Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын «Бейсалык төлөмдөр жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-19.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели №175 "Кыргыз Республикасынын "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Султанов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 175 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Султанов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жыйым - бул мамлекеттик органдар көрсөткөн кызмат үчүн мамлекет тарабынан белгиленгенге милдеттүү, бир жолку мүнөздөгү акчалай салым. Мында жыйымдын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтын наркына ылайык келүүгө тийиш. Ошентип, сунушталып жаткан жыйымдардын структурасы, анын ичинде аларды төлөөчүлөрдүн категориялары да жогоруда көрсөтүлгөн аныктамага ылайык келбейт жана алардын киргизилиши "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында карама-каршылыктарды жаратат. Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин киргизилиши менен курорттук жыйым, жарнаманы жайгаштыргандык үчүн жыйым жана мейманкана кызматтары үчүн жыйым жоюлуп, бул туризм тармагындагы ишканалардын ишин активдештирүүгө жана туристтердин саны көбөйүшүнө мүмкүндүк берди. Дүйнөлүк финансылык кризиске жана ыңгайсыз климаттык шарттарга карабастан 2009-жылы туристтердин саны 2 млн. адамдан ашты. ИДПнын үлүшү 2008-жылдагы фактыга карата 1,1 процентке өсүп, 2009-жылы 5,2 процентке чейин көбөйдү. Кошумча жыйымдарды киргизүү кошумча салыктык оорчулук жаратат жана көмүскөгө кетүүгө шарт түзөт, туристтик тармактагы кызматтарга баанын кымбатташына таасир этет жана эл аралык туристтик рыноктордо Кыргызстандын туристтик продуктусунун атаандаштыкка жарактуулугун азайтат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга багытталган нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирге талдоо жасалууга тийиш. Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде "Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат" деп айтылган. Ушул айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алуу ылайыктуу эмес деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон