Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген « Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү» ТАРТИБИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 апреля 2013 года № 204 "Об утверждении формы налоговой отчетности по налогу с продаж и порядка заполнения и представления отчета по налогу с продаж"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-04-17.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 204 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген
Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү
ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жараша иштелип чыккан жана Салык кодексинин XII бөлүмүнө ылайык сатуудан алынуучу салыкты эсептөө жана төлөө жана үчүн арналган сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту толтуруу тартибин аныктайт.
2. Сатуудан алынуучу салык салык мезгилинен кийинки айдын 25-күндөн кийинки күнгө чейин FORM STI-075 боюнча отчет берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Сатуудан алынуучу салык жөнүндө" бөлүмдө салык салуу объектисинен тийиштүү маалымат, отчеттук салык мезгили үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча салыктын өлчөмү жана салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөндөгүдөй секциялардан турат:
- "А" секциясы: КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу;
- "Б" секциясы: "А" секциясында каралбаган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу.
4. "А" секциясынын 301-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
5. "А" секциясынын 302-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
6. "А" секциясынын 303-сабында 301-сап х 302-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
7. "А" секциясынын 304-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
8. "А" секциясынын 305-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
9. "А" секциясынын 306-сабында 304-сап х 305-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
10. 307-сапта 303- жана 306-саптардын маанилеринин көлөмүнөн турган КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчадан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
11. "Б" секциясынын 308-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
12. "Б" секциясынын 309-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
13. "Б" секциясынын 310-сабында 308-сап х 309-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
14. "Б" секциясынын 311-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
15. "Б" секциясынын 312-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
16. "Б" секциясынын 313-сабында 311-сап х 312-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
17. 314-сапта "А" секциясында каралбаган 310- жана 313-саптардын маанилеринин көлөмүнөн турган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчадан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
18. 315-сапта 307- жана 313-саптардын көлөмдөрүнөн турган сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр…Постановление · 20.04.2011 · № 177
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 апреля 2013 года № 204 "Об утверждении формы налоговой отчетности по налогу с продаж и порядка заполнения и представления отчета по налогу с…Постановление · 17.04.2013 · № 204 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.