Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-30.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 321
Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө
Майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарылануунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук жолдомолорду сатып алууга жана акчалай компенсацияларды төлөөгө республикалык бюджеттен зарыл болгон көлөмдө каражаттарды бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 7-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 «Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын…Положение · 09.08.2011 · № 457
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2011 · № 457
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2015 · № 347
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 "Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 24.08.2020 · № 433
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга…Постановление · 06.02.2020 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга…Постановление · 04.07.2017 · № 419
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга…Постановление · 08.05.2013 · № 262
- Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 30.04.2026 · № 321 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2011 · № 457
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 08.08.2025 · № 191