Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 17-декабры № 614 Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө…Положение · 17.12.2020 · № 614
- Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Положение · 17.12.2020 · № 614
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 25.03.2015 · № 153
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Ченөө…Постановление · 03.05.2013 · № 227 · Күчүн жоготкон
- "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 токтому менен бекитилген)Положение · 03.05.2013 · № 227 · Күчүн жоготкон
- "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227…Положение · 03.05.2013 · № 227 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин…Постановление · 18.07.2019 · № 357 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 25.03.2015 · № 153
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Ченөө…Постановление · 03.05.2013 · № 227 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.