Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2013-2016-жылдарга „Кургак учук-IV“ программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 325 2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын бекитүү жөнүндө "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында кургак учукка чалдыгууну жана өлүмгө учуроону андан ары азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасы;
- 2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "2006-2010-жылдарга Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 331 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун 70-пункту;
- "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 331 токтомун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 токтому;
- "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 331 токтомун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 741 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 331 токтомун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы № 462 токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 325 токтому менен бекитилген
2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| N | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу уюмдар | Каржылоо булактары | Күтүлгөн натыйжалар |
|---|---|---|---|---|---|
| Алдын алуу иш-чаралар | |||||
| 1 | Иммунопрофилак- тика - БЦЖ вакцинациясы | Дайыма | РИБ, ОАжЭД | Республикалык бюджет, донордук жардам | Республика боюнча 99% балдар төрөт үйлөрүндө эмдөөлөр календарына ылайык БЦЖ иммундаштыруусу менен камтылат |
| 2 | Кургак учук бейтаптары менен байланышта болгон балдарды химиялык профилактикалоо | Дайыма | АМСЖ саламаттык сактоо уюмдары, кургак учукка каршы уюмдар | Республикалык бюджет, донордук жардам | Байланышта болгон балдар арасында кургак учук менен ооруп калуу коркунучун төмөндөтүү |
| Диагностикалык иш-чаралар | |||||
| 3 | Кургак учукту лабораториялык диагноздоо системасын өркүндөтүү | Дайыма | Саламатсакмин, ЖАМК, УФБ, АМСЖ саламаттык сактоо уюмдары, кургак учукка каршы уюмдар | Республикалык бюджет, донордук жардам, БУУӨП (ЖКБГФ) | УФБ, кургак учукка каршы күрөшүү облустук борборлору жана алгачкы медициналык-са- нитардык жардам деңгээлинде кургак учукту диагноздоонун жаңы технологияларын жана сапатты контролдоонуу ишке киргизүү жолу менен кургак учуктун эрте айкындоону жакшыртуу |
| 4 | Декреттелген (активдүү байланышта болуучу кесип ээлери) калкты жана тобокелдүү топторду (мигранттар, инъекциялык баңги заттарды колдонуучулар, АИВ менен жашаган адамдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар, көп ооругандар ж.б.) рентгендик-флюо- рографиялык текшерүү | Дайыма | Саламатсакмин | Республикалык бюджет, БУУӨП (ЖКБГФ) | Активдүү байланышта болгон кесип ээлери жана калктын аялуу катмарлары арасында кургак учуктун жугуусунун алдын алуу жана эрте айкындоо |
| 5 | Тобокелдүү топтор арасында кургак учуктун жугуусун диагноздоодон өткөрүү (1-14 жаштагы балдар) | Дайыма | Саламатсакмин, саламаттык сактоо уюмдары | Республикалык бюджет | Балдар арасында кургак учукту өз убагында диагноздоо |
| Дарылоо иш-чаралары | |||||
| 6 | DOTS жана DOTS+ стандарттык схемалары боюнча кургак учукту дарылоону жүргүзүү жана паллиативдүү жардамды өнүктүрүү | Дайыма | АМСЖ саламаттык сактоо уюмдары, УФБ, кургак учукка каршы уюмдар | Республикалык бюджет, БУУӨП (ЖКБГФ) | Адистештирилген мекемелерде жана алгачкы медициналык-са- нитардык жардам көрсөтүү саламаттык сактоо уюмдарында жана өз убагында жана сапаттуу дарылоону жүргүзүү. Паллиативдүү жардам көрсөтүү бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат |
| 7 | Кургак учук менен ооруган бейтаптардын бардык этаптагы дарылоо терапиясын жактоосун жогорулатуу үчүн социалдык жактан колдоо | 2013-2016- жылдар | УФБ, кургак учукка каршы уюмдар | "НОРЕ" долбоору, (ЖКБГФ) | Дарылоону жактоону жакшыртуу жана дарылоонун натыйжалуулугун азык-түлүк жана гигиеналык керектөөлөрдү таркатуу жолу менен жогорулатуу |
| Дары менен камсыз кылуу | |||||
| 8 | 1 жана 2-катардагы кургак учукка каршы препараттарды сатып алуу | 2013-2016- жылдар | УФБ, кургак учукка каршы уюмдар | ММКФ, "НОРЕ" долбоору, БУУӨП (ЖКБГФ) | Кургак учукка каршы препараттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну мамлекет кепилдейт жана өнөктөштөр менен донорлордун көмөктөшүүсү менен жүргүзүлөт |
| 9 | Дары каражаттарын пландаштыруу, бөлүштүрүү, табыштама берүү, сактоо жана пайдалануу | Дайыма | УФБ, кургак учукка каршы уюмдар | Республикалык бюджет, БУУӨП (ЖКБГФ) | Кургак учукка каршы препараттарды сарамжал пайдалануу |
| Инфекциялык контролдоо | |||||
| 10 | Инфекциялык контролдоо системасын ишке киргизүү жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | Дайыма | Саламаттык сактоо министрлиги, УФБ, АМСЖ саламаттык сактоо уюмдары | Республикалык бюджет, донордук жардам, БУУӨП, "ТВ CARE I" долбоору | Кургак учукту жуктуруу коркунучун азайтуу жана инфекциялык контролдоо чараларын киргизүү, ченемдик укуктук базаны жаңыртуу жолу менен медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу |
| АИВ/Кургак учукту контролдоо боюнча иш-чаралар | |||||
| 11 | Баңгиге көз карандылыгы бар жана АИВ жуккан, кургак учук оорусу бар адамдарга медициналык жардам көрсөтүү 1 мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу | Дайыма | Саламаттык сактоо министрлиги, УФБ, "ЖИТС" РБ, РНБ | Республикалык бюджет, донордук жардам | Айкалышкан оорулары бар бейтаптарды байкоону жакшыртуу, коомдун бардык катмарын медициналык жардам менен бирдей камтуу |
| Кургак учукка каршы мекемелерди материалдык-техникалык жактан жабдуу | |||||
| 12 | Улуттук фтизиатрия борборунун, Баткен жана Чүй облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун дарыкана кампаларын оңдоо | 2013-жыл | УФБ, "НОРЕ" долбоору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, "НОРЕ" долбоору, БУУӨП (ЖКБГФ) | Кургак учукка каршы препараттарды сактоо шартын жакшыртуу |
| 13 | Саламаттык сактоо министрлиги менен донор уюмдары ортосунда кол коюлган меморандумга ылайык жаңы "GeneXpert" диагноздук аппаратура менен камсыз кылуу | 2013-жыл | Саламатсакмин, АМСЖ, УФБ, Бишкек ш. Чүй облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборлору, Кара-Суу кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасы | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, "Чек арасыз дарыгерлер" уюму | Кургак учукту тез диагноздоо, анын ичинде рифампицинге туруктуулугун |
| 14 | Кыргыз Республикасында кургак учук боюнча бирдиктүү электрондук жаңы маалымат базасын түзүү жана ишке киргизүү, кадрларды окутуу | 2013-жыл | УФБ, кургак учукка каршы уюмдар, ЖАМК, эл аралык өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | "НОРЕ" долбоору (ЖКБГФ), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | Көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын контролдоону жана каттоону жакшыртуу |
| 15 | УФБда жаңы модулдук лабораторияны куруу (Улуттук референс - лаборатория) | 2013-2014- жылдар | Саламатсакмин, УФБ | Немис өнүктүрүү банкы (KFW) (макулдашуу боюнча) | Лабораториялык диагноздоонун сапатын жана шартын жаңы лаборатория куруу жолу менен жакшыртуу |
| 16 | Бишкек шаарында кургак учукка каршы шаардык оорукананын жаңы корпусун куруу | 2014-2016- жылдар | Саламатсакмин, УФБ | Немис өнүктүрүү банкы (KFW) (макулдашуу боюнча) | Көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жана инфраструктура- сын жакшыртуу |
| Өткөрүлгөн иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана балоо | |||||
| 17 | БУУӨПтүн иш-чараларынын планына ылайык мониторингдик визиттерди жүргүзүү | Квартал сайын | УФБ, МЖАК кургак учукка каршы уюмдары, ЖАМК, ОАжЭД | Республикалык бюджет, "НОРЕ" долбоору, БУУӨП (ЖКБГФ) | Жасалган визиттер жана чогултулган маалыматтардын негизинде тез жооп берүүнү жакшыртуу |
| 18 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кургак учук маселелери боюнча "тегерек столдорду" өткөрүү жана айылдык ден соолук комитеттери менен иштөө | Квартал сайын | УФБ, РДЧБ | "НОРЕ" долбоору, БУУӨП (ЖКБГФ) "Сапаттуу саламаттыкты сактоо" ЮСАИД долбоору (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык ден соолук комитеттеринин ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу |
| Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана кординациялоо | |||||
| 19 | ЖАМК, ИИМ жана ведомстволук кызматтар менен өз ара аракеттешүү | Жылдык пландардын негизинде дайыма | ЖАМК, ИИМ, КМ, МУКК, ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук жардам | Абактагы адамдарга жана алар эркиндигинен ажыратылган жерлерден бошогондон кийин медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү. Үзгүлтүксүз маалымат алмашуу жана координациялык кеңештерди өткөрүү |
| 20 | Кургак учукка каршы күрөшүүгө жарандык коомду кеңири тартуу жана калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | Дайыма | УФБ, РДЧБ | Республикалык бюджет, донордук жардам | Коммерциялык эмес уюмдарды жана айылдык комитеттерди тартуу менен кургак учук жөнүндө калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу |
| Саясат жана башкаруу | |||||
| 21 | ЖКБГФга көрсөтүү үчүн өлкөлүк табыштаманы даярдоо | 2015-2016- жылдар | Саламатсакмин, УФБ | Республикалык бюджет | Гранттарды тартуу үчүн табыштамаларды иштеп чыгуу |
| 22 | "Кургак учук-V" программасын иштеп чыгуу | 2016-жыл | Саламаттык сактоо министрлиги, УФБ | Республикалык бюджет | Директивдүү документтин болушу |
| 23 | Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү оптималдаштыруу | 2013-2016- жылдар | Саламатсакмин, УФБ | Республикалык бюджет, донордук жардам | Алгачкы медициналык-са- нитардык жардам деңгээлинде жардам көрсөтүүнү жакшыртуу. Инфекциялык контролдоо чараларын аткаруу жана стационардык жардамды жакшыртуу. Койкаларды кайра профилдештирүү жана натыйжасыз, кубаттуулугу аз ооруканаларды жабуу |
| ЖАМКтын жаза аткаруу мекемелериндеги атайын контингент арасында кургак учукка каршы өткөрүлүүчү иш-чаралар | |||||
| 24 | Атайын контингент арасында кургак учугу бар бейтаптарды айкындоо жана дарылоо | Дайыма | ЖАМК | Республикалык бюджет | Кургак учуктун эрте айкындоону жана натыйжалуу дарылоону жакшыртуу жолу менен ЖАМК системасында кургак учуктун таркалышын азайтуу |
| 25 | Материалдык-тех- никалык жабдуу | Дайыма | ЖАМК, эл аралык өнөктөштөр (макулдашып) | Республикалык бюджет, донордук жардам | Кургак учукка каршы оорукананы куруу же капиталдык оңдоо |
| Малдын кургак учугун алдын алуу боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралар | |||||
| 26 | Айыл чарба жаныбарларына диагноздук изилдөөлөрдү жүргүзүү | Дайыма | Ветинспекция | Республикалык бюджет | Малдын пландуу туберкулиниза- циясын жүргүзүү |
Кыскартуулар тизмеси:
РИБ - Республикалык иммунопрофилактика борбору; ОАжЭД - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаменти; УФБ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борбору; АМСЖ - Алгачкы медициналык-санитардык жардам; Саламатсакмин - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Ветинсекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; ЖАМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; КМ - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; ММКФ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду; ЖКБГФ - ЖИТС, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүүнүн глобалдуу фонду; БУУӨП - БУУнун Өнүктүрүү Программасы; "ЖИТС" РБ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борбору; РНБ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борбору; РДЧБ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору; "НОРЕ" долбоору - ЖИТС, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүүнүн глобалдуу фондунун грантын ишке ашыруучу долбоор; "ТВ CARE I" долбоор - кургак учукка каршы күрөшүү долбоору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 27-августу № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.08.2008 · № 476 · Күчүн жоготкон
- "2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасы" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 325 токтому менен бекитилген)Программа · 10.06.2013 · № 325 · Күчүн жоготкон
- Национальная программа "Туберкулез-III" на 2006-2010 годы (утверждена постанолвением Правительства КР от 6 мая 2006 года №331)Программа · 06.05.2006 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2006 года №331 "О Национальной программе "Туберкулез-III" на 2006-2010 годы"Постановление · 06.05.2006 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №741 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Постановление · 30.12.2008 · № 741 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы №462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө"…Постановление · 20.07.2009 · № 462 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2006 года №331 "О Национальной программе "Туберкулез-III" на 2006-2010 годы"Постановление · 06.05.2006 · № 331 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 27-августу № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.08.2008 · № 476 · Күчүн жоготкон
- Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөЗакон · 18.05.1998 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №741 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Постановление · 30.12.2008 · № 741 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы №462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө"…Постановление · 20.07.2009 · № 462 · Күчүн жоготкон