Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 „Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 апреля 2019 года № 159 "Об утверждении ставок государственной пошлины"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-15.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 330 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Жарандык абал актыларын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендик үчүн мамлекеттик жыйым төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт:
| а) жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендиги үчүн; б) Кыргыз Республикасынын жарандык абал актыла- рын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланышкан күбөлүк бергендиги үчүн | 10 сом 5 сом |
";
- 5-пунктунда:
"б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "
| б) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн: - жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу ке- лишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго та- раптар, күбөлөр, жабыр тарткандар жана жа- рандык, кылмыш иштери боюнча эксперттер ка- тарында чакырылган жарандарга, - аларга уруксат берүү жана чет мамлекетке чыгуу укугуна документтерди берүү үчүн; - окууга же өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн чыгууга байланыштуу окуучуларга жана студенттерге | 60 сом эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө |
"; "м" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "
| м) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштырган документти каттоо же аны каттоонун жарак- туулук мөөнөтүн узартуу үчүн; - Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттер- ге чыгып жаткан чет өлкөлүк туристтин доку- менттерин каттоо үчүн; | эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө |
"; "п" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "
| п) жашаган жери боюнча каттоо (каттоого ту- руу) үчүн: - картаңдар жана майыптар үчүн интер- нат-үйлөрдө жашаган картаңдар жана майыптар үчүн; - мектеп-интернаттардын жана толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган баштапкы ке- сиптик билим берүү мекемелеринин жатакана- ларында жашаган окуучулары үчүн | эсептик көрсөткүчтүн 0,2 өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 159
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 2986-VI "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 04.04.2019 · № 2986-VI
- КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.1994 · № 521 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 159
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 159
- КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.1994 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон