Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 4-апрели № 2986-VI "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
А.Касымалиева
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 139-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик алымдын ставкалары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-июнундагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-ноябрындагы № 527 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүңдө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 2-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларына толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-июлундагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-ноябрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 866 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" токтому;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Тиркеме
Мамлекеттик алымдын ставкалары
1-глава. Сотко кайрылууда төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алым
1. Сотко берилүүчү доо арыздарынан, анын ичинде келишимге чейинки талаштар боюнча арыздардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан), апелляциялык жана кассациялык даттануулардан мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) доонун төмөнкүдөй баадагы доо арыздарынан:
- 50000 (элүү миң) сомго чейин - доонун баасынан 5 пайыз, бирок бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес;
- 50000 (элүү миң) сомдон 250000 (эки жүз элүү миң) сомго чейин - 2500 (эки миң беш жүз) сом жана 50000 (элүү миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 4 пайыз;
- 250000 (эки жүз элүү миң) сомдон 500000 (беш жүз миң) сомго чейин - 10000 (он миң) сом жана 250000 (эки жүз элүү миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 3 пайыз;
- 500000 (беш жүз миң) сомдон 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомго чейин - 20000 (жыйырма миң) сом жана 500000 (беш жүз миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 2 пайыз;
- 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейин - 60000 (алтымыш миң) сом жана 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 1 пайыз;
- 5000000 (беш миллион) сомдон жогору - 80000 (сексен миң) сом жана 5000000 (беш миллион) сомдон ашкан суммадан 0,5 пайыз;
2) никени бузуу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселик өлчөмү, никени бузууда мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө доо арыздарынан - алымдын өлчөмү доонун баасынан 1 пайыз;
3) белгиленген тартипте дайынсыз жок же жин оорусунан же кем акылдыктан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар, же үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар менен никени бузуу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселик өлчөмү;
4) турак-жайды жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө, мурасты кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу, мүлктү камоодон бошотуу жана мүлктүк эмес мүнөздөгү (же баалоо тийиш эмес) башка доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселик өлчөмү;
5) өзгөчө өндүрүштөгү арыздардан (даттануулардан) - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселик өлчөмү;
6) келишимге чейинки талаштар боюнча доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселик өлчөмү;
7) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселик өлчөмү;
8) мүлктүк талаштар боюнча соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан доо арызын берүүдө - төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын 50 пайызы;
9) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча карызды өндүрүү жөнүндө соттук буйрукту берүү тууралуу арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселик өлчөмү;
10) электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (транспортировкалоо) боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселик өлчөмү;
11) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү бүтүмдүн предмети болуп эсептелген мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча, ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык аныкталат;
12) өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселик өлчөмү;
13) апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт;
14) аз камсыз болгон же болбосо жарды үй-бүлөгө кирген жарандардын, мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү талаштар боюнча, доо жана башка арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселик өлчөмү.
2. Экономикалык жана административдик иштерди караган сотторго берилүүчү арыздардан мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) мүлктүк мүнөздөгү доо арыздарынан алымдын өлчөмү 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык доонун баасы боюнча аныкталат;
2) өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселик өлчөмү;
3) келишимдерди түзүүдө, өзгөртүүдө же бузууда пайда болгон талаштар боюнча доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселик өлчөмү;
4) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча, 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык аныкталат;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын ченемдик эмес актыларын жараксыз (толугу менен же жарым-жартылай) деп таануу жөнүндө доо арыздарынан, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине же аракетсиздигине даттануулардан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселик өлчөмү;
6) мүлктүк эмес мүнөздөгү башка доо арыздарынан, анын ичинде натуралай милдетин аткарууга ыйгаруу укугун таануу жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселик өлчөмү;
7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 25 эселик өлчөмү;
8) талаштын предметине өз алдынча талаптарын билдирген үчүнчү жактардын ишке киришүүсү жөнүндө арыздардан - мүлктүк эмес мүнөздөгү доо арызын берүүдө алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү боюнча, ал эми мүлктүк мүнөздөгү талаштар боюнча үчүнчү жак менен талашка түшкөн суммага жараша эсептелген мамлекеттик алымдын өлчөмү боюнча;
9) Бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун, (арбитраждын) чет өлкөлүк соттордун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселик өлчөмү;
10) мүлктүк талаштар боюнча соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан - доо арызын берүүдө төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын 50 пайызы;
11) жаратылыш газын керектегендиги жана ташыгандыгы үчүн карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселик өлчөмү;
12) электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (транспортировкалоо) боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
13) апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт.
3. Бир эле убакта мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды камтыган доо арыздары үчүн бир эле убакта мүлктүк мүнөздөгү доо арыздары үчүн жана мүлктүк эмес мүнөздөгү доо арыздары үчүн белгиленген мамлекеттик алым алынат.
2-глава
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин консулдук кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттерден тышкары, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алым
4. Нотариалдык конторалар жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) предмети кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 1000 (бир миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 2000 (эки миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо - 5000 (беш миң) сом;
2) башка келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ага-энелер, жубайлар, бир туугандар, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 300 (үч жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 500 (беш жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо - 1000 (бир миң) сом;
3) ипотека (күрөө) жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
4) тыюуларды салуу жана алып салуу үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселик өлчөмү;
5) кандай гана болбосун мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз) пайдалануу жана тескөө укугуна, анын ичинде кайра ишеним артуу тартибинде берилген ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн, эгерде ишеним берүүчүлөр:
- балдар, ата-энелер, жубайлар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- ишеним катты берүүдө башка жеке жактар болсо:
3 айга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү; 6 айга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү; 1 жылга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү; 3 жылга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар болсо, мөөнөтүнө карабастан - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
6) башка ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн, эгерде ишеним берүүчүлөр:
- жеке жактар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- юридикалык жактар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
7) керээздерди күбөлөндүрүү үчүн:
- жөнөкөй керээз - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- купуя керээз - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
8) мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн:
- балдарга, ата-энеге, жубайына - 1000 (бир миң) сом;
- бир туугандарга, чоң энелерге, чоң аталарга, неберелерге - 2000 (эки миң) сом;
- башка мураскерлерге - 5000 (беш миң) сом;
9) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
10) лизингдин предметин талап кылбастан аткаруу жазууларын жасагандыгы үчүн - өндүрүлүүчү суммадан 1 пайыз, бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызынан кем эмес, лизингдин предметин талап кылууда - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
11) документтин бир тилден экинчиге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын нотариус тарабынан күбөлөндүрүү үчүн (документтин ар бир барагы үчүн):
- жеке жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
12) документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн жана алардан көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн документтери берилсе:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 5 пайызы;
- юридикалык жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 10 пайызы;
13) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп берүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн арыздары өткөрүлүп берилсе:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
14) банк карточкаларындагы, арыздардагы жана башка документтердеги (анын ичинде коммерциялык эмес юридикалык жактарды - коомдук фонддорду, мекемелерди түзүү жөнүндө чечимдердеги) кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн кол тамгалары күбөлөндүрүлсө:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
15) нотариалдык конторалардын делолорунда сакталган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү жана дубликаттарын берүү үчүн:
- жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
16) юридикалык жактардын жыйналыштарынын протоколдорун, түрдүү лотереялардын, аукциондордун тираждык комиссияларынын протоколдорун ж.б. күбөлөндүрүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
17) акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу үчүн - кабыл алынган депозиттик сумманын жана баалуу кагаздын наркынын 1 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;
18) векселге акы төлөнбөгөндүгүнө, акцептелбегендигине жана акцептин датасы коюлбагандыгына протест бергендиги, чектин төлөнбөгөндүгүн ырастоо үчүн - векселдин же чектин төлөнбөгөн суммасынын 1 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;
19) документтерди сактоо үчүн жарыяланган баалуулуктун суммасынын 1 пайызы (сакталган ар бир ай үчүн), бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызынан кем эмес;
20) деңиз протестин берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
21) башка нотариалдык аракеттерди аткаруу (анын ичинде зыяндын ордун толтуруу, карызды кайтарып берүү, мүлктү сактоо тууралуу милдеттенмелерди ырастоо) үчүн:
- жеке жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү.
5. Нотариалдык конторанын имаратынан тышкары жайда жасалган нотариалдык аракеттер үчүн мамлекеттик алым эки эсе өлчөмдө алынат, ошондой эле бул аракеттерди жасоо үчүн жерине барууга байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдар төлөнүп берилет.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда укук белгилөөчү документтерди чет өлкөлүк валютада берүү жана чет өлкөлүк валюта бүтүмдөрдүн предмети болгон учурда аны менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоо үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү төлөө учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чектеген курс боюнча сомго айландырылып эсептелүүгө тийиш.
3-глава
Жарандарга жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайта берүү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү берүү үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алым
7. Жарандарга жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайта берүү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайта берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселик өлчөмү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн нөл ставкасы боюнча.
4-глава. Башка аракеттерди жасоо жана юридикалык мааниге ээ документтерди берүү үчүн алынган мамлекеттик алым
8. Башка аракеттерди жасоо жана юридикалык мааниге ээ документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) аты-жөнүн, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун берүү үчүн - 60 (алтымыш) сом;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн:
- жарандык, үй-бүлө жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык тарап, күбө, жабырлануучу катары жана жарандык жана жазык иштери боюнча эксперт катары чет элдик сотторго чакыртылган жарандарга - 60 (алтымыш) сом;
3) аты-жөнүн, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүндө;
4) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү жана жалпы жарандык паспортун берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүндө;
5) Кыргыз Республикасынан чыгууга байланыштуу документтерди тариздөө үчүн:
- убактылуу жашоого - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- туруктуу жашоого - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
6) мурда берилген документке Кыргыз Республикасынан чыгуу жана Кыргыз Республикасына кирүү үчүн кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн (мөөнөтүн узартуудан сырткары) - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
7) убактылуу жашоого уруксат берүү үчүн:
- КМШга жана ЕАЭБге катышкан мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
- алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;
8) туруктуу жашоого уруксат берүү үчүн:
- КМШга жана ЕАЭБге катышкан мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;
- алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына - эсептик көрсөткүчтүн 150 эселенген өлчөмү;
9) чет мамлекеттик жаранга жана жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, ошондой эле жоголгон же бузулган жашап турууга уруксатты берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
10) чет мамлекеттик паспортту же аны алмаштырган документти каттоо же каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
11) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздардан, аларды каттоо, жарандыкка таандыгын аныктоо жөнүндө тартипте - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
12) өтүнүчтөрдөн:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө (этникалык кыргыздарды, качкындарды жана аргасыз көчүп келгендерди кошпогондо) - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
- качкындар жана аргасыз көчүп келгендер үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
13) жашаган жери боюнча каттоо үчүн - эсептик көрсөткүчтүн нөл ставкасы боюнча;
14) өткөрмө берүү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына - 50 (элүү) сом;
- чет мамлекеттик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - 250 (эки жүз элүү) сом;
15) ушул пункттун 16-пунктчасынан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ишке уруксат берүү үчүн:
- жеке жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн бир жолку ставкасы;
- юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн үч жолку ставкасы;
16) уруксат берүү үчүн:
- бир чарбалык субъекттеги чет өлкөлүк жумушкерлер үчүн белгиленген лимиттин чегинде чет мамлекеттик адистин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;
- бир чарбалык субъекттеги чет өлкөлүк жумушкерлер үчүн белгиленген лимиттен ашкан чет мамлекеттик адистин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 200 эселенген өлчөмү;
- жогорку квалификациялуу чет мамлекеттик адистердин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;
- чет мамлекеттик жеке ишкерлердин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 500 эселенген өлчөмү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын республиканын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу менен байланышкан иштөө укугуна - эсептик көрсөткүчтүн 40 эселенген өлчөмү;
17) лицензияны берүү, кайра тариздөө жана лицензиянын дубликатын берүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн:
- юридикалык жакты түзбөгөн жарандардан - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 23 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (23)
- КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.1994 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.11.2013 · № 637 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2003 года №256 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 30.04.2003 · № 256 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 мая 2002 года №332 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 21.05.2002 · № 332 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралы № 85 ""Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү…Постановление · 09.02.2006 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 июня 1996 года N 255 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 18 июля 1994 года N 521 "Об…Постановление · 06.06.1996 · № 255 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 22-ноябрынын, № 849 ""Мамлекеттик пошлинанын ставкаларын бекитуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 1994-жылдын 18-июлундагы…Постановление · 22.11.2004 · № 849 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412 "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын…Постановление · 17.09.2007 · № 412 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна…Постановление · 19.02.2015 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна…Постановление · 22.10.2018 · № 496 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 8 января 2002 года N 8 "О внесении дополнения в ставки государственной пошлины, утвержденные постановлением Правительства Кыргызской Республики…Постановление · 08.01.2002 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 сентября 2004 года № 698 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 18 июля 1994 года № 521 "Об…Постановление · 15.09.2004 · № 698 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын27-февралындагы №127 "Мамлекеттик салыктардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна…Постановление · 27.02.2006 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 19-октябрындагы №733 "Мамлекеттик пошлинанын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521…Постановление · 19.10.2006 · № 733 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна…Постановление · 03.05.2013 · № 228 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна…Постановление · 22.03.2013 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна…Постановление · 10.06.2013 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 июля 2002 года №481 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики oт 18 июля 1994 года № 521 «Об утверждении…Постановление · 18.07.2002 · № 481 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы №866 "«Мамлекеттик пошлинанын ставкаларын бекитүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы…Постановление · 19.12.2006 · № 866 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.