Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-апрели №189/11/4 Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 93/76/5, 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 627/42/2, 2017-жылдын 22-майындагы № 302-6/7, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 737/14/40-5 , 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 208/7-4 , 2018-жылдын 31-декабрындагы № 650/37-4, КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын 2022-жылдын 8-апрели № 205/68/5 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу жобо;
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө маалымат берип турсун.
Тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Мамлекеттик программанын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушсун. (КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 208/7-4, КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын 2022-жылдын 8-апрели № 205/68/5 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтому;
- "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 632/26/7 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 22-мартындагы № 98/11/3 токтому;
- "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 632/26/7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 14-августундагы 527/32/6 токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын 2022-жылдын 8-апрели № 205/68/5 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 208/7-4, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 650/37-4 КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын 2022-жылдын 8-апрели № 205/68/5 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын финансы-экономикалык маселелерди тейлеген орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары; Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын экономика жана финансы маселелери боюнча вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары; "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын ишкерлер союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын рыноктор, ишканалар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); "KG төлөм тутумдарынын операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 22 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (22)
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу" ЖОБОсуПостановление · 25.04.2011 · № 189/11/4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабры № 737/67-7 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай…Постановление · 29.12.2023 · № 737/67-7
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программа (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Программа · 29.12.2023 · № 737/67-7
- Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 110-7 "Жыл аягына калган счеттогу ашыкча акчаларды бөлүү" токтомуПостановление · 30.05.2023 · № 110-7
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана…Постановление · 08.04.2022 · № 205/68/5
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 650/37-4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2018 · № 650/37-4
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 208/7-4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.04.2018 · № 208/7-4
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана…Постановление · 14.05.2012 · № 289/5/1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана…Постановление · 28.03.2018 · № 166/51-6 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР и Национального Банка КР от 31 декабря 2002 года №916 "Об утверждении Государственной программы мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы…Постановление · 31.12.2002 · № 916 · Күчүн жоготкон
- Государственная программа мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы безналичных платежей в Кыргызской Республике (Утверждена постановлением Правительства КР от 31…Программа · 31.12.2002 · № 916 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 29 февралындагы № 93 токтомуПостановление · 29.02.2016 · № 93
- КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 208/7-4 токтомуПостановление · 16.04.2018 · № 208/7-4
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 627 токтомуПостановление · 25.11.2016 · № 627
- КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 токтомуПостановление · 28.03.2018 · № 166
- КР Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 93/76/5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын…Постановление · 29.02.2016 · № 93/76/5 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 13-ноябры № 737/14/40-5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.11.2017 · № 737/14/40-5 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 302-6/7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз…Постановление · 22.05.2017 · № 302-6/7 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 627/42/2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын…Постановление · 25.11.2016 · № 627/42/2 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №527/32/6 ""Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү…Постановление · 14.08.2009 · № 527/32/6 · Күчүн жоготкон
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана…Постановление · 08.04.2022 · № 205/68/5
- Постановление Правительства КР и Национального Банка КР от 31 декабря 2002 года №916 "Об утверждении Государственной программы мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы…Постановление · 31.12.2002 · № 916 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы №632/26/7 "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз…Постановление · 30.12.2005 · № 632/26/7 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 марта 2008 года №98/11/3 " О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики и Национального банка Кыргызской…Постановление · 22.03.2008 · № 98/11/3 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.