Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна көрүстөн уюштуруу үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-январы № 8 Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна көрүстөн уюштуруу үчүн жер берүү жөнүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары каза болгон жарандардын сөөгүн коюу боюнча маселени чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 58-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын сунушунун негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин "Аянты 80,0 га Гроздь айылынын аймагындагы Ленинское айыл өкмөтүнүн кайрак айдоо жеринде шаардык көрүстөндү уюштурууга макулдук берүү жөнүндө" 2011-жылдын 20-декабрындагы № 291 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 58-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылдык аймагында жайгашкан 84,0 гектарды, анын ичинде: Мамлекеттик айыл чарба жерлери фондусунун жерлеринен 82,6 га кайрак жерди жана 1,4 га жайыт жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана көрүстөн уюштуруу үчүн берилсин, анын ичинде:
- 44,0 га - Бишкек шаарынын мэриясына;
- 40,0 га - Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына.
3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 27-декабрындагы № 573 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 "Көрүстөндөрдү уюштуруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтому;
- "Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 624 токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 " Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 241 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 декабря 1995 года N 573 "Об отводе земель местному самоуправлению города Бишкек"Постановление · 27.12.1995 · № 573 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 624 "Жеке турак жай куруу учүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын…Постановление · 28.08.2006 · № 624 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 " Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 241 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 декабря 1995 года N 573 "Об отводе земель местному самоуправлению города Бишкек"Постановление · 27.12.1995 · № 573 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 58-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 09.03.2011 · № 58-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 624 "Жеке турак жай куруу учүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын…Постановление · 28.08.2006 · № 624 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине…Постановление · 17.08.2016 · № 449 · Күчүн жоготкон