Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-ноябры № 646 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-6) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) "Преференциалдуу региондор"- баалоо критерийлери жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган райондор.".
2. 208-берене "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "билим берүү," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 213-берене төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кен казуу жана/же кенди кайра иштетүү ишканаларынан тышкары, преференциалдуу региондордо иш жүргүзгөн, продукцияны өндүрүү жана/же кайра иштетүү боюнча ишканалар жана уюмдар үчүн пайда салыгынын ставкасы 2 ден 5 пайызга чейин өлчөмдө белгиленет.".
4. 330-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта" деген сөздөр алып салынсын.
5. 344-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Жергиликтүү кеңештер жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу:
1) айыл чарба жерлери боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө, жер пайдалануучу ал жеткис күчтөн улам материалдык зыян тарткан учурларда;
2) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык максаттагы эмес жерлер боюнча 5 жылга чейинки мөөнөткө, продукцияны өндүрүү жана/же кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашырган, жацы түзүлгөн уюмдар үчүн.".
2-берене "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры № 78-81) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
1. 6-берене төмөнкү мазмундагы 8-бөлук менен толукталсын: "8. Кен казуу жана/же кенди кайра иштетүү ишканаларьшан тышкары, преференциалдуу региондордо иш жүргузгөн, продукцияны өндүрүү жана/же кайра иштетүү боюнча ишканалар жана уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган пайда салыгынын ставкасы:
-2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейин 2 пайыз өлчөмүндө; -2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин 4 пайыз өлчөмүндө; -2018-жылдын 1-январынан 2019-жы.тдын 31-декабрына чейин 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".
3-берене Бул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 3-бөлүгүнөн тышкарыда расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президента
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-февралындагы № 4823-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз…Постановление · 19.02.2015 · № 4823-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1625-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.05.2017 · № 1625-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1600-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген…Постановление · 25.05.2017 · № 1600-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон