Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Пивонун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 августа 2019 года № 409 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Плане мероприятий по применению технических регламентов Таможенного союза/Евразийского экономического союза в Кыргызской Республике" от 29 марта 2017 года № 184"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-08-13.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №388 токтому менен бекитилген
"Пивонун коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Идентификациялоо
3-глава. Пиво азыктарынын коопсуздугуна коюлган талаптар
4-глава. Өндүрүш процесстеринин коопсуздугуна коюлуучу талаптар
5-глава. Пиво азыктарынын ылайыктуулугуна баа берүү
6-глава. Ушул Техникалык регламенттин жоболоруна пиво азыгынын
ылайыксыздыгы үчүн жоопкерчилик
7-глава. Өткөөл жана корутунду жоболор
1-тиркеме. Пиво азыктарына карата коопсуздук талаптары
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Техникалык регламент жарандардын өмүрүн, ден соолугун коргоону камсыздоо, пивону керектөөчүлөрдү адашууга алып келген аракеттерди алдын алуу максатында иштелип чыкты.
2. Ушул Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу жана (же) жүгүртүүдөгү бардык пиво азыктарына карата колдонулат.
3. Ушул Техникалык регламент төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) пиво азыктарынын коопсуздугун камсыздаган милдеттүү талаптарды;
2) пиво азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарды;
3) пиво азыктарын таңгактоого, маркалоого карата талаптарды;
4) ушул Техникалык регламентти колдонуу максаты үчүн пиво азыктарын идентификациялоо эрежелерин;
5) пиво азыктарынын ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайыктуулугун баалоо эрежелерин жана формаларын.
4. Ушул Техникалык регламент пиво азыктарына карата милдеттүү талаптарды колдонууда жана аткарууда бул талаптар менен байланышкан аны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстеринде регламентте белгиленген жоболорго пиво азыктарынын ылайыктуулугун баалоо, пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
5. Ушул Техникалык регламент төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзит жолу менен жиберилген пиво азыктарына;
2) үй шартында даярдалган жана сатууга сунушталбаган пиво азыктарына.
6. Ушул Техникалык регламент колдонула турган техникалык жөнгө салуу объекттери болуп: пиво, пивонун негизинде даярдалган суусундуктар (пивонун коктейлдер), пиво чыгаруу үчүн колдонулган тамак-аш жарым фабрикаттары (пиво угуту, атайын пиво угуту, угуттуу пиво ширеси, угут экстракты) ошондой эле пиво азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстери болуп эсептелет.
7. Ушул Техникалык регламентти колдонуу максаттары үчүн ушул техникалык регламентти колдонуу чөйрөсүнө тиешеси бар техникалык жөнгө салуу объекттеринин идентификациялык белгилерин камтыган жана бардык ченемдик укуктук актыларда колдонуу милдеттүү болгон төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
пиво азыгы - пиво, пивонун негизинде даярдалган суусундуктар, (пиво коктейлдери) жана аны даярдоо үчүн колдонулган тамак-аш жарым фабрикаттары (пиво угуту, атайын пиво угуту, пиво ширесинин концентраты, угуттуу экстракт); пиво - пивонун угутунан, хмелден алынган жана хмель азыгынан суу кошуу менен же кумшекер кошулган дан азыктарын кошпостон, жыйынтыгында этил спиртин камтыган пиво ширесин ачытуу жолу менен шире суусу ачытылган процессте пайда болгон көбүктүү суусундук; алкоголсуз пиво - этил спиртинин үлүштүк көлөмү 0,5%тен ашпаган пиво; атайын пиво - дандын азыктарынан же ачытылган угуттун пиво ширесинен, пиво хмелинен жана (же) хмель азыктарынан же пиводон аны кайра иштетпей туруп, ал пивонун органолептикалык жана физикалыкхимиялык көрсөткүчүн өзгөртүүчү кумшекердин кошумчасын колдонуп жана (же) жашылча-жемиш жана өсүмдүк сырьесунан жана (же) азыктардын кайра иштетүүсүнөн жана (же) даамдуу, жыттуу кошулмалардан алынган пиво. Атайын пиво этил спиртисиз даярдалууга тийиш керек. Атайын пиводогу пивонун өзү продукциянын көлөмүнүн 80%нан кем болбоого тийиш; пивонун негизинде даярдалган суусундуктар (пиво коктейлдери) - даяр пивону (пивонун курамы продукциянын көлөмүнүн 40%ы) аралаштыруу жо- лу менен, азык кошулмалары жана башка компоненттерди этил спиртин кошпой туруп алынган суусундук; пастеризацияланган пиво - биологиялык туруктуулугу жогору, жылытып иштетүүнүн натыйжасында алынган пиво. Пастеризацияланган пиво тез бузулбаган азыкка кирет; пивонун түрү - пивонун белгиленген классификациясы пивонун өңүнө жараша болот (атайын пиводон башка, ачык же күңүрт); пиво ширеси - пиво алуу үчүн колдонулган сырьенун кургак заттарынын эритиндиси; пиво угуту - буудай же арпа угуту. Бул дан өсүмдүктөрүнүн данын чала өндүрүп кургатуудан кийин алынган продукт; атайын пиво угуту - атайын режимди колдонуу менен алынган пиво угуту. Дымыктыруу жана башка ыкмалар менен атайын иштетилген нымдуу жана нымдалбаган угут; пиво ширесинин кошулмасы - пиво ширесинин кошулмасынан алынган продукт; угут экстракты - пиво угутун жана дан өсүмдүктөрүнөн экстрациялык заттардын эритиндисин экстракциялоо жана концентрациялоо жолу менен алынган продукт; кошумча каражаттар - түрлүү нерселер жана материалдар (жабдуу менен тара кирбейт), алар тамак-аш ингредиенти болсо да, сырьену кайра иштетүүдө жана тамак-аш азыктары өндүрүшү үчүн технологиялык максаттарды аткаруу үчүн атайын пайдаланылат; пиво азыктарын жарактуулук мөөнөтү - пиво жарактуу деп эсептелген мөөнөт, ал өтүп кеткенден кийин пиво жараксыз деп эсептелет; чогуу таңгактоолор - бирдей таңылчактардан турган таңгак же байланган жана оромо материалдар менен оролгон таңгак; азыкты чыгаруучу - азыкты чыгарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак; сатуучу - пиво сатуучу катары каттоодон өткөн юридикалык жак жана (же) жеке жак; билдирүүчү - ылайыктуулугун ырастоо үчүн ылайыктыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган же ылайыктуулук сертификатын алуу үчүн кайрылган юридикалык же жеке жак; жүгүртүү - пиво азыгын сатып алуу (анын ичинде импорт), жеткирүү (анын ичинде экспорт), ташуу, сактоо, сатуу, утилдештирүү; пиво азыгынын типтүү үлгүсү - билдирүүчүдөн серия менен чыгарылган пиво азыгынан же бир чыгарылуучу азыктан алынган ылайыктуулугун аныктоо максатындагы азыктын типтүү үлгүсү; пиво азыктарынын контролдук үлгүсү - анын анык экендигине карата тараптар аралык талаш маселелерди чечүү максатында жана ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайык жүгүртүү үчүн чыгарылган продукциялардын билдирүүчү тарабынан тандалып алынган продукциялардын үлгүсү; пиво азыгын утилдештирүү - даярдоочу же чет өлкөлүк даярдоочунун функциясын аткарган адам же продукцияга карата сатуучу аткарган, бул Техникалык регламенттин коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча жоболоруна ылайык келбеген продукцияны, ошондой эле жасалма продукцияны пайдаланууга жол бербөө үчүн иш-аракет; идентификациялоо - конкреттүү азыктын анын үлгүсүнө жана (же) сүрөттөмөсүнө ылайыктыгын белгилөө; азыктын сүрөттөмөсү - улуттук, эл аралык жана региондук стандарттарда, ишканалардын стандартында, технологиялык документтерде жана башка тийиштүү документтерде белгиленген азыктардын мүнөздүү белгилери, параметрлери, көрсөткүчтөрү жана талаптары; технологиялык документтер - айкын-ачык аталыштагы пиво азыгын өндүрүүнүн технологиялык сүрөттөмөсү болгон, даярдоочу өз алдынча же үчүнчү тарапты тартуу менен иштеп чыккан, анын мүнөздөмөлөрүнө (физикалык-химиялык, гигиеналык, органолептикалык); аны өндүрүүнүн технологиялык процесстерине; пайдаланылган сырьего жана материалдарга; технологиялык жабдууга; таңгактоого, маркалоого, ташууга жана сактоого; пиво азыгынын технологиялык контроль жана сынак методдоруна жана каражаттарына карата техникалык талаптарды камтыган аларды ыктыярдуу негизде колдонуу аны идентификациялоону, аныктыгын белгилөөнү, даярдоочу ыктыярдуу негизде кабыл алган жана коштоочу документтерде азыкты маркалоодо билдирилген азыкка карата милдеттүү талаптардын сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берген пиво кайнатуу тармагындагы документтер (технологиялык регламенттер, эрежелер, технологиялык нускамалар).
2-глава. Идентификациялоо
8. Пиво азыктарынын идентификациялоо төмөнкү максатта жүргүзүлөт:
- керектөөчүнүн укугун азыкты туура тандап алуусу менен камсыз кылуу, ошол эле убакытта ал жөнүндө толук маалымат берүү;
- керектөөчүнү жоопкерчиликсиз даярдоочудан (сатуучудан) коргоо;
- азыктын ылайыктуулугун, анын ичинде анын аталышын ушул Техникалык регламенттин талабына жооп берүүсүн белгилөө;
- даярдоочунун (сатуучунун) маалыматынын азыктын сапаттарына тууралыгы;
- рыноктун бардык катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоону камсыздоо.
9. Ушул Техникалык регламент колдонула турган техникалык жөнгө салуу обьекттеринин катарына пиво азыгынын тийиштүүлүгүн белгилөө үчүн пиво азыгынын идентификациялоону билдирүүчү ишке ашырат. Ушул Техникалык регламенттин 7-пунктунда келтирилген мүнөздөмөсү менен коштоочу документтерде көрсөтүлгөн же керектөө таңгакчасындагы маалыматты салыштыруу жолу менен идентификациялоону жүргүзүлөт.
Пиво азыктарынын идентификациясын жүргүзүү үчүн керек маалымат жетишээрлик эмес же толук эмес болгон учурда идентификациялоо азыркы улуттук, эл аралык, аймактык стандарттарда, уюмдардын стандарттарында, технологиялык документтерде жана башка документтерде пиво азыгынын конкреттүү түрүнө көрсөтүлгөн органолептикалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрдү жыйынтыктап баалоо боюнча жүргүзүлүшү керек.
10. Пиво азыгынын Ушул Техникалык регламентин жоболоруна ылайыктуулугун баалоо процедурасында колдонулган эрежелер жана текшерүү ыкмалары (өлчөө), анын ичинде текшерүүгө тандап алуу ыкмалары Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан улуттук, эл аралык, аймактык стандарттарга, мекемелердин стандарттарына, технологиялык жоболорго жана ж.б. документтерге туура келүүсү керек.
Сыноону өткөрүүдө (өлчөө) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартиптеги метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттарын колдонуу керек. Сыноону тандоо ыкмасы, сыноонун (өлчөөнүн) эрежеси жана ыкмасы боюнча улуттук, эл аралык, региондук стандарттардын, уюмдардын стандарттарынын, технологиялык жоболордун жана башка документтердин талаптары Ушул Техникалык регламенттин талаптарына карама-каршы келбеши керек.
3-глава. Пиво азыктарынын коопсуздугуна коюлган талаптар
11. Пиво азыктары ушул Техникалык регламенттин (1, 2, 3-таблицалар) 1-тиркемесинде белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык келиши керек.
12. Пиво азыктарын даярдоодо пайдаланылган сырье жана башка компоненттер (ингредиенттер) тийиштүү Техникалык регламент менен жөнгө салынышы керек.
13. Тамак-аш кошулмаларын, технологиялык көмөкчү каражаттарын колдонууга, алардын санын нормалоого коюлуучу талаптар, ошондой эле алардын коопсуздук көрсөткүчтөрү тийиштүү Техникалык регламентке ылайык жөнгө салынышы керек.
14. Пиво азыктарын өндүрүүдө пайдаланылган сууга коюлган талаптар тийиштүү Техникалык регламент менен жөнгө салынышы керек.
15. Пиво азыктарын таңгактары аба кирбегидей жылчыксыз болууга тийиш.
16. Керектөөчү тара жана таңгак каражаттары бул продукция менен байланышта болууга уруксат берилген материалдардан даярдалышы керек жана аны ташуу жана сактоо шартын сактаганда рыноктогу жүгүртүлүшүнүн бардык мөөнөтүндө пиво азыгынын продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
17. Пиво азыктарын маркалоо тийиштүү Техникалык регламенттин талаптарына, ошондой эле ушул Техникалык регламентте белгиленген кошумча талаптарга ылайык келиши керек.
18. Пиво азыктарынын керектөөчү идишинде төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
1) ушул Техникалык регламенттин 7-пунктунда белгиленген аталышка ылайык, пиво азыгынын аталышы (пиво үчүн - пиво түрү);
2) даярдоочу ишкананын аталышы жана жайгашкан орду; же керектөөчүнүн даттануусун кабыл алууга укугу бар, даярдоочунун Кыргыз Республикасындагы катталган уюмдун дареги;
3) этил спиртинин (пиво үчүн) көлөмдүк үлүшүнүн минималдуу чоңдугу;
4) пиво азыгын даярдоодо пайдаланылган сырьенун курамы. Этикеткага көмөкчү каражаттар жөнүндө маалыматты чыгарбоого жол берилет;
5) пиво азыгынын көлөмү же массасы;
6) даярдалган датасы (пиво үчүн - куюлган датасы) жана жарактуулук мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү аяктаган дата (пиво үчүн) же сактоо мөөнөтү (угут, пиво ширесинин аралашмасы, угут экстракты үчүн);
7) сактоо шарты;
8) азыктык баалуулугу (пиво үчүн);
9) ылайыктуулугун далилдөө тууралуу маалымат;
10) продукция ылайыктуу даярдалган жана азык-түлүктүн иднтификацияланышы мүмкүн болгон документ белгиси;
11) пиво азыгын өндүрүүдө пайдаланылган тамак-аш кошулмаларынын аталышы;
12) пиво азыгын өндүрүүдө гендик-модифицияланган организмдерди пайдалануу менен алынган, компоненттер колдонулгандыгы тууралуу маалымат.
19. Пиво азыгына карата кошумча түрдө маалыматтык мүнөздөгү жазуулар жазылышы, ошондой эле штрих код жазылышы мүмкүн.
20. Керектөөчүлөр үчүн пиво азыктарынын таңгактарынын тунук жука пленкасына билдирүү жазылбайт.
21. Маалыматты бир же бир нече жолу окууга ыңгайлуу жерге жайгаштырууга болот.
22. Пиво азыгынын транспорттук таңгагында аларды ташуу процессинде азыктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл белги, жазуулар жазылат.
23. Пиво азыгы айнек идишке куюлганда кошумча манипуляциялык белгилер: "Морт", "Абайла", "Өйдө жагы" деген сөздөр жазылып, пиво азыгын ташыганда анын сакталышы жана коопсуздугу камсыз кылынат.
24. Ушул Техникалык регламентке ылайыктуулугу ырасталган пиво азыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Техникалык регламентке ылайык маркаланат.
25. Ылайыктуулук белгиси коштоочу документке киргизилет жана (же) транспорттук таңгакка түшүрүлөт.
26. Техникалык регламентке ылайыктуулук белгисин коюу ыкмасын жана ордун өз алдынча аныктайт.
27. Пиво азыгынын Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугу ырасталбаса, Техникалык регламентке ылайык белгисин колдонууга жол берилбейт.
28. Даярдоочу жөнүндө маалымат (аталышы, дареги ж.б.) транспорттук идиште окшоштук коду менен алмашылышы мүмкүн.
29. Керектөөчү үчүн маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде баяндалышы, бир беткей түшүнүктүү, толук жана, так болууга, анын өзүнө таандык курамы, азык-түлүктүн баалуулугу, жаралышы, анын даярдалышы жана колдонулушу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле анын сапатын жана коопсуздугун түз кыйыр түрдө мүнөздөгөн башка кабарлар керектөөчүнү адаштырбагыдай болууга тийиш.
30. Маалыматты жазуу каражаттары продукцияны сактоодо, ташууда жана сатууда маалыматтын туруктуулугун камсыз кылуусу керек.
31. Пиво азыктарын сактоо, ташуу жана сатуу рынокто жүгүртүү мөөнөтүндө анын коопсуздугун жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун камсыз кылышы керек.
32. Пиво азыгынын жарактуулук мөөнөтүн жана сактоо шартын даярдоочу белгиленген тартипте белгилейт.
Жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты сактоодо пиво азыктары адамдын ден-соолугуна зыян келтирбегендей гана белгилениши керек.
33. Пиво азыктары атайын бөлүнгөн жерде, кабыл алынган тартипке ылайык, жабык, таза, желдетилген, ошого жараша белгилүү параметрде (нымдуулук жана температура) коопсуздугу толук сакталган шартта сакталышы керек.
34. Пиво азыктарын ташуу, даярдоочу белгилеген, ташуу шартына ылайык жарактуу транспорттук каражаттар аркылуу ишке ашырылат.
35. Пиво азыктарын ташуу каражаттары жана сактоочу жайлар дайыма механикалык тазалоо жүргүзүлүп, жуулуп, керек болсо дезинфекцияланышы керек.
36. Пиво азыгын сатуучу уюмдар даярдоочу белгилеген аларды кабыл алуу жана сактоо шартын камсыз кылышы керек.
37. Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен пиво азыктарын сатууга жол берилбейт.
38. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген пиво азыктарын утилдештирүү тийиштүү Техникалык регламентте аныкталган тартипте даярдоочу (сатуучу) тарабынан жүргүзүлөт.
4-глава. Өндүрүш процесстеринин коопсуздугуна коюлуучу талаптар
39. Пиво азыгын даярдоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык өндүрүш имараттарын жана курулмаларды, жабдууларды жана аймакты эксплуатациялоонун өрт, санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылат.
40. Пиво азыгын өндүрүү даярдоочу белгилеген тартипте иштеп чыккан жана бекиткен технологиялык документтерге (технологиялык регламент, эрежелер, технологиялык инструкциялар) ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
Өндүрүш процесстерин технологиялык жана санитардык контролдоону даярдоочу өзү белгилеген мезгилдерде жүргүзүшү керек.
41. Пиво азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү процесстери ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайык продукция даярдоону камсыздоого тийиш.
42. Пиво азыгын чыгарууда жана жүгүртүүдө анын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге негизделет:
- пиво азыгын өндүрүүнүн технологияларын иштеп чыгууда өндүрүштүк процесстердин этаптарын (оор контролдук учурларын) контролдоону аныктоо азыктын коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон технологияларды бузууларды табуу максатында тобокелчиликтерди талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат;
- азыктын коопсуздугун текшерүүнү каражаттар жана иш чаралары, текшерүүнүн аныктыгын жана тууралыгын камсыз кылуу;
- сыреьену, технологиялык каражаттарды жана кошумча материалдарды, ошондой эле технологиялык процесс этаптарында жана даяр азыкка контроль жүргүзүү;
- ушул Техникалык регламентте белгиленген жоболорго ылайык пиво азыктарын өндүрүүнү камсыз кылган тартипте технологиялык жабдуулардын иштөөсүнө контроль жүргүзүү;
- азыкты сактоо жана ташуу шарттарын сактоо;
- азыкты өндүрүүнүн технологиялык операциялары жөнүндө маалыматтарды документтештирүүнү камсыз кылуу жана аны даярдоочу бекиткен технологиялык документтерде, өндүрүштүк контролдоо программаларында контролдоо;
- өндүрүлгөн азыктын ушул Техникалык регламентте белгиленген жоболорго ылайыктуулугун тастыктаган кагаз жана электрондук булактардагы документтер жүргүзүү жана сактоо;
- пиво азыктарын чыгарган ишканалардын жумушчулары анын коопсуздугун камсыздоо максатында технологиялык ар бир этабында же участогунда жекече гигиеналык эрежелерин сактоо ыкмаларын тандоо;
- өндүрүш жайларын, жабдууларды тазалоо, санитардык иштетүү, дезинфекция, дезинсекция фафиктерин жана тартибин тандоо;
- кызматтык нускамалардын чегинде өндүрүшкө жана башкарууга катышкан кызматкерлердин жоопкерчилигин жана ыйгарым укуктарын аныктоо.
43. Принциптерди жана эрежелерди ишке ашыруу тандап алынган өзүнүн, эл аралык жана (же) улуттук стандартташкан башкаруу системасын ишканага таркатуу жана чыгарылган пиво азыгынын коопсуздугун камсыздоо жолу менен жүргүзүлөт.
44. Өндүрүүчү жайларга, курулмаларга жана алардын жайгашуусуна, суу жиберүүгө, канализацияга, желдетүүгө, жарык берүүгө, жылуулукка, тиричилик жайларына, калдыктарды чогултууга жана жок кылууга коюлган талаптар тийиштүү Техникалык регламентте белгиленген жоболорго жооп бериши керек.
45. Пиво азыктарын өндүрүү боюнча обьектти жайгаштыруу, куруу жана реконструкциялоого жана пайдаланууга берүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
46. Пиво азыктарын өндүрүү жана сактоо процессинде пайдаланылган өндүрүштүк жайлар таза жана оңдолгон абалда колдонулууга тийиш.
47. Өндүрүштүк жайларды пландоо, алардын конструкциясы жана жайгаштырылышы төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:
- технологиялык процесстин агымын;
- керек болгон техникалык кызматтарды аткарууга мүмкүнчүлүктү, кезектеги техникалык жабдууларды ремонттоону, жабдууларды жууп тазалоону жана дезинфекциялоону;
- өндүрүш жана кампа имараттарына жаныбарлардын жана кемирүүчүлөрдүн кирүүсүнөн коргоону;
- даяр азык-түлүктөрүн жана сырьелорду сактоо шартын.
48. Өндүрүштүк имараттарда өндүрүш үчүн пайдаланылбаган, заттарды жана материалды сактоого жол берилбейт.
49. Пиво азыгын даярдоодо имараттарды, курулмаларды, машиналарды жана шаймандарды пайдалануу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган курулуш жана техникалык көзөмөл чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органы жүргүзөт.
50. Пиво азыктарын өндүрүүдө колдонулган шаймандар жана технологиялык жабдуулар төмөнкүдөй болууга тийиш:
- ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келген пиво жасалуучу азыктарды өндүрүүнү камсыздаган конструктивдүү жана пайдалануучу мүнөзгө ээ болушу керек. Шаймандардын жана мүлктүн конструкциясы жана аткарылышы аларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого мүмкүнчүлүк бериши керек;
- азыктын ошол түрү менен байланышта болууга саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган берген материалдардан даярдалууга тийиш. Азыктар менен түздөн-түз байланышта болгон шаймандын жана мүлктүн үстүнкү жагы тегиз болуп, суу өтпөгөн, абсорбирленбеген, жуулуучу жана уулуу эмес материалдардан, дат басууга туруктуу, жууп тазалоого жана дезинфекциялоого ылайыктуу болууга тийиш;
- эркин өтүп, аны оңдоп-түзөөнү камсыз кылгандай орнотулушу керек;
- тиешелүү контролдоочу-өлчөө приборлору менен камсыз болуусу зарыл.
51. Пиво азыктарын чыгаруу өндүрүш процессинде пайда болгон калдыктар технологиялык операция бүткөндөн кийин өндүрүш жайларынан дайыма тазаланып турууга тийиш.
52. Өндүрүш таштандысын сактоо жана жок кылуу шарты пиво азыктарынын булгануу, адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгоо мүмкүнчүлүгүн жок кылуусу керек.
5-глава. Пиво азыктарынын ылайыктуулугуна баа берүү
53. Кыргыз Республикасында даярдалган жана анын аймагына алынып келинген пиво азыктарын Ушул Техникалык регламентте белгиленген негизги жоболорго ылайыктуулук шартында гана ички рынокто жайгаштырууга жол берилет.
54. Пиво азыктарынын Ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайыктуулугун баалоону төмөнкү формаларда жүргүзүшөт:
1) өндүрүштүк контроль;
2) ылайыктуулугун декларациялоо;
3) мамлекеттик көзөмөл.
55. Пиво азыктарын өндүрүүчү жеке жана юридикалык жактар бул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду коркунучтуу тобокелдиктерди жана кризистик контролдук жерлерди талдоо системасынын же тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджменти системасынын негизинде ар бир өндүрүштүк-техникалык процесс жаатында жүргүзүшөт.
56. Өндүрүштүк контроль уюмдун жетекчиси бекиткен программага ылайык жекече ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
57. Өндүрүштүк текшерүү программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) технологиялык процесстин текшерилүүчү параметрлеринин тизмеси;
2) негизги сырьену, кошумча материалдарды, пиво азыктарын жана даяр азыкты даярдоодо колдонулуучу башка кошулмаларды ушул Техникалык регламентте белгиленген коопсуздук талаптарына ылайыктуулугун контролдоонун белгиленген мезгилдүүлүгү;
3) өндүрүш жайларын, кампаларды, технологиялык жабдууларды, суу түтүктөрүн, мүлктөрдү санитардык иштетүү, жыйноо жана дезинфекциялоо графиги жана тартиби;
4) технологиялык жабдууну, шаймандарды техникалык тейлөөнүн графиги жана тартиби;
5) өндүрүш процессин уюштурууда жана өткөрүүдө укук бузуунун алдын алуу жана табуу иш-чараларынын тизмеси;
6) азыктын коопсуздугуна таасир берүүчү кризистик контролдук жерлердин тизмеси;
7) өндүрүштүн жана кызматчылардын гигиенасын камсыз кылуучу иш-чаралардын тизмеси;
8) азыкты жүгүртүүдөн алуу тартиби;
9) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, айлана чөйрөгө, малдын же өсүмдүктүн жашоосуна жана ден соолугуна зыян келтирбөө иш чараларынын тизмеси;
10) өндүрүштүк текшерүүнүн программасына жеке жоопкерчиликтүү кызмат адамдарынын тизмеси;
11) азыктын коопсуздугун камсыз кылууга таасир берген башка иш-чаралардын тизмеси.
58. Өндүрүштүк контроль программасына өзгөртүүлөр киргизүү уюмдун жетекчиси, жекече ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан уюштуруучулук, инженердик же өндүрүш шарттарын, технологиялык процесстерди же даярдалган азыкты сатуу шарттары өзгөртүлгөн учурларда жүргүзүлөт.
59. Өндүрүштүк контроль пиво азыгына сыноо өткөрүү менен коштолууга тийиш. Арыз ээси тарабынан ушул Техникалык регламенттин талаптарына тиешелүү түрдө шайкеш келтирилген пиво азыктарын сыноо менчигинин түрүнө карабастан аккредиттелген сыноо лабораториясында (борбордо) жүргүзүлөт. Сыноонун жыйынтыгы боюнча аккредиттелген сыноо лабораториясы (борбору) белгиленген формада сыноо протоколун берет.
60. Арыз берүүчү тараптан жеке далилинин негизинде жана (же) үчүнчү тараптын катышуусу менен алынган далилдин негизинде пиво азыгынын ылайыктуулугу декларацияланат.
61. Арыз берүүчү милдеттүү талаптарда белгиленген пиво азыгынын ылайыктыгын тастыктаган документтердин негизинде шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алат.
Арыз берүүчү төмөнкү схеманын бири боюнча шайкештик декларациясын ишке ашырууга укуктуу:
1) Д 1 схемасы - жеке далилинин негизинде пиво азыгынын шайкештиги жөнүндө декларацияны кабыл алууда колдонулушу сунушталат. Мында декларацияны кабыл алган арыз берүүчү ушул Техникалык регламенттин талаптарына карата пиво азыгынын ылайыктуулугун тастыктоо максатында далил базаны өз алдынча түзөт;
2) Д 2 схемасы - Д 1 схемасындагыдай эле шарттарда колдонуу сунушталат, бирок кошумча жеке далилине карата арыз берүүчү техникалык документтердин комплектине аккредиттелген сыноо лабораторияларына үчүнчү тарап жүргүзгөн декларацияланган азыктарды сыноонун протоколун киргизет;
3) Д 2а схемасы - Д 2 схемасындагыдай эле шарттарда колдонуу сунушталат, бирок жеке далилине карата кошумчаны арыз берүүчү пиво азыгын же анын курамындагы бөлүкчөлөрдү өз алдынча өндүрүүнүн сапат менеджмент системасына сертификатты сунуштайт.
62. Сапат менеджменти системасынын сертификаты пиво азыктарынын шайкештигин декларациялоонун бардык схемаларына карата далил базасынын курамында пайдаланылышы мүмкүн .
63. Далилдик база пиво азыктарынын коопсуздугу чөйрөсүндө ушул Техникалык регламенттин талаптарын жана башка техникалык регламенттердин талаптарын аткарууну тастыктаган сыноолордун жыйынтыгы камтылышы керек. Мындай изилдөөлөр (сыноолор) менчигинин түрүнө карабастан аккредиттелген сыноо лабораториясында (борборунда) жүргүзүлүшү мүмкүн.
64. Далилдөөчү база катары төмөнкүлөр пайдаланылышы мүмкүн:
1) техникалык документтер;
2) өз алдынча сыноолордун жана өлчөөлөрдүн жыйынтыгы;
3) шайкештик сертификаты же чийки затты, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды сыноолор протоколу;
4) пиво азыгы үчүн каралган ченемдик укуктук актылар жана ыйгарым укуктуу органдар жана уюмдар берген документтер (гигиеналык корутунду, өрт коопсуздугунун корутундусу ж.б.);
5) ушул Техникалык регламенттин талаптарына карата пиво азыктарынын шайкештигин декларациялоо жөнүндө арыз үчүн негиз болгон башка документтер.
65. Шайкештиги жөнүндө декларация арыз берүүчү белгилеген ушул пиво азыктарын чыгарууну пландаган мезгил мөөнөтүнө же пиво азыктарынын партиясын сатуу мөөнөтүнө карата кабыл алынат.
Пиво азыктарын өндүрүүдө шайкештик жөнүндө декларация 3 жылдан ашпаган мөөнөткө кабыл алынат. Пиво азыктарынын партиясын сатууда шайкештик жөнүндө декларация декларацияда көрсөтүлгөн партиянын жарактуулук мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө кабыл алынат.
66. Шайкештик жөнүндө декларация ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптары боюнча бир даярдоочу жана декларациялоочу чыгарган ачык-айкын пиво азыктарын же бир типтүү пиво азыктарын тобуна карата кабыл алынат. Мында шайкештик жөнүндө декларацияга бир типтүү пиво азыктарынын тобу, анын таасири таратылуучу жана (же) шайкештик жөнүндө декларацияга кирбеген кошумча маалыматтардын тизмесинин тиркемеси таризделет.
67. Кабыл алынган пиво азыктарынын шайкештиги жөнүндө декларация ушул Техникалык регламенттин талаптарына үч күндүн ичинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталышы керек.
68. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун сактоого мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пиво азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү стадиясына ишке ашырылат.
Мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
69. Пиво азыктарын өндүрүүдө тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджменти системасын киргизүүнү тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджментинин натыйжалуу системасын түзүүгө, документтештирүүгө, ишке киргизүүгө жана жумушчу абалда кармап турууга, ошондой эле кооптуу коркунучтарга жана критикалык контролдонуучу жерлерге талдоо жүргүзүү системасынын же тамак-аш азыктарын коопсуздук менеджменти системасынын негизинде өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында өндүрүштүк контролдоо жүргүзүүгө милдеттүү болгон, аны өндүрүүнү ишке ашыруучу жеке жана юридикалык жактар камсыз кылышат.
Ушул Техникалык регламентте каралган пиво азыктарынын шайкештигин декларациялоо пиво азыктарын чыгаруучу ишканада тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджменти системасын өндүрүүчү киргизген жана бекиткен учурга чейин ишке ашырылат.
70. Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары кабыл алынган шайкештигин баалоо, ылайыктуулук белгилери тууралуу документтер, пиво азыгын сыноо протоколдору Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык таанылышы керек.
6-глава. Ушул Техникалык регламенттин жоболоруна пиво азыгынын ылайыксыздыгы үчүн жоопкерчилик
71. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун бузгандыгы үчүн даярдоочу (сатуучу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
72. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү процесстерин ишке ашырууда табылган, ушул Техникалык регламенттин жоболорун бузгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын көрсөтмөлөрүн аткарбаган учурда даярдоочу (жеткирүүчү, сатуучу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
73. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун аткарбоо менен байланышкан зыяндын ордун толтурууну даярдоочу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык (жеткирүүчү, сатуучу) ишке ашырат.
Мында даярдоочу (жеткирүүчү, сатуучу) башка адамдарга, алардын мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды кабыл алышы керек.
74. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча даярдоочунун (сатуучу) милдети ордун толтуруу үчүн негиздер пайда болгонго чейин түзүлгөн келишим же бир тараптуу арыз менен чектелиши мүмкүн эмес.
Ордун толтурууга укуктар пайда болгонго чейинки түзүлгөн жоопкерчиликти чектөө жөнүндө макулдашуулар же арыздар жараксыз.
75. Жетишпестиктерди жоюу, сапатсыз жана кооптуу азыктарды утилдештирүү жана аларды ордуна жеткирүү же утилдештирүү, ордуна жеткирүү даярдоочу (сатуучу) тарабынан жана анын эсебинен ишке ашырылат.
7-глава. Өткөөл жана корутунду жоболор
76. Ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасына импорттолуучу пиво азыктары Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
77. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө киришине чейин алынган шайкештикти тастыктаган документтер анын колдонуу мөөнөтүнө чейин жарактуу деп эсептелет.
Аталган сертификаттарды жана маркаларды колдонуу мөөнөтүндө даярдалган, ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген пиво азыктары ал күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде сатылышы мүмкүн.
78. Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып пиво азыктарынын коопсуздук чөйрөсүндө колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери пиво азыктарынын коопсуздугу чөйрөсүндө ушул Техникалык регламентке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
1-тиркеме 1-таблица
Пиво азыктарына карата коопсуздук талаптары
| Азыктар тобу | Көрсөткүчтөр | Уруксат берилген деңгээл,мг/кг, ашык эмес | Эскертүү |
|---|---|---|---|
| Пиво ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ | Уулуу элементтер: кыт мышьяк кадмий сымап Нитрозаминдер: НДМА жана НДЭА суммасы Радионуклиддер: цезий - 137 стронций - 90 | 0,3 0,2 0,03 0,005 0,003 70 100 | Бк/л Бк/л |
| Угут ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ | Уулуу элементтер: кыт коргошун кадмий сымап Микотоксиндер: афлатоксин В1 дезоксиниваленол Т-2 токсин зеараленон Нитрозаминдер: НДМА жана НДЭА бенз(а)пирен Пестициддер: гексахлорциклогексан альфа, бета, гамма-изомерлер ДДТ жана анын метаболиттери ртутьорганикалык пестицидыдер 2,4-Д кычкылдык, анын туздары, эфирлер Радионуклиддер: цезий - 137 стронций - 90 Зыяндуу аралашмалар: спорынья фузариоздук дан кири жана нан запастарын зыянкечтери менен бузулушу (курт-кумурскалар, клещ) | 0,5 0,2 0,1 0,03 0,005 0,7 1,0 1,0 0,015 0,001 0,5 0,2 жол берилбейт жол берилбейт 70 40 0,05 1,0 15,0 | Бк/кг Бк/кг Тирүү жана өлүү зыянкечтер- дин суммалык жаштыгы экз./кг, ашпаган |
| Пиво ачыткысы- ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ нын концен ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ траты экстракты ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ ├───────────────────────────────┼──────────────┼───────────┤ | Уулуу элементтер: кыт коргошун кадмий ртуть Микотоксиндер: афлатоксин В1 дезоксиниваленол зеараленон Пестициддер: гексахлорциклогексан альфа, бета, гамма-изомерлер ДДТ жана анын метаболиттери Радионуклиддер: цезий - 137 стронций - 90 | 1,0 1,0 0,2 0,03 0,005 1,0 1,0 0,5 0,02 80 100 | Бк/кг Бк/кг |
2-таблица
Пивонун коопсуздугунун микробиологиялык көрсөткүчтөрү
| Азыктардын тобу | КМАФАнМ КОЕ/куб.см ашык эмес ├───────────┬───────────┤ лар | Жол берилбеген азыктар- дын массасы же жалпы көлөмү (куб.см, г) БГКП (колиформд- дор) | Ачыткылар жана ачытуучу- Патогендик, анын ичинде сальмонелл- дер | Эс- кер- түү (сумма) КОЕ/г куб.см | |
|---|---|---|---|---|---|
| Куюлган пиво | - | 1,0 | 25 | - | |
| Пастеризациялан- баган пиво | |||||
| - кегдерде | - | 3,0 | 25 | - | |
| - бөтөлкөдө | - | 10,0 | 25 | - | |
| Пастеризациялан- баган пиво жана жок кылынганы | 500 | 10 | 25 | 40 |
Таблица 3
Тамак-аш жарым фабрикаттарынын микробиологиялык көрсөткүчтөрү
| Азыктардын тобу | КМАФАнМ, КОЕ/куб.см ашпаган ├──────┬────────┬───────┬────────┤ | Жол берилбеген азыктардын массасы же жалпы көлөмү (куб.см,г) БГКП (коли- форм- дор) | Эскертүү S.aureus | пато- гендик, анын ичинде: сальмо- нелдер | сульфит- редуцир- леген клост- ридийлер | |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Пиво ачыткысынын концентраты, угут экстракты | 5*10^(4) | 0,1 | 0,1 | 25 | 0,1 | Ачыткылар жана ачытуучу- лар - 100 КОЕ/г ашпаган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №669 "2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2011 · № 669 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 июля 2014 года № 396 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.07.2014 · № 396 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 16.11.2013 · № 202 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №388 "Пивонун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуПостановление · 14.07.2011 · № 388 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык…Постановление · 13.08.2019 · № 409 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 июля 2014 года № 396 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.07.2014 · № 396 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 20.01.2015 · № 15 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө"Постановление · 29.03.2017 · № 184 · Күчүн жоготкон