Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 „Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-майы № 262 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын санаториялык-курорттук мекемелерине жолдомолорду берүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" жана "социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлиги" жана "Министрлик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо" жана "калкты социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу;"; төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: "10-1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук мекемелерде болушунун узактыгы 20 күнгө чейинки мөөнөттү түзөт."; 11-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги бар, майып болуп калган пенсионерлерге;"; 13-пунктундагы "(мындан ары - Министрлик)" деген сөздөр алып салынсын; 14-пунктундагы "Кыргызстан профсоюздарынын курорт жана туризмди башкаруу боюнча кеңеши (Кыргызкурорттурсовет)" деген сөздөр "Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдарынын башкармалыгы (мындан ары - Кыргызкурорттуркеңеш)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын…Положение · 09.08.2011 · № 457
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2011 · № 457
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 "Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай…Постановление · 30.04.2026 · № 321 · Күчүнө кире элек
- КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2026-ж., № 321 токтомуПостановление · 30.04.2026 · № 321
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2011 · № 457
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 "Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай…Постановление · 30.04.2026 · № 321 · Күчүнө кире элек