Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 декабря 2020 года № 614 "Об утверждении Положения о порядке утверждения типа средств измерений, стандартных образцов, регистрации средств измерений, изготовленных в Кыргызской Республике или ввозимых по импорту в единичных экземплярах или малыми партиями, и применения знака утверждения типа средств измерений и стандартных образцов и Положения о порядке ведения Государственного реестра средств измерений и стандартных образцов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-12-17.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 227 токтому менен бекитилген
Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153, 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасында чыгарылган жана импорт боюнча алынып келинген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Бул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
Мамлекеттик реестр - бул өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтерин каттоо жөнүндө жазуу белгиленген формада ишке ашырылган китеп. Мамлекеттик реестр журнал түрүндө жүргүзүлөт; бекитилген өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү каттоо - бул бир эле убакта каттоо номерин ыйгаруу менен тастыктамада камтылган маалыматтарды Мамлекеттик реестрге киргизүү; Мамлекеттер аралык стандарттык үлгү - Стандартташтыруу, метрология жана тастыктама берүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңеш белгилеген эрежелерге ылайык түзүлгөн жана таанылган, аны таанууга кошулган өлкөлөрдүн эл чарбасынын бардык тармактарындагы эл аралык мамилелерде колдонулган стандарттык үлгү; мамлекеттик стандарттык үлгү - метрология боюнча улуттук орган тарабынан таанылган, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүн кошо алганда, эл чарбасынын бардык тармагында колдонулган стандарттык үлгү; чет өлкөлөрдө чыгарылган стандарттык үлгү - өлкөнүн чегинен сырткары түзүлгөн жана чыгарылган, анын ичинде эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында иштелип чыккан, аны иштеп чыгууга импорттоочу - өлкө катышпаган жана аны таанууга кошулбаган топ-тобу менен же бирден нускада алып келинген стандарттык үлгү. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестри белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтерин каттоо үчүн арналган жана контролдоочу - эсебин алуучу документ болуп саналат.
4. Мамлекеттик реестрди метрология боюнча улуттук орган төмөнкү максаттарда жүргүзөт:
а) Кыргыз Республикасында колдонууга жол берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү же өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тибин таануу жол жобосунан өткөн өлчөө каражаттарын каттоо жана эсебин алуу;
б) кызыкдар болгон ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды маалыматтык тейлөөнү уюштуруу үчүн борбордук фонд түзүү.
5. Өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү жөнүндө тастыктамалар, ошондой эле өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн натыйжаларын таануу жөнүндө тастыктама Мамлекеттик реестрдин каттоо номери бар болсо юридикалык күчкө ээ болот.
6. Жаңы китепче таризделгенде Мамлекеттик реестр бүткөн иш кагаздары болуп эсептелет.
7. Өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү жана өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноонун натыйжаларын таануу боюнча иштердин материалдарын сактоо мөөнөтү тастыктаманын колдонулуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 жылды түзөт.
8. Мамлекеттик реестр, өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноонун натыйжаларын таануу үчүн өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү боюнча иштердин материалдары белгиленген тартипте архивге мамлекеттик сактоого берилүүгө тийиш.
2. Өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү Мамлекеттик реестрге киргизүү тартиби
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүү белгисин пайдалануу тартиби жөнүндө жобого ылайык иштер жүргүзүлгөндөн кийин метрология боюнча улуттук орган тийиштүү тастыктама берүү жана каттоо номерин ыйгаруу менен өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү Мамлекеттик реестрге киргизүү тууралуу чечим кабыл алат.
10. Каттоо өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тиби бекитилгенден жана өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноонун натыйжалары таанылгандан кийин жүргүзүлөт.
11. Өлчөө каражаттарын каттоо номери төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) КG 417 - МКга (ИСО 3166) 004 ылайык Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду;
б) 01 - метрология боюнча улуттук органдын коду;
в) 12 - аткарылуучу иштин классификациясына ылайык иштердин коду;
г) 0 - каттоонун катар номери;
д) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
е) 00 - өлчөө каражаттарын каттоо жылынын акыркы эки саны.
Мисалы: KG 417/01.12.000-00. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Стандарттык үлгүлөрдүн каттоо номери төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) KG 417 - МКга (ИСО 3166) 004; ылайык Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду:
б) 01 - метрология боюнча улуттук органдын коду;
в) СҮ - стандарттык үлгүнүн аталышын аббревиатурасы кыргыз тилинде "стандарттык үлгү";
г) 0... - төрт белгиден турган каттоонун катар номери;
д) 2006 - стандарттык үлгүлөр катталган жыл.
Мисалы: KGСҮ.0000-2006.
13. Мамлекеттик реестр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формасы боюнча өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүдө журнал түрүндө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мамлекеттик реестр стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген чет өлкөдө чыгарылган стандарттык үлгүлөр үчүн ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча журнал түрүндө жүргүзүлөт.
3. Маалыматтык тейлөө
15. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн типтери жөнүндө расмий маалыматтардын булагы болуп саналат, метрология боюнча улуттук орган ошол маалыматтардын негизинде жеке жана юридикалык жактарды алардын суроо-талабы боюнча маалыматтык тейлөөнү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн бекитилген типтери жөнүндө маалымат маалыматтык жыйнактарда, маалымдамаларда, метрология боюнча улуттук органдын сайтынын каталогдорунда жарыяланат.
Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү
Табыштама келип түшкөн дата
Мамлекеттик каттоонун номери
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө тастыктаманын номери
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө тастыктаманын номери
Тастыктаманы колдонуу мөөнөтү
Өлчөө каражаттарынын аталышы
Өлчөө каражаттарынын тиби
Даярдоочу
Табыштамачы
Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун 2-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун 3-тиркемеси
Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү
Каттоо датасы
Мамлекеттик каттоо номери
Стандарттык үлгүлөрдүн аталышы
Даярдоочу - ишкана
Берилген дата
Мамлекеттер аралык стандарттык үлгүнүн каттоо номери (эгер болсо)
Колдонулуу мөөнөтү
Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун 4-тиркемеси
Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген, чет өлкөдө чыгарылган стандарттык үлгүлөр
Каттоо датасы
Мамлекеттик каттоо номери
Стандарттык үлгүлөрдүн аталышы
Даярдоочу ишкана
Берилген дата
Мамлекеттер аралык стандарттык үлгүлөрдүн каттоо номери (эгер болсо)
Колдонулуу мөөнөтү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 "Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында…Постановление · 17.12.2020 · № 614
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 25.03.2015 · № 153
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Ченөө…Постановление · 03.05.2013 · № 227 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин…Постановление · 18.07.2019 · № 357 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227…Положение · 03.05.2013 · № 227 · Күчүн жоготкон
- Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 149 · Күчүн жоготкон