Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели №187 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 5, 463-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралган эрежелерден башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Бул Мыйзам төмөнкүлөр жүргүзүүчү текшерүүлөрдүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салбайт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- ишкердиктин субъекттерин кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруучулук сот өндүрүшүнүн алкагында текшерүү жүргүзүүчү органдар;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарында чек аралык, бажылык, иммиграциялык, санитардык, карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык контролдоо жүргүзүүчү органдар;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени).".
2. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8, 9, 10-бөлүктөр менен толукталсын:
"Тобокелдик - ишкердикти жүргүзүүнүн айынан терс кесепеттердин пайда болуу ыктымалдуулугу жана мындай иш-аракеттердин айынан келтирилген зыяндын болжолдуу өлчөмү, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин аткарбоосунун (толук эмес аткаруусунун, талаптагыдай эмес аткаруусунун) ыктымалдуулугу. Тобокелдиктин деңгээлин баалоонун критерийлери - ишкердиктин субъекттерин тобокелдиктин ар кандай деңгээлдерине киргизүүгө мүмкүндүк берген ишкердиктин субъекттеринин тикелей иши менен байланышкан сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы. Текшерүү барактары - текшерүү барактарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ишкердиктин субъекттерине коюлуучу талаптардын тизмеси кирет, бул талаптарды аткарбоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына коркунуч келтирет.".
3. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6-берене. Пландуу текшерүүлөр
1. Пландуу текшерүүлөр кварталдык планга ылайык жүргүзүлөт, бул план пландалып жаткан мезгил башталганга 30 календардык күн калганга чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2. Ыйгарым укуктуу орган белгилүү бир чөйрөдөгү ишкердикти жүргүзүүдөгү тобокелдиктин деңгээли баалануучу критерийлерди иштеп чыгат.
Ишкердикти жүргүзүүдөгү тобокелдиктин деңгээлин баалоонун критерийлерин ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Текшерилүүгө тийиш болгон ишкердиктин субъекттери тобокелдиктин чоңдуктарын эске алуу менен төмөнкүдөй тобокелдиктин үч деңгээлине киргизилет: жогорку, орточо жана төмөн.
Тобокелдиктин деңгээлине жараша ыйгарым укуктуу орган пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктайт, бирок тобокелдиктин жогорку деңгээлиндеги субъекттер үчүн бир жылда бир жолудан көп эмес, тобокелдиктин орточо деңгээлиндеги субъекттер үчүн үч жылда бир жолудан көп эмес, тобокелдиктин төмөн деңгээлиндеги субъекттери үчүн беш жылда бир жолудан көп эмес аныкталат. Санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиги жогору болгон объекттерди санитардык-эпидемиологиялык контролдоо органдары, ветеринардык көзөмөлдөө жана курчап турган чөйрөнү коргоо органдары тарабынан жүргүзүүчү текшерүүлөр бир жылга 4 жолуга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Эгерде субъект үчүн тобокелдиктин деңгээлин аныктоо, демек текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес болсо, анда бул субъект тобокелдиктин төмөн деңгээлиндеги субъекттердин тобуна киргизилет.
5. Ыйгарым укуктуу органдар ишкердиктин субъекттеринин бир түрдүү топтору үчүн текшерүү барактарын түзүүгө милдеттүү.
Текшерүү барактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого милдеттүү болуп эсептелбеген талаптарга тиешелүү маселелерди камтыбашы керек. Текшерүү барактарынын формалары ыйгарым укуктуу органдын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет жана ушул ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында жарыяланат. Пландуу текшерүүлөрдү текшерүү барактарын колдонбостон жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону текшерүү жүргүзүлүүчү күнгө чейин он календардык күндөн кеч эмес мезгилде берүү шартында пландуу текшерүү жүргүзөт.
Кабарлоодо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн башталышынын жана аякташынын күнү; ишине текшерүү жүргүзүлүүчү юридикалык жактын аталышы, жеке жактын-ишкердин аты-жөнү; ыйгарым укуктуу органдын аталышы. Кабарлоо ыйгарым укуктуу органдын эсебинен заказ кат же телефонограмма менен жиберилет, же ишкердиктин субъектисинин жетекчисине же ыйгарым укуктуу адамга кол койдуруу менен жеке тапшырылат. Ишкердиктин субъектисинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы кабарлоону алгандан кийин пландуу текшерүү жүргүзүү үчүн арналган мезгилде текшерүү объектисинде болууга милдеттүү. Ишкердик субъектти пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоону албаса, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамын пландуу текшерүүнү жүргүзүүгө киргизбей коюуга укуктуу.".
4. 12-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 15 жумушчу күндөн, чакан ишкердиктин субъекттери үчүн 5 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Пландуу текшерүүнү жүргүзүүнүн ушул мөөнөтү текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү буйругу (тескемеси, жазма буйругу) боюнча бир жолудан көп эмес, 10 жумушчу күндөн көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимге каршы сотко доо-арыз берилиши мүмкүн.".
5. 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-беренелер менен толукталсын:
"15-1-берене. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарга мониторинг жүргүзүүсү
1. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү жөнүндө мыйзамдардын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сакталышына мониторинг жүргүзүү функциясы жүктөлөт.
2. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү үчүн ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар менен кызматташат.
15-2-берене. Текшерүүлөрдү эсепке алуунун маалымат базасы
1. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүүлөрдүн объекттери боюнча маалымат базасын жүргүзөт.
2. Текшерүүлөрдүн объекттери боюнча маалымат базасын уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап үч айдын ичинде:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун, курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу үчүн ишкердиктин субъекттеринин ишинин тобокелдигинин деңгээлдери боюнча ишкердиктин субъекттерин бөлүштүрүүнүн критерийлерин бекитсин.
Ыйгарым укуктуу органдар ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап алты айдын ичинде:
- текшерүү барактарын иштеп чыксын жана бекитсин;
- текшерүүлөрдүн объекттери боюнча маалымат базасын түзсүн.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| № | Колдонуудагы редакциясы | Сунушталган долбоордогу редакциясы |
|---|---|---|
| 1 | 1-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө 3. Эгерде Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. | 1-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө [1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө киргизилген, эл аралык келишимде эгерде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат"; 5. Ушул Мыйзам текшерүүлөрдүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салбайт, эгерде алар: - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан; - кылмыш, административдик, жарандык, аткаруу сот өндүрүшү чегинде ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдар тарабынан; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарында чек аралык, бажы, иммиграциялык, санитардык, карантин, фитосанитардык, ветеринардык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү органдар тарабынан; - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) тарабынан жүргүзүлсө.] |
| 2 | 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр | 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр [Тобокелдик - ишкердикти жүргүзүүдөгү терс натыйжалардын пайда болушу жана алар келтирүүчү зыянчылыктын ченеми, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн ишкердиктин субъекттеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы (толук көлөмдө же тийиштүү даражада аткарбагандыгы). Тобокелдиктин даражасын баалоо критерийлери - ишкердиктин субъекттеринин иши менен түздөн-түз байланышкан, ишкердиктин субъекттерин тобокелдиктин ар кандай даражаларына алып барууга мүмкүндүк берүүчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы. Текшерүү барактар - текшерүү барак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда көрсөтүлгөн ишкердиктин субъекттеринин ишиндеги талаптардын тизмесин камтыйт, алардын аткарылбагандыгы адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыгына коркунуч алып келет.] |
| 6-статья. Пландуу текшерүүлөр 1. Пландуу текшерүүлөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзү бекиткен ишкердиктин субъекттеринин иштерине текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык жүргүзүлөт. 2. Ишкердиктин субъекттерин пландуу текшерүүлөр жылына бир жолудан ашык жүргүзүлбөөгө тийиш. Пландуу текшерүү менен мурдагы текшерүү бүткөн күндөн тартып кийинки ишкердиктин субъектинин иши камтылууга тийиш. 3. Ишкердиктин субъекттерине пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө текшерүү башталаардан кеминде 10 күн мурда жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш. 4. Ишкердиктин субъекттеринин адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарын, анын ичинде алардын айрым категорияларын, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлардын жашоосун жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн коргоо, продукцияны керектөөчүлөрдү адаштырган иш-аракеттердин алдын алуу боюнча талаптарды сактоосуна байланышкан пландуу текшерүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү техникалык регламенттерде белгиленет. Пландык текшерүүлөр эпидемиологиялык маанисине жана объекттин коркунучуна жараша жылына төрт жолкуга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку эпидемиологиялык коркунучу бар объекттердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. | 6-статья. Пландуу текшерүүлөр [1. Пландуу текшерүүлөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан пландаштырылган текшерүү мөөнөтүнө 30 календардык күн калганда бекитилген кварталдык планга ылайык жүргүзүлөт. 1. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн карамагындагы чөйрөдө ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалай турган критерийлерди иштеп чыгат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалай турган критерийлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 3. Текшерүүгө тийиштүү бардык ишкердиктин субъекттери тобокелдиктин өлчөмүнө жараша тобокелдиктин үч - жогорку, ортоңку жана төмөнкү - даражасынын бирине кирет. Ыйгарым укуктуу орган тобокелдиктин даражасына жараша пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн белгилейт, бирок тобокелдин жогорку даражасындагы объекттер үчүн жылына бир жолудан ашык эмес, тобокелдиктин ортоңку даражасындагы субъекттер үчүн үч жылда бир жолудан ашык эмес, тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттер үчүн беш жылда бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт. Санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык көзөмөл жана айлана-чөйрөнү коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү тобокелдиктин жогорку даражасындагы объекттерди текшерүүлөр жылына төрт жолуга чейин өткөрүлсө болот. 4. Эгерде тобокелдиктин даражасын жана ошого ылайык объектти текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн белгилөөгө мүмкүндүк болбосо, ушул объект тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы объекттердин тобуна кирет жана текшерүү мезгилдүүлүгү беш жылда бир жолудан ашык эмес деп белгиленет. 5. Ыйгарым укуктуу органдар ишкердиктин субъекттеринин бир түрдүү топтору үчүн текшерүү барактарын түзүүгө тийиш. Текшерүү барактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарууга тийиштүү эмес талаптарга тиешелүү суроолорду камтыбашы керек. Текшерүү барактардын формалары ыйгарым укуктуу органдын жана ишкердиктин өнүгүшү боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет жана ушул ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында жарыяланат. Текшерүү барактарын колдонбогон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. 6. Ыйгарым укуктуу органдар он календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндөгү текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирмени ишкердиктин субъекттерине берүү шартында гана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзөт. Билдирмеде көрсөтүлүүгө тийиш: пландуу текшерүүнү баштоо жана аяктоо датасы; ишкердүүлүгү текшериле турган юридикалык жактын аталышы же физикалык жактын - ишкер адамдын - фамилиясы, аты-жөнү; ыйгарым укуктуу органдын аталышы. Билдирме заказдуу кат же телефонограмма аркылуу ыйгарым укуктуу органдын каражатынан жөнөтүлөт же ишкердик субъектинин жетекчисине же анын ыйгарым укуктуу жагына жеке кол коюусу боюнча берилет. Ишкердиктин субъекти пландуу текшерүү тууралуу билдермени албаган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамын пландуу текшерүүгө жолотпоско укуктуу.".] | |
| 12-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу тартиби 4. Ишкердиктин субъектинин ишин текшерүүнүн мөөнөтү 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча бөтөнчө учурларда 10 күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн. Текшерүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. | 12-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу тартиби [4. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпоого тийиш, чакан ишкердиктин субъекттерине - 5 жумуш күн. Пландуу текшерүүнүн бул мөөнөтү текшерип жаткан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси (буйрук, эскертүү) боюнча 10 күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн. Текшерүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн.] | |
| 2-глава Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби | 2-глава Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби [15-1-статья. Текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан мониторинг жүргүзүү 1. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ушул Мыйзамда жөнгө келтирилген текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдары тарабынан текшерүүлөр жөнүндө мыйзам тутуу мониторингинин функциялары жүктөлөт. 2. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү үчүн ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар менен кызматташат. 15-2-статья. Текшерүүлөрдү эсепке алуунун маалымат базасы 1. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүү объекттер боюнча маалымат базасын түзүшөт. 2. Текшерүү объекттер боюнча маалымат базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт".] |
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министри
У.Ташбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 27-майындагы № 504-V "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 27.05.2011 · № 504-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 780-V "Ишкердикттин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 24.06.2011 · № 780-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 781-V "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 24.06.2011 · № 781-V
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №669 "2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2011 · № 669 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2011 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон