26-статья. Социалдык кызматтарга акы төлөө
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 4-Глава
Социалдык кызматтар акысыз, жеңилдик (жарым-жартылай) менен акы алуу жана акы алуу менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда:
- эгерде ушул жарандардын алган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төмөн болсо, улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана аларга жардам көрсөтүп бага турган туугандары болбогон жарандарга;
- жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга;
(абзац КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- жан башына алынган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төрт жолку өлчөмүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык жактан тейлөө улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана жан башына алынган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден көп, бирок белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн ашпаган жарандарга көрсөтүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кошумча негиздер белгилениши мүмкүн, алар боюнча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен социалдык жактан акысыз тейлөө жүргүзүлөт. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү кызматтар ушул Мыйзамга ылайык калктын ушуларга укугу бар башка категорияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарда социалдык кызматтарга акы төлөөнүн шарттары жана тартиби алар тарабынан өз алдынча белгиленет. Башка мыйзамдарга ылайык социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык жактан акысыз тейленүүгө жана жарым-жартылай акы төлөөгө укугу бар адамдарга социалдык кызматтар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлөт. (КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-26" title="26-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>