Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «2006-2010-жылдарга «Кургак учук-III» Улуттук программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 331 } ишке ашыруунун жүрүшү тууралу».
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 июня 2013 года № 325 "Об утверждении Программы "Туберкулез-IV" на 2013-2016 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-10.
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 10-июнундагы № 325 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-августу № 476
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
6-майындагы № 331 токтомун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 741,20 июля 2009 года №462
токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III"
Кыргыз Республикасынын Улуттук программасын (мындан ары - Программа)
ишке ашыруунун жүрүшүндө республиканын калкына кургак учукка каршы жар-
дам көрсөтүүнүн сапаты кыйла жакшыргандыгын белгилейт.
Кургак учук проблемаларын чечүүгө карата сектор аралык мамиленин
натыйжасында кургак учук боюнча негизги эпидемиологиялык көрсөткүчтөр
болгон - өлүмгө учуроо жана ооруга чалдыгуу көрсөткүчтөрү боюнча кыйла
турукташууга жетишилди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган ДОТС
стратегиясын өлкөдө ийгиликтүү колдонууга киргизүү кургак учуктун ту-
руктуу формасы менен (ДОТС+) ооругандардын дартын аныктоо жана дарылоо-
ну баштоого мүмкүндүк берди.
Бюджеттик каржылоонун жетиштүү эмес шарттарында Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык донордук уюм-
дардын жардамын тартуу боюнча иштер жүрүүдө, мунун аркасында кургак
учук оорусу жањыдан аныкталгандарды дарылоо үчүн кургак учукка каршы
препараттар менен 100 проценттик камсыздоого жетишилип, кургак учукка
каршы уюмдардын жана жалпы дарылоо тармагынын лабораторияларынын мате-
риалдык-техникалык базалары жакшырууда.
Ошону менен бирге эле республикадагы эпидемиологиялык кырдаал али
курч бойдон калууда: азыркы убакта аны менен ооругандар 100 мињ калкка
карата - 109,7, өлүмгө учуроо - 100 мињ калкка 9,7ни түзөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары Программада каралган иш-чараларды толук көлөмүндө
аткарбай жатышат. "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамынын 15-статьясынын кургак учуктун жугуштуу түрү менен
ооругандарга өзүнчө бөлүнгөн турак аянтын берүү бөлүгү иш жүзүндө жүзө-
гө ашырылбайт жана кургак учук менен ооругандарды дарылоочу жерге барып
келүү чыгымы толук төлөнбөйт. Талас облусунун мамлекеттик администраци-
ясы тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык
биргелешип аракеттенүүсү жана координациялоочу иш-аракети начарлап кет-
кен (кургак учук менен ооругандардын, социалдык колдоого муктаж болгон-
дордун тизмелери жок, 2007-жылга жана 2008-жылдын биринчи жарым жылды-
гына кургак учук менен ооругандарга социалдык колдоо көрсөтүлгөн эмес).
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан "Калкты
кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
11-статьясынын эркинен ажыратылган жерлерден келишкен, анын ичинде ам-
нистияланган, кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жаран-
дык уюмдарда эсепке алууга контролдук жүргүзүү бөлүгү аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги да Прог-
рамманы ишке ашыруу боюнча комплекстүү план, кургак учукка каршы уюм-
дарда жыл бою окутуу менен дарыланууда жүргөн балдарды окутуу програм-
малары жөнүндө маалыматтар жок, Программаны ишке ашыруунун жүрүшү ми-
нистрликтин коллегиясынын заседаниелеринде каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги эт, сүт азыктарынын башаламан сатылышын жана анын сапатын
жетиштүү түрдө контролго албайт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу
башкы башкармалыгы бошогон, амнистияланууга, актилөөгө же шарттуу түрдө
мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон кургак учук менен ооругандар-
дын тизмелерин саламаттыкты сактоонун жарандык секторуна жана Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигине үзгүлтүк менен беришет.
Стационардык дарылануудагы кургак учук менен ооругандардын бир
күндүк тамак-ашы жана медикаменттер менен камсыздоо чыгымдарынын (тие-
шелүү түрдө 56,0 жана 45,0 сом) колдонуудагы нормативдери зарыл керек-
төөнү камсыз кыла албайт.
Калктын кургак учук менен оорушун жана өлүмгө учурашын андан ары
азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Рес-
публикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Талас облусунун мам-
лекеттик администрациясынын 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улут-
тук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
6-майындагы № 331 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иштери жетишсиз деп та-
былсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү-
лөрдү камсыз кылсын:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдарынын 2006-2010-жылдарга "Кургак
учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 6-майындагы № 331 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иштерин
координациялоону;
- жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар, айылдык са-
ламаттык комитеттери аркылуу калк арасында кургак учуктун алдын алуу
боюнча майнаптуу санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен
бирдикте:
- билим берүү мекемелеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын же-
текчилеринин жекече жоопкерчилигин кароо менен кургак учук боюнча дек-
реттелген контингентти профилактикалык текшерүүлөрдү жана алдын алуу
иш-чараларын жүргүзүүнү;
- мектептик медицинаны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планын иш-
теп чыгууну камсыздасын;
- 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасын жана
"Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
ишке ашыруу боюнча материалдарды жарым жылдын жыйынтыктары боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык маанилүү жана өзгөчө
коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координация-
лык комитеттин заседаниелеринде кароо үчүн даярдоону;
- 2009-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ме-
нен бирдикте кургак учуктун жугуштуу жана туруктуулугу төмөнкү түрү ме-
нен ооругандарды, дарылануудан качып жүргөндөрдү жана социалдык байла-
ныштан ажырагандарды дарылоо үчүн жабык типтеги мекемелерди түзүү боюн-
ча нормативдик укуктук документтин долбоорун иштеп чыгууну жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү;
- 2009-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө кургак учук менен оору-
ган адамдарды дарылануудан жана текшерүүдөн өтүүдөн качкандыгы үчүн ад-
министрациялык жана кылмыш жоопкерчилигин кароочу мыйзам долбоорун иш-
теп чыгууну жана белгиленген тартипте киргизүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 741 токтомунун редак-
циясына ылайык)
3.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте эт, сүт азыктарынын
сапатын контролдоону күчөтсүн жана алардын башаламан сатылышына жол
бербөө боюнча чараларды көрсүн.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана Биш-
кек, Ош шаарларынын мэриялары "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сөзсүз аткарылышын камсыз кылышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги стационарлардагы
кургак учук менен ооругандардын бир күндүк тамак-ашына жана медикамент-
терине чыгымдардын нормативдерин инфляцияны эске алуу менен жыл сайын
индексациялоону жүргүзсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 325 "2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 325 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №741 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Постановление · 30.12.2008 · № 741 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы №462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө"…Постановление · 20.07.2009 · № 462 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2006 года №331 "О Национальной программе "Туберкулез-III" на 2006-2010 годы"Постановление · 06.05.2006 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөЗакон · 18.05.1998 · № 65 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 325 "2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 325 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №741 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Постановление · 30.12.2008 · № 741 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы №462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 476 "2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө"…Постановление · 20.07.2009 · № 462 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Национальная программа "Туберкулез-III" на 2006-2010 годы (утверждена постанолвением Правительства КР от 6 мая 2006 года №331)Программа · 06.05.2006 · № 331 · Күчүн жоготкон