Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы N 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР и Национального банка КР от 25 апреля 2011 года №189/11/4 "О создании Межведомственной комиссии по увеличению доли безналичных платежей и расчетов в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-25.
КР Өкмөтүнүн жана КР УБ 2011-жылдын 25-апрелиндеги N 189/11/4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2005-жылдын 30-декабры N 632/26/7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ
"Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы N 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн жана КР УБ 2006-жылдын 26-июнундагы N 453/16/10 2008-жылдын 22-мартындагы N 98/11/3, 2009-жылдын 14-августундагы N 527/32/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:
1. "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы N 916 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы N 916 токтомунун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын тиркелген мамлекеттик программасы бекитилсин.";
- токтомдун 3-пунктундагы ", мамлекеттик комиссиялар" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасында:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасы"; биринчи абзацтагы "2003-2005" деген сандар "2003-2008" деген сандарга алмаштырылсын; "Өнүктүрүүнүн негизги этаптары" бөлүмүндө;
- "2002" деген сандар "2005-2006" деген сандарга алмаштырылсын;
- "2003-2004" деген сандар "2006-2007" деген сандарга алмаштырылсын;
- "2005" деген сандар "2008" деген сандарга алмаштырылсын;
"Мамлекеттик программага тиркеме" бөлүмүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1-тиркеме. Мамлекеттик кызматкерлерге жана башка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыларын, пенсияларын жана социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес түрдө камсыздандыруу салымдарын, салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы менен өтүү боюнча координацияланган иш аракеттердин планы."; Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасына 1-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы;
- Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамлекеттик кызматкерлерге жана башка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыларын, пенсияларын жана социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес түрдө камсыздандыруу салымдарын, салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы менен өтүү боюнча координацияланган иш-аракеттердин планын жүзөгө ашуунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир квартал сайын берип турушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 22-мартындагы N 98/11/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы У.Сарбанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы N 632/26/7 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасына 1-тиркеме
Мамлекеттик кызматкерлерге жана бюджеттик чөйрөнүн башка кызматкерлерине эмгек акыларын, пенсияларын жана социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес түрдө камсыздандыруу салымдарын, салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы менен өтүү боюнча координацияланган иш-аракеттердин планы
| Мазмуну | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруу- нун түрү | |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. | Кыргыз Республика- сынын бюджетине чыгашалар жана кирешелер боюнча накталай эмес түрдө төлөмдөрдү жүргүзүү жөнүндө биргелешкен токтомду кабыл алуу | 1.1. Токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу: - коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу эмгек акыларды, стипендияларды, пенсияларды жана социалдык пособиелерди төлөө боюнча; - коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу, салык, бажы жана башка төлөмдөрдү Социалдык фондго камсыздандыруу взносторун жыйноо боюнча | Улуттук банк, Эконфинмин, Соцфонд (макулдашуу боюнча), МБИ, МСИ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), министерлик- тер, мамко- митеттер жа- на ведомст- волор, коммуналдык чарбалар (макулдашуу боюнча) | 2006- 2007- жылдар | Токтом- дордун долбоору |
| 1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдорун бекитүү | Улуттук банк министерлик- тер, мамкомитет- тер жана ведомстволор | 2006- 2007- жылдар | КРнын Окмө- түнүн жана КР Улуттук банкынын токтомдо- ру | ||
| 2. | "Төлөм жана банк системасын модернизаци- ялоо" (ТБСМ) долбоорунун компонентте-├──────────────────────┤ рин жүзөгө ашыруу ├──────────────────────┤ ├──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤ | 2.1 Чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча пакеттик клиринг системасын түзүү жана ишке киргизүү 2.2 Банктык карталарды пайдалануу менен төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча Бирдиктүү банктар аралык процессингдик борборду түзүү жана ишке киргизүү 2.3 Реалдуу убакыт режиминде гросстук эсептешүүлөр системасын түзүү жана ишке киргизүү 2.4 Нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү | Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) Улуттук банк | 2006- 2007- жылдар 2006- 2008- жылдар | Система- ларды өндүрүш- түк ишке киргизүү Норматив- дик документ- терди кабыл алуу |
| 3. | Мамлекеттик кызматкер- лерге жана бюджеттик чөйрөнүн башка ├──────────────────────┤МБИ, МСИ, кызматкерле- рине эмгек акыларын, пенсияларын жана социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, ├──────────────────────┤банктар коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр- гө төлөөгө, ошондой эле Социалдык фондго ├──────────────────────┤ камсызданды- руу взносторун, Кыргыз Республика- сында накталай эмес түрдө салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого өтүү боюнча жалпы пландарды иштеп чыгуу, пилоттук долбоорлорду уюштуруу жана ишке ашыруу | 3.1 Иш-чаралардын ички ведомстволук пландарын иштеп чыгуу жана аларга ылайык иштерди жүргузүү 3.2. Пилоттук долбоорлорго катышуучу министрликтер, ведомстволор жана КБ менен бирге пилоттук долбоорлордун планын иштеп чыгуу жана бекитүү 3.3. Пилоттук долбоорлорду ишке киргизуү, кемчиликтерди аныктоо жана аларды өз убагында жоюу ├─────────┤ 3.4 Төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн ички автоматташтырылган системаны модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү | Эконфинмин, Улуттук банк Соцфонд (макулдашуу боюнча), планы министрлик- тер, мамкомитет- тер жана ведомство- лор, компилоттук коммерциялык киргизүү (макулдашуу боюнча), коммуналдык чарбалар (макулдашуу боюнча) | 2006- 2007- жылдар ├─────────┤ | Иш-чара- лардын ички ведомст- волук Пилоттук долбоор- дун планы Пилоттук долбоорду ишке Ички ведомст- волук автомат- таштырыл- ган система- лар |
| 4. | Бюджеттик төлөмдөрдү эсепке алуу жана контролдоо боюнча Борбордук казыналыктын келечектеги маалыматтар системасы үчүн спецификаци- яларды модернизаци- ялоо, долбоорлоо жана иштеп чыгуу | 4.1 Бюджеттик төлөмдөрдү эсепке алуу жана контролдоо боюнча Борбордук казыналыктын ички автоматташтырылган системасын түзүү боюнча иш-чараларын жүргүзүү | Эконфинмин, Борбордук казыначылык | 2005- 2007- жылдар | Борбордук казыначы- лыктын автомат- таштырыл ган системасы |
| 5. | Баалуу кагаздар рыногу боюнча нормативдик укуктук базасын өркүндөтүү, ├──────────────────────┤Мамфинкөзө- баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасын түзүү жана өнүктүрүү | 5.1 Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана экинчилик рыноктун ийгиликтүү иштөөсү үчүн нормативдик документтерди иштеп чыгуу ├─────────┤ 5.2 Мамлекеттик жана корпоративдик баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасын түзүү | Улуттук банк, Эконфинмин, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), мөл, баалуу кагаздар менен сооданы уюштуруучу- лар (макулдашуу боюнча), депозитарий- лер | 2007- 2008- жылдар | Норматив- дик документ- терди бекитүү Эсепте- шүүлөр системасы |
| 6. | Почталык- сактык системалар түйүндөрүн өркүндөтүү | 6.1 Калктан акчаларды кабыл алуу жана берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн республиканын региондорунда почталык-сактык системалар түйүндөрүн өркүндөтүү боюнча уюштурулган иш-чараларды жүргүзүү | Транскомму- никациямин, "Кыргызпоч- тасы" МИ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | 2006- 2008- жылдар | Почталык сактык система |
| 7. | Мамлекеттик кызматкер- лерге жана бюджеттик чөйрөнүн башка кызматкерле- рине эмгек акыларын, ├──────────────────────┤банктар стипендияла- рын, пенсияларын төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр- гө төлөөгө, ошондой эле Социалдык ├──────────────────────┤(макулдашуу фондго камсызданды- руу взносторун, накталай эмес түрдө салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы ├──────────────────────┤ менен өтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, пилоттук долбоорлорду тираждоо ├──────────────────────┤ ├──────────────────────┤ | 7.1 Бардык мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу төлөп берүүгө өтүү 7.2 Чарбакер субъекттер жана тышкы соода иштеринин катышуучулары тарабынан салык жана бажы төлөмдөрүн накталай эмес түрдө төлөө боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу 7.3 Жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттерине стипендияларды төлөп берүүнү коммерциялык банктардагы эсептерге которуу боюнча чараларды иштеп чыгауу жана жүзөгө ашыруу 7.4 Пенсияларды, социалдык пособиелерди жана башка бюджеттик төлөмөдөрдү коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу алуучулардын санын көбөйтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу 7.5 Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү коммерциялык банктардагы эсеттер аркылуу төлөө боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу 7.6 Төлөө карттары боюнча тейлөөлөр үчүн, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын чөйрөсүн кеңейтүү максатында соода-сервисттик ишканалардын инфраструктурасын кеңейтүү | Эконфинмин, Улуттук банк, Соцфонд (макулдашуу боюнча), МБИ, МСИ, коммерциялык (макулдашуу боюнча), министрлик- тер, мамкомитет- тер жана ведомство- лор, коммуналдык чарбалар боюнча) | 2006- 2008- жылдар | Накталай эмес эсепте- шүүлөргө жалпы өтүү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы N 632/26/7 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтү менен КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 14-августундагы N 527/32/6 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү, маалыматтык системалар башкармалыгынын куратору; Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалар башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти; "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары; "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары; "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын начальнигинин орун басары; "Эсептик-аманат компаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Банктар ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); "Банктар аралык процессингдик борбору" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргызстан" коммерциялык банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Азия Универсал Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалар башкармалыгынын адиси, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги №189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча…Постановление · 25.04.2011 · № 189/11/4
- Положение о Межведомственной комиссии по реализации основных направлений Государственной программы мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы безналичных платежей в…Положение · 30.12.2005
- Постановление Правительства КР и Национального Банка КР от 31 декабря 2002 года №916 "Об утверждении Государственной программы мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы…Постановление · 31.12.2002 · № 916 · Күчүн жоготкон
- Государственная программа мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы безналичных платежей в Кыргызской Республике (Утверждена постановлением Правительства КР от 31…Программа · 31.12.2002 · № 916 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №527/32/6 ""Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү…Постановление · 14.08.2009 · № 527/32/6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 26-июнундагы № 453/16/10 "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз…Постановление · 26.06.2006 · № 453/16/10 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 марта 2008 года №98/11/3 " О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики и Национального банка Кыргызской…Постановление · 22.03.2008 · № 98/11/3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги №189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча…Постановление · 25.04.2011 · № 189/11/4
- Постановление Правительства КР и Национального Банка КР от 31 декабря 2002 года №916 "Об утверждении Государственной программы мероприятий на 2003-2008 годы по внедрению системы…Постановление · 31.12.2002 · № 916 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.