Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 февраля 2014 года № 82 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики «О предельной штатной численности и об условиях оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-10.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10 февралы № 82 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-февралы № 95 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун, жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Окуу борборунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.".
2. 4-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жана анын өлчөмү бирдей мааниде белгиленет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет, буга ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгү кирбейт, ал ушул Мыйзам кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн…Постановление · 10.02.2014 · № 82 · Күчүн жоготкон