Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-11-28.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-сентябры № 485 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуу ички жана тышкы эмгек рыногунда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо максатында, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
- 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы;
- 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматтарды беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты берсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-августундагы № 591 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 433 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтому менен бекитилген
2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Иш-чаралар | Жүзөгө ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжалар |
|---|---|---|---|---|
| 1-милдет. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшкөн жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ||||
| 1 | Жоболордун долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү: - жумушсуз жарандарды эмгек базарында талап кылынган кесиптерге окутуу жөнүндө; - жумушсуз жарандарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу жөнүндө; - жумушсуз жарандарга жеңилдетилген чакан насыя берүү механизмин тартипке келтирүү жөнүндө; - жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө | 2014-жылдын II кварталы | ЭМЖМ | Базар экономикасын эске алуу менен иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу маселелеринде жумушсуз жарандарга көмөк көрсөтүү механизми өркүндөтүлдү |
| 2 | Калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу | 2014-жылдын I кварталы | ЭМЖМ | Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жарандарга көрсөтүүчү кызматтарынын сапаты жакшыртылды |
| 3 | Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз ишке орноштуруу жана чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн мыйзамсыз тартуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2014-жылдын II кварталы | ЭМЖМ | Иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги күчөтүлдү |
| 4 | Кыргыз Республикасына кирип-чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2014-жылдын II кварталы | Чек-ара кызматы, ИИМ, МКК, ЭМЖМ, ТИМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Жарандардын миграция боюнча анык статистикалык дайындарынын болушу |
| 5 | Кызыкдар болгон кызматтар ортосунда дайындарды алмашуунун оперативдүү системасын, калктын миграциясын каттоо жана эсепке алуу форматын жана процедураларын иштеп чыгуу | 2014-жылдын IV кварталы | ЭМЖМ, Чек ара кызматы, ТИМ, ИИМ, МУКК, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Калктын миграциясы жана эсепке алуу системасы түзүлдү, зарыл дайындарды ведомстволор аралык алмашуунун нускамасы иштелип чыкты |
| 6 | Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшулган түрдө кабыл алуу жана ишке орноштуруу жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын I-II кварталдары | ЭМЖМ | Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшулган түрдө ишке орноштуруу ишке ашырылды жана легалсыз иштеген жарандардын саны кыскартылды |
| 7 | Эмгекчи мигранттардын социалдык жана пенсиялык жактан камсыз болуу укугун сактоону эске алуу менен эмгекчи мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу | 2014-жылдын III кварталы | ЭМЖМ, ССМ, СФ | Социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу бөлүгүндө эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо камсыздалды |
| 8 | "Иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктери жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | ЭМЖМ | Иш менен камсыз кылган жеке агенттиктердин ишмердиги регламенттелди, алардын жоопкерчилиги жогорулатылды |
| 9 | Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу эмгектенген жарандарды пенсиялык жактан камсыздоо маселелерин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу | 2014-жылдын IV кварталы | СФ, ЭМЖМ | Эмгек мигранттарын пенсиялык жактан камсыздоо боюнча маселелер жөнгө салынды |
| 10 | Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын эмгекчи мигрант жарандары барган өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын келген-кеткен эмгек мигранттарынын дайындарын алмашуу боюнча биргелешкен ишинин механизмдерин иштеп чыгуу | 2014-жыл | ЭМЖМ | Кыргыз Республикасынын миграциялык органдардын жана Кыргыз Республикасынын эмгекчи мигрант жарандары барган өлкөлөрдүн ортосунда координацияланган аракеттер камсыз кылынды |
| 2-милдет. Экономиканын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлорунда калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү үчүн шарттарды түзүү | ||||
| 11 | Эмгек базарында талап кылынган кесиптерге окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу, чакан насыя берүү аркылуу жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуунун активдүү иш-чараларын жүргүзүү | 2013-2020- жылдар | ЭМЖМ, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаардык мэриялары (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын калкты иш менен камсыз кылуунун активдүү чаралары боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарынын эсебинде турган жумушсуз жарандардын кеминде 40%ы камтылды |
| 12 | 2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери ортосундагы Башкы макулдашуунун иш-чараларын жүзөгө ашыруу | 2013-2015- жылдар | ЭМЖМ, министрлик- тер жана ведомство- лор, иш берүү- чүлөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча), КПФ (макулдашуу боюнча) | Калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштүк активдештирилди |
| 13 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусуна жана ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү | Жыл сайын | ЭМЖМ, иш берүүчүлөр (макулдашуу боюнча), облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Ишке орноштурулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саны жалпы иштеген кызматкерлердин жалпы санынын кеминде 5%ын түзөт |
| 14 | Эмгек базарынын керектөөлөрүнө ылайык кесиптик кадрларды даярдоо | Дайыма | ЭМЖМ, БИМ | Эмгек базарынын керектөөлөрүн талдоонун негизинде адистер даярдалды |
| 15 | Баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларынын окуучуларынын компетенциясын көз карандысыз тастыктоону киргизүү | Дайыма | БИМ, КТББА | Компетенцияларды баалоонун негизинде окутулган окуучулардын саны жыл сайын көбөйөт |
| 16 | Бош иш орундары жармаңкелерин өткөрүү, анын ичинде калктын социалдык жактан аялуу катмарлары үчүн өткөрүү | Жыл сайын | ЭМЖМ, иш берүүчү- лөрдүн бирикмелери, (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Бош иш орундары жарманкелерине иш издеп келген жумушсуз жарандардын кеминде 10%ы иш менен камсыз кылынды |
| 17 | Андан ары ишке орноштуруу максатында уюмдарда жана ишканаларда жаш адистердин стажировкадан өтүүсүнүн практикасын кеңейтүү | Дайыма | ЭМЖМ, иш берүүчү- лөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча) | Жаш адистерди ишке орноштуруу көрсөткүчү жыл сайын 5%га өстү |
| 3-милдет. Эмгек базарындагы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын күчөтүү | ||||
| 18 | Кошумча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2013-2020- жылдар | ЭМЖМ, иш берүүчү- лөрдүн бирикмелери (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын кеминде 15 миң жумушсуз жаран убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылынды |
| 19 | Жеке ишкердигин уюштуруу үчүн жумушсуз жарандарга чакан насыяларды берүү | 2013-2020- жылдар | ЭМЖМ, насыялык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө түзүлгөн жумуш орундары жыл сайын 1,5 миң бирдикке көбөйдү |
| 20 | Жумушсуз жаштарга кесиптик багыт берүү иш-чараларынын системасын өнүктүрүү | Дайыма | ЭМЖМ, БИМ | Кесиптик багыт берүү кызматы жыл сайын иш менен камсыз кылуу кызматында катталган жумушсуз жарандардын ичинен жаштардын кеминде 95%ын камтыды |
| 21 | Кесипти, адистикти, сабактын түрлөрүн, окуунун түрлөрүн жана формаларын тандоо менен күн мурунтан окутууга муктаж болгон кызматкерлерге кесиптик консультация берүүнү уюштуруу | Дайыма | ЭМЖМ, БИМ | Эмгек базарындагы кырдаал жана иштен бошотулган адамдардын арасында талап кылынган кесиптер тууралуу маалымдуулуктун деңгээли жогорулатылды |
| 22 | Жаңы кесип алуу, кесиптик профилин кеңейтүү жана ишке орношууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн окутуу зарыл болгон кызматкерлерге күн мурунтан кыска мөөнөттүү кесиптик даярдоо/кайра даярдоо курстарын уюштуруу | Дайыма | ЭМЖМ | Жыл сайын кеминде 4 миң кызматкер жаңы кесипке окутуу киргизилди |
| 4-милдет. Кыргыз Республикасынын жарандарынын - эмгек-мигранттарынын кесиптик жана билим берүү деңгээлин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жана шарттары тууралуу маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу | ||||
| 23 | Республиканын региондорунда чет өлкөдө эмгектенүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын миграцияга чейин даярдоо борборлорун түзүү | 2014-2017- жылдар | ЭМЖМ, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Эмгек миграциясы жөнүндө калктын маалымдуулугу жогорулатылды |
| 24 | Эмгек мигранттары үчүн кыска мөөнөттүү билим берүү программасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2013-2017- жылдар | ЭМЖМ, БИМ | Окутуу жана кайра окутуу боюнча эмгек мигранттары үчүн билим берүү жана кесиптик кызмат көрсөтүүлөр кеңейди |
| 25 | Бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордо жайгашкан калктуу пункттардын жашоочулары үчүн окутуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн программасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2013-2017- жылдар | ЭМЖМ, эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Ишке орношуу үчүн жумушсуз жарандардын мүмкүнчүлүгү кеңейтилди |
| 26 | Республиканын региондорунда кесиптик багыт берүүнү жүргүзүү методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын I-II кварталы | ЭМЖМ, БИМ, ЖМА, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Коомчулуктарда, региондордо, өлкөдө талап кылынган адистиктерге окугандардын саны өстү |
| 27 | Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуулардын алкагындагы демилгелер аркылуу дипломдорду/тастыкта- маларды өз ара таануу системасын киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2014-2017- жылдар | ЭМЖМ, БИМ | Чет өлкөдө Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу үчүн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр жакшыртылды |
| 28 | Эл аралык эмгек базарындагы бош орундар жана ишке орношуучу өлкөнүн мыйзамдары тууралуу эмгек мигранттарына маалыматтык кызмат көрсөтүү | 2013-2020- жылдар | ЭМЖМ, ИКЖАлар (макулдашуу боюнча) | Эмгек мигранттары үчүн маалыматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулады |
| 29 | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүктөрүн уюмдаштыруу | 2014-жыл | ЭМЖМ, ТИМ | Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы эмгек мигранттарын коргоо деңгээли көтөрүлдү |
| 30 | Эмгек мигранттарынын жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлүүчү эмгек келишимине болгон минималдуу талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2014-жыл | ЭМЖМ, ИКЖАлар, (макулдашуу боюнча), профсоюздар (макулдашуу боюнча) | Эмгек мигранттарынын жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн эмгек келишимдери түзүлдү жана өркүндөтүлдү |
| 5-милдет. Эмгек базарын талдоого алуу жана божомолдоо системасын өркүндөтүү | ||||
| 31 | Түзүлгөн жана жоюлган жумуш орундарынын санын аныктоо методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын II кварталы | Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЭМЖМ, АЧММ, ЖМА, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча) | Түзүлгөн жана жоюлган жумуш орундары тууралуу статистикалык дайындар бар |
| 32 | Калктын иш менен камсыз кылуунун негизги көрсөткүчтөрүнүн, эмгек ресурстарынын баланстарынын божомолун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын I кварталы | ЭМЖМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча), министрлик- тер жана ведомство- лор | Эмгек базарынын абалы, эмгек ресурстарынын балансы тууралуу ар бир жылдагы маалыматтар топтолду |
| 33 | Жумушсуз жарандарды статистикалык эсепке алуу методикасын өркүндөтүү | 2014-жылдын II кварталы | ЭМЖМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Жумушсуз жарандардын жалпы саны тууралуу так дайындар алынды |
| 6-милдет. Иш менен камсыз кылуу жана миграция мамлекеттик кызматтарынын ишинин жыйынтыктуулугун жогорулатуу | ||||
| 34 | Иш менен камсыз кылуу жана миграция мамлекеттик кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо | 2014-2018- жылдар | ЭМЖМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Иш менен камсыз кылуу жана миграция маселелери боюнча калкка мамлекеттик сапаттуу кызматтар көрсөтүлдү |
| 35 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бөлүмдөрүндө кесиптик багыттоо ишин жүргүзүүнүн методикасын киргизүү | 2014-жылдын I кварталы | ЭМЖМ | Иш менен камсыз кылуу кызматынын ишин жакшыртуу үчүн кесиптик багыттоо ишин жүргүзүүнүн методикасы иштелди |
| 36 | Маалыматтык-коммуника- циялык технологияларды өркүндөтүү | 2013-2019- жылдар | ЭМЖМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Иш берүүчүлөргө жана иш издеген жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жыйынтыктуулугун жогорулатуу үчүн корпоративдик тарам киргизилди |
| 37 | Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана толуктугу жөнүндө жарандарды сурамжылоону жыл сайын өткөрүү | Жыл сайын | ЭМЖМ | Иш менен камсыз кылуу жана миграция маселелери боюнча жарандардын даттанууларынын саны төмөндөдү |
| 38 | Калктын маалымдуулугун көтөрүү максатында калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция маселелери боюнча басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, теле-, радиоберүүлөрдүн циклдерин уюштуруу | Дайыма | ЭМЖМ | Калктын укуктук сабаты жогорулатылды |
Кыскартуулардын тизмеси: ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; АЧММ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; МКК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; Улутстатком - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; СФ - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; Чек ара кызматы - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы; КТББА - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги; облустардагы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; өкүлдөр ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; КПФ - Кыргызстандын профсоюздар федерациясы; ИКЖА - Иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктери.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (23)
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтому менен бекитилген "2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек…Программа · 06.06.2013 · № 485
- Кароол айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-мартындагы № 119 (Кароол айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана коргоонун 2015-жыл үчүн программасы жана аларды…Постановление · 02.03.2015 · № 119
- Кароол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 28/5 "Кароол айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана коргоонун 2016-жыл үчүн программасы жана аларды…Постановление · 08.04.2016 · № 28/5
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 905-VI "Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын…Постановление · 21.09.2016 · № 905-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 35-б (2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз…Распоряжение · 01.03.2019 · № 35-р
- Постановление Правительства КР от 10 сентября 2019 года № 465 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2020-2022 годы"Постановление · 10.09.2019 · № 465
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 6 августундагы № 315-б (Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун…Распоряжение · 06.08.2014 · № 315-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 393 "2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө"…Постановление · 23.08.2018 · № 393 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 368 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2017 · № 368 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2016 · № 395 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 145/6/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.03.2016 · № 145/6/1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2015 · № 354 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 270 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 270 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 мая 2016 года № 270 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2017-2019 годы"Постановление · 20.05.2016 · № 270 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-августундагы № 591 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө"…Постановление · 17.08.2006 · № 591 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 433 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программасы…Постановление · 25.09.2007 · № 433 · Күчүн жоготкон
- Программа «Национальная политика занятости населения Кыргызской Республики до 2010 года» (Одобрена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 17 августа 2006 года № 591)Программа · 17.08.2006 · № 591 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 433 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программасы…Постановление · 25.09.2007 · № 433 · Күчүн жоготкон
- О содействии занятости населенияЗакон · 27.07.1998 · № 113 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон