Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 5-октябры № 160
Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына билдирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы №328 "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин…Постановление · 17.06.2011 · № 328
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1020-V "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө…Постановление · 16.09.2011 · № 1020-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1024-V "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө…Постановление · 16.09.2011 · № 1024-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1025-V "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн…Постановление · 16.09.2011 · № 1025-V