14-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарында күндүз болуу
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2008 года № 177
Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүзгү уюмдарында өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жоготпогон жана баскан-турганы тың улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ошондой эле башка жарандарга, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык, турмуш-тиричилик, социалдык-медициналык жана башка жактан тейлөө көрсөтүлөт. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүз болуучу бөлүмдөрүндө төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт:
- бир жолу берилүүчү тамак-аш уюштуруу;
- күндүзгү тейлөө;
- медициналык тейлөө;
- социалдык коштоо.
Күндүз болуучу бөлүмдөрдө ушул бөлүмдөрдө болгон жарандардын эс алуусун уюштурууга багытталган клубдар түзүлүшү мүмкүн. Социалдык жактан тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде күндүз болуу шарттарында көрсөтүлүүчү социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу ушул уюмдардын социалдык жактан тейлөө уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу жөнүндөгү типтүү жобого карама-каршы келбеген уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык…Постановление · 30.05.2019 · № 236 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>