Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 „Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-январы № 22 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ветеринардык багыттагы өндүрүмдөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүдө бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибинде:
- 1-баптын 1.4-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- дары-дармек каражаттарын, медициналык жана ветеринардык багыттагы товарларды кабыл алган жана сактаган, ал эми шайкештигин тастыктоо жол-жобосу бүткөндөн кийин - аларды берген жана саткан кабыл алуучунун дарыкана кампаларына жайгаштыруу шарты менен дары-дармек каражаттарын, медициналык жана ветеринариялык багыттагы товарларды;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Милдеттүү сертификациялоо формасында шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз…Постановление · 11.01.2006 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Порядок ввоза на территорию Кыргызской Республики продукции, подлежащей обязательному подтверждению соответствия в форме обязательной сертификации (утвержден постановлением…Порядок · 11.01.2006 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон