Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-июну №328 "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жолжоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы Ташкент шаарыңда 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Шаңхай кызматташтык уюмунун катчылыгына маалымдасын.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1020-V "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө…Постановление · 16.09.2011 · № 1020-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1024-V "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө…Постановление · 16.09.2011 · № 1024-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1025-V "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн…Постановление · 16.09.2011 · № 1025-V
Шилтеме берет (2)
- Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө…Закон · 05.10.2011 · № 160
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон