Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында «бирдиктүү терезе» тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 2-октябры № 550 Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында «бирдиктүү терезе» тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык жактан толук камсыздалуу укуктарын камсыздоо механизмин ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын жумушка орношуусу үчүн шарттарды жакшыртуу жана мыйзамсыз эмгектик миграциянын маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын – эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында «бирдиктүү терезе» тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. «Бирдиктүү терезе» тутумун Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ушул Жободо аныкталган функцияларды аткаруу үчүн бул процесске тартылган тиешелүү мамлекеттик органдар жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор менен бирдикте ишке киргизери жана жүзөгө ашыраары белгиленсин.
3. «Бирдиктүү терезе» тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Байкоочу кеңеш ушул токтомдун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн
4. «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштешине байланышкан чыгымдарды каржылоо булагы тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттар болоору аныкталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын«___» _____________ № _______ токтомуна тиркеме
«Бирдиктүү терезе» тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багытындагы сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Байкоочу кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасы; «Социум консалт» коомдук бирикмесинин президенти, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун төрагасы (макулдашуу боюнча). _________________________________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында «бирдиктүү…Положение · 02.10.2013 · № 550
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 6 августундагы № 315-б (Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун…Распоряжение · 06.08.2014 · № 315-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.