Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-сентябры № 564 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 564 токтому менен жактырылган
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, У.Кочкоров, Э.Эрматов демилге көтөргөн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы, Москва патриархатынын Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Орто азиялык епархиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дарегине алардын диний объекттерин: мечиттерди, православ чиркөөлөрүн жана диний окуу жайларын: медреселерди, (университет, институт) жана христиан мектептерин, алардын кыймылсыз мүлкү болуп саналган имараттарды жана жер участокторун жер салыгынан бошотуу жөнүндө арызы менен кайрылышкан. Бирок, «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-18-беренелерине ылайык дин уюмдары чарба субъекттерин, ошондой эле кайрымдуулук жайларын (приюттарды, интернаттарды, ооруканаларды) жана башка ишканаларды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык уюштурууга акылуу жана өздөрүнүн уставдык максаттарына жетишүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш жүргүзүүгө укуктуу болушат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мечиттердин, медреселердин, православ чиркөөсүнүн жерлери боюнча салыктык жеңилдиктерди берүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу башка диний конфессиялардын (буддизм, иудаизм, протестанство) ушундай эле жеңилдиктерди талап кылуусу үчүн прецедент түзөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс болуп, ар бир адамга туулгандыгынан тартып таандык экендиги белгиленгендигин айта кетүү керек. Адамдын укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп саналат. Алар түздөн-түз колдонулуп, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жана маани-мазмунун аныктайт. Ошол эле учурда эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, тутунган дини, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк белгиси боюнча же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга жараша басмырланууга алынууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуучу же сынга алуучу мыйзамдар кабыл алынууга тийиш эмес. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесине ылайык жекече мүнөздөгү салыктык жеңилдиктер берүүгө тыюу салынат. Айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 70-пунктуна ылайык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын пикирин эске алуу менен, ошондой эле белгилүү бир конфессиялар үчүн салыктык жеңилдиктер берүү башка дин тутунгандарга карата басмырлоочу абал болуп калышы мүмкүндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, У.Кочкоров, Э.Эрматов демилге көтөргөн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндоЗакон · 31.12.2008 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон