Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-декабры № 652 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, сүт ишканаларынын жана сыноочу лабораториялардын өндүрүштүк инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенттин 51-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«51. Сүт жана аны кайра иштетүүнүн азыктары «Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык келген, керектөөчүлөргө арналган маалымат менен коштолууга тийиш.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 “Сүттүн жана кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомунун колдонулушу 2014-жылдын 7-июнуна чейин токтотулуп турсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- "Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык Регламент" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 токтому менен бекитилген)Регламент · 18.02.2013 · № 84 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 20.01.2015 · № 15 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 "Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.02.2013 · № 84 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.