Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Бишкек шаарында 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашууну жана бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2013-жылдын 11-апрелинде Астана шаарында кол коюлган протоколду бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-майы № 299 Бишкек шаарында 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашууну жана бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2013-жылдын 11-апрелинде Астана шаарында кол коюлган протоколду бекитүү тууралуу Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашуунун 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашуу;
- Астана шаарында 2013-жылдын 11-апрелинде кол коюлган 2012-жылдын 22-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка Кыргыз Республикасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун аткарылышына жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууларды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу методу менен ишке ашырсын. Мында, тиешелүү түрдө үчтөн кем эмес потенциалдуу долбоорчулардын жана подряддык уюмдардын коммерциялык сунуштарын изилдесин жана салыштырсын;
- казакстан тарап берүүчү каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о строительстве двух школ в Кыргызской Республике" (Утверждено постановлением…Соглашение · 29.05.2013 · № 299
- "Протокол о внесении изменений в Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о строительстве школы в Кыргызской Республике от 22…Протокол · 29.05.2013 · № 299
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон