27-статья. Социалдык жактан тейлөөнү финансы жагынан камсыз кылуу
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 5-Глава
Мамлекетгик менчик болуп эсептелген жана мамлекеттик бийлик органдарынын карамагында болгон социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдары мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн, кайрымдуулук салымдарынын, төгүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарды каржылоо алардын уставдарында, болбосо башка уюштуруу документтеринде каралган булактардан жүзөгө ашырылат. Максаттуу атайын фонддордон түшкөн каражаттар, социалдык кызматтар үчүн акы катары түшкөн каражаттар, кайрымдуулук төгүмдөрү менен салымдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарын каржылоонун кошумча булактары болуп саналат.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>