмүндө" деген сөздөр "эң төмөнкү эмгек акынын он эки эсе өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Адвокаттын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн төмөнкүдөй тарифтери белгиленсин:
- шектүү адамды түнкү убакта, майрам жана эс алуу күндөрү кармаганда юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 800 (сегиз жүз) сом;
- шектүү адамды күндүзгү убакта кармаганда юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 400 (төрт жүз) сом;
- адвокаттын жазык ишине киришкени үчүн (өтүнмөчүнүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүгө макамы ырасталганга чейин) - 1000 (бир миң) сом;
- тергөө маалында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 1500 (бир миң беш жүз) сом, жазык иши 2 айдан ашык каралган учурда, иштин узактыгын жана оордугун эске алып, катышкан ар бир кийинки күн үчүн 198 (жүз токсон сегиз) сом бардык чыгымдарды эсепке алуу менен;
- соттун I инстанциясында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 1500 (бир миң беш жүз) сом, жазык иши бир айдан ашык каралган учурда, иштин узактыгын жана оордугун эске алуу менен, катышкан ар бир кийинки күн үчүн 198 (жүз токсон сегиз) сом;
- соттун II инстанциясында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 1500 (бир миң беш жүз) сом, жазык иши 2ден ашык жолу каралган учурда, иштин узактыгын жана оордугун эске алуу менен катышкан ар бир кийинки күн үчүн 198 (жүз токсон сегиз) сом;
- көзөмөлдөө инстанциясында юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 1000 (бир миң) сом, адвокат ишке катышпаганда иш менен таанышууну эске алуу менен.
Белгиленген тарифтер адвокаттын укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан бардык чыгымдарын (транспорттук, командировкалык жана башка) камтыйт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2011 · № 594 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык…Постановление · 19.12.2018 · № 593
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтомуПостановление · 19.12.2018 · № 593
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2011 · № 594 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык…Постановление · 19.12.2018 · № 593
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 201 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 227 · Күчүн жоготкон